Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген |
Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Имараттарды жана курулмаларды эски, авариялык жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү критерийлери
III. Имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак үйлөрдү эски, авариялык абалдагы, пайдаланууга жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү тартиби
IV. Эски, авариялык абалдагы, жашоого жараксыз имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби
V. Каржылоо булактары
VI. Корутунду
1 тиркеме. Турак жайдын такай жашоого жарактуулугун (жараксыздыгын) таануу жөнүндө корутунду
2 тиркеме. Имаратты текшерүү актысы
I. Жалпы жоболор
1. Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо:
- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинин түрүнө карабастан эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу боюнча өз ара иштешүүлөрүн жөнгө салат;
- имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак үйлөрдү эски, авариялык абалдагы, жашоого жана пайдаланууга мүмкүн эмес категорияга киргизүүнүн критерийлерин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул жободо пайдаланылчу түшүнүктөр жана терминдер:
турак жай фонду - менчигинин түрүнө карабастан турак үйлөрдү, атайын үйлөрдү (жатаканалар, мейманканалар-баш маана кылуучу жайлар, жалгыз бой карылар үчүн үйлөр, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн, ардагерлер үчүн интернат үйлөр жана башкалар), квартираларды, кызматтык турак жайларды жана жашоого мүмкүн болгон башка курулмалардагы бөлөк турак жайларды камтыган бардык турак жайлардын жыйындысы;
турак имарат - адамдардын туруктуу жашоосуна арналган имарат;
турак жай - адамдардын жашоосу үчүн арналып, кыймылсыз мүлк болуп саналган, өзүнчө бөлөк жай;
турак үй - бөлмөлөрдөн жана адамдардын жашоосуна байланыштуу алардын тиричилик жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга арналган кошумча пайдаланылчу жайлардан турган өзүнчө имарат;
квартира - көп квартиралуу турак үйдөгү өзүнчө бөлүнгөн, андай үйдөгү жалпы пайдаланылчу жайларга түз баруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жана бир же бир нече бөлмөдөн, ошондой эле адамдардын мындай өзүнчө бөлүнгөн жайда жашоосуна байланыштуу алардын тиричилик жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга арналган кошумча жайдардан турган структуралык жактан өзүнчө бөлүнгөн жай;
бөлмө - турак үйдүн же квартиранын адамдардын турак үйдө же квартирада жашачу орду катары пайдаланууга арналган бөлүгү;
көмөкчү жай - квартиранын анда жашагандардын чарбалык-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн арналган бөлүгү (ашкана, даараткана, ванна, чыгдан ж.б.);
кошумча жайлар - имараттын аны эксплуатациялоону же анда жашагандарды тиричилик жана маданий жактан тейлөөнү камсыздоого арналган жайлары (тепкичтин клеткасы, вестибюлдар, квартиранын тышындагы коридорлор жана чыгдан, таштанды үчүн камералар жана башкалар);
имараттарды техникалык эксплуатациялоо - имараттын конструкцияларынын жана жабдууларынын абалын алар керектүү функцияларды техникалык документтердин талаптарында белгиленген параметрлер боюнча аткара алгыдай кылып сактоо боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү менен имаратты функциялык арналышына ылайык пайдалануу;
турак үйдү кармоо - жарандардын жашоосу жана турак үйдүн сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча иштердин комплекси (техникалык эксплуатация, санитардык тейлөө, утурумдук жана капиталдык ремонт);
имаратты капиталдык оңдоо - зарыл болсо конструкциялык элементтерди жана инженердик жабдуу системаларын алмаштыруу менен имараттын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө байланышпаган, физикалык жана моралдык эскирүүсүн жоюу боюнча курулуштук жана уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплекси;
имаратты утурумдук оңдоо - имараттын элементтериндеги бузуктарды жоюу (иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү) жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү кармап туруу максатындагы курулуштук жана уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплекси;
имаратты реконструкциялоо - жарандардын жашашы үчүн шарттарды жакшыртуу, физикалык жана моралдык эскирүүнү болушунча жоюу максатында негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү (квартиралардын санын жана аянтын, имараттын курулуштук көлөмүн жана жалпы аянтын, инженердик жабдылышын) өзгөртүүгө байланышкан курулуш иштеринин жана уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплекси;
бузуу - имараттын физикалык, моралдык эскиргендигине, авариялык абалына жана жашоо үчүн жарабаганына байланыштуу, аймакты натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар үчүн имарат объекттерди жана архитектура объекттерин жок кылуу;
имараттын физикалык эскириши - имараттардын техникалык көрсөткүчтөрүнүн жана аларга байланыштуу эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнүн (элементтеринин) объективдүү себептердин же сырткы таасирлердин натыйжасында бара-бара же дароо начарлоо процесси;
имараттын эскирген абалы - курулуш конструкциялары жана негизи (имарат жалпысынан) белгиленген эксплуатациялык талаптарды канааттандырбай калган абал. Имараттын техникалык абалына берилген баа анын физикалык эскиришине 60 - 80% өлчөмдө дал келет;
имараттын авариялык абалы - имаратта адамдардын коопсуз жашоосун камсыздоо мүмкүн болбогон учурда имаратты андан ары пайдаланууну дароо токтотуу керек болгон абал;
инженердик тармактар - калктуу конуштардын аймагында, ошондой эле имараттарда орнотулчу өткөргүч түтүктөр жана ар кандай арналыштагы кабелдер (суу түтүгү, суу чыгаргыч, жылуулук, газ, байланыш жабдуулары жана башкалар).
II. Имараттарды жана курулмаларды эски, авариялык жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү критерийлери
4. Имаратты, курулманы пайдаланууга, анын ичинде адамдардын жашашына жараксыз деп таанууга адамдардын жашоо чөйрөсүндө төмөнкү себептерден улам жарандардын өмүрүнүн жана ден-соолугунун коопсуздугун камсыздоого жол бербечү зыяндуу факторлор бар экендиги негиз болот, алар:
- эксплуатациялоо процессинде имарат жалпысынан же анын айрым бөлүктөрү физикалык жактан эскиргендиктен имараттын ишеничтүүлүгү, курулуш конструкцияларынын жана негиздеринин бекемдиги жана туруктуулугу жол берилбес деңгээлге чейин азайышы;
- айлана-чөйрө жана турак жайдын микроклиматынын параметрлери зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана гигиеналык нормативдердин сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген өзгөрүүсү.
5. Эски категорияга курулуш конструкцияларынын абалы эксплуатациялоонун тийиштүү талаптарын төмөнкү критерийлер боюнча канааттандырбаган имараттар, курулмалар кирет:
а) конструкциялардын физикалык эскириши:
- толук курама, кыш жана таш менен курулган имараттар үчүн - 70 проценттен ашык;
- жыгач имараттар жана дубалдары жергиликтүү материалдардан курулган имараттар, ошондой эле мансардалар үчүн - 65 проценттен ашык;
б) жер титирөөнүн, чөгүүнүн, өрттүн ж.у.с. кесепетинен зыян тарткан имараттар жана курулмалар, эгер бул зыяндарды нормативдик талаптарды камсыздоо менен жоюуга мүмкүн болбосо;
в) барак үйлөр - адатта жыгачтан курулуп, 10-20 жылдык кыска мөөнөткө эсептелип убактылуу жашоого арналган, ашканасы жана санитардык түйүнү жалпы бир жана эки кабаттуу турак жайлар;
г) авариядан, өрттөн, табигый кырсыктан бузулган имараттар, курулмалар, эгер калыбына келтирүү иштерин жасоо техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан ылайыксыз болсо.
6. Авариялык категорияга төмөнкү критерийлерге байланыштуу адамдардын коопсуз жашоосун камсыздоо мүмкүн болбогондуктан эксплуатациялоону тез арада токтотуу зарыл болгон имараттар, курулмалар кирет:
а) конструкциялардын физикалык жактан эскириши:
- толук курама, кыш жана таш менен курулган имараттар үчүн - 80 проценттен ашык;
- жыгач имараттар жана дубалдары жергиликтүү материалдардан курулган имараттар, ошондой эле мансардалар үчүн - 70 проценттен ашык;
б) жер титирөөнүн, чөгүүнүн, өрттүн жана башка табигый кырсыктын кесепетинен бузулуп, адамдардын коопсуз жашоо-тиричилигине коркунуч келтирген имараттар, курулмалар;
в) бузулган жана калыбына келтирүү иштерин жасоо техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан ылайыксыз болгон имараттар, курулмалар.
