Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 56
Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
1. Ушул Талаптардын максаты стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын иштөө жана эксплуатациялоо режимин белгилөө болуп саналат.
2. Ушул Талаптардын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- стратегиялык объекттерди коргоо, стратегиялык объектилерге каршы кол салуулардын жана административдик укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу;
- стратегиялык объектилерде өткөрүү жана ички объекттик режимди камсыз кылуу;
- пайда болгон өзгөчө кырдаалдарды, анын ичинде диверсиялык-террористтик акциянын кесепетинен пайда болгондорду чектөөгө жана жоюуга катышуу;
- коопсуздук системасын уюштуруу;
- коопсуздукту камсыздоого багытталган, стратегиялык объекттердин документтерине карата бирдей талаптарды белгилөө.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаган учурларда, ушул Талаптардын жоболору колдонулат.
Ички объекттик режим – ички эмгек тартибин камсыз кылууга, мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сыры бар атайын жана кызматтык документтердин сакталышына, материалдык байлыктардын сакталышына, өрт коопсуздугун жана эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга арналган кайтарылуучу объектте белгиленген чаралардын жана эрежелердин жыйындысы.
Стратегиялык объекттин категориясы – чогултулган баалуулуктардын мүнөзүнө жана концентрациясына, алардагы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетине жараша объектинин экономикалык же башка маанилүүлүгүн эсепке алган комплекстүү баалоо.
Контролдонуучу зона – жеке адамдарды, унааны уруксатсыз киргизүүгө жол бербеген коргоочу тосмолору бар кайтарылуучу объект аймагы.
Объектти кайтаруу – кайтарылуучу объектиге коркунуч туудурууларды жана кол салууларды өз убагында алдын алууга жана террористтик акт, анын ичинде экстремисттик мүнөздөгүлөргө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна бөгөт коюуга багытталган чаралар комплекси.
Кайтарылуучу объект – иштеп жаткан күзөт системасы менен жабдылган ишкана, уюм, алардын бөлүгү же комбинациясы.
Өткөрүү режими – кайтарылуучу объектинин контролдук зонасына жеке адамдарды жана транспортту өткөрүү чараларынын, эрежелеринин жана жол-жоболорунун жыйындысы.
Борборлошкон байкоо жүргүзүү пульту – кайтарылуучу объектиге киргендиги, каракчылык максатында кол салгандыгы жана/же аларда өрт чыккандыгы тууралуу кабарды сырткы пульт түзүлүштөрүнөн же ретрансляторлордон кабыл алуу үчүн борборлошкон күзөт пунктунда орнотулган техникалык каражат (техникалык каражаттардын жыйындысы) же кабар берүү системасынын ажыралгыс бөлүгү.
Борборлошкон күзөт пункту – борборлошкон байкоо жүргүзүү пультунун жардамы менен объекттердин борборлошкон кайтаруусун жүзөгө ашырган жана андан сигнализация иштегендиги тууралуу кабар келип түшкөндө кайтарылуучу объектиге кармоо топторунун тез чыгуусун камсыз кылган күзөт бөлүмүнүн (бөлүмчөсүнүн) түзүмдүк бөлүкчөсү.
Күзөт сигнализациясынын системасы – кайтарылуучу объектиге кирүүнү (кирүү аракетин) табуучу, киргендиги (кирүү аракети) тууралуу маалыматты жана башка кызматтык маалыматты чогултуучу, иштеп чыгуучу, берүүчү жана белгиленген түрдө көрсөтүүчү бирдиктүү иштеген техникалык каражаттардын жыйындысы.
Объекттин коопсуздук системасы – объектти кайтаруу жана коргоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысын камтыйт жана кайтарылуучу объектинин технологиялык өзгөчөлүктөрүнө, анын күзөт инженердик-техникалык каражаттары менен жабдылыш деңгээлине, анын айланасындагы кырдаалга ылайык келүүгө жана күчтөр менен каражаттардын натыйжалуу жана экономикалык жактан максаттуу пайдаланылышын камсыздоого тийиш.
Айгай сигнализациясынын системасы – иштеген мезгилде объектиге уруксатсыз кирген учурда борборлошкон күзөт пункту (ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүгүнө) айгай сигналын автоматтык түрдө же колмо-кол берүүгө мүмкүндүк берген бирдиктүү иштеген техникалык каражаттардын жыйындысы.
