Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-майындагы № 276 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо имараттарды, жайларды, курулмаларды, кыймылдуу мүлктү жана жер участокторун (мындан ары - мамлекеттик мүлк) натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо жана ижарага берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Мамлекеттик мекеме:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Маммүлк) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп саналат.
5. Мамлекеттик мекеме юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар.
6. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Аукционный центр" при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
7. Мамлекеттик мекеменин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Аукциондук борбор" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Аукционный центр".
8. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: 720017 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
2. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты
9. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты мамлекеттик мүлктү түз жана электрондук аукциондор, тооруктар механизми аркылуу ижарага берүү жолу менен аны натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.
3. Мамлекеттик мекеменин милдеттери
10. Мамлекеттик мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;
2) юридикалык жана жеке жактарга ижарага бериле турган мамлекеттик имараттардын, жайлардын, курулмалардын, кыймылдуу мүлктүн жана жер участокторунун бирдиктүү реестрин түзүү;
3) электрондук соода аянтчаларын пайдалануу менен мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө, аны менчиктештирүүдө санариптештирүү процесстерин илгерилетүү;
4) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Мамлекеттик мекеменин функциялары
11. Мамлекеттик мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде жана жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды Маммүлктүн кароосуна киргизүү;
2) мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартибин өзгөртүү жөнүндө сунуштарды Маммүлктүн кароосуна киргизүү;
3) электрондук аукциондорду жана тооруктарды өткөрүү аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик мүлктүн ижарасынын түзүлгөн келишимдерин каттоо жана эсепке алуу тартибин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
6) каттоого түшкөн мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдерин кароо жана аларды каттоо;
7) ижарага берилген мамлекеттик мүлктү эсепке алууну жүргүзүү;
8) мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестрин жана эсепке алуусун жүргүзүү;
9) ишенимдүү эмес талапкерлердин реестрин жүргүзүү;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды көрүү;
11) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө макулдук же каршы пикир жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) баланс кармоочулар менен мамлекеттик мүлктүн ижара акысынан каражаттардын которулушун салыштырып текшерүү, карыздарды аныктоо боюнча чараларды көрүү жана андан ары карыздарды жоюу;
13) мамлекеттик мүлктүн ижара маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо;
14) ижара келишимдерин узартууну каттоо;
15) өткөрүлө турган тооруктар жөнүндө кабарлоо;
16) тоорукка коюлуучу объекттер менен катышуучуларды тааныштыруу;
17) ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздугун камсыздоо;
18) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;
19) кыймылдуу жана кыймылсыз, анын ичинде профилдик эмес мүлктүн пайдаланылбай жаткан, токтоп турган мамлекеттик объекттерине, ошондой эле жер участокторуна мониторинг жүргүзүү, аларды андан ары натыйжалуу пайдалануу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
20) мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартибин аныктоо тууралуу долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн рыноктук ижара акысына мониторинг жүргүзүү;
21) мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
22) ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо;
23) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссияларды, жумушчу топторду түзүү жана алардын ишине катышуу;
24) мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин квалификациясын жана потенциалын жогорулатуу.
5. Мамлекеттик мекеменин укуктары
12. Мамлекеттик мекеме өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
2) санын, жалпы жана пайдалуу аянтын, баланстык наркын тактоо үчүн мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоого;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз мамлекеттик органдарга, мекемелерге, ишканаларга ижарага берилүүчү объекттерди аныктоо боюнча иш-чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
4) мамлекеттик мүлктү ижара келишиминин шарттарында белгиленген тартипте берүүгө;
5) мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдери боюнча төлөмдөрдү эсепке алууну, чогултууну жана контролдоону ишке ашырууга;
6) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга берилген мамлекеттик мүлктүн максаттуу пайдаланылышын контролдоого;
7) ижара мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдар бузулган учурда мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
9) электрондук аукциондор жана тооруктар аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыздоого;
10) юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
11) юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
12) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматкерлерди окутуу, аларга консультация берүү үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
13) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөлөргө белгиленген тартипте жиберүүгө;
14) эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
15) ижарага берилүүчү мамлекеттик мүлктүн объекттери жөнүндө кызыкдар жактарга маалымат берүүгө;
16) мамлекеттик мекеменин компетенциясынын чегинде келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, милдеттерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
17) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте алыш-бериш эсептерин ачууга;
18) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Мамлекеттик мекеменин ишин уюштуруу
13. Мамлекеттик мекемени Маммүлктүн директору тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
14. Мамлекеттик мекеменин директору жүктөлгөн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
15. Мамлекеттик мекемеде директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары директордун сунушу боюнча Маммүлктүн директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Мамлекеттик мекеменин түзүмү жана штаттык расписаниеси Маммүлк тарабынан бекитилет.
18. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
19. Мамлекеттик мекеменин директору:
1) мамлекеттик мекемени башкарат жана мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
3) мамлекеттик мекеменин атынан ишеним катсыз аракеттенет;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде мамлекеттик мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
5) мамлекеттик мекеменин иш пландарын, кирешелеринин жана чыгымдарынын сметасын бекитет;
6) Маммүлк менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
7) мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
8) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
9) мамлекеттик мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана ички иш тартибин бекитет;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Маммүлк жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик мекеменин ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
20. Мамлекеттик мекеменин директорунун жана директордун орун басарынын өргүүгө чыгуусу жазуу жүзүндө Маммүлк менен макулдашылат.
7. Мамлекеттик мекеменин финансылык-чарбалык иши
21. Мамлекеттик мекеме өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) мамлекеттик менчикте турган, ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлктү;
2) финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгегинин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
22. Мамлекеттик мекеменин ишин каржылоо чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык жүргүзүлөт.
23. Мамлекеттик мекеменин финансылык каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
- гранттык негизде алынган каражаттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
24. Мамлекеттик мекеменин ишин контролдоону Маммүлк жүзөгө ашырат. Мамлекеттик мекеме Маммүлккө финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту белгиленген тартипте берет.
8. Корутунду жоболор
25. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Мамлекеттик мекеменин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.