Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 328 токтомуна) |
"2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү" ПРОГРАММАСЫ
1. Кыргыз Республикасын отун-энергетикалык ресурстары менен камсыз кылууда учурдагы кырдаалды талдоо жана баалоо
Кыргыз Республикасы отун-энергетикалык ресурстардын жетиштүү запастарына ээ, бирок аларды казып алуу жана пайдалануу төмөнкү деңгээлде калууда.
2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, аталган мезгилде керектөө 2,17%га өскөн учурда республикада отун-энергетикалык ресурстарды өндүрүүнүн көлөмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес (өсүш 0,3%), бул аларды казып алуунун (өндүрүүнүн) өсүү темптеринин аларды керектөөнүн өсүү темптеринен артта калгандыгын күбөлөндүрөт, бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде энергетикалык коопсуздук, тартыштык жана өлкөнү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүнүн төмөндөшү коркунучтарынын тобокелдиктерин жаратат.
2014-жылдан баштап Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөө өздүк өндүрүштөн 1,9%-5,3%га ашкан. Бирок 2017-2020-жылдары электр энергиясын өздүк өндүрүүнүн көлөмдөрү электр энергиясын өздүк керектөөнү камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон (учурдагы электр энергиясын керектөөдөн болжол менен 10%га бааланган канааттандырылбаган суроо-талапты эсепке албаганда).
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча отун-энергетикалык баланста электр энергиясын импорттоо 2,2%ды, жаратылыш газын 93,4%ды, күйүүчү мазутту 40%ды, көмүрдү 10,1%ды, автомобиль бензинин 87,5%ды, көмүрдү 33%ды, дизелдик отунду 85,2%ды, мунайды 0,53%ды түзгөн. Ошентип электр энергиясын жана көмүрдү кошпогондо, республиканын импорттолуучу энергия ресурстарына көз карандылыгы өтө жогорку деңгээлде. Ошол эле учурда электр энергиясын өндүрүү чөйрөсүндө электр энергиясынын бир түрүнөн - ГЭСтен (90% ашык) көз карандылык жогору.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча суу аз болгон мезгилдин башталышы менен электр энергиясын импорттоонун көлөмү жалпы 844,8 млн. сом суммасына 1,7 млрд. кВт.саатты (анын ичинде товар алмашууда каралган көлөм - 675,9 млн. кВт.с) түзгөн.
Гидроэнергетикалык ресурстар. Гидроресурстардын потенциалынын абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча жана өзүнүн аймагында бул ресурстардын концентрациясы боюнча Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн арасында Россия менен Тажикстандан кийин үчүнчү орунду ээлейт. Жалпысынан гидроресурстарды пайдалануу өлкөнүн электр энергиясына ички муктаждыктарын жабат жана коңшу өлкөлөргө экспорттоону камсыздай алат.
Кыргыз Республикасынын потенциалдуу гидроэнергетикалык ресурстарынын жалпы көлөмү: эсепке алынган 268 дарыя, 97 эң ири канал жана 18 суу сактагыч, бул кубаттуулугу боюнча 28828 миң кВт жана суу орточо болгон жылда электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча 143 млрд. кВт.с түзөт. Бүгүнкү күндө болгон мүмкүнчүлүктөрдүн 10%ы колдонулат.
Кыргыз электр энергетика системасынын өндүрүштүк базасы белгиленген кубаттуулугу 3963,5 МВт болгон 9 ири электр станциясын, анын ичинде белгиленген кубаттуулугу 3035 МВт болгон 7 ГЭСти, белгиленген кубаттуулугу 862 МВт болгон 2 ЖЭБди жана белгиленген кубаттуулугу 66,5 МВт болгон чакан ГЭСтерди камтыйт.
2020-жылы ГЭСте иштеп чыгуу республиканын бардык категориядагы керектөөчүлөрүнүн ОЭРди жалпы керектөөсүнүн жарымынан көбүн камсыздоо менен 13,98 млрд. кВт.с түзгөн.
Көмүр ресурстары. Болжолдуу запастык көлөмү 6,4 млрд. тонна болгон 70 көмүр кени жана көмүр чыккан жерлер белгилүү, анын ичинде 5,2 млрд. тонна Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык, Кавак көмүр кендеринин күрөң көмүрлөрү; 1,08 млрд. тонна - Өзгөн бассейнинин, ошондой эле Кек-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегенек кендеринин таш көмүрлөрү; 119,6 млн. тонна - кокстук көмүр. Көмүрдүн өнөр жайлык запастарын өздөштүрүүнүн деңгээли 0,14%ды түзөт.
Мунай жана газ ресурстары. Өнөр жайлык запастар анча көп эмес: мунай боюнча 88,506 млн. тоннаны, казып алынуучу - 11,16 млн. тоннаны, жаратылыш газы боюнча - 4203,9 млн. м3 түзөт, алар өлкөнүн түштүгүндө жети кенде топтолгон. Запастарды өздөштүрүүнүн деңгээли өтө төмөн, мунай боюнча 0,07%, газ боюнча 0,6%, бул эксплуатациялык бургулоого финансылык каражаттардын жоктугу менен шартталат. Жакынкы жылдарда мунай менен газды казып алуунун учурдагы көлөмүн калыбына келтирүү жумуштары жана жыл сайын 20-25 жаңы скважинаны эксплуатациялоого киргизүү жолу менен гана сактап калууга болот. Чалгындоо этабындагы жумуштун көлөмдөрүн аткарууда газ өндүрүүнүн күтүлүп жаткан өсүшү 1,3 млрд. м3, мунайды - 300 миң тоннаны түзөт.
Кыргыз Республикасында акыркы он жылдыкта өндүрүштүн жана керектөөнүн катышынын өзгөрүүсү коммуналдык-тиричилик жана өндүрүштүк эмес чөйрөлөрдө жан башына энергияны керектөөнүн олуттуу өсүшү, турак жай сектору тарабынан электр энергиясынын артыкчылыктуу керектелиши менен мүнөздөлөт. Бул негизинен импорттолуучу көмүр суутектик энергия алып жүрүүчүлөргө баалардын өсүшүнө, энергияны керектөөчү тиричилик техникаларын колдонуунун көбөйүшүнө, жылытуу жана ысытуу, ысык суу менен камсыздоо жана тамак-аш даярдоо үчүн электр энергиясынын кеңири колдонулушуна байланыштуу. Ошондой эле энергияны үнөмдөөгө дем берүүчү механизмдердин жоктугунан жана энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттардын жетишсиздигинен социалдык-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөр жана коммуналдык чарба сектору, анын ичинен бюджеттик уюмдар тарабынан электр энергиясын керектөөнүн үлүшүнүн көбөйүшү байкалууда.
Ошол эле учурда эксперттердин баалоосу боюнча өлкөдө энергияны үнөмдөөнүн эбегейсиз потенциалы бар, ал энергияны керектөөнүн жалпы көлөмүнөн 30-35%га бааланууда. Бирок экономиканын тармактарын декарбонизациялоонун жана келечекте көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнүн алкагында тармактар боюнча потенциалды кайра баалоо зарыл.
Программа иштелип чыгып жаткан 2023-2027-жылдардын мезгили Кыргыз Республикасы тарабынан CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын берүү боюнча милдеттенмелерди ишке ашыруунун башталышы менен коштолот, мындан тышкары дарыялардагы суунун төмөн деңгээли ГЭСтерде электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындан тышкары өлкөнүн алдында күз-кыш мезгилиндеги абанын сапаты боюнча кризистик кырдаалга, ошондой эле кабыл алынган климаттык милдеттенмелерге байланыштуу парник газдарынын чыгышын азайтуу милдети турат. Ушуга байланыштуу бул мезгилде Кыргыз Республикасы үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу маселелери өтө актуалдуу болуп калууда.
2. Жетишкендиктер жана проблемалар
2021-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан Париж макулдашуусуна "Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталуучу салымы" иштелип чыккан. "Энергетика" секторунда бул документте келтирилген баалоолор боюнча республикада парник газдарынын чыгуулары 60%га жакынды түзөт. Бул сектордо жумшартуу потенциалы энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде казып алынуучу отунду керектөөнү азайтуунун жана энергияны генерациялоону көбөйтүүнүн, энергия менен камсыздоо системасын модернизациялоонун, ошондой эле энергиянын натыйжалуулугу боюнча иш-чаралардын комплексин илгерилетүүнүн эсебинен ишке ашырылат. "Энергетика" секторунда жумшартуу чараларынын натыйжасында парник газдарынын чыгууларынын деңгээлинин эл аралык колдоонун жеткиликтүүлүгүнө жараша 2025-жылга карата 13,38-33,32%га жана 2030-жылга карата 12,76-40,39%га кыскарышы күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жаатында жетиштүү түрдө өнүккөн ченемдик-укуктук база бар. Бирок Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды ишке ашыруудагы эң олуттуу тоскоолдук болуп электр энергиясынын социалдык-багыттагы тарифи саналат, ал керектөөчүлөргө энергияны үнөмдүү пайдалануу үчүн дем бербейт жана экономиканын реалдуу секторунда энергиянын чыгашалуулугунун себеби болуп саналат. Дүйнөлүк энергетикалык агенттиктин маалыматтары боюнча 2020-жылы СЖПны эске алуу менен ички дүң продуктунун энергия сыйымдуулугунун индикаторун башка өлкөлөр менен салыштыруу анын жогорку маанисин - дүйнөлүк орточо мааниси 4,77 ГДж/1000 АКШ доллары болгон учурда 5,66 ГДж/1000 АКШ доллары болорун көрсөтүп турат. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 2,5-3,5 ГДж/1000 АКШ долларынын чегинде. Ошол эле учурда бул көрсөткүч региондо (Тажикстанды кошпогондо) коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өнөр жайды жана жалпысынан экономиканы өнүктүрүүдө олуттуу артта калуу менен дээрлик эң төмөнкү болуп саналат.
Экономиканын бардык тармактарында жана негизинен калктын электр энергиясын керектөөсүнүн туруктуу өсүшү төмөнкүдөй факторлор менен байланышкан:
- калктын санынын өсүшү жана электрлештирүүнүн жана жашоо сапатынын жогорулашы;
- эскирген инфраструктура жана көп энергияны талап кылган жана энергиянын жоготууларына алып келген имараттар, ошондой эле бул инфраструктураны кармап туруу үчүн каржылоонун жетишсиздиги;
- энергияны сарамжалдуу эмес пайдалануу жана керектөөчүлөрдүн энергияны үнөмдөө жөнүндө маалымдуулугунун төмөндүгү;
- энергияны керектөөгө жана энергиянын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтарды системалуу чогултуунун жана ченемдик укуктук базанын жоктугу.
Энергияны көп пайдалануу, өз кезегинде аларды төлөө үчүн керектөөчүлөрдүн олуттуу финансылык чыгымдарга учурашына алып келет, ошондой эле булгоочу заттардын жогорку деңгээлде чыгууларынын себеби болуп саналат, жыйынтыгында жалпы калктын ден соолугуна жана жашоо сапатына терс таасирин тийгизет.
3. Программанын негизги максаттары
Программанын негизги максаты болуп төмөнкүлөр саналат: өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө отун-энергетикалык ресурстарды дүң керектөөнүн өсүшүн кармап туруу жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча Кыргыз Республикасынын ички дүң продуктусунун энергия сыйымдуулугун энергия ресурстарын өндүрүүдө, ташууда жана керектөөдө энергияны үнөмдөө потенциалын ишке ашыруу аркылуу адамдын бакубаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен бул көрсөткүчтүн дүйнөлүк орточо маанисине жакындатуу.
4. Артыкчылыктар
Комплекстүү Программанын максаттуу артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат.
1. Электр энергиясын берүүдө жана бөлүштүрүүдө жоготууларды 15%га чейин кыскартууну камсыз кылуу менен отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн казып алууда жана өндүрүүдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу.
2. 2027-жылга карата 190,1 миң тонна шарттуу отун көлөмүндө үнөмдөөнү камсыз кылуу менен отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн керектөөдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу.
3. 2027-жылга карата электр энергиясын өндүрүүдө ЭКБ үлүшүн 10%дан кем эмес деңгээлде жогорулатууну камсыз кылуу менен таза отун-энергетикалык ресурстарды пайдаланууну өнүктүрүү.
5. Программанын максаттарына жетүү үчүн чечүүгө зарыл болгон милдеттер
Программанын негизги милдеттери:
1. Отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн казып алууда жана өндүрүүдө электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү учурундагы жоготууларды 15%га чейин кыскартууну камсыз кылуу менен энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу:
- жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгууда күйүүчү продукттардын чыгууларын, анын ичинде зыяндуу заттардын чыгууларын азайтуу;
- электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүдө отунду салыштырма пайдаланууну азайтуу;
- жылуулук жана электр энергиясынын жоготууларын азайтуу.
2. 2027-жылга карата 190,1 миң тонна шарттуу отун көлөмүндө үнөмдөөнү камсыз кылуу менен отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн керектөөдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн натыйжалуу пайдалануу;
- электр жана жылуулук энергиясын керектөөнүн салыштырма көрсөткүчтөрүн азайтуу;
- энергияны жана ресурстарды үнөмдөө чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- керектөөчүлөрдүн бардык категорияларынын энергияны үнөмдөөнүн жана энергиянын натыйжалуулугунун артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.
3. 2027-жылга карата электр энергиясын өндүрүүдө ЭКБ үлүшүн 10%дан кем эмес деңгээлде жогорулатууну камсыз кылуу менен таза отун-энергетикалык ресурстарды пайдаланууну өнүктүрүү:
- калктуу конуштарды газдаштыруу жана от казандарды отундун кыйла таза түрлөрүнө жана ЭКБга өткөрүү;
- ЭКБ пайдалануу менен электр станцияларын курууну тездетүү.
6. Энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатынын колдонуудагы ченемдик укуктук базасы, аны өркүндөтүү боюнча чаралар
Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясаты жаатындагы талаптар "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамдар жана башка тармактык ченемдик укуктук актылар менен аныкталган.
2015-жылы кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча программа" толук кандуу ишке ашырылган эмес.
Энергияны үнөмдөө процессинин потенциалдуу катышуучуларына дем берүүчү реалдуу механизмдердин жоктугу, ошондой эле инвестициялык тартыштык жана энергияны үнөмдөө саясатын ишке ашыруу жаатында мамлекет тарабынан финансылык колдоонун начардыгы олуттуу проблема болду. Натыйжада энергияны учурдагы керектөө менен болгон энергиянын натыйжалуулугу чараларын жана технологияларын колдонуу аркылуу камсыздоого мүмкүн болгон оптималдуу керектөөнүн ортосунда энергиянын натыйжалуулугу боюнча ажырым өсүүдө.
Колдонуудагы "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы негизинен шилтеме ченемдерге негизделген, аларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу башка ченемдик документтердин алкагында чечилбейт. Азыркы учурда "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик стандарттарда, техникалык ченемдерде жана эрежелерде белгиленген энергиянын натыйжалуулугунун ченемдери практика жүзүндө милдеттүү түрдө колдонулушун жоготту.
Болуп жаткан интеграциялык процесстерди жана ЕАЭБ энергетикалык ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүнү эске алуу менен, мамлекеттерде биргеликте иштелип чыккан жана кабыл алынган энергиянын натыйжалуулугунун бирдиктүү стандарттарын канааттандырган, сертификатталган энергиянын натыйжалуулук продукциясын ЕАЭБге катышуучу мамлекеттердин керектөө рынокторунда илгерилетүү жана энергиялык натыйжасы төмөн жана сертификатталбаган жабдуулар үчүн бул рынокторду параллелдүү түрдө жабуу, Бажы бирлигинин жана ЕАЭБдин бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарылуучу электр энергиясын керектөөчү электр түзүлүштөрүн эркин алып өтүүнү камсыз кылуу максатында Бажы бирлигинин бирдиктүү техникалык регламентинин алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык колдонуудагы ченемдик документтеринин талаптарын актуалдаштыруу жана шайкеш келтирүү зарылчылыгы келип чыкты.
2019-жылдын 12-августунда ЕЭК Кеңешинин чечими менен 2021-жылдын сентябрынан тартып регламенттин жоболорун этап-этабы менен колдонууга киргизүү аркылуу "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергиялык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" ЕАЭБдин Техникалык регламенти кабыл алынган. Техникалык регламенттин күчүнө кирүү мөөнөтү бирдиктүү техникалык регламенттин талаптарына акырындык менен өтүүнү камсыз кылуу үчүн өндүрүүчүлөргө кошумча убакыт берүү максатында 2025-жылга жылдырылган. Бул документ энергияны үнөмдөө саясатын жүргүзүүнүн так аныкталган механизмдерин талап кылат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын энергияны үнөмдөө механизмдерин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарынын белгисиздигин жоюуга көмөк көрсөтөт.
7. Энергия ресурстарын өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу
Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин эски жана толук кандуу техникалык тейлөөдөн өтпөгөн негизги фонддору энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө жана сапатына коркунуч келтирет. Сектордун айрым кыйла эскирген негизги фонддорун реабилитациялоого олуттуу салымдар жумшалган. Мында 2016-2020-жылдары электр энергиясын өндүрүү, аны берүү жана бөлүштүрүү чөйрөсүндө эскирүү коэффициенти 34,6%га өсүп, 27,6%ды түзгөн. Электр энергиясын берүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактардын абалы тармактарда авариялык бузулуу коркунучун жаратат. Газды өндүрүү жана бөлүштүрүү тармагында эскирүү коэффициенти 90%га өсүп, 39,6%ды түзгөн.
Жылуулук менен камсыздоо секторунда негизги каражаттардын көпчүлүк бөлүгү 20-50 жыл мурун эксплуатациялоого киргизилген.
Республикада электр энергиясынын 90%дан ашыгы гидроэлектр станцияларында иштелип чыгат. Электр станцияларынын негизги фонддорунун эскириши 80%га жетет жана кооптуу деңгээл катары квалификацияланат.
Акыркы он жылда Камбар-Ата-2 ГЭСте кубаттуулугу 120 МВт болгон 1 агрегат, кубаттуулугу 21,7 МВт болгон 8 чакан ГЭС колдонууга киргизилген.
Азыркы учурда Үч-Коргон, Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүрүп жатат, Бишкек шаарынын ЖЭБ-1 реконструкциялоо аткарылды.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК системасында электр энергиясын берүүдө 86,4% подстанция жана 54,8% электр берүү линиялары ченемдик кызмат өтөө мөөнөтүнөн ашыкча эксплуатацияланып келет. Ошол эле учурда электр энергиясынын жоготууларын кыскартуу жетишилди, ал 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча пландаштырылган деңгээлде - 4,98% болсо, 4,65%ды түздү, бирок бул эл аралык практикага ылайык көрсөткүчтөн 4%га жогору.
Төмөнкү чыңалуудагы электр тармактарына электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча электр энергиясынын жоготууларын 1,543 млрд. кВт.сааттан (2018-ж.) 1,391 млрд. кВт.саатка (2021-ж.) чейин же 12,7%дан 11,9%га чейин төмөндөтүүгө жетишилди, бул дагы эле 10% жоготуулардын ченемдик деңгээлинен жогору, бул электр тармактарынын кыйла эскириши, трансформаторлордун иштөө мөөнөтүнөн ашык иштөөсү, алардын жүгүнүн көбөйүшү жана талап кылынган санынын жетишсиздиги менен шартталган. Акылдуу эсептегичтерди жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган өлчөөчү-маалыматтык системасын киргизүү менен электр энергиясын фидердик эсепке алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында коммерциялык жоготууларды жоюу оң фактор болуп саналат. Кыш мезгилинде, өзгөчө жаңы конуштардын райондорундагы электр тармактарына жана подстанцияларга ашыкча жүк жана ага байланыштуу калк арасындагы социалдык чыңалуу олуттуу көйгөй бойдон калууда.
Жылуулук энергетикасы жана жылуулук менен камсыздоо. Борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо 4 шаарда бар. Бишкек шаарында 85%, Ош шаарында 35-40%, Кызыл-Кыя шаарында - 60%, Каракол шаарында - 26% турак жай аянты камсыздалат. Борборлоштурулбаган жылуулук менен камсыздоо Талас, Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарында бар.
Бишкек шаарында жылуулук энергиясынын булагы катары ЖЭБ-1 жана "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин 74 от казандары иштейт, анын ичинен көмүр менен - 22, жаратылыш газы менен - 38, электр энергиясы менен - 13 жана буу менен - 1; Ош шаарында - Ош шаарынын мэриясынын Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын 89 от казаны, анын ичинде газ менен - 5, көмүр менен - 66, электр энергиясы менен - 18. Республиканын облустарында борборлоштурулбаган жылуулук менен камсыздоо "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин 134 от казандарынан ишке ашырылат, анын ичинде жаратылыш газы менен - 18, мазут менен - 28, көмүр менен - 61 жана электр энергиясы менен - 27. Негизги керектөөчүлөр болуп калк жана бюджеттик уюмдар (мектептер, ооруканалар, ЖОЖдор ж.б.) саналат.
Бишкек шаарын борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системасындагы негизги көйгөйлөр болуп керектөөнүн өсүшүнүн жогорку темпи (жыл сайын 10-20 Гкал/саат) жана жылуулук тармактарына жаңы керектөөчүлөрдүн кошулуусу менен байланышкан жылуулуктун тартыштыгы (250-300 Гкал/саат) саналат. Бишкек шаарынын ЖЭБине жүргүзүлгөн реконструкция келечекте Бишкек шаарынын жылуулук энергиясына болгон өсүп жаткан керектөөсүн канааттандыра албайт. Бул үчүн жылуулук энергиясын кошумча генерациялоо зарыл жана жылуулук тармагы комплексин реконструкциялоого, жылуулукту жана ысык сууну эсепке алуу каражаттары менен камсыздоого, жеке жылуулук пункттарын жана насостук станцияларды реконструкциялоого масштабдуу максаттуу инвестициялар зарыл, анткени негизги фонддордун эскириши 70%дан ашты.
Ушуга байланыштуу, 2025-жылга чейинки мезгилде Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн башкы планына ылайык "Электр станциялары" ААКтын филиалы Бишкек жылуулук тармагын келечектүү өнүктүрүү планында болжолдуу наркы 600 млн. сом болгон Бишкек шаарынын ЖЭБинен жылуулук тармактар комплексин өнүктүрүү каралган.
Мындан тышкары электр керектөөнүн жүгүн азайтуу максатында "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин от казандарын отундун альтернативдүү түрлөрүнө (көмүр жана жаратылыш газы) которуу, Гагарин, Ортосай, Ротор от казандарына күндүн энергиясы менен сууну жылытуучу коллекторлорду орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле жыл сайын жылуулук тармактарын жылына 49 км чегинде пенополиуретан түтүктөрүнө алмаштыруу пландалууда.
2020-жылы мунайгаз тармагында мунай өндүрүү 243,7 миң тоннаны түздү (2017-жылдын деңгээлинен 30%га жогору), анын ичинде 50 миң тоннадан ашыгы экспортко берилген, бул Кыргызстандагы мунай кайра иштетүүчү он заводдун ичинен бирөө гана - жылына 150 миң тонна күйүүчү май же Кыргызстандын керектөөсүнүн 10%дан азын өндүргөн Жалал-Абад облусундагы мунай кайра иштетүүчү завод иштеп жаткандыгына байланыштуу.
Жаратылыш газынын учурдагы керектөөсүнүн 7%ын гана камсыз кылуу менен жаратылыш газын өндүрүү 22,4 млн. м3 түздү (2017-жылдын деңгээлинен 14%га төмөн).
Жакынкы жылдары калыбына келтирүү иштери жана жыл сайын 20-25 жаңы скважинаны ишке киргизүү аркылуу гана мунай жана газ өндүрүүнүн учурдагы көлөмүн сактап калууга болот. Чалгындоо этабынын иштеринин көлөмүн аткарууда газдын запасынын күтүлүүчү өсүшү 1,3 млрд. м3, мунайдыкы - 300 миң тоннаны түзөт.
Газ менен камсыздоону жакшыртуу жана өлкөнүн жана региондордун керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, 2014-жылы иштелип чыккан, жыл сайын актуалдаштырылып турган инвестициялык программага ылайык газ бөлүштүрүүчү магистралдардын жаңыларын куруу жана эскиргендерин реконструкциялоо жүргүзүлүүдө. 2015-жылы 2030-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасы иштелип чыккан жана аны ишке ашыруу жүргүзүлүүдө. Натыйжада Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө газ берүү 236,5тен 314,0 млн. м3 чейин же 1,32 эсеге көбөйгөн.
2015-2020-жылдарга газдаштыруу боюнча интенсивдүү иштерден кийин жаратылыш газын керектөөнүн орто эсеп менен 4,3%га өсүү тенденциясы байкалууда. Газдын негизги керектөөсү коммуналдык-тиричилик керектөөлөрүнө (66,2%) пайдаланылат - бул тамак бышыруу, сууну жылытуу. Жаратылыш газы тиричиликте пайдалануунун жеңилдигине жана жогорку экологиялык тазалыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын калкынын арасында суроо-талапка ээ.
Бүгүнкү күндө курулган орто жана төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу 875 км түздү жана керектөөчүлөрдүн даярдыгы боюнча 36 миң үй чарбасы камтылды.
Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 2021-жылдын 28-январындагы № 39 буйругу менен СН КР 42-01:2020 "Газ менен камсыздоо системасын долбоорлоо" курулуш ченемдери бекитилген. Ченемдер көп кабаттуу жаңы үйлөрдү газдаштырууга мүмкүндүк берет, жаратылыш газын пайдаланууну мурдагыдан да коопсуз кылат, ошондой эле электр тармактарына болгон жүктү бир топ азайтат.
Бөлүштүрүүчү тармактардан жаратылыш газына эми төмөнкүлөрдү кошууга болот:
- бийиктиги 75 м чейин 25 кабаттуу турак үйлөрдү жана бийиктиги 55 м чейин 18 кабаттуу жатаканаларды, апартамент-мейманканаларды жана конок үйлөрүн;
- 25 кабаттуу турак үйлөрдүн жана 18 кабаттуу коомдук имараттардын чатырындагы от казандарды;
- көп кабаттуу имараттардын төмөнкү кабаттарында (жертөлөдөгү кабаттардан тышкары) жанаша курулган же жайгашкан коомдук тамактануу ишканаларын;
- имараттарды жылытуу үчүн сыртта жайгаштырылуучу казандарды.
Бишкек шаарынын ЖЭБ-2ден насостук станцияларга чейинки жылуулук тармагын өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки планы иштелип чыкты.
Жаңы энергия булактарын жана газ жана жылуулук менен камсыздоонун электр жана магистралдык тармактарын киргизүү жолу менен гана энергетикалык кубаттуулуктардын тартыштык көйгөйүн чечүү жетишсиз. Жалпысынан системанын энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу энергияны үнөмдөөчү программалык иш-чаралардын комплексин аткаруу аркылуу камсыз кылынууга тийиш. Негизги максат республиканын керектөөчүлөрүн ишенимдүү, сапаттуу энергия менен жабдууну жана айлана-чөйрөгө минималдуу таасирди камсыз кылууда энергияны жана энергия алып жүрүүчүлөрдү өндүрүүдө, ташууда жана бөлүштүрүүдө баштапкы отунду, электр жана жылуулук энергиясын керектөөнү кыскартуу болуп саналат.
Бул бөлүмдүн энергия үнөмдөөчү иш-чаралары энергияны иштеп чыгууга отундун салыштырма чыгымдарын кыскартуунун эсебинен жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү стадиясында баштапкы отунду үнөмдөөгө, ошондой эле төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө багытталган:
- энергетикалык жана тармактык жабдуулардын моралдык жана физикалык ресурсун иштеп чыккан үнөмдүү эмес жабдууларды эксплуатациядан чыгаруу;
- жаңы натыйжалуу энергия генерациялоочу булактарды пайдаланууга киргизүү;
- газды жана ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү;
- энергия булактарынын иштөө режимдерин жана энергия менен жабдуу схемаларын жыл сайын корректировкалоонун негизинде электр жана жылуулук жүгүн бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу;
- электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүдө энергия ресурстарын өз муктаждыктарына керектөөнү азайтуу;
- жылуулук жана электр энергиясын берүүдө жана бөлүштүрүүдө жоготууларды азайтуу;
- энергетикалык менеджмент системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында жетекчилерди жана адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.
8. Энергия ресурстарын керектөөдө энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу
Программалык иш-чараларды ишке ашыруу чөйрөсү: бюджеттик чөйрө, өнөр жай, курулуш комплекси жана турак жай-коммуналдык чарба, башка энергия ресурстарын керектөөчүлөр.
Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөөнүн түзүмү өнөр жайды, айыл чарбасын, курулушту жана транспортту камтыган керектөөнүн жалпы көлөмүндө калктын жана турак жай-коммуналдык сектордун артыкчылыктуу үлүшү менен мүнөздөлөт.
Республиканын чарбасы 2020-жылы 2,92 млн. Гкал жылуулук энергиясын жана 12,71 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектеген. Электр энергиясын эң көп керектөөчү болуп калк жана коммуналдык жана маданий-тиричилик муктаждыктар сектору эсептелет - 83,3%, өнөр жай - 13,3%, айыл чарба жана курулуш комплекси - 2,1%, башка керектөөчүлөр - 1,3%.
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылган сектор жылуулук энергиясынын негизги керектөөчүлөрү болуп саналат - 84,2%, бюджеттик чөйрө - 10%, өнөр жай - 3,4%, тейлөө сектору - 2,2%, башка керектөөчүлөр - 0,2%.
8.1. Бюджеттик чөйрөдө энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу
Республикалык жана муниципалдык баш ийүүдөгү бюджеттик уюмдардын балансында мүлктүн олуттуу бөлүгүн жылуулук жана электр энергиясынын негизги жоготуулары орун алган имараттар жана курулмалар түзөт.
Бюджеттик чөйрөдө, атап айтканда коомдук имараттарда энергияны үнөмдөөнүн жана инфраструктуранын энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү "Кыргыз Республикасынын коомдук имараттарында энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн чараларды ишке ашыруунун жол картасында" каралган. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын тобунун көмөгү менен иштелип чыккан бул документте Кыргыз Республикасындагы коомдук имараттар үчүн энергиянын натыйжалуулугу боюнча улуттук инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштар камтылган.
Республиканын аймагында (Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча) бюджеттик чөйрөнүн 9780 коомдук имараты жайгашкан, алар үч негизги категорияга бөлүнгөн:
- билим берүү мекемелеринин имараттары (мектептер, бала бакчалар, жогорку окуу жайлары жана башка билим берүү мекемелери);
- саламаттык сактоо мекемелеринин имараттары (ооруканалар, бейтапканалар жана башка чакан дарылоо мекемелери);
- башка имараттар (анын ичинде администрациялык имараттар жана социалдык коргоонун имараттары).
Изилдөөнүн маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында коомдук имараттар жылына болжол менен 850 ГВт.саат энергияны керектейт, бул өлкөнүн баштапкы энергия керектөө көлөмүнүн 6%ын түзөт.
Коомдук имараттарда керектелген энергиянын болжол менен 70-88% имараттарды жылытууга жумшалат, бардык коомдук имараттардын 60%ы жылытуу үчүн электр энергиясын колдонот. Мектептерде жана ооруканаларда өткөрүлгөн энергетикалык аудиттердин серияларынын, ошондой эле мурда даярдалган имараттарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тандалып алынган чараларды ишке ашыруу шартында энергияны үнөмдөөнүн жалпы теориялык потенциалы энергияны жалпы керектөөнүн 50-60%ын же жылына 500 ГВт/саатты түзөт. Модернизациялоо үчүн 1,085 млрд. АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция талап кылынат ошондо коомдук имараттардын бүткүл фонду ченемге келтирилет.