7. Жашоо үчүн жараксыз категорияга төмөнкү критерийлер боюнча турак жайлар кирет:
а) турак жай имарат курулушка тыюу салынган зонада жайгашса (химиялык, эпидемиологиялык факторлордун, ошондой эле айлана-чөйрөнүн факторлорунун адамдардын жашоо шартына жана ден-соолугуна коркунучтуу таасир тийгизүү зонасында);
б) адамдын жашоо чөйрөсүндө жарандардын жашоосунун жана ден-соолугунун коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк бербечү терс факторлордун аныкталса;
в) курулуш конструкциялары физикалык жактан эскиргендиктен жана бузулгандыктан курулуш конструкциялардын жана инженердик жабдуунун техникалык абалы имаратта же жайда жашоо үчүн коркунучтуу болсо;
г) жашоочулардын жашоосунун жана имараттарды пайдалануунун коопсуздугуна коркунучтуу экологиялык жактан жайсыз жерлерде жана өнөр жай, транспорт, ишканаларынын, инженердик түйүндөрдүн санитардык-коргоочу, өрт коркунучу бар, жарылуу коркунучу бар зоналарынын чектеринде, көмүр, сланец шахталардын жана байытуучу фабрикалардын тектерди иштеткенден кийинки калдыктарынын опурталдуу зоналарында, жер көчкү, сел жана кар көчкү зоналарында жайгашса;
д) техногендик кыйроолордун, табигый кырсыктардын кесепетинен улам, эгер кайра калыбына келтирүү иштери техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан ылайыксыз болгондо;
е) жашоонун санитардык-гигиеналык шарттары жана температуралык-нымдуулук режими калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес болуп бузулса;
ж) имаратты жылытуучу приборлор менен жабдууга мүмкүн эмес жана жылытуучу приборлору жок болсо;
з) өтө көп жылуулук чыгаруучу жайдын үстүндө жайгашса жана температураны санитардык ченемге чейин азайтуу максатында жылуулукту тосуу мүмкүн эмес болсо;
и) эгер турак жайдын абасындагы зыяндуу заттардын концентрациясы калктуу конуштун атмосфералык абасы үчүн жол берилчү эң жогорку чектен ашса;
к) эгер турак жайдын ичиндеги радиоактивдүү шооланын күчү жол берилчү чектен ашса.
8. Төмөнкүлөр турак жайды жашоо үчүн жараксыз деп эсептөөгө негиз болбойт:
- бир жана эки кабаттуу турак үйдө борборлоштурулган суу чыгаруу жана ысык суу менен камсыздоо системасынын жоктугу;
- мурда колдонулган ченемдик документтер боюнча долбоорлонуп жана курулуп эксплуатацияланып жаткан турак үйдөгү турак бөлмөлөрдүн көлөмдүк-пландык чечилиши азыркы учурда кабыл алынган көлөмдүк-пландык чечилиштерге ылайык эмес болсо жана квартиранын бөлмөлөрү жана кошумча жайлары минимум аянтта жайгашса, жана эгерде ал чечилиш эргономиканын талаптарын канааттандырса;
- 5 кабаттан ашык турак үйдө лифттин жана таштанды төгүүчү түтүктүн жоктугу.
9. Имарат (курулма) аны пайдаланууда - имараттын (курулманын) ичинде жана жанында жүргөндө, ошондой эле анын инженердик жабдууларын пайдаланууда травма алуу коркунучун болтурбагыдай курулушу жана жабдылышы керек.
10. Турак жайлар Калктуу конуштун башкы планына ылайык турак үйлөр курулган аймактагы имараттарда болушу абзел.
11. Имараттардын жана курулмалардын, анын ичинде турак үйлөрдүн инженердик жабдуулары жана алардын курамы нормативдик талаптарга, ошондой эле колдонуудагы санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык келиши керек.
III. Имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак үйлөрдү эски, авариялык абалдагы, пайдаланууга жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү тартиби
12. Имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак үйлөрдү изилдөө жана аларды эски, авариялык абалдагы, пайдаланууга жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарларда комиссия мэрдин чечими менен түзүлөт.
Айылдык округдарда жана шаар тибиндеги поселоктордо комиссия тийиштүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен түзүлөт.
Эгер мамлекеттин менчигинде турган имаратты жана курулманы изилдөө зарыл болсо, анда комиссия менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен түзүлөт.
13. Комиссияны аны түзгөн органдын жетекчиси же анын орун басары жетектейт.
Комиссиянын курамына жергиликтүү кеңештердин депутаттары, санитардык-эпидемиологиялык, өрт коопсуздугу, өнөр жай, экологиялык жана башка коопсуздук чөйрөлөрүндө мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүгө, кыймылсыз мүлк объекттерин инвентаризациялоого жана каттоого укуктуу органдардын өкүлдөрү, архитектура жана шаар куруу органдарынын, имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөөнү жүргүзүүгө тийиштүү деңгээлде сертификаты бар адистер кирет.
Комиссиянын мүчөлөрүнөн комиссиянын ишин камсыздачу секретариат түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Комиссиянын ишине кеңешүүчү добуш укугу менен имараттын, турак жайдын менчик ээси (анын ыйгарым укуктуу өкүлү) тартылат, ал эми зарыл учурларда - чечүүчү добуш укугу менен мамлекеттик менчик ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү, долбоорлоо-изилдөө уюмдарынын квалификациялуу эксперттери катышат.
15. Комиссия өзүнүн ишин менчик ээсинин, турак жайды, имаратты, курулманы, жайларды пайдалануучунун кайрылууларынын, уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же жергиликтүү мамлекеттик администрацияга (мындан ары - ыйгарым укуктуу органга) түшкөн өтүнүчтөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнүн, имаратты, курулманы же жайды авариялык же жашоого жараксыз абалга дуушарланткан аныкталган фактыларды негизинде жүргүзөт.
16. Комиссияны материалдык-техникалык камсыздоону ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.
17. Комиссия турак жайдын белгиленген талаптарга ылайыктыгын баалайт, имаратты, турак жайды пайдаланууга, жашоого жарактуу же жараксыз деп эсептейт жана корутунду чыгарат (N 1-тиркеме), ошондой эле бузуу керек деп аныктайт. Комиссиянын чечими корутунду формасында жазылат.
18. Жарактуулугун баалоонун жүрүшүндө имараттын курулуштук конструкцияларынын жалпы техникалык абалынын даражасы жана категориясы; анын жер титирөөгө жана өрткө туруктуулук даражасы; өрт учурунда эвакуацияны, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиеналык нормативди камсыздоо шарттары; адамга потенциалдуу коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттар канча экени; атмосфералык абанын сапаты; радиациялык фондун деңгээли, ызы-чуунун, вибрациянын булактарынын физикалык факторлорунун деңгээли; электромагниттик талаалар бар же жок экени; жайдын микроклиматынын параметрлери, ошондой эле турак жайдын жайгашкан орду текшерилет.
19. Жайдын белгиленген талаптарга ылайыктыгын баалоо процедурасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- түшкөн арызды (билдирүүнү) жана ага тиркелген негиздөөчү документтерди карап чыгуу;
- кошумча документтердин тизмесин аныктоо (тийиштүү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын корутундусу);
- имараттын (курулманын), турак жайдын тосуучу жана тирөөчү курулуштук конструкцияларын инженердик изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча долбоорлоочу уюмдун корутундусун алуу;
- турак жай инспекциясынын турак жайды жараксыз деп эсептөө тууралуу чечим кабыл алуу үчүн керектүү контролдоо боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы жөнүндөгү акты;
- турак жайды жашоо үчүн жараксыз, бузууга тийиш деп эсептөө жөнүндө корутунду түзүү (№ 1-тиркеме);
- турак жайды текшерүү актысын түзүү (комиссия текшерүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алган учурда) (№ 2-тиркеме);
- имаратты (курулманы) эски, авариялык абалда жана бузуу керек деп эсептөө жөнүндө корутунду түзүү;
- комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын имаратты (курулманы) бузуу жөнүндө чечим кабыл алуусу;
- чечимдин бирден нускасын арыз ээсине жана турак жайдын менчик ээсине берүү (үчүнчү нуска комиссия түзгөн делодо калат).
