ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 344 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84»Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция10.07.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-июлу № 344

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жободо:

- 6-пункттун 52-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"52) төмөнкү кызматтарды көрсөтүү:

- аскердик санаторийде санатордук-курорттук дарылоо;

- авиациялык атайын иштерди аткаруу боюнча;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 58 (3507) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров