Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 328
"2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү" программасын бекитүү жөнүндө
Энергия ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, энергияны үнөмдөө потенциалын аныктоо жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча уюштуруучулук, техникалык жана башка чараларды ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү" программасы (мындан ары - Программа) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы (мындан ары - Индикаторлор матрицасы) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык.
2. Иш-чаралар планын аткарууга жооптуу болуп саналган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммуналдык жана муниципалдык ишканалар, ачык акционердик коомдор жана жоопкерчилиги чектелген коомдор (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берсин;
- жыл сайын 10-январга чейин Индикаторлор матрицасынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту берсин;
- ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча, 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Индикаторлор матрицасынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүү жөнүндө жалпыланган отчетту берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
"2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү" программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдет | Чаралар/аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучу |
1. Отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн казып алууда жана өндүрүүдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
1.1 | Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгууда күйүү продуктуларын чыгарууну, анын ичинде зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу | Жылуулук менен жабдуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларында жылуулук насосторун пайдалануу боюнча типтүү технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу | 2023-2027-жылдар | 10дон кем эмес имараттарда жылуулук насосторун колдонуу менен типтүү чечимдер иштелип чыкты жана киргизилди | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | Курулуш агенттиги, ЭМ |
ЭКБ потенциалын өздөштүрүүгө өзгөчө басым жасоо менен энергиянын борбордон ажыратылган булактарын пайдаланууну өнүктүрүү | 2023-2027-жылдар | 10дон кем эмес имараттарда ЭКБнын энергия булактары пайдаланылды жана киргизилди | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | ЭМ, макулдашуу боюнча: ЖӨБО | ||
Көмүр от казандарында күл тосмолорун орнотуу | 2023-2027-жылдар | Күйүү продуктуларын чыгарууну азайтуу | Ишкананын өз каражаттарынын эсебинен | Макулдашуу боюнча: "КЖЭ" МИ | ||
От казандарда тазалоочу курулмаларды курууну уюштуруу | 2023-2027-жылдар | Күйүү продуктуларын чыгарууну азайтуу | Ишкананын өз каражаттарынын эсебинен | Макулдашуу боюнча: "КЖЭ" МИ | ||
1.2 | Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүдө отундун салыштырма пайдаланылышын азайтуу | Физикалык жана моралдык жактан эскирген жабдууларды эксплуатациядан чыгаруу менен инновациялык энергия натыйжалуу технологияларды пайдалануунун негизинде колдонуудагы энергетикалык кубаттуулуктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 2023-2027-жылдар | Күйүү продуктуларын чыгарууну азайтуу | Ишканалардын жана донордук уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК |
Жылуулук энергиясын берүүгө шарттуу отундун салыштырма чыгымы 155 кг ш. т./Гкал ашпаган жаратылыш газы менен иштеген энергия натыйжалуу откана жабдууларын гана пайдаланууга берүү | Жылуулук энергиясын берүүгө шарттуу отундун салыштырма чыгымын азайтуу | Ишканалардын жана донордук уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "КЖЭ" МИ, "БЖЭ" КИ, "ЖК" МИ | |||
1.3 | Жылуулук жана электр энергиясынын жоготууларын азайтуу | Бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана модернизациялоо | 2023-2024-жылдар | Системада жоготууларды азайтуу жана бөлүштүрүүчү тармактардын айрым участокторунда электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу | Ишканалардын жана донордук уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК |
Бөлүштүрүүчү тармактарды санариптештирүү | Санариптик чечимдерди колдонуу жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу | Ишканалардын жана донордук уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен | ||||
2. Отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн керектөөдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
2.1 | Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн натыйжалуу пайдалануу | 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ишке ашыруу | 2023-2025-жылдар | Электр энергиясына тарифтерди чыгымдардын ордун толтуруу деңгээлине жеткирүү жана керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдөөгө түрткү берүү | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ЭМ |
2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ишке ашыруу | 2023-2025-жылдар | Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди чыгымдардын ордун толтуруу деңгээлине жеткирүү жана керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө түрткү берүү | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ЭМ | ||
2026-2030-жылдарга электр, жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого Кыргыз Республикасынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатын иштеп чыгуу | 2025-жылдын декабры | 2026-2030-жылдарга электр, жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого Кыргыз Республикасынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясаты иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ЭМ | ||
Пайдаланылып жаткан көп батирлүү турак үйлөрдү жылуулук энергиясынын сарпталышын жекече (ар бир батирден) эсепке алуу жана жөнгө салуу приборлору, энергия ресурстарын (жылуулук энергиясын, электр энергиясын, газды), муздак жана ысык сууну комплекстүү контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган системалары менен этап-этабы менен жабдуу | 2023-2027-жылдар | Санариптик чечимдерди колдонуу жана коммерциялык жоготууларды азайтуу | Ишканалардын жана донордук уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "КЖЭ" МИ, "БЖЭ" КИ, "ЖК" МИ | ||
Энергосервис компаниялары (ЭСКО) тарабынан энергосервис кызмат көрсөтүү системасын киргизүү | 2023-2027-жылдар | ЭСКОнун иштөөсү үчүн ченемдик укуктук база түзүлдү | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | Курулуш агенттиги, ЭМ | ||
Энергия натыйжалуу, жарык берүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде светодиоддук түзүлүштөрдү жана жарыктандырууну башкаруунун автоматтык системаларын киргизүү менен турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлеринин жарык берүү системаларын модернизациялоо | 2023-2027-жылдар | Жарыктандыруу максаттарына электр энергиясын керектөөнүн көлөмүн азайтуу | Республикалык, жергиликтүү бюджеттердин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | Курулуш агенттиги, макулдашуу боюнча: ЖӨБО | ||
Турак жай менчик ээлеринин каражаттарын тартуу менен эксплуатацияланып жаткан көп батирлүү турак жай фондун комплекстүү жылуулук модернизациялоону этап-этабы менен жүргүзүү | 2023-2027-жылдар | Жылуулук энергиясын керектөөнү оптималдаштыруу | Республикалык, жергиликтүү бюджеттердин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | Курулуш агенттиги, макулдашуу боюнча: ЖӨБО | ||
2.2 | Электр жана жылуулук энергиясын керектөөнүн салыштырма көрсөткүчтөрүн азайтуу | Энергетикалык аудит жүргүзүлүүгө тийиш болгон өнөр-жай ишканаларынын тизмесин жана өнөр-жай ишканаларында биринчи кезектеги энергияны үнөмдөө иш-чараларынын тизмегин түзүү | 2026-жылдын II кварталы | Өнөр-жай дүң продукциясынын энергиялык сыйымдуулугун кыскартуу | Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде | ЭМ, ЭКМ |
Эски турак жай жана турак жай эмес фондун энергияны натыйжалуу реконструкциялоо боюнча программаны иштеп чыгуу, энергетикалык жана ресурс үнөмдөөчү жана жогорку натыйжалуу технологияларды колдонбостон жаңы курулушка тыюу салууну киргизүү | 2027-жыл | Эски турак жай жана турак жай эмес фонддорду энергияны натыйжалуу реконструкциялоо боюнча программа иштелип чыкты жана бекитилди, энергетикалык жана ресурс үнөмдөөчү жана жогорку натыйжалуу технологияларды колдонбостон жаңы курулушка тыюу салуу киргизилди | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде | Курулуш агенттиги, ЭМ | ||
Бюджеттик каражаттарды жана энергия алып жүрүүчүлөрдү үнөмдөө максатында электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөгө лимиттердин ишенимдүү чоңдуктарын белгилөө максатында бюджеттик уюмдарды энергетикалык текшерүүнү жүргүзүү | Жыл сайын туруктуу негизде | "Электр, жылуулук жана жаратылыш газын керектөөгө лимиттерди белгилөө жол-жоболорун тартипке келтирүү жөнүндө" тескеме | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын чегинде | ЭМ караштуу ЭЭИИИ, бюджеттик уюмдар | ||
Бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына лимиттерди түзүүнүн методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын I кварталы | Методиканы бекитүү боюнча буйрук жана аны республиканын мамлекеттик секторуна киргизүү | Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде | ЭМ, ЭМ караштуу ЭЭИИИ | ||
2.3 | Энергетика жана ресурсту үнөмдөө чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын комплексин иштеп чыгуу | "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" КР Мыйзамын актуалдаштыруу | 2023-2027-жылдар | "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КР Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде | ЭМ, Курулуш агенттиги |
2.4 | Керектөөчүлөрдүн бардык категорияларынын энергияны үнөмдөөнүн жана энергиянын натыйжалуулугунун артыкчылыктары жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу | Үнөмдөө жана сарамжалдуулук маселелери боюнча көргөзмөлүү үгүттөөнү, социалдык теле жана радио жарнамаларды, социалдык сырткы жарнамаларды жана транспорт каражаттарындагы социалдык жарнаманы, окуу-методикалык колдонмолорду, балдар үчүн окуу адабияттарын басып чыгарууну жана жайылтууну камсыз кылуу, Интернет тармагында тиешелүү тематикалык маалыматтын көлөмүн көбөйтүү | 2024-жылдын декабры | Мектепке чейинки мекемелерде жана мектептердин башталгыч класстарында балдар менен сабактарды өткөрүү үчүн жарнамалык роликтер, методикалык жана башка материалдар иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде | БИМ, ЭМ |
Энергетика ресурстарын сарамжалдуу керектөө, энергиялык натыйжалуу технологияларды, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүкүн ишке киргизүүнүн алдыңкы тажрыйбасы, энергияны үнөмдөөнүн артыкчылыктуу багыттары маселелери боюнча тематикалык акцияларды, пресс-турларды, пресс-конференцияларды, онлайн конференцияларды уюштуруу | Дайыма | Энергияны үнөмдөөнүн артыкчылыктары жөнүндө калктын кабардар болуусун жогорулатуу | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде | Курулуш агенттиги, ЭМ | ||
2.5 | Адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | Бюджеттик чөйрөдөгү уюмдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, райондук маанидеги шаарларда жана райондук мамлекеттик администрацияларда энергоменеджерлерди даярдоо жана окутуу | 2024-жылдан баштап | Бюджеттик чөйрөдө энергоменеджерлерди даярдоо жана кайра даярдоо | Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде | ЭМ караштуу ЭЭИИИ |
3. Кыйла таза отун-энергетика ресурстарын пайдаланууну өнүктүрүү | ||||||
3.1 | Калктуу конуштарды газдаштыруу жана от казандарды отундун кыйла таза түрлөрүнө жана ЭКБга өткөрүү | Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейинки газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасын ишке ашыруу | 2023-2027-жылдар | КРди газдаштыруунун деңгээли 40%га чейин жогорулады | Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен | ЭМ, "Газпром Кыргызстан" ААК (макулдашуу боюнча) |