Стратегиялык объект (мындан ары – объект) болуп, ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына таасирин тийгизген, коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар мүлк саналат. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Кайтаруунун техникалык каражаттары – объектини кайтарууга арналган күзөт, айгай сигнализациясынын системасынын, контролдоо, кирүүнү башкаруу, күзөт телекөрсөтүү, жарык берүү, кабарлоо жана башка системалардын курамына кирген конструкциялык жактан бүткөрүлгөн, өз алдынча функцияларды аткарган түзүлүш.
4. Коопсуздук системасы ар бир объект үчүн жекече объектинин категориясын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ушул Талаптарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында баяндалган жоболордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын сунуштарынын негизинде иштелип чыгат.
5. Стратегиялык объектилердин коопсуздугун уюштуруу жана камсыздоо боюнча чараларды каржылоо, көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын эсебинен, менчик түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Объекттин коопсуздук системасын уюштуруу үчүн анын жетекчиси жоопкерчиликтүү болот.
7. Стратегиялык объекттин кайтаруусун жүзөгө ашырган уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана объектти кайтарууга карата түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчиликтүү болот.
8. Объекттерде төмөнкү документтер болууга тийиш:
- объекттеги авариялык кырдаалды чектөө жана жоюу планы;
- уулуу жана (же) жарылуусу, өрттөнүүсү коркунучтуу заттар сакталган имараттардын жана түзүлүштөрдүн техникалык жана эксплуатациялык документтери;
- штаттардан сырткаркы кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларга катышуучу кызматкерлерге кабарлоо схемасы.
9. Күзөт постторунда алардын функциялары эске алынган төмөнкү документтери болууга тийиш:
- объекттин күзөт кызматкеринин кызматтык нускамасы (постко бериле турган табелдин көчүрмөсү, эскертме);
- өткөрүү жана ички объекттик режим боюнча нускама;
- күзөттүн техникалык каражаттарын пайдалануу эрежелери;
- нөөмөттү кабыл алуу жана өткөрүп берүү журналы;
- келүүчүлөрдү каттоо журналы;
- автотранспорттун кирүүсүн (чыгуусун) каттоо журналы;
- объектинин жетекчи персоналынын кызматтык жана үй телефон номерлеринин тизмеси жана алардын даректери;
- шаардын ар кандай кызматтарынын тизмеси жана телефон номерлери: энергия менен камсыз кылуу уюмунун, газ авария кызматы, өрткө каршы кызматынын, ички иштер, улуттук коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын;
- ушул Талаптардын 18-пунктунда каралган стратегиялык объектти коргоо паспорту;
- объектинин жетекчиси тарабынан каралган башка документтер.
Объектинин мүнөзүнө жараша айрым журналдарды бир журналга бириктирүүгө жол берилет.
10. Объектинин коопсуздук системасы ага кире бериш жерде (ведомстволук жөнгө салуучу документтерде аныкталган күзөт зонасында), анын периметри боюнча, контролдук өткөрүү пункттарында жана объектинин туруктуу иштешин камсыз кылган маанилүү өндүрүштүн (технологиялык) начар корголгон участокторунда түзүлүшү керек.
11. Профилактикалык иш-чаралар системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- объекттин, бөлүнгөн участоктордун (зоналардын) корголушунун абалы жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз алууну;
- кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын иштешинин технологиялык регламенттеринин кемчилдиктерин жана бузулууларын өз убагында ачыкка чыгарууну;
- объектте кандайдыр бир негиз жок же шек туудурган кырдаалда кирүү аракетин көргөн адамдарды табууну.
12. Объекттерди кайтаруу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана Улуттук гвардиянын атайын бөлүмдөрү, аскерлешкен жана мекемеден тышкаркы же мекемелик кайтаруунун күзөт бөлүкчөлөрү, жекече күзөт ишканалары жана башка күзөт түзүмдөрү тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
13. Күзөт системасын уюштурууга тикелей кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар объектинин администрациясы тарабынан объектинин күзөт режими жана кайтаруунун техникалык каражаттарынын эрежелери жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга жол берилбей тургандыгы тууралуу эскертилет.
14. Өткөрүү режими стратегиялык объекттин контролдук зонасынын периметри боюнча белгиленет.
