Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 324
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 518 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Капиталдык курулуштун социалдык объекттерин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануунун тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 518 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы III-I бөлүм менен толукталсын:
"III-I. Капиталдык курулуштун социалдык объекттерин эски, авариялык, эксплуатациялоо үчүн жараксыз жана бузулууга тийиш деп таануунун тартиби
251. Бул бөлүм тиешелүү министрликтин, ведомствонун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча социалдык объекттерди куруу менен аймактарды комплекстүү өнүктүрүү жөнүндө чечимди кабыл алуу максатында маданият, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин (мындан ары - капиталдык курулуш объекттери) авариялык жана бузулууга тийиш деп таануунун тартибин белгилейт.
Бул бөлүмдүн колдонулушу тарыхый-маданий мурастардын объекттерине жайылтылбайт.
252. Эгерде капиталдык курулуш объектинин жана (же) мындай капиталдык курулуш объекти жайгашкан аймактын иш жүзүндөгү абалын баалоонун жыйынтыгы боюнча ушул бөлүмдө белгиленген капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиз болуп саналган белгилер аныкталса, капиталдык курулуш объекти авариялык жана бузулууга тийиш деп таанылат.
253. Социалдык объекттерди куруу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу министрлик, ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы курулуш жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин иш жүзүндөгү абалы бааланууга тийиш болгон капиталдык курулуш объекттеринин тизмесин (мындан ары - Тизме) түзөт.
254. Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо капиталдык курулуштун социалдык объекттерин баалоо жана авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокко жооптуу орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы;
шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси;
архитектура-курулуш контролунун региондук башкармалыгынын жетекчиси;
Тизмеге киргизилген социалдык мекеменин жетекчиси.
255. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу.
Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо тиешелүү министрликке, ведомствого же жергиликтүү өз өз алдынча башкаруу органына жүктөлөт.
256. Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоонун предмети болуп ушул бөлүмдө белгиленген аны авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиз болгон белгилерди аныктоо саналат.
257. Капиталдык курулуштун социалдык объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиз болуп капиталдык курулуш объектинин ишенимдүү иштешине жана жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген төмөнкүдөй бир же бир нече белгилердин болушу саналат:
а) имараттын ишенимдүүлүгүнүн, курулуш конструкцияларынын жана негиздеринин бекемдигинин жана туруктуулугунун жол берилбеген деңгээлге чейин төмөндөшүнө алып келүүчү, эксплуатациялоо процессинде физикалык иштен чыгышына байланыштуу жалпы капиталдык курулуш объектинин же анын айрым бөлүктөрүнүн эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн начарланышы;
б) жарылуулардын, авариялардын, өрттөрдүн, жер титирөөлөрдүн, кооптуу геологиялык процесстердин кесепетинен зыян алуу, эгерде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү техникалык жактан мүмкүн болбосо же экономикалык жактан максатка ылайыктуу эмес болсо жана мындай объекттин жана анын курулуш конструкцияларынын техникалык абалы адамдардын жүрүүсү жана инженердик жабдуулардын сакталышы үчүн коркунучтуу болгон көтөрүүчү жөндөмдүүлүгүнүн жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн төмөндөшү менен мүнөздөлсө;
в) капиталдык курулуш объектинин жер көчкүлөрдүн, селдердин, кар көчкүлөрдүн кооптуу аймактарында, ошондой эле жыл сайын сел каптаган аймактарда жайгашуусу, эгерде капиталдык курулуш объектинин бузулушун алдын алуу долбоордук чечимдердин жана инженердик иш-чаралардын жардамы менен алдын алуу мүмкүн болбосо.
258. Тизмеге киргизилген капиталдык курулуштун социалдык объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоонун жол-жобосу жана эгерде капиталдык курулуштун социалдык объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз бар болгон учурда:
а) адистештирилген уюмдардын - комиссиянын мүчөлөрүнүн корутундусун, ошондой эле мындай корутундуну даярдоо үчүн пайдаланылган адистештирилген уюмдар жүргүзгөн инструменттик изилдөөлөрдүн материалдарын жана натыйжаларын ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралышы жана Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо.
Адистештирилген уюм - бул инженердик издөөлөрдү аткарган жана имараттардын жана курулмалардын негиздеринин, алардын курулуш конструкцияларынын кыртышынын абалын изилдөө боюнча иштерди жүргүзүүгө укуктуу юридикалык жак;
б) Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо жөнүндө ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун 3-тиркемеге ылайык формада түзүү;
в) сейсмологиялык корутунду;
г) капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу.
Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин натыйжалары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиздин болуусу жөнүндө;
б) капиталдык курулуш объекти авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиздин жоктугу жөнүндө.
259. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими жыйналыштын протоколун тариздөө жана ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына кол койдуруу менен анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгондо ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө жана аны көрсөтүлгөн корутундуга тиркөөгө укуктуу.
2510. Ведомстволор аралык комиссия капиталдык курулуш объектин бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиздин болуусу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, тиешелүү министрлик, ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 5 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине аймактык бирдиктин демографиялык, географиялык, социалдык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаңы имаратты долбоорлоого жана курууга сунуш жиберет, мында жаңы мекемени куруу каралат.
2511. Долбоорлоого жана курууга сунуш жиберген министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каралуучу аймактык бирдиктин демографиялык, географиялык, социалдык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эсептөөнүн аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жободо:
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
Тиркеме |
“Кыргыз Республикасынын калктуу Конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобого № 3 тиркеме |
Капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо жөнүндө ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ ______________________________________________________________ (дареги, кадастрдык номери, эксплуатацияга берилген жылы)
Ведомстволор аралык комиссия _________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________түзүлгөн (ким, тарабынан, датасы, комиссия түзүү жөнүндө чечимдин номери) _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ курамында төрага_______________________________________________________________________________________ (Ф.А.А., ээлеген кызмат жана иштеген жери) _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ жана комиссиянын мүчөлөрү: ____________________________________________________________________________________________ (Ф.А.А., ээлеген кызмат орду жана иштеген жери) ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ адистештирилген уюм (чакыруу боюнча) __________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ (адистештирилген уюмдун аталышы) ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ошондой эле мындай корутундуну даярдоо үчүн пайдаланылган адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлгөн иструменттик изилдөөлөрдүн материалдары жана натыйжалары жана____________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________жөнүндө чечим кабыл алды ____________________________________________________________________________________________________________ (ведомстволор аралык комиссия кабыл алган ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негизди аныктоо жөнүндө чечим ____________________________________________________________________________________________________________ Же мындай негиздин жоктугу жөнүндө чечим негизделет) Тиркеме:
а) адистештирилген уюмдун корутундусу; б) адистештирилген уюмдун корутундусун даярдоо үчүн пайдаланган адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлгөн инструментик изилдөөлөрдүн материалдара жана натыйжалары; в) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө.
|
|