Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 токтомуна) |
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын ишин регламенттейт.
2. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруучу мамлекеттик ишкананын уюштуруучусу;
- мамлекеттик башкаруу органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) тейлеген тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилген мамлекеттик мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- аткаруу органы (жетекчи) - Ишкананын директору же башкы директору, Ишкананын учурдагы ишин башкарат (мындан ары - директор).
Ушул Устав менен Ишкананын бир башкаруу органынын өзгөчө компетенциясына кирген маселелер башка башкаруу органынын компетенциясына өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
Ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында аныкталган башкаруу органдары алардын укуктук статусун регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) белгиленген компетенцияларынын чегинде укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат.
6. Ишкана төмөнкүдөй фирмалык аталышка ээ:
- мамлекеттик тилде: "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кара-Балтинский спиртовый завод".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КСЗ" МИ;
- расмий тилде: ГП "КСЗ".
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Ишкананын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга, экспорттук операцияларды жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
10. Мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Мамлекеттик ишкана башка юридикалык жактардын уюштуруучусу боло албайт.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
13. Юридикалык дареги: 724410, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 88а.
14. Ишинин негизги түрү:
- этил спиртин өндүрүү жана сатуу;
- алкоголдук продукцияны, этил спиртин камтыган дары препараттарын жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
15. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп өндүрүштүк, техникалык, медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда колдонулуучу этил спиртин өндүрүү жана аны менен менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык уюмдарды жана ишканаларды камсыз кылуу, ошондой эле алкоголдук продукцияны, этил спиртин камтыган дары препараттарын жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу саналат.
16. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- алкоголдук продукцияны өндүргөн, тиешелүү лицензиясы бар ишканаларды этил спирти менен камсыз кылуу, ошондой эле фармацевтикалык өнөр жайдын, саламаттык сактоонун ишканаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка атайын керектөөчүлөрдү жабдуу;
- экспорттоого этил спиртин өндүрүү;
- алкоголдук продукцияны, этил спиртин камтыган медициналык препараттарды жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу;
- айыл чарба ишканалары өндүргөн чийки заттарды (крахмалды жана кантты камтыган) кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын экономикалык потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
- спиртти өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулукту натыйжалуу колдонуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктардын жана башка төлөмдөрдүн түшүүсүн жогорулатуу;
- этил спиртин өндүрүүнүн технологиясын өркүндөтүү жана анын сапатын жакшыртуу.
17. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чийки заттардын (крахмалды жана кантты камтыган) бардык түрлөрүнөн этил спиртин өндүрүү жана сатуу;
- алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу;
- биоэтанолду өндүрүү жана сатуу;
- этил спиртин камтыган дары препараттарын жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды өндүрүү жана сатуу;
- Ишкананын кызматкерлерин окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлктү сактоону жана багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу;
- өндүрүштү өнүктүрүү максатында инвестицияларды тартуу жана инновациялык ишти жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
- рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого, ошол эле учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген нарктан төмөн болбошу керек;
- кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
- өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын кредиттик каражаттарын, гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жеке жактарды Ишканадагы иштерди аткарууга белгиленген тартипте тартууга;
- зарылдыгына жараша Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөлөргө жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- зарылдыгына жараша Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде ижарага берүүгө;
- Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери, ички тартип эрежелери жана жамааттык келишим менен жөнгө салынуучу иштөө жана эс алуу режимин, аларды социалдык жактан камсыз кылуунун тартибин, социалдык камсыздандыруунун түрлөрүн аныктоого;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
19. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
20. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
21. Ишкана ушул Уставда аныкталган максаттарына жетүү жана милдеттерди, функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерин так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ай сайын акы төлөөнү камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын финансылык-чарбалык жана өндүрүштүк ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, Ишкананын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана өндүрүштүк иштен жана аны пайдалануудан пайда алууга;
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар ж:ана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү болгон, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган маалыматтарды жашыруундуулукта сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.
24. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Агенттик менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
25. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
26. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
27. Директор төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча Ишкананын ишине канааттандырарлык эмес баа алынганда;
- Ишкананын өндүрүштүк ишинин негизги пландык көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес аракеттерде;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
28. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерин дайындоо;
- Ишкананын өндүрүштү өнүктүрүү планын ишке ашыруу;
- келерки жылга өндүрүштү өнүктүрүү планынын жана ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн анын аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бекитүүгө киргизүү;
- Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана өндүрүштү өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- тармактык саясат маселелери боюнча Агенттиктин чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
- ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- Агенттикке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставга жана өндүрүштү өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Агенттиктин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти жана өндүрүштү өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Агенттиктин кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын кайсы гана болбосун иш чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
- укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
31. Директордун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
32. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жазаны жана сыйлоо чараларын колдонот;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо, ошондой эле жүктөлгөн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Ишкананын директору коюлган милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордун ээлөөгө чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
37. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын жана башка уюмдардын башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды колдонот.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
39. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
40. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, чарба ишинин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен мамилелери келишимдин негизинде түзүлөт.
5. Ишкананын жетекчилик курамы
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- директор, директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
42. Ишкананын жетекчилик курамы өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курам мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
43. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирбейт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап туруу укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырарлык эмес иши үчүн Ишкананын жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
- мурда менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте аны банкроттукка алып келген жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда иштеген мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
6. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
44. Ишкана өз ишин өз алдынча иштелип чыккан жылдык иш пландын негизинде жүргүзөт.
Ишкананын келечектүү, жылдык жана күндөлүк иш пландары Агенттик тарабынан бекитилет.
45. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын аныктоодо эркин.
47. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
48. Ишкананын директору квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин Агенттикке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга квартал сайын, кийинки айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берет. Ишкана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык финансылык-чарбалык ишти жүргүзөт.
Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Агенттик тарабынан бекитилет.
49. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттары жана негизги багыттары;
- Ишкана өндүргөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн тармагынын жана рыногунун сыпаттамасы, мүнөздөмөсү;
- Ишкана өндүргөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөө;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
- товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү планы;
- уюштуруу планы;
- финансылык план;
- тобокелдиктерди талдоо.
50. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Агенттик менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
51. Ишкана тиешелүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
52. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалаганы, ошондой эле отчетторду бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын ишин Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде, белгиленген тартипте текшерет.
7. Ишкананын мүлкү жана финансысы
54. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу саналат.
55. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
56. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатылып алынган кирешелер, натыйжалар, продукциялар;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
57. Ишкана тарабынан донорлордун, демөөрчүлөрдүн жана өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
58. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же ал мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
59. Ишкана жыл сайын өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
60. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы, бирок 50 пайыздан кем эмеси андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которулат.
61. Ишкананын пайдасы төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
- Ишкананын финансылык-өндүрүштүк ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
- кредиттик карызды төлөөгө.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө ишке ашырылат.
63. Ишкананы кошуу, бириктирүү, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим Агенттиктин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
64. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
65. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар менен милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
66. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) Агенттиктин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
67. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, Агенттиктин жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын жетекчиси башкарат.
68. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
69. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуучу Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
70. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.