15. Өткөрүү режимин уюштуруу:
1) Өткөрүү режиминин максат-багыты:
- контролдук зонага бөлөк адамдардын, транспорттун уруксатсыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө;
- кайтарылуучу объекттин кызматкерлерин жана транспортун өткөрүү тартибин, алардын ишинин сменалуулугун эске алуу менен белгилөө, ошондой эле адамдардын жана башка уюмдардын транспортун өткөрүү тартибин белгилөө;
- контролдук зонадан материалдык байлыктарды, жүктү жана багажды алып чыгуунун жана ташып чыгуунун тартибин белгилөө.
2) Контролдук зонага өткөрүү контролдук өткөрүү пункттары аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Кайтарылуучу объекттин кызматкерлерин контролдук зонага өткөрүү кайтарылуучу объектте каралган кызмат күбөлүктөрү жана атайын тархеткалар боюнча жүзөгө ашырылат.
4) Кайтарылуучу объекттин кызматкерлери болбогон башка адамдарды контролдук зонага өткөрүү ким экендигин күбөлөгөн документти көрсөткөндө убактылуу же бир жолу берилүүчү өткөрүү боюнча жүзөгө ашырылат.
5) Ким экендигин күбөлөгөн документ паспорт, паспорттун ордуна ички иштер органдары берген маалым кат, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун расмий органдары берген, аларды жасалмалоолордон коргоочу реквизиттери бар күбөлүктөр болуп саналат.
6) Өрттөрдү, аварияларды жана башка бөөдө кырсыктарды жоюу үчүн өрт жана авариялык-сактап калуу командаларынын жоокерлери, бөөдө кырсык болгондо медициналык тез жардам кызматкерлери, мыйзамсыз иштерди тез токтотуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери контролдук зонага тоскоолсуз өткөрүлөт. Өрт, авариялык - сактап калуу командаларынын, медицина кызматкерлеринин же укук коргоо органдарынын чакырылгандыгы жөнүндө контролдук өткөрүү пункттарынын контролерлоруна күн мурдатан эскертилет.
16. Ички объекттик режимди уюштуруу:
1) Ички объект режими айрым объекттердин аймактарына, өндүрүштүк участкаларга, цехтерге, кампаларга, техника турган жерлерге д.у.с. өндүрүштүк зарылдык менен байланыштуу болбогон адамдардын киришин чектөө үчүн белгиленет. Ички объект режими белгиленген аймакка кирүү чектелген зона болуп саналат.
2) Ички объект режиминин максат-багыты:
- өндүрүштүк зарылдык боюнча кызматтык милдеттерин түздөн-түз аткарууга байланыштуу болбогон адамдарды чектелген зонага өткөрүүнүн тартибин белгилөө;
- материалдык байлыктарды, жабдууларды жана чыгымдык материалды, документтерди алуу чектелген зонадан алып чыгуу (ташып кетүү) тартибин аныктоо;
- кирүү чектелген зоналарда өрткө жана жеке коопсуздукка каршы чараларды иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын контролдоо;
- кирүү чектелген зоналарда турган материалдык жана башка баалуулуктардын сакталышынын абалын контролдоо жана аларды күзөткө өткөрүп берүүнүн тартибин сактоо;
- күзөт-өрт сигнализациясынын каражаттары менен кызматтык жана кампалык жайларды жабдуу боюнча чараларды көрүү;
- кирүү чектелген зонага бөлөк адамдарды өткөрүүнүн, материалдык байлыктарды алып чыгуунун эсебин жүргүзүүнүн, документтерди, ачкычтарды, мөөрлөрдү сактоонун тартибин белгилөө.
17. Объекттин күзөт кызматкеринин милдеттери кызматтык нускама, ушул Талаптардын жоболорун жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын эске алуу менен өткөрүү жана ички объекттик режим боюнча нускама менен аныкталат.