Коомдук имараттарды күтүүгө бардык деңгээлдеги бюджеттердин чыгымдары бардык чыгашалардын олуттуу бөлүгүн түзөт. Бул максаттарда Энергияны үнөмдөө программасынын артыкчылыктуу милдети болуп энергия керектөөнү азайтууну жана энергия ресурстарына акы төлөөгө багытталган бюджеттик каражаттарды азайтууну камсыздоочу иш-чараларды жүргүзүү саналат.
Программалык иш-чаралардын жалпы сунуштамаларына төмөнкүлөр кирет:
- бюджеттик мекемелерде энергия булактарынын чыгымдалышына жооптуу адамдарды дайындоо жана энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- жылуулук менен жабдуунун бардык системаларын пайдалануу, башкаруу жана тейлөө боюнча колдонмолорду түзүү жана алардын аткарылышын мекемелердин администрациясы тарабынан мезгил-мезгили менен контролдоо;
- жарыктандыруу, желдетүү, суу менен камсыздоо системаларынын ишин оптималдаштыруу;
- энергия пайдалануу системаларын жана айрым энергия орнотмолорун эксплуатациялоо жана тейлөө эрежелерин сактоо, жарыктандыруу, желдетүү, жылуулук жабууларын ж.б. системаларды иштетүү жана өчүрүү графиктерин киргизүү;
- шам чырактарды пайдалануу, аларды тазалоо, терезе рамаларын өз убагында оңдоо, терезелерди чаптоо, санитардык түйүндөрдү оңдоо ж.б. боюнча иштерди уюштуруу;
- энергияны үнөмдөө маселелери боюнча окуучулар жана кызматкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- мезгилдүү энергетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, энергетикалык паспортторду түзүү жана оңдоо;
- энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжасында бюджеттик уюмдар үнөмдөгөн бюджеттик каражаттарды уюмдун иши менен байланышкан башка чыгымдарга кайра бөлүштүрүү;
- энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө мыйзамдарга жана мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик (муниципалдык) мекемелер тарабынан энергосервис келишимдерин (контракттарын) түзүү;
- мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жабдуулардын энергиянын натыйжалуулугунун коэффициентин конкурстун критерийлеринин тизмесине киргизүү.
8.2. Курулуш комплексинде энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын курулуш комплексинде 8296 чарба жүргүзүүчү субъекттер бар (2021-жылдын көрсөткүчүнө караганда 26%га көп), алардын ичинде жыгач өнөр-жай ишканалары, ар кандай курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү жана ар кандай багыттагы имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо жана куруу процессине катышкан курулуш уюмдары бар.
Азыркы учурдагы курулуш энергия чыгымдары, курулуш конструкциялары жана материалдары жагынан натыйжалуулугу төмөн, ошондой эле жылуулук жоготуулары көп жана курулуш иштеринин сапаты төмөн болгон имараттардын жана турак үйлөрдүн долбоорлорун колдонуу менен курулуш материалдарын жана энергия ресурстарын ченемден ашыкча чыгымдоо менен мүнөздөлөт.
Республикадагы имараттардын 80%дан ашыгы эски технологиялар жана ченемдер боюнча курулган. Азыркы мезгилге чейин жылуулук энергиясынын булактары боюнча долбоорлоодо 1978-жылдын, жылытуу, желдетүү жана кондиционерлөө системалары боюнча 1991-жылдын ченемдери колдонулат. Ушуга байланыштуу техникалык стандарттарды тез арада актуалдаштыруу, курулуш процессинде конструкциялардын жаңы материалдарын, технологияларды колдонууну камтыган мамлекеттик элементардык сметалык ченемдерди жана аймактык бааларды иштеп чыгуу жана бекитүү талап кылынат.
Курулушта энергияны үнөмдөөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп натыйжалуу жылуулукту сактоочу курулуш материалдарын жана буюмдарын пайдалануу саналат. Республикада энергияны үнөмдөөчү төмөнкү курулуш материалдары өндүрүлө баштады: гипсокартон, базальт буласы жана айнек буласы, бышкан кыштар, газобетон жана газосиликат, пенополистирол жана пенополиуретан плиталары, пенобетон блоктору ж.б. Алдын ала эсептөөлөр боюнча имараттын курчап турган конструкцияларынан жылуулук жоготууларын азайтуу аркылуу отунду жана энергияны үнөмдөөнүн теориялык потенциалы жылына болжол менен 1 млн. тоннага жакын шарттуу отунду түзөт.
Отун жана энергия чыгымдарын азайтуу күйүүчү майдын өздүк наркын 10%га чейин төмөндөтүүнү камсыз кылат жана атмосферага 0,1 млн. тоннага жакын булгоочу заттарды, 0,3 млн. тонна күл калдыктарын жана 0,6 млн. тонна CO2 чыгарууну алдын алат.
Мындан тышкары өнөр жай зоналарын түзүүдө же кайра уюштурууда капиталдык курулуш объекттеринин энергиянын натыйжалуулугунун талаптарын шаар куруу регламенттерине киргизүү милдеттүү талап болушу керек.
8.3. Турак жай-коммуналдык комплексинде (ТКЧ) энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу
Кыргыз Республикасында тармактар боюнча отун-энергетикалык ресурстарды керектөө түзүмүндө акыркы 20 жылда коммуналдык-тиричилик секторунун үлүшү байкаларлык өстү жана өнөр жай менен агрардык сектордун үлүшү төмөндөдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2020-жылы ТКЧ секторунун жана калктын электр энергиясын керектөө үлүшү ички рынокко берилген бардык электр энергиясынын - 83,3%ын, өнөр жайдын - 13,3%ын, айыл чарбасынын - 1,5%ын, транспорттун - 0,1%ын, башка керектөөчүлөрдүн - 1,8%ын түздү. Көмүрдү жана газды керектөөнүн азайышынан келип чыккан бардык оорчулук электр энергетика тармагына жүктөлдү: жылытуу, ысык суу менен камсыздоо жана тамак-аш даярдоо олуттуу деңгээлде электр энергиясынын эсебинен ишке ашырылат.
ТКЧнын отун-энергетикалык ресурстарын керектөөнүн чоң үлүшүндө 2010-жылдан тартып калктын турак жай менен камсыз болушунун төмөндөө тенденциясы байкалууда жана БУУнун 1 адамга 30 м2 кем эмес турак жай жана орточо 18 м2 турак жай менен камсыз болуунун социалдык стандарттарында 2020-жылы республика боюнча көрсөткүч 1 адамга 12,5 м2 түздү. 2020-жылга карата турак жай фондунун жетишсиздиги (тартыштыгы) 30,960 млн. м2 болгон. Ошол эле учурда 1 адамга 18 м2 турак жайдан кем эмес турак жай аянтынын жылдык ченемин колдоо үчүн калктын жылдык өсүшүн эске алуу менен жылына 2,214 млн. м2 турак жай көлөмүндө турак жай курулушун ишке ашыруу зарыл.
Турак жай фондунун аянттарын көбөйтүү зарылчылыгынан тышкары, турак жай фондун менчиктештирүү анын сакталуу көйгөйүн жараткандыгын белгилей кетүү керек. Мындан тышкары курулуп жаткандардын сапаты начар. Бишкектин айланасында эле 57ге жакын бейформал конуштар түзүлгөн. Мунун баары эски жана жаңы курулуштардын энергиянын натыйжалуулугу менен кейиштүү абалды шарттайт.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында өз жарандарын сапаттуу жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча турак жай стратегиясын түзүү маселеси турат. Мында жарандардын ар кандай категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырган турак жай курулушунун жана турак жай фондунун оптималдуу түзүмүн камсыз кылуу, ошондой эле имараттардын энергиянын натыйжалуулугу боюнча бардык талаптарды сактоо зарыл.