3.2 | ЭКБны пайдалануу менен электр станцияларын тездетип куруу | Өлкөнүн региондорунун аймактарында чакан ГЭСтерди жана башка ЭКБ объекттерин курууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорду жана зайымдык каражаттарды тартуу | 2023-2027-жылдар | 2040-жылга карата ЭКБнын үлүшүн жалпы электр энергиясын өндүрүүнүн 10%ына чейин жогорулатуу ЭКБнын белгиленген кубаттуулугун 50 МВт-тан жогору көбөйтүү | Донордук уюмдардын жана жеке инвесторлордун каражаттарынын эсебинен | ЭМ |
Суу режимин, түзүлгөн кырдаалды эске алуу жана энергетика системасын андан ары өнүктүрүү пландары менен ЭКБнын объекттерин энергетика системасына интеграциялоонун чектүү деңгээлин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү | 2023-жыл | Энергетика системасынын туруктуу ишин камсыз кылуу жана өлкөнүн керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону | Донордук жана жеке менчик уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "КУЭТ" ААК | ||
Жыштыкты жана кубаттуулукту автоматтык жөнгө системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2024-жыл | Донордук жана жеке менчик уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "КУЭТ" ААК | |||
Аварияга каршы автоматиканын заманбап борборлоштурулган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жыл | Донордук жана жеке менчик уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "КУЭТ" ААК | |||
3.3 | Электромобилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | Бишкек-Каракол жана Бишкек-Ош трассалары боюнча электр заряддоо станцияларын кошуунун мүмкүн болгон түйүндөрүнө талдоо жүргүзүү | 2023-жыл |
| Жеке менчик уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ЭМ, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК |
Электромобилдер үчүн электр заряддоо станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү | 2023-жыл |
| Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде | ЭКМ, ЭМ, КРП облустардагы ЫУӨ | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
КР МК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЭМ ЭЭИИИ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту |
"УЭХК"ААК | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому |
"КУЭТ" ААК | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК |
"КЖЭ" МИ | - | "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы |
"БЖЭ" КИ | - | "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы |
"ЖК" МИ | - | Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы |
ЭКБ | - | энергиянын кайра жаралуучу булактары |
ГЭС | - | гидроэлектростанция |
ЭСКУ | - | энергетикалык сервистик компания |
|
| 3-тиркеме |
"2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын ишке киргизүү" программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу органдар | ||||
2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
1. ОЭР бардык түрлөрүн казып алууда жана өндүрүүдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу | |||||||||||
1.1 | Жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгууда күйүүчү продукттардын чыгууларын, анын ичинде зыяндуу заттардын чыгууларын кыскартуу | "Энергетика" секторунда күйүүчү продукттардын чыгууларынын кыскаруу көлөмдөрү | 1000 тонна CO2 экв. | 2023-жыл | - | - | 1215,12 | - | - | 1215,12 | ЖРЭТКМ, ЭМ |
Жылуулук насостору колдонулган имараттардын саны | Бир. | 2023-жыл | 2 | 4 | 6 | 8 | 10 | 10 | ЭМ, Курулуш агенттиги | ||
ЭКБ колдонулган имараттардын саны | Бир. | 2023-жыл | 2 | 4 | 6 | 8 | 10 | 10 | ЭМ, Курулуш агенттиги | ||
1.2 | Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүдө отунду салыштырма пайдаланууну азайтуу | Жылуулук энергиясын берүүгө карата шарттуу отундун салыштырма чыгымы | кг ш.о./Гкал | 2023-жыл | - | - | - |
| 155 | 155 кг ш.о./Гкал ашык эмес | ЭМ, "КЖЭ" МИ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча) |
1.3 | Жылуулук жана электр энергиясынын жоготууларын азайтуу | Электр энергиясын берүүдө жоготуулардын % | % | 2023-жыл | 4,9 | 4,8 | 4,7 | 4,6 | 4,5 | 4,5%дан ашык эмес | ЭМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча) |
