Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-марты № 114
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2023-жылдын 23-июнундагы № 320, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 139 "Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия жөнүндө типтүү жободо:
- 2, 3 жана 5-пункттарындагы "аткаруу-тескөө" деген сөздөр "аткаруу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун үчүнчү абзацындагы "министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун (мындан ары - "Кыргызгипрозем")" деген сөздөр "министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын (мындан ары - "Кыргызмамжердолбоорлоо")" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 15, 30-пункттарындагы жана 24-пунктунун төртүнчү абзацындагы "Кыргызгипрозем" деген сөз "Кыргызмамжердолбоорлоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктундагы "Мамкаттоонун" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттардын чек арапарын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Облустук жумушчу топтун курамы 7 адамдан кем эмес болушу керек, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тиешелүү орун басары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү кирет.";
- 5-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын тиешелүү жергиликтүү каттоо органдарынын адистери.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 235 "Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ушул токтомдо көрсөтүлгөн мекемелерди жана Ишкананы мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыз кылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине кайра түзүлгөн юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитүү ыйгарым укугу берилсин.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 6-тиркеме |
| "Тиркеме |
Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын директору;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.".