Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 279
Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердик ишти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- юридикалык жана жеке жактар (жеке ишкерлер) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн кабарлоонун негизинде мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырат;
- мектепке чейинки билим берүү кызматтары жеке ишкерлер тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын санитардык жана өрт коопсуздугунун минималдуу талаптарына ылайык турак жайларда көрсөтүлүшү мүмкүн;
- ыйгарым укуктуу салык органы отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө электрондук документ түрүндө алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кабарлоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жеке ишкер катары иш жүргүзгөн жеке жактар мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздук боюнча минималдуу санитардык талаптарына жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча минималдуу талаптарына ылайык турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу;
- мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы бекиткен форма боюнча электрондук документ түрүндө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтарды түзөт жана жыл сайын 1-апрелге чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органына берет;
- ыйгарым укуктуу салык органы отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө электрондук документ түрүндө алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жиберет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:
261 | 25 балага чейинки санда турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызматтарды көрсөткөн жеке адамдардын (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, педагог) иши | 96.09.0 | 600 |
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) менен биргеликте турак жайларда жеке ишкерлер тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө окутуу жана сертификациялоо тартибин биргелешкен чечим менен бекитсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир түрдүү колдонуу максатында турак жайларды ижарага алган Кыргыз Республикасынын жарандарын "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык маалыматтарды "Санарип аймак" системасына киргизүү үчүн турган жери боюнча жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча каттоо жөнүндө жоболорду регламенттөө боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары менен биргеликте:
- 2025-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын региондорунда мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү ишкердик ишти этап-этабы менен өнүктүрүү боюнча чараларды көрсүн;
- кабарлоо тартибинин негизинде юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдасын;
- турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоодо жана ишин уюштурууда туруктуу консультациялык-методикалык жардам менен камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынан жеңилдетилген каржылоо алуу үчүн турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кепилдиктерди берүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого ылайык турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди жеңилдетилген каржылоо боюнча чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөм юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоого жана ишин уюштурууга мониторинг жүргүзсүн жана жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына алар боюнча отчет берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кабарлоонун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул тартип мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактардын жана жеке жактардын (жеке ишкерлердин) кабарлоо берүү жол-жобосун аныктайт.
2. Юридикалык жактар жана жеке жактар (жеке ишкерлер) мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу кабарлайт. Кабарлоо тиркемеге ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү башталган учурдан тартып 30 күндөн кечиктирбеген мөөнөттө электрондук форматта жөнөтүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу салык органы күнүнө бир жолудан кем эмес билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жактардан жана жеке жактардан (жеке ишкерлерден) кабарлоонун келип түшүүсүнө жараша маалыматтарды электрондук форматта (документтердин реестри) жөнөтөт.
4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарга бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү адамдарды эсепке алуу маалыматтык системасындагы жеке кабинетке кирүүнү камсыз кылат. Мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук форматта ведомстволор аралык маалымат алмашуу "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Саламаттык сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасындагы өзүнүн жеке кабинети аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматты болуунун жана окуунун санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиктин жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык коопсуз шарттарын ырастаган маалыматтар менен толуктайт.
6. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасынын негизинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жактарды эсепке алуу үчүн жалпыга жеткиликтүү Юридикалык жана жеке жактардын (жеке ишкерлердин) реестри түзүлөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: юридикалык жакты (менчигинин түрүн көрсөтүү менен) жана жеке жакты (жеке ишкер) мамлекеттик каттоо, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кабарлоонун жана өрт жана санитардык коопсуздук жөнүндө коштоочу корутундулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү дарегинин болушу. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жактардын реестриндеги маалыматтар жеке маалыматтарды коргоо жана ишкердик иш жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жайгаштырылат.
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТКӨН ЖАКТАР ҮЧҮН КАБАРЛОО ФОРМАСЫ
Сүрөт.".