Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 329
Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167, 2024-жылдын 31-июлундагы № 435,
2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:
- 14-пункттун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;";
- 16-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;";
- 17-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматында), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускамада:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын каттоо күбөлүктөрү (туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү) өзүнүн колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү үчүн берилген бардык документтер КБМРде маалымат болбогон учурда милдеттүү сканерленүүгө тийиш.";
- 18-пункттун бешинчи абзацында "ЖААК" АМС" деген аббревиатуралар "КБМР" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- 21-пункттун үчүнчү абзацы "(бар болсо)" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 24-пункттун бешинчи абзацы "(бар болсо)" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;";
- 29-пункттун үчүнчү абзацы "эненин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пунктта:
- сегизинчи, тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;";
жыйырманчы абзац "жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 53-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде жок болгон учурда;";
бешинчи абзац "(болсо)" деген сөздөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 54-пунктта:
экинчи абзац "арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта)" деген сөздөр менен толукталсын;
"ЖААК" АМС" деген аббревиатуралар "КБМР" деген аббревиатураларга алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
1-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастоочу документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо талап кылынат);";
2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;";
3-пунктчанын экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;".
7. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" гезитиннин 2023-жылдын 7-июлундагы № 54 (3503) санында жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 329
Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө
санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым
токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167, 2024-жылдын 31-июлундагы № 435, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207, 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:
- 14-пункттун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;";
- 16-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;";
- 17-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматында), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
1-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастоочу документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо талап кылынат);";
2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;";
3-пунктчанын экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;".
7. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" гезитиннин 2023-жылдын 7-июлундагы № 54 (3503) санында жарыяланды