Аларда төмөнкүлөр аныкталат:
- кызмат өтөгөн жери;
- кызмат өтөө боюнча милдеттер жана аларды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик;
- постту кабыл алуу жана өткөрүп берүү тартиби, анын өзгөчөлүктөрү;
- жайларды ачууга жана каалаган убакытта объектиге кирүүгө укугу бар, мекеменин жооптуу адамдарынын тизмеси, бул кызматкерлер менен байланышуу тартиби;
- иш убагы болбогон мезгилде объектинин персоналынын ичинен адамдарды кайтарылуучу жайга киргизүү тартиби;
- коопсуздук кызматынын персоналы жана объектинин башка кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү тартиби;
- пультка чыгарылган объекттин жайларын кайтарууга алуунун жана кайтаруудан чыгаруу тартиби;
- кайтаруунун жана байланыштын техникалык каражаттарынын оңдугун текшерүү тартиби;
- кризистик жана башка өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда, келүүчүлөр объектиге келүүнүн тартибин бузган учурларда аракет кылуу тартиби;
- “айгай” сигналын алган учурда, ошондой эле объектинин персоналынын окуу машыгуусун өткөрүү учурунда аракет кылуунун тартиби;
- кошуна посттордун наряддары, коопсуздук кызматынын персоналы, борборлошкон күзөт пунктунун жана аймактык ички иштер органдарынын нөөмөтчүсү менен байланышуу тартиби;
- кырдаал жана кызмат өтөөнүн натыйжалары тууралуу күзөт бөлүкчөсүнүн жетекчилигине баяндама берүүнүн тартиби (мезгилдүүлүгү);
- объектте массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда аракет кылуунун тартиби;
- өткөрүү режимин жүзөгө ашырууда автомобиль транспортунда жана кол жүгүндө террордук каражаттардын катылышына мүмкүн болгон жерлерди табуу үчүн аракет кылуунун жана атайын техниканы пайдалануунун тартиби;
- тамак ичүү убактысы жана жери.
18. Каралган талаптарга объекттин ылайык келүүсү жөнүндө маалыматтарды көрсөткөн милдеттүү маалыматтык-маалымат берүүчү документ болуп Стратегиялык объекттин коргонуусунун паспорту (мындан ары - Паспорт) эсептелет.
Паспорт, объекттин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ушул Талаптардын жоболорунун жана улуттук коопсуздук, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын сунуштарынын негизинде иштелип чыгат жана объекттин жетекчилиги тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Паспорт жашыруун документ болуп, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, Улуттук гвардия органдарында жана объектте бирден нускада сакталышы үчүн беш нускада түзүлөт. Объекттин жетекчиси Паспортту жана анын ичинде камтылган маалыматты сактоону камсыздоо үчүн жоопкерчиликтүү адамды белгилейт.
Паспорт учурдагы абал боюнча түзүлөт жана бардык нускаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен оңдолуп же толукталып, аларды киргизүүнүн себеби жана датасы көрсөтүлөт.
Паспорт төмөнкү учурларда оңдолууга тийиш:
- объекттин, анын жабдууларынын, конструкциясынын (реконструкциясынын) иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата кошумча атайын талаптарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен өзгөртүүдө же белгилөөдө;
- ушул Талаптарда баяндалган милдеттерди чечүү үчүн маанилүү болгон башка чыныгы фактылар өзгөртүлгөн учурунда;
- башка учурларда.
19. Паспорт объект жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтуусу зарыл:
1) Төмөнкү жалпы маалыматтарды:
- объекттин реквизиттери: объекттин уюштуруучулук-укуктук формасын көрсөтүү менен анын толук жана кыскартылган аталышы; объекттин азыркы (почталык) дареги; объекттин мүнөздөмөсү; аймактын, имараттардын (жайлардын, имараттардын) жалпы аянты (кв. метр менен), имараттардын жалпы көлөмү (куб метр менен), бардык транспорт токтотуучу жайлардын аянты (кв. метр менен) жана андагы машина коюлуучу орундардын саны; объекттин (объекттин жетекчилигинин, объектти күзөткө алуу же өзүнүн коопсуздук кызматынын) телефон жана факс номерлери; ведомствого таандыктыгы (эгер болсо); уюштуруучулук-укуктук формасын, почта дарегин жана телефон номерин көрсөтүү менен жогору турган (башкы) уюмдун аталышы; объекттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн бекитилген башка кызмат адамдарынын, объекттин өздүк коопсуздук кызматынын жетекчисинин же режим боюнча объекттин жетекчисинин орун басарынын, объекттин башкы инженеринин, объекттин жетекчисинин аты-жөндөрүн, жумуш жана үй телефон номерлерин көрсөтүү менен, терроризм актыларынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн жооптуу болгон объекттин кызмат адамдары;
- объекттин тармагы;
- объекттин иштөө режими;
- ижарага алуучулардын болушу жана алар жөнүндө кыскача маалыматтар;
- объектиге иш жана дем алыш күндөрүндө, анын ичинде “өтө” кысталыш убакытта орточо жана максималдуу келүүлөр;
- объекттин жайгашкан жеринин мүнөздөмөсү.