20. Комиссия арызды жана ага тиркелген документтерди арыз катталган күндөн тартып 30 иш күндүн ичинде карайт жана корутунду түрүндө чечим кабыл алат.
Иштин жүрүшүндө комиссия имаратты (курулманы) кошумча текшерүү дайындоого жана анын конструкцияларын сыноого укуктуу, анын жыйынтыктары мурда комиссиянын кароосуна берилген документтерге тиркелет.
21. Иштин жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкүдөй корутунду чыгарат:
а) жайдын аны эксплуатациялоого коюлган талаптарга ылайык экени жана жашоого жарактуулугу жөнүндө;
б) капиталдык оңдоо же кайра пландаштыруу зарылдыгы жана аны жүргүзүү мүмкүндүгү жөнүндө (зарыл болсо техникалык-экономикалык негиздемеси менен);
в) жайдын аны эксплуатациялоонун талаптарына ылайыксыздыгы жана жашоого жараксыздыгы жөнүндө;
г) жайды эски, авариялык абалда жана бузуу керек деп эсептөө жөнүндө.
22. Чечим комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана корутунду түрүндө таризделет. Комиссия мүчөсү кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда ал өзүнүн оюн жазуу жүзүндө билдирүүгө жана аны корутундуга тиркөөгө укуктуу.
Комиссиянын корутундусу ыйгарым укуктуу органга жана арыз ээсине 10 иш күндүн ичинде жиберилет.
23. Тийиштүү ыйгарым укуктуу орган комиссиянын корутундусунун негизинде бир айдын ичинде имаратты, курулманы андан аркы пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алат.
24. Комиссия ушул Жобонун 21-пунктунун "б" пунктчасында каралган корутундуну кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу органдын чечими менен имаратты, курулманы капиталдык оңдоо же кайра пландаштыруу үчүн мөөнөт аныкталууга тийиш. Чечим 10 иш күндүн ичинде менчик ээсине, пайдалануучуга аткаруу үчүн жиберилет.
25. Комиссия ушул Жобонун 21-пунктунун "в" же "г" пунктчаларында каралган корутундуну кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу орган эски, авариялык абалдагы, жашоого жараксыз имараттарды жана курулмаларды бузуу жөнүндө чечим чыгарат.
III-I. Капиталдык курулуштун социалдык объекттерин эски, авариялык, эксплуатациялоо үчүн жараксыз жана бузулууга тийиш деп таануунун тартиби
(Бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
251. Бул бөлүм тиешелүү министрликтин, ведомствонун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча социалдык объекттерди куруу менен аймактарды комплекстүү өнүктүрүү жөнүндө чечимди кабыл алуу максатында маданият, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин (мындан ары - капиталдык курулуш объекттери) авариялык жана бузулууга тийиш деп таануунун тартибин белгилейт.
Бул бөлүмдүн колдонулушу тарыхый-маданий мурастардын объекттерине жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
252. Эгерде капиталдык курулуш объектинин жана (же) мындай капиталдык курулуш объекти жайгашкан аймактын иш жүзүндөгү абалын баалоонун жыйынтыгы боюнча ушул бөлүмдө белгиленген капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиз болуп саналган белгилер аныкталса, капиталдык курулуш объекти авариялык жана бузулууга тийиш деп таанылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
253. Социалдык объекттерди куруу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу министрлик, ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы курулуш жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин иш жүзүндөгү абалы бааланууга тийиш болгон капиталдык курулуш объекттеринин тизмесин (мындан ары - Тизме) түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
254. Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо капиталдык курулуштун социалдык объекттерин баалоо жана авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокко жооптуу орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы;
шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси;
архитектура-курулуш контролунун региондук башкармалыгынын жетекчиси;
Тизмеге киргизилген социалдык мекеменин жетекчиси.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
255. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу.
Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо тиешелүү министрликке, ведомствого же жергиликтүү өз өз алдынча башкаруу органына жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
256. Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоонун предмети болуп ушул бөлүмдө белгиленген аны авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиз болгон белгилерди аныктоо саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
257. Капиталдык курулуштун социалдык объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиз болуп капиталдык курулуш объектинин ишенимдүү иштешине жана жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген төмөнкүдөй бир же бир нече белгилердин болушу саналат:
а) имараттын ишенимдүүлүгүнүн, курулуш конструкцияларынын жана негиздеринин бекемдигинин жана туруктуулугунун жол берилбеген деңгээлге чейин төмөндөшүнө алып келүүчү, эксплуатациялоо процессинде физикалык иштен чыгышына байланыштуу жалпы капиталдык курулуш объектинин же анын айрым бөлүктөрүнүн эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн начарланышы;
б) жарылуулардын, авариялардын, өрттөрдүн, жер титирөөлөрдүн, кооптуу геологиялык процесстердин кесепетинен зыян алуу, эгерде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү техникалык жактан мүмкүн болбосо же экономикалык жактан максатка ылайыктуу эмес болсо жана мындай объекттин жана анын курулуш конструкцияларынын техникалык абалы адамдардын жүрүүсү жана инженердик жабдуулардын сакталышы үчүн коркунучтуу болгон көтөрүүчү жөндөмдүүлүгүнүн жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн төмөндөшү менен мүнөздөлсө;
в) капиталдык курулуш объектинин жер көчкүлөрдүн, селдердин, кар көчкүлөрдүн кооптуу аймактарында, ошондой эле жыл сайын сел каптаган аймактарда жайгашуусу, эгерде капиталдык курулуш объектинин бузулушун алдын алуу долбоордук чечимдердин жана инженердик иш-чаралардын жардамы менен алдын алуу мүмкүн болбосо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
258. Тизмеге киргизилген капиталдык курулуштун социалдык объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоонун жол-жобосу жана эгерде капиталдык курулуштун социалдык объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз бар болгон учурда:
а) адистештирилген уюмдардын - комиссиянын мүчөлөрүнүн корутундусун, ошондой эле мындай корутундуну даярдоо үчүн пайдаланылган адистештирилген уюмдар жүргүзгөн инструменттик изилдөөлөрдүн материалдарын жана натыйжаларын ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралышы жана Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо.
Адистештирилген уюм - бул инженердик издөөлөрдү аткарган жана имараттардын жана курулмалардын негиздеринин, алардын курулуш конструкцияларынын кыртышынын абалын изилдөө боюнча иштерди жүргүзүүгө укуктуу юридикалык жак;
б) Тизмеге киргизилген капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо жөнүндө ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун 3-тиркемеге ылайык формада түзүү;
в) сейсмологиялык корутунду;
г) капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу.
Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин натыйжалары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиздин болуусу жөнүндө;
б) капиталдык курулуш объекти авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиздин жоктугу жөнүндө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
259. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими жыйналыштын протоколун тариздөө жана ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына кол койдуруу менен анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгондо ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө жана аны көрсөтүлгөн корутундуга тиркөөгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
2510. Ведомстволор аралык комиссия капиталдык курулуш объектин бузулууга тийиш деп таануу үчүн негиздин болуусу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, тиешелүү министрлик, ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 5 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине аймактык бирдиктин демографиялык, географиялык, социалдык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаңы имаратты долбоорлоого жана курууга сунуш жиберет, мында жаңы мекемени куруу каралат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
2511. Долбоорлоого жана курууга сунуш жиберген министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каралуучу аймактык бирдиктин демографиялык, географиялык, социалдык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эсептөөнүн аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Эски, авариялык абалдагы, жашоого жашоого жана эксплуатациялоого жараксыз имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби
26. Ыйгарым укуктуу орган эски, авариялык абалдагы, жашоого жараксыз имараттарды жана курулмаларды бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен имаратты, курулманы бузууга байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү боюнча органды (мындан ары - орган), каржылоо булактарын, пландаштырылган бузуу мөөнөтүн аныктайт.