Электр энергиясын бөлүштүрүүдө жоготуулардын % | % | 2023-жыл | 11,75 | 11,5 | 11,25 | 11 | 10,75 | 10,75%дан ашык эмес | ЭМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча) | ||
Жылуулук энергиясынын жоготууларынын % | % | 2023-жыл | 26 | 25 | 24 | 23 | 22 | 22%дан ашык эмес | ЭМ, "КЖЭ" МИ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча) | ||
ЭКЭАС эсептегичтерин орнотуу | Бир. | 2023-жыл | - | - | 200 | 200 | 200 | 600 | ЭМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча) | ||
2. ОЭР бардык түрлөрүн керектөөдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу | |||||||||||
2.1 | Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн натыйжалуу пайдалануу | Электр жана жылуулук энергиясына жаңы тарифтик саясатты бекитүү жөнүндө ЧУА кабыл алынды | Бир. | 2023-жыл | - | - | 2 | - | - | - | ЭМ |
Электр энергиясына тарифти % жогорулатуу | Сом, % | 2023-жыл | 1 сом/кВтс | Инфляциянын деңгээли | Инфляциянын деңгээли | Инфляциянын деңгээли +10% | Инфляциянын деңгээли +10% | 50%дан кем эмес | ЭМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча) | ||
Жылуулук энергиясына тарифти% жогорулатуу | Сом, % | 2023-жыл | 1373 сом/Гкал | 1510 сом/Гкал | 1661 сом/Гкал | Инфляциянын деңгээли +10% | Инфляциянын деңгээли +10% | 50%дан кем эмес | ЭМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча) | ||
2.2 | Электр жана жылуулук энергиясын керектөөнүн салыштырма көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү | ОЭР пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ЧУА кабыл алынды | даана | 2023-жыл | - | 1 | - | 2 | 3 | 3 | ЭМ |
ИДПнын энергия сыйымдуулугунун өсүү темпин төмөндөтүү | % | 2023-жыл | -2 | -2 | -2 | -2 | -2 | -10 | ЭКМ, ЭМ | ||
ИДПнын электр сыйымдуулугунун өсүү темпин төмөндөтүү | % | 2023-жыл | -1,8 | -1,8 | -1,8 | -1,8 | -1,8 | -9 | ЭКМ, ЭМ | ||
2.3 | Энергияны жана ресурсту үнөмдөө чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын комплексин иштеп чыгуу | "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КР МК токтому кабыл алынды | даана | 2023-жыл | - | - | - | - | 1 | 1 | ЭМ |
2.4 | Керектөөчүлөрдүн бардык категорияларынын энергияны үнөмдөөнүн жана энергиянын натыйжалуулугунун артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу | Мектепке чейинки жайларда жана мектептердин башталгыч класстарында балдар менен сабактарды өткөрүү үчүн жарнамалык роликтер, методикалык жана башка материалдар иштелип чыккан | Бир. | 2023-жыл | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | ЭМ, Курулуш агенттиги |
3. Кыйла таза ОЭР пайдаланууну өнүктүрүү | |||||||||||
3.1 | Калктуу конуштарды газдаштыруу жана от казандарды отундун кыйла таза түрлөрүнө жана ЭКБга өткөрүү | КР газдаштыруу деңгээли | % | 2023-жыл | 36% | 37% | 38% | 39% | 40% | 40% | ЭМ, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК (макулдашуу боюнча) |
3.2 | ЭКБны пайдалануу менен электр станцияларын курууну тездетүү | Электр энергиясын жалпы иштеп чыгуудан ЭКБнын үлүшү | % | 2023-жыл | 1,5 | - | - | - | 10%дан кем эмес | 10%дан кем эмес | ЭМ |
Жаңы ЧГЭСтерди куруу | МВт | 2023-жыл | 10 МВт кем эмес | 10 МВт кем эмес | 10 МВт кем эмес | 10 МВт кем эмес | 10 МВт кем эмес | 50 МВт кем эмес | ЭМ | ||
Жаңы КЭСтерди куруу | МВт | 2023-жыл | 50 | 170 | - | 200 | - | 420 | ЭМ | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ЖРЭТК | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
"КЖЭ" МИ | - | "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы |
"УЭХК"ААК | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому |
"КУЭТ" ААК | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому |
ЭКБ | - | энергиянын кайра жаралуучу булактары |
ГЭС | - | гидроэлектростанция |
ЭКЭАС | - | электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
ОЭР | - | отун-энергетикалык ресурстар |
ИДП | - | ички дүң продукт |
CO2 экв. | - | газдардын чыгуу көлөмдөрүн баалоо үчүн пайдаланылуучу шарттуу бирдик |
кг ш.о./Гкал | - | бир гигакалорияга шарттуу отундун килограммы менен берилген жылуулук энергиясына отундун салыштырма сарпталышын эсепке алуу бирдиги |