2) Персонал жөнүндө маалымат:
- штаттык ырааттама боюнча кызматкерлердин жалпы саны;
- чарба ишинин ар бир субъекти боюнча ижарага алуучулардын саны (ар бир субъект боюнча өзүнчө);
- почталык даректерин, телефон номерлерин жана уюмдардын банктык реквизиттерин көрсөтүү менен ижарачылардын-баланс кармоочулардын тизмеси, жеке ишкерлердин жашаган жеринин даректери, телефон номерлери жана банктык реквизиттери;
- нөөмөттө (ижарачы иштеген жумушчуларды эске алуу менен) иштегендердин, ошондой эле бир эле мезгилде объектке келген адамдардын максималдуу саны.
Бул бөлүмдө кызматкерлердин кесиптик даярдыгы, терроризм актылары жасалган шартта аракеттенүү үчүн аларды даярдоо, жарандуулук, чет өлкөлүк жумушчу күчтөрү үчүн иштөө укугуна уруксаттардын болушу жөнүндө кошумча маалыматтар, ошондой эле башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
3) Объекттин иштөөсүнүн коопсуздугун жана коргоону камсыз кылуучу өткөрүлгөн иш-чаралар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар:
- шектүү буюмдар табылган учурда, ошондой эле терроризм актыларынын кесепеттери пайда болгондо жана аларды жоюуда объектте иштеген уюмдардын кызматкерлеринин жана күзөт кызматтарынын аракеттери жөнүндө нускамалар;
- персоналды жана келүүчүлөрдү эвакуациялоонун бекитилген схемаларынын, ошондой эле эвакуациялоонун маалыматтык көрсөтмөлөрүнүн болушу;
- персоналдын жеке жана жамааттык коргонуу каражаттары жана контролдоо системалары менен камсыздалышы;
- кабар жана байланыш системаларынын, кабар берүүнүн чектүү системаларынын, кабар берүүнүн тартиби жана тексттеринин болушу;
- белгиленген тапшырмаларды аткаруу үчүн калкалоолордун даярдыгынын кыскача мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен персонал жана келүүчүлөр үчүн калкалоолордун болушу, алардын техникалык жабдылышы;
- терроризм актыларын жасоо коркунучу туулганда адамдарды жана мүлктөрдү эвакуациялоо үчүн же объектиге адамдардын жана администрациянын келүүсү үчүн өзүнүн жана (же) келишимдик негизде тартылган автотранспорттун болушу (автотранспорт каражаттарынын саны, авточарбалар менен болгон келишимдер, алардын диспетчердик кызматтарынын телефон номерлери);
- терроризм актылары жасалган учурда алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар (медпункттардын болушу, алардын жайгашуусу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн алгачкы медициналык жардам аптечкаларынын, башка медициналык жабдыктардын болушу, даярдалган персоналдын болушу жана башкалар);
- объектте контролдоонун жана коопсуздуктун төмөнкүдөй автоматташтырылган системаларынын болушу: күзөткө алуунун жана айгай салуу белгисинин, видеобайкоонун, авариялык жарык берүүнүн жана өндүрүш жабдууларын авариялык өчүрүүнүн, өрт чыгууну билдирүүчү, өрт өчүрүүчү жана түтүндү жок кылуучу автоматташтырылган системанын болушу;
- терроризм актыларынын кесепеттерин жоюу үчүн тартылуучу күчтөр жана каражаттар: тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын курамы, аларды жайгаштырылган жай, диспетчердик кызматтардын телефондору, ошондой эле көрсөтүлгөн күчтөрдү жана каражаттарды тартуунун тартиби;
- объекттин кызмат адамдарына кабар берүү тартиби.