27. Орган бузуу мөөнөтүнө чейин 2 ай мурдатан имараттын, курулманын, жайдын, жер участогунун ээсине баалоо жүргүзүлгөнү, имарат жана курулма (мындан ары - кыймылсыз мүлк) жакында бузулаары жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
28. Орган көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен кыймылсыз мүлккө баалоону жүргүзөт.
29. Кыймылсыз мүлктү баалоо менчик ээси менен макулдашылат.
30. Бузуу жөнүндө маселени чечүүдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан менчик ээсине бузулчу кыймылсыз мүлк үчүн төмөнкүдөй түрдө компенсация төлөнөт:
- муниципалдык фонддон же экинчи рыноктон сатып алынган ошондой баадагы имаратты, курулманы, жайды берүү;
- акча түрүндө;
- башка жер участогуна менчик же пайдалануу укугун берүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген компенсациянын башка түрлөрү формасында.
31. Ыйгарым укуктуу орган менен кыймылсыз мүлк ээси бир макулдукка келгенде белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктүн бузулганы үчүн компенсациянын түрү жана өлчөмү, аны төлөп берүү тартиби жана шарттары, ошондой эле жер участокко менчик укугун берүүнүн шарттары каралган тийиштүү келишим түзүлөт.
32. Имараттын (курулманын) ээси кыймылсыз мүлктүн сунушталган баасына жана/же компенсациянын шарттарына макул болбогон учурда, ошондой эле эки тарап келишим түзүүдөн баш тарткан учурда кыймылсыз мүлктү бузуу жөнүндөгү маселе токтотулат жана тараптар сотко кайрылууга укуктуу.
33. Кыймылсыз мүлктү бузуу ыйгарым укуктуу орган менен кыймылсыз мүлктүн ээсинин ортосундагы келишимге ылайык (бузуу ыктыярдуу болгондо) компенсациядан кийин же соттун чечиминин негизинде (бузуу мажбурлоо тартибинде болгондо) ишке ашырылат.
34. Имарат, курулма, турак жай эски, авариялык абалда, жашоого жараксыз деп табылышы жана бузуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы менчик ээлерин жана пайдалануучуларды сот чечим чыгарганга чейин же келишим түзүлгөнгө чейин мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык пайдалануу укугунан ажыратпайт.
V. Каржылоо булактары
35. Бузууну уюштуруу жана бузула турган кыймылсыз мүлк үчүн компенсацияны каржылоо булактары болуп тийиштүү жергиликтүү, республикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле бюджеттен сырткаркы каражаттар эсептелет.
VI. Корутунду
36. Кызыкдар тараптардын ортосундагы бул Жобону колдонуу боюнча талаштар жана келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
| Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобого №1 тиркеме |
Турак жайдын такай жашоого жарактуулугу (жараксыздыгын) таануу жөнүндө корутунду
№ ________ 200 ____ жылдын " ____ "
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(имараттын жайгашкан жери, анын ичинде калктуу конуштун
жана көчөнүн аты, үйдүн жана квартиранын номерлери)
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
___________________________________ тарабынан дайындалган комиссия
(ким тарабынан дайындалган, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аталышы, датасы, комиссияны түзүү жөнүндөгү чечимдин күнү, номери)
Курамында: төрага
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери)
жана комиссия мүчөлөрү:

катышууга чакырылган эксперттер: _________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери)
жана имараттын чакырылган менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү: ________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери)
каралган документтердин жыйынтыгы боюнча:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(документтердин тизмеси келтирилет)
жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(текшерүү актысынан алынган корутунду келтирилет (текшерүү
жүргүзүлсө), же комиссиянын чечиминин негизинде текшерүү
жүргүзүлбөгөнү көрсөтүлөт)