Тоскоолдуктардын бири болуп энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзбөгөн электр жана жылуулук энергиясына болгон дотациялык тарифтин төмөндүгү саналат. Жылуулук үчүн төлөм дотацияда турат, ал калктын кирешелеринин деңгээли жана мамлекеттин жардамына муктаждыгы боюнча айырмалабайт. Бул маселеде калктын жакыр катмарына гана даректүү жардам көрсөтүү милдети эмдигиче чечиле элек, дотацияны муктаж болбогондор да алышууда. Бул бюджеттин жоготууларына жана мамлекеттик жардамдын адилетсиз бөлүштүрүлүшүнө алып келет.
Энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды жүргүзүүнү эске алуу менен көп батирлүү үйлөрдү капиталдык оңдоо боюнча максаттуу программаны иштеп чыгуу зарыл. Турак үйлөрдү капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо пландарын энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды өткөрүү пландары менен байланыштыруу жүргүзүлүп жаткан иштердин кайталанышын жоюунун жана капиталдык оңдоодо энергия натыйжалуу жабдууларды жана материалдарды колдонуунун эсебинен аталган максаттарга республикалык бюджеттин каражаттарын сарптоону оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Чарба жүргүзүү жана жашоо образынын энергияны үнөмдөө стилинин мүмкүндүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө калктын аз кабардар болуусун да белгилей кетүү керек. Энергиянын натыйжалуулугунун продукттары адатта кымбат болуп саналат, бул электр энергиясына тарифтер төмөн болгон жана финансылык-кредиттик система өркүндөтүлбөгөн шартта керектөөчүлөрдү отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун альтернативдүү чечимдерин колдонууга дем бербейт.
ТКЧ чөйрөсүндө отун-энергетика ресурстарды керектөөнү кыскартууга мүмкүндүк берген иш-чаралар төмөнкүлөр болууга тийиш:
- жылуулук менен камсыздоо схемаларын оптималдаштыруу, ЖЭБди модернизациялоо жана натыйжасыз от казандарын эксплуатациядан чыгаруу;
- турак жай имараттарынын фондун сарамжалдуу башкарууну уюштуруу;
- батирлер боюнча жылуулукту эсепке алууну жана жылуулук менен камсыздоону жөнгө салууну уюштуруу үчүн желдеткич чыгындыларын утилдештирүү менен өзүнчө батирге бир жылуулук алып жүрүүчүнү киргизүү аркылуу жөнгө салынуучу желдеткичи бар энергияны үнөмдөөчү турак жай имараттарын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
- имараттарды жылуулук жактан реабилитациялоо жана турак жай имараттарын термомодернизациялоо;
- лампаларды энергияны үнөмдөөчү жарык берүүчү приборлорго алмаштыруу менен энергияны натыйжалуу жарыктандыруу системасын киргизүү;
- технологиялык жабдуулардын комплексин түзүү жана жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен камсыздоо системаларында жылуулук насосторун колдонуу боюнча типтүү технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу;
- көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт чарбасын реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- эки жана үч айнек пакетин колдонуу менен эски терезелерди заманбап терезелерге алмаштыруу;
- имараттардагы ж.б. лоджияларга жана балкондорго айнек салуу;
- энергиянын натыйжалуу электр жабдууларын жана тиричилик приборлорун пайдалануу;
- суу түтүк түйүндөрүн реконструкциялоо;
- ЭКБнын потенциалын өздөштүрүүгө өзгөчө басым жасоо менен борборлоштурулбаган энергия булактарын пайдалануу;
- энергетикалык сервистик компаниялар (ЭСКО) тарабынан жүргүзүлүүчү энергетикалык аудит, энергетикалык сервистик кызмат көрсөтүүлөр системасын ишке киргизүү;
- энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырган жеке турак жайлардын же көп батирлүү турак үйлөрдүн батирлеринин ээлерине дем берүү жолу менен калкты энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишке тартуу чараларын иштеп чыгуу.
8.4. Өнөр-жайда энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр жай комплексинин жылдык керектөөсү борборлоштурулган булактардан алынган жылуулук энергиясы 285 миң Гкалды, электр энергиясы 1,67 млрд. кВт.с, жаратылыш газы 51,4 млн. м3, мазут 15,2 миң тоннаны, дизель отуну 3,5 миң тоннаны, көмүр 196,8 миң тоннаны түзгөн.
Энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды жүргүзүү, ишканаларда энергияны керектөөнү жана кубаттуулукту эң кыска мөөнөттө кыскартуу натыйжасын бере алган жаңы технологияларды жана жабдууларды киргизүү максатында ISO 50001-18 "Энергияны башкаруу" эл аралык стандартын киргизүү зарыл.
Ошол эле учурда өнөр жай ишканаларына өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарууда жана алардын энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды ишке ашырууга насыялык каражаттарды тартууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын иштеп чыгуу, өнөр жай керектөөчүлөрүн ыктыярдуу жана милдеттүү энергетикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл.
Энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн ишканаларга энергетикалык аудиттин жардамы менен үнөмдөөнүн потенциалын объективдүү баалоо, ошондой эле өндүрүштүн энергетикалык сыйымдуулугун орточо тармактык көрсөткүч менен салыштыруу зарыл. Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде энергияны үнөмдөөнү жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды камтыган иш-чаралардын пландарын түзүү зарыл.
8.5. Керектөөчүлөрдүн бардык категорияларынын энергияны үнөмдөөнүн жана энергиянын натыйжалуулугунун артыкчылыктары жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу
Максаты: энергияны үнөмдөө жүрүм-турумунун пайдалуулугу жана артыкчылыгы жөнүндө маалымдоонун эсебинен энергия ресурстарын керектөөнү азайтуу, энергияны үнөмдөөнүн маанилүүлүгү жана зарылдыгы жөнүндө коомдук пикирди калыптандыруу. Кыргыз Республикасы энергия жетишсиз болгон регион болуп саналат жана Программада оперативдүү энергияны үнөмдөө иш-чараларын иштеп чыгуу каралган, алар кубаттуулук кескин жетишсиз болгон шартта кризиске каршы натыйжалуу чара болуп саналышы мүмкүн, анткени калк жана керектөөчүлөрдүн башка категориялары тарабынан электр энергиясын керектөөнү, өзгөчө электр жабдууларына жогорку күч келген сааттарда аны аң-сезимдүү чектөөгө багытталган.
Бул багыт боюнча программалык иш-чаралар:
1. Маалымат толкуну принциби боюнча калкка натыйжалуу таасир этүү үчүн энергияны үнөмдөөнүн маалыматтык өнөктүгүн уюштуруу.
2. Коомдо энергетикалык ысырапкорлукка карата коомдук сынды жана энергетикалык ресурстарга үнөмдүү мамиленин артыкчылыгын активдүү калыптандыруу.
3. Тиричиликте энергияны үнөмдөөнүн жолдору, энергияны үнөмдөөчү технологиялардын жана жабдуулардын артыкчылыктары, аларды тандоонун жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жөнөкөй жана жеткиликтүү түрдө берүү.
4. Энергияны үнөмдөө процессине калктын бардык социалдык катмарын, коомдук уюмдарды, башкаруучу компанияларды жана турак жай ээлеринин шериктештиктерин тартуу.
Энергияны үнөмдөөнүн экономикалык, экологиялык жана социалдык артыкчылыктарын популярдаштыруу үчүн энергияны үнөмдөө боюнча ишти маалыматтык камсыздоо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- тармактык, региондук, улуттук жана эл аралык деңгээлде энергияны үнөмдөө боюнча илимий-практикалык, окутуу семинарларын, ошондой эле энергиянын натыйжалуулугунун технологияларынын, жабдуулардын, приборлордун, материалдарынын адистештирилген көргөзмөлөрүн, илимий-техникалык конференцияларды, форумдарды, симпозиумдарды өткөрүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен элдик чарба объекттеринде да, тиричиликте да энергетикалык ресурстарды үнөмдөө зарылдыгы жөнүндө коомдук пикирди калыптандырууга багытталган кеңири масштабдуу акцияларды уюштуруу;
- адистештирилген журналдарды басып чыгаруу;
- тиешелүү интернет-ресурстарды түзүү;
- телекөрсөтүүдө ж.б. жарнамалык өнөктүктөрдү уюштуруу.
Ошол эле убакта жетекчилерди жана адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча план-ченемдүү иштер, анын ичинде төмөнкүлөр жүргүзүлүүгө тийиш:
- энергияны үнөмдөө жаатында билим берүү системасын түзүү;
- өлкөнүн адистештирилген ЖОЖларда энергетиканы башкаруу боюнча адистерди даярдоону уюштуруу;
- билим берүүнүн атайын жогорку жана орто окуу мекемелеринде жана факультативдик түрдө - жалпы билим берүүчү орто мектептерде "Энергияны үнөмдөөнүн негиздери" окуу курсун киргизүү;
- кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо мекемелеринин программаларына энергияны үнөмдөө боюнча курстарды киргизүү.
9. 2027-жылга карата электр энергиясын өндүрүүдө ЭКБнын үлүшүн 10%дан кем эмес деңгээлде көбөйтүүнү камсыз кылуу менен таза отун-энергетикалык ресурстарды пайдаланууну өнүктүрүү
Бул бөлүмдүн энергияны үнөмдөө иш-чаралары ЭКБны жана кошумча пайда болгон энергетикалык ресурстарды республиканын энергетикалык балансына интеграциялоонун эсебинен алардын көлөмүн 2027-жылга карата Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансына 10%дан кем эмес көлөмгө чейин жеткирүү, анын ичинде чакан ГЭСтерди жана күн электр станцияларын куруу максатында электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүдө отундардын салттуу түрлөрүнүн чыгымдарын кыскартууга багытталган.
ЭКБны пайдалануунун жаңы технологиялары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизүүчү терс таасирин азайтып, керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн арзан, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап энергия булактарына жалпы жетүү мүмкүндүктөрүн берип, атаандаштыкка жөндөмдүү энергия менен камсыздай алат, бул туруктуу өнүктүрүү жаатында (ТӨМ-7) БУУнун максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин бири болуп саналат.
9.1. Калктуу конуштарды газдаштыруу жана от казандарды отундун жана ЭКБнын кыйла таза түрлөрүнө өткөрүү
Республиканы газдаштыруунун жалпы деңгээли "Газпром Кыргызстан" ЖЧК компаниясынын иштеген мезгилинде 2014-жылы 22%дан 2020-жылдын аягына чейин 35%га чейин өстү. 2030-жылга карата республиканы газдаштыруунун деңгээлин 60%га жеткирүү пландалууда. Ошол эле учурда республиканын облустары боюнча газдаштыруунун деңгээлин жогорулатуу каралууда: Бишкек шаары - 57%дан 74%га чейин, Талас облусу - 1%дан 42%га чейин, Чүй облусу - 13%дан 64%га чейин, Жалал-Абад облусу - 10%дан 47%га чейин, Ысык-Көл облусу - 0%дан 67%га чейин, Нарын облусу - 0%дан 38%га чейин, Баткен облусу - 12%дан 64%га чейин, Ош облусу - 22%дан 52%га чейин.
2021-2023-жылдарга Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чаралардын комплекстүү планын ишке ашыруунун алкагында 2021-жылдын январында Бишкек шаарынын мэриясы менен "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын ортосунда Социалдык объекттерде жана балансында 23 көмүр от казаны бар "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын объекттеринде газ менен жылытуу системасын ишке киргизүү боюнча тараптардын кызматташуусу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
9.2. ЭКБны пайдалануу менен электр станцияларынын курулушун тездетүү
ЭКБны ишке киргизүүнүн үлүшүн жогорулатуу республиканын экономикасынын ар кандай секторлорунда энергияны жылдык керектөөнү кыскартуу максатын көздөөгө тийиш.
Республикадагы бардык электр энергиясынын 90%дан ашыгы гидроэлектрстанцияларда өндүрүлөт. Бирок республикада чакан дарыялардын гидроресурстарын өздөштүрүү болгону 1,27%ды түзөт, бул жалпы кубаттуулугу 65,3 МВт болгон 22 чакан ГЭСте иштелип чыккан энергияны түзөт.
Кыргыз Республикасы кайра жаралуучу энергиянын чоң потенциалы бар региондорго киргенине карабастан, чакан ГЭСтерден тышкары башка ЭКБ булактарынан тармакка электр энергиясын берген бир дагы энергетикалык түзүлүш жок. Күн, геотермалдык энергия жана биогаз технологиялары жеке керектөөлөр үчүн гана колдонулат.
Кыргыз Республикасында электр энергиясына төмөнкү тарифтерди жана натыйжада ЭКБнын негизинде электр энергиясын иштеп чыгуучу комплекстердин технологияларынын наркы боюнча атаандаштыкка жөндөмсүздүгүн эске алуу менен бюджеттик чөйрөдө энергияны үнөмдөөчү энергиянын натыйжалуулугу системаларын киргизүү ЭКБнын чакан кубаттуу электрдик жана электрдик эмес технологияларын пайдалануу зарылдыгын талап кылат. Аларга жылуулук менен камсыздоонун насостук жылытуу системаларын кеңири ишке киргизүү, имараттарды курууда жана оңдоодо жана от казандардын жылытуу системаларында сууну жылытуу үчүн күн энергиясын колдонуу, транспорт үчүн биологиялык отунду, жылытуу, муздатуу, тамак даярдоо жана жарыктандыруу үчүн биогазды жана биомассаны пайдалануу кирет.
Коюлган максатка жетүү үчүн бул бөлүмдө төмөнкү негизги милдеттерди чечүү каралган:
- альтернативдик энергия булактарын пайдалануу менен жылуулук электр борборлорундагы от казандарын кайра түзүү;
- суу жылытуу үчүн күн коллекторлорун жана ТКЧ системасында энергия менен камсыздоо жана ысык суу менен жабдуу үчүн күн батареяларын орнотуу;
- өнөр жай, айыл чарба объекттерин жана турак жайларды, мамлекеттик жана коомдук имараттардын бөлмөлөрүн жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктары үчүн жылуулук насос түзүлүштөрүн пайдалануу;
- чакан кубаттуулуктагы фотоэлектр станцияларын пайдалануу менен транспорттук магистралдарда түнкү жарыктандырууну орнотуу;
- биогаз түзүлүштөрүн пайдалануу менен мал чарба комплекстеринин суюк жана катуу калдыктарынан күйүүчү биогазды алуу;
- микро жана чакан ГЭСтерди куруу;
- фотоэлектр станцияларын жана шамал-электр станцияларын куруу;
- ата мекендик өндүрүштөрдү пайдалануу менен автономдуу шамал-электр түзүлүштөрүн куруу.
10. Программаны ишке ашыруунун негизги инструменттери
1. Ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү жана энергияны үнөмдөөнүн инвестициялык базасын түзүү;
- мамлекеттик деңгээлде - ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана башкаруунун тиешелүү институттук жана финансылык-экономикалык схемаларын түзүү;
- региондук деңгээлде - энергияны үнөмдөөнүн максаттуу программаларын түзүү, каржылоо булактарын түзүү жана зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- муниципалдык деңгээлде - шаардык (облустук, райондук) чарбанын бүткүл инфраструктурасы тарабынан отун-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу боюнча чараларды көрүү;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин деңгээлинде - жалпы экономикалык кызыкчылыкты эске алуу менен энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча иш-чараларды аткаруу.
2. Отунга жана энергияга карата бааларды энергияны үнөмдөө жаатындагы мамлекеттик стратегиянын инструменти катары жөнгө салуу.
3. Стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн энергетикалык сыйымдуулугунун төмөндөшүн камсыз кылуу талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле алардын так сакталышын камсыз кылуу.
4. Энергияны үнөмдөө жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды пайдалануу чөйрөсүндө инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнү камсыз кылуучу экономикалык механизмдерди ишке киргизүү.
5. Энергияны көп талап кылган өндүрүштүн үлүшүн кыскартууда жана энергияны көп талап кылбаган жана илимди талап кылган өндүрүштөрдү тез өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууда көрүнгөн экономиканы түзүмдүк кайра куруу боюнча таасирдүү чараларды жүзөгө ашыруу.