4) Күзөткө алуу күчтөрү жана каражаттары:
- объект ээлеген аймактын параметрлери: аянты; кабаттуулугун, кирүүчү жолдордун санын, жакын жайгашкан имараттардан кирүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде коммуникациялык жолдор жана башкалар боюнча кирүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен имараттардын (курулуштардын, жайлардын) мүнөздөмөсү; жарылуусу, өрттөнүүсү коркунучтуу материалдарды сактоо үчүн орундар, бойлерлерди, буу казандарды, хлораторлорду жайгаштыруу жана борбордук муздаткыч жабдууларынын ири муздаткыч түзүлүштөрүнүн жайгашуусу ж.б.; келген адамдардын жеке автотранспортун коюучу орундардын, адамдардын кирүү жолдорунун, автотранспорттордун кирүү (чыгуу) жолдорунун мүнөздөмөсү; автотранспорттордун кирүү (чыгуу) жолдорун, адамдар үчүн, товарларды, (жер астындагы тоннелдердин болушу, алардын узундугу) дебаркадерлерди (машиналарды бир эле мезгилде түшүрүү үчүн орундарды көрсөтүү менен) жүктөө үчүн кирүү жолдорун көрсөтүү менен жер үстүндөгү жолдор, алардын саны, адамдар үчүн кирүүчү жолдордун, жүктөө (түшүрүү) жайларында товарларды жүктөө (түшүрүү) үчүн эшиктердин болушу ж.б.; сигнализациянын, көзөмөлдөөнүн жана видеобайкоонун техникалык каражаттарын жайгаштыруу орундарынын, аймактын жана имараттардын (курулуштардын, жайлардын) пландарындагы чукул чакыруулардын кнопкаларынын схемалары.
- инженердик тосмолор: инженердик тосмолордун конструкциясы жана параметрлери, анын ичинде алардын бийиктиги (м) жана жалпы узундугу (м); персоналдын, келүүчүлөрдүн өтүүсү жана автомобиль транспортунун өтүүсү үчүн контролдоо-өткөрүүчү пункттар, келүүчүлөрдүн жеке автотранспортун токтотуу жана товарларды жеткирүү үчүн орундар; белги берүүнү, контролдоону, видеобайкоону, металл буюмдарды жана куралды табууну техникалык каражаттар менен жабдуу, ошондой эле айгай салуучу, автотранспортту мажбурлап токтотуучу кнопкалар менен жабдуу; объекттин имараттарынын (курулуштарынын, жайларынын) жана аймагынын пландарындагы трансформаторлордун, автономдуу генераторлордун жайгашкан жерин электр менен, анын ичинде авариялык (техникалык мүнөздөмөлөрү, блоктор боюнча өчүрүүлөрдүн мүмкүндүгү) жабдуу.
- күзөткө алуу күчтөрү: күзөткө алуунун уюштуруучулук негизи (объектти күзөткө алуу ким тарабынан жүргүзүлөөрү көрсөтүлөт). Объектти күзөткө алуу жеке күзөт ишканалары тарабынан уюштурулуп жатканда алардын аталышы, дареги, лицензия берүүнүн датасы жана номери, анын колдонулуш мөөнөтү, жетекчилердин, жооптуу нөөмөтчүлөрдүн аты-жөнү жана алардын байланыш телефон номерлери көрсөтүлөт; ведомстволук эмес күзөткө алуу үчүн келишимдин датасы жана номери, анын колдонулуш мөөнөтү кошумча көрсөтүлөт; күзөттүн саны, анын иштөө режими (уюштуруучулук формалары боюнча бардыгы жана ар бири өзүнчө көрсөтүлөт: коопсуздук кызматы, жеке күзөт ишканасы, ведомстволук эмес күзөт), объекттин аймагынын, анын ичиндеги (алардын ар бири боюнча өзүнчө турган имараттар (курулуштар, жайлар) үчүн) пландардагы, транспорт токтотуучу жайлардагы (паркингдердеги) күзөткө алуу постторунун жайгашкан жери; ижарачылардын күзөт түзүмдөрүн эске алуу менен чектеш аймактагы жана имараттардын (курулуштардын, жайлардын) ичиндеги күзөткө алуу аракеттеринин схемалары жана жолдору; өтө алсыз жерлерди бириктирүү мүмкүнчүлүгүнүн эсебинен же тез аракеттенүүчү кошумча күчтөрдү тартуунун эсебинен күзөт уюмдарынын өз күчтөрү менен объектти күзөткө алууну – көрсөтүлгөн милдеттерди чечүү үчүн алардын максималдуу санын көрсөтүү менен башкы жеке күзөт уюмдарынын же ведомстволук эмес күзөткө алууну күчөтүү боюнча бекитилген пландын болушу; пландагы объектти күзөткө алуунун борбордук пунктунун жайгашкан жери жана анын жабдылышы.
- күзөткө алуу каражаттары: таблицада жабдуулардын (каражаттардын) аталыштарын көрсөтүү менен топтор боюнча коргоонун карамагындагы техникалык каражаттарынын тизмеси (күзөт-өрт сигнализациясы, өрт өчүрүү системасы, катуу үн чыгаруучу байланыш, стационардык жана колдо жасалган металл детекторлор, интроскоптор, видеобайкоо системалары, жардыруудан коргоочу контейнерлер, жардырууну жок кылуучу түзүлүштөр, автотранспортту мажбурлап токтотуучу системалар, газ анализаторлору, тревога белгисин берүүчү жана башка кнопкалар), алардын саны, фирмалар-даярдоочулар, жасалган жылы, эксплуатациялоо мөөнөтү (жыл) жана аларды аймакка, имараттардын ар бир кабаттагы пландарына, унаа токтотуучу жайларга (паркингдерге), инженердик тосмолорго жайгаштыруунун схемалары; атуучу куралдын (түрү, саны), коргонуучу каражаттардын (түрү, саны), атайын каражаттардын (түрү, саны) жана кызматтык иттердин (саны жана дайындалышы) болушу.
- байланыш каражаттарын көрсөтүү менен байланышты уюштуруу: күзөткө алуунун посттору менен борбордук пункттардын ортосунда; күзөткө алуу постторунун ортосунда, күзөткө алуунун борбордук пункту менен объекттин администрациясынын (диспетчер кызматынын) ортосунда; объекттин жооптуу адистери же кызматы менен администрациянын байланышы; күч жана укук коргоо органдары, авариялык-куткаруу кызматы, объект жайгашкан жердеги муниципалдык түзүлүштөрдүн антитеррордук комиссияларынын жумушчу топтору менен администрациянын байланышы.
5) Төмөнкү маалыматтарды чагылдыруучу кырдаалдык пландар:
- курулуш линиялары, участоктун (участоктордун) чек аралары жана санитардык-коргоочу зоналар, схемалык көрсөтүлгөн объекттин негизги имараттары (курулуштары, жайлары), транспорт токтотуучу жайлар, паркингдер, имараттын (курулуштун, жайдын) (имараттардын, курулуштардын, жайлардын) кабаттуулугу көрсөтүлөт, аларды экспликациялоо жүргүзүлөт, жарылуучу, химиялык коркунучтуу жана тез күйүүчү заттарды сактоочу жайлар белгиленет, гидранттардын, артезиан скважина кудуктарынын жана башкалардын жайгашуусу, объекттин аймагындагы кирүүчү жолдордун, транспорттук коммуникациялардын жайгашуусу жана алардын чек аралары. Объекттин аймагы менен чектешкен көчөлөрдүн жана жолдордун аталыштары, түндүк-түштүк багыттары көрсөтүлөт;
- имараттарды экспликациялоо менен кабаттар боюнча пландар, анда, терроризм актылары жасалган учурда адамдарды эвакуациялоо жолдорун, күзөткө алуу пункттарын, контролдоонун, сигнализациялоонун, видеобайкоонун техникалык каражаттарын, ошондой эле чукул чакыруулардын кнопкаларын көрсөтүү менен схемалар, контролдоо-өткөрүү пункттарынын жайгашкан жерлери белгилениши керек жана объектти күзөткө алуунун схемалары көрсөтүлүшү зарыл;
- участоктун чек араларын, учурдагы жана долбоорлонгон коммуникациялар чагылдырылган, объекттин инженердик коммуникацияларынын схемасы.
6) Төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен тиричиликти камсыз кылуучу системалар:
- энергия менен жабдуу системасынын мүнөздөмөсү; суу менен жабдуу жана болгон сууларды чыгаруу; жылытуу, желдетүү жана кондиционер менен камсыз кылуу;
- сакталуучу жайлар жана көрсөтүлгөн системалар боюнча схемалар.