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
________________________________________ жөнүндө бүтүм кабыл алды.
(имарат турак жай үчүн коюлган талаптарга ылайыктыгын баалоо жана
анын туруктуу жашоого жарактуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө коми-
ссиянын кабыл алган корутундунун негиздемеси келтирилет)
Корутундуга тиркеме:
а) каралган документтердин тизмеси;
б) турак жайды текшерүү актысы (текшерүү жүргүзүлгөн учурда);
в) комиссия тарабынан сурап алынган башка материалдардын тизмеси;
г) комиссия мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы:
Комиссиянын мүчөлөрү:
| Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобого №2 тиркеме |
Имаратты текшерүү АКТЫСЫ
№ ______ 200 ___ жылдын "____"_______
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(имараттын жайгашкан жери, анын ичинде калктуу конуштун жана
көчөнүн аты, үйдүн жана квартиранын номери)
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
___________________________________ тарабынан дайындалган комиссия
(ким тарабынан дайындалган, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администра-
циясынын аталышы, датасы, комиссияны түзүү жөнүндөгү чечимдин күнү, номери)
Курамында: төрага
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери)
жана комиссия мүчөлөрү:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери)
катышууга чакырылган эксперттер: ____________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери)
жана имараттын чакырылган менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү: ________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери)
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
арызы боюнча имаратка текшерүү жүргүздү
(арыз ээсинин реквизиттери: аты-жөнү, жеке адам үчүн - дареги,
юридикалык жак үчүн - уюмдун аталышы жана ээлеген кызматы)
жана имаратты текшерүүнүн ушул актысын түздү:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(имараттын дареги, таандыктыгы, кадастрлык номери, эксплуатацияга
берилген жылы)
Турак жайдын, имараттын инженердик системаларынын, жабдууларынын, механизмдеринин жана имаратка жанаша жайгашкан аймактын абалына кыскача сүрөттөмө:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Белгиленген талаптарга ылайык эместиги жөнүндө маалыматтар, көрсөткүчтүн фактылык маанилерин көрсөтүү же конкреттүү ылайык эместикти көрсөтүү менен:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Жүргүзүлгөн инструменттик контролдун жана контроль менен изилдөөнүн башка түрлөрүнүн жыйынтыктарына баалоо:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(контроль (сыноо) ким тарабынан, кандай көрсөткүчтөр боюнча
жүргүзүлдү, кандай фактылык маанилер алынды)
Комиссиянын рекомендациялары жана коопсуздукту камсыздоо же туруктуу жашоо үчүн нормалдуу шарттарды түзүү үчүн сунушталган чаралар:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Комиссиянын имаратты текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундусу:
Актыга тиркеме:
а) инструменттик контролдун жыйынтыктары;
б) лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары;
в) изилдөөлөрдүн жыйынтыктары;
г) адистештирилген долбоорлоочу-изилдөөчү уюмдардын эксперттеринин корутундулары;
д) комиссиянын чечими боюнча башка материалдар.
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы:
Комиссиянын мүчөлөрү:
| “Кыргыз Республикасынын калктуу Конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобого № 3 тиркеме |
Капиталдык курулуш объектинин иш жүзүндөгү абалын баалоо жөнүндө ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
______________________________________________________________ (дареги, кадастрдык номери, эксплуатацияга берилген жылы)
Ведомстволор аралык комиссия _________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________түзүлгөн (ким, тарабынан, датасы, комиссия түзүү жөнүндө чечимдин номери) _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ курамында төрага_______________________________________________________________________________________ (Ф.А.А., ээлеген кызмат жана иштеген жери) _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ жана комиссиянын мүчөлөрү: ____________________________________________________________________________________________ (Ф.А.А., ээлеген кызмат орду жана иштеген жери) ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ адистештирилген уюм (чакыруу боюнча) __________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ (адистештирилген уюмдун аталышы) ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ошондой эле мындай корутундуну даярдоо үчүн пайдаланылган адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлгөн иструменттик изилдөөлөрдүн материалдары жана натыйжалары жана____________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________жөнүндө чечим кабыл алды ____________________________________________________________________________________________________________ (ведомстволор аралык комиссия кабыл алган ____________________________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ капиталдык курулуш объектин авариялык жана бузулууга тийиш деп таануу үчүн негизди аныктоо жөнүндө чечим ____________________________________________________________________________________________________________ Же мындай негиздин жоктугу жөнүндө чечим негизделет) Тиркеме:
а) адистештирилген уюмдун корутундусу; б) адистештирилген уюмдун корутундусун даярдоо үчүн пайдаланган адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлгөн инструментик изилдөөлөрдүн материалдара жана натыйжалары; в) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө.
|
|