6. Заманбап илимий-техникалык базада жергиликтүү отун-энергетика ресурстарын, анын ичинде салттуу эмес отунду жана ЭКБны пайдаланууну кеңейтүү боюнча улуттук программаларды түзүү.
11. Энергияны үнөмдөөгө жана энергиянын натыйжалуулугуна дем берүү механизмдери
Энергиянын түрлөрүн сарамжалдуу пайдалануу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга инвестициялоо үчүн мотивациянын жетишсиздиги коомдук чыгымдарды көбөйтөт.
Табигый монополиялардын, коммуналдык комплекс уюмдарынын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга карата негизги дем берүүлөрдүн бири болуп тарифтик жөнгө салуунун узак мөөнөттүү методдорун, анын ичинде биринчи кезекте көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты, ишенимдүүлүгү жана өнүгүүсү боюнча компаниялардын милдеттенмелерин бир убакта бекитүү менен инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк методун колдонуу саналат. Мындай жөнгө салууда компанияларда чыгашаларды, анын ичинде энергетикалык ресурстарды кыскартууга, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга дем берүү пайда болот, анткени анын натыйжасында алынган үнөмдөө компанияда сакталып калат жана каалагандай максатта колдонулушу мүмкүн.
Керектелген энергетикалык ресурстар үчүн төлөмдүн социалдык-алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен энергияга тарифтердин деңгээлин этап-этабы менен оптималдаштырууну сунуштоого болот, анын ичинде:
- суткалык зоналар боюнча дифференцияланган тарифтер боюнча электр энергиясын керектөөчүлөр менен эсептешүүгө өтүү;
- өндүрүш процесстеринде энергияны үнөмдөөчү технологияларды пайдалануу жана керектөөчүлөрдө энергетикалык ресурстарды үнөмдөө үчүн экономикалык дем берүүнү калыптандыруу;
- энергия алып жүрүүчүлөр үчүн, анын ичинде калк үчүн тарифтерде кайчылаш субсидиялоону этап-этабы менен жоюу.
Энергетикалык сервистик кызматтарынын түзүлүүсүнө, энергетикалык-сервистик коммерциялык уюмдардын ишине жана инвестицияларды тартуунун башка рыноктук механизмдерине дем берүү натыйжалуу механизм болуп саналат.
12. Күтүлүүчү натыйжалар
1. Энергияны керектөөнү кыскартуу шаардагы абанын сапатына, ошондой эле атмосферага көмүр кычкыл газынын чыгындыларынын азайышына оң таасирин тийгизет, бул өкмөткө эл аралык макулдашуулардын алкагындагы саясаттын максаттарын аныктоого жардам берет жана бул өз кезегинде өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
2. Энергияны үнөмдөөнү энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөөгө жетишүү боюнча милдеттенмелер аркылуу жөнгө салуу бул чөйрөдөгү материалдар, технологиялар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүгө дем берет, бул жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылат.
3. Энергияны керектөөнү кыскартуу өлкөдө энергиянын жетишсиздигин азайтууга жана электр тармактарындагы жүктөмдү төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, бул тиешелүү түрдө биринчи кезекте бизнеске таасир эткен бөлүштүрүүчү тармактардагы авариялардын санын азайтат, демек, ишканалар өнүгүүсү үчүн кыйла ишенимдүү энергетикалык камсыздоого жана өнүгүү үчүн кыйла туруктуу шарттарга ээ болот.
13. Жагымдуу шарттар жана тобокелдиктер
Жагымдуу шарттар:
- энергияны керектөөнүн өсүшүнө жана өлкөнүн жана региондордун энергетикалык коопсуздугуна коркунучтардын алдын алууга байланыштуу энергетикалык ресурстардын тартыштыгын толтуруунун зарылдыгы;
- жай мезгилинде Кыргыз Республикасынан жана Тажикстан Республикасынан Пакистан Ислам Республикасына электр энергиясын сатууну жана берүүнү караган CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши менен интеграциялык байланыштарды калыбына келтирүү жана электр энергиясынын, жаратылыш газынын, мунайдын жана мунай продукттарынын бирдиктүү рыногун; отун-энергетикалык балансты түзүүгө бирдиктүү мамилелерди түзүүгө катышуу;
- туруктуу энергетиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдарга, энергияны үнөмдөө, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ЭКБны өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорго көмөк көрсөтүү;
- энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү;
- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана ЭКБны артыкчылыктуу өндүргөн жана пайдаланган өлкөлөрдү колдоо боюнча Париж климаттык конференциясынын чечимдери;
- энергетикалык компаниялардын жана отун өнөр жай ишканаларынын ишин уюштуруу, башкаруу, жөнгө салуу жана контролдоо жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Тобокелдиктер жана чакырыктар
- саясий туруксуздук жана ири келечектүү өнүктүрүү долбоорлоруна потенциалдуу инвесторлордун ишениминин жоголушу;
- калктын жана чечим кабыл алуучу адамдардын энергияны үнөмдөөнүн жана энергиянын натыйжалуулугунун артыкчылыктары жана жолдору жөнүндө маалыматынын төмөндүгү;
- жөнгө салынуучу энергия алып жүрүүчүлөргө бааларды жана тарифтерди рыноктук конъюнктуранын таасири астында эмес, административдик жана саясий чечимдер менен, өздүк наркынан төмөн деңгээлде аныктоо жана башкалар.
14. Программаны финансылык камсыздоо булактары
Энергиянын натыйжалуулугу жана энергияны үнөмдөө жаатында жакшыртууга тоскоол болгон олуттуу фактор болуп энергиянын натыйжалуулугу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттардын жетишсиздиги саналат.
Программанын иш-чараларын каржылоону мамлекеттик колдоонун, жеке жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн каражаттарын пайдаланып, эл аралык финансылык уюмдардын чет элдик зайымдык жана улуттук банк түзүмдөрүнүн каражаттарынын, анын ичинде Жашыл климаттык фонддун каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу каралууда.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду сыяктуу энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды каржылоонун атайын механизмдерин түзүү жолу аркылуу бюджеттик каражаттарды кайтарымдуулук жана мөөнөттүү шарттарда бөлүү, мамлекеттик ишканаларга жана керектөөчү уюмдарга үнөмдөлгөн энергетикалык ресурстарга укуктарды берүү каралууда. Энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду, иш-чараларды жана капиталдык оңдоолорду ишке ашырууга, ошондой эле энергетикалык аудит жүргүзүү жана имараттарды энергетикалык сертификациялоо жол-жоболору үчүн субсидия берүүгө мамлекеттик кепилдиктерди берүү жана коммерциялык банктардагы кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын бир бөлүгүн төлөө механизми иштелип чыгат.
Туруктуу макроэкономикалык кырдаалды жана экономиканын бардык тармактары үчүн узак мөөнөттүү тарифтик жөнгө салуунун негизинде да, жана зарыл учурларда мамлекеттин милдеттүү түрдө катышуусунун негизинде да энергиянын натыйжалуулугу жана энергияны үнөмдөө иш-чараларын ишке ашырууда инвестицияларды кайтарууну камсыз кылуунун так эрежелерин калыптандыруу маанилүү, бул энергияны үнөмдөөгө жана энергиянын натыйжалуулугуна жеке инвестицияларды тартуунун так критерийлерин белгилөөгө жана инвестиция тобокелдиктерин жоюуга мүмкүндүк берет.
Кыскартуулардын тизмеси:
ГЭС | - | гидроэлектрстанция |
ЖЭБ | - | жылуулук электр борбору |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ЕЭК | - | Евразия экономикалык комиссиясы |
ОЭР | - | отун-энергетикалык ресурс |
ЭКБ | - | энергиянын кайра жаралуучу булактары |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму |
ТӨМ | - | туруктуу өнүгүү максаттары |
ТКЧ | - | турак жай-коммуналдык чарба |
ЭСК | - | энергетикалык сервистик компания |
КММ | - | күйүүчү-майлоочу материалдар |
МИ | - | мамлекеттик ишкана |
КИ | - | коммуналдык ишкана |
ААК | - | ачык акционердик коом |
ЖЧК | - | жоопкерчилиги чектелген коом |