Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 18-майы ПЖ № 155

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Иш башкармасы жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүдөй штаттык сандын чеги белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын борбордук аппараты 143 бирдик санында;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 4531 бирдик санында.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 20-майындагы № 45 (3380) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров