Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 токтомуна) |
Креативдүү индустриялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Креативдүү индустриялар паркынын (мындан ары - КИП) резиденттери катары юридикалык жана жеке жактарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрүн, каттоо жана ишин токтотуу тартибин аныктайт.
2. КИП резиденти катары катталуу үчүн кайрылуу
2. КИП резиденти катары катталуу үчүн юридикалык же жеке жактар (мындан ары - арыз ээси) КИП Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) бекиткен форма боюнча КИП дирекциясына электрондук арыз берет.
3. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн - жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюмдаштыруу документтеринин жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
2) жеке жактар үчүн - көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын көрсөтүү менен жеке жактын жеке ишкер катары катталгандыгын тастыктаган документтердин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) арыз ээсинин иши "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин талаптарына шайкештигин тастыктаган документтер.
Арыз ээсинин ишинин "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин талаптарына шайкештигин ырастаган документтер болуп уюмдаштыруу документтери (бар болсо), акыркы 6 айдын ичинде арыз ээси тарабынан түзүлгөн жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдер (бар болсо), түшкөн акчанын келип чыгышын ырастоо үчүн зарыл болгон бухгалтердик эсеп документтери саналат.
Эгерде арыз ээси жаңы түзүлгөн компаниянын атынан чыкса же жакында жеке ишкер катары катталган болсо, мындай арыз ээси компаниянын иши "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин талаптарына шайкештигин ырастаган бизнес-планды берет.
4. Зарыл болгон учурда КИП дирекциясы түшкөн акчанын келип чыгышын тастыктоо үчүн башка документтерди талап кыла алат.
5. Юридикалык жактын уюштуруу документтеринде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген КИП ишинин түрлөрү көрсөтүлүүгө тийиш.
3. КИП резиденти катары каттоо (каттоодон баш тартуу) жөнүндө чечим
6. КИП резиденти катары каттоо үчүн КИП дирекциясына тапшырылган документтер тизме боюнча кабыл алынат, анын көчүрмөсү документтерди кабыл алган күнү жөнүндө белги менен арыз ээсине тапшырылат.
Документтерди кабыл алууда арыз ээсине "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин талаптары түшүндүрүлөт КИП резиденти аларга шайкеш келүүгө тийиш.
7. Берилген документтерди карап чыгуу жана аларды Байкоочу кеңешке берүү КИП дирекциясы тарабынан мындай документтер арыз ээси тарабынан берилген күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
8. Арыз ээсин КИП резиденти катары каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) ушул Жободо аныкталган документтерди толук тапшырбоо же талаптагыдай эмес тариздөө;
2) берилген документтердин "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Тартиптин талаптарына шайкеш эместиги.
9. Каттоо (каттоодон баш тартуу) жөнүндө чечим КИП дирекциясынын сунуштамасы алынган учурдан тартып 15 иш күндүн ичинде Байкоочу кеңеш тарабынан кабыл алынат.
10. Байкоочу кеңеш каттоо жөнүндө чечим кабыл алган учурдан тартып үч күндүн ичинде КИП дирекциясы арыз ээси менен КИП резидентинин ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим (мындан ары - келишим) түзөт, анда КИП резидентинин, КИП дирекциясынын укуктары жана милдеттери, тараптардын макулдашуусу боюнча башка жоболор белгиленет, арыз ээсин резиденттердин реестрине киргизет жана КИП резиденттерин каттоо жөнүндө күбөлүк берет же каттоодон баш тартууну арыз ээсине жөнөтөт.
11. Юридикалык же жеке жакты КИП резиденти катары каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим баш тартуунун аргументтелген себептерин көрсөтүүнү камтууга тийиш. Баш тартуу жөнүндө чечим бейтарап сотко даттанылышы мүмкүн.
12. КИП резиденттерин каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы КИП дирекциясынын сунушу боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет.
13. КИП резиденттеринин реестри КИП дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт жана КИП расмий интернет-ресурсуна жайгаштырылат. КИП резиденттеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет.
14. Арыз ээсин КИП резиденти катары каттоо жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып беш иш күндүн ичинде КИП дирекциясы КИП резидентинин салыктык катталган жери боюнча салык органына маалымат берет.
4. КИП резиденттеринин ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим
15. Келишимдин типтүү формасы Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет.
16. Келишимде КИП резиденти катталган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин, дирекция КИП резидентинин ишинин "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин талаптарына шайкештиги жөнүндө корутунду даярдай тургандыгы жөнүндө жобо камтылышы керек.
КИП резидентинин ишинин ушул талаптарга шайкеш эместиги келишимди бузууга негиз болуп саналат.
5. КИП резиденти статусунун токтотулушу
17. КИП резиденти статусу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) КИП резидентинин арызынын негизинде;
2) КИП резиденти статусунан ажыраган учурда;
3) КИП резиденти жоюлган (иши токтотулган) учурда.
18. "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган талаптар же келишимдин шарттары бузулган учурда КИП резиденти КИП резиденти статусунан ажырайт.
19. КИП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечим КИП дирекциясынын сунушу боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан кабыл алынат.
20. Байкоочу кеңеш КИП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде КИП дирекциясы кабыл алынган чечимдин негиздерин көрсөтүү менен келишимди бузууну демилгелейт, КИП резиденттеринин реестрине тиешелүү жазуу киргизет жана КИП резиденти катталган жери боюнча салык органдарына кабар берет.
21. КИП резиденти статусунан ажыратылган учурда юридикалык же жеке жак беш иш күндүн ичинде КИП резидентинин күбөлүгүн КИП Дирекциясына кайтарып берүүгө милдеттүү.
6. КИП резиденттеринин укуктары жана милдеттери
22. КИП резиденти төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) КИП ишинин түрлөрүнө ылайык ишин жүзөгө ашырууга;
2) КИП резиденти катары каттоодон өткөндөн кийин беш иш күндүн ичинде салык органында салыктык эсепке алуу каттоосунан өтүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктык отчётторду өз убагында берүүгө жана салыктарды төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттенмелерди аткарууга;
4) КИП дирекциясынын суроо-талабы боюнча статистика органдарына берилүүчү өз иши жөнүндө статистикалык отчёттун көчүрмөлөрүн берүүгө;
5) жыл сайын, ошондой эле КИП дирекциясынын суроо-талабы боюнча каалаган убакта ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган документтерди берүүгө;
6) эгерде акыркы 12 ай ичинде түшкөн акчанын көлөмү 8000000 (сегиз миллион) сомдон ашса милдеттүү аудитти жүргүзүүгө жана жылдык бухгалтердик (финансылык) отчёттун аныктыгы жөнүндө аудитордук корутундуну КИП дирекциясына берүүгө;
7) КИП ишинин түрлөрүн жүзөгө ашыруунун натыйжасында өткөн квартал үчүн алынган пайданын, КИП дирекциясынын ишин каржылоо үчүн башка кирешелердин жана түшүүлөрдүн бир пайызын квартал сайын чегерүүгө.