Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 437
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Учкун" ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларын өткөрүп берүү жөнүндө
Инвестицияларды тартып андан ары модернизациялоо менен "Учкун" ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Учкун" ачык акционердик коомундагы акциялардын 77,36% мамлекеттик үлүшү бар акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |