Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-июлу № 336
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аймактарды Жарандык коргонуу боюнча топторго, ал эми уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча иштерди тартипке келтирүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 4-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибинде:
- 6, 7, 8-пункттардагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын сунуштарын жалпылайт жана аймактарды Жарандык коргонуу боюнча топторго, уюмдарды - категорияларга киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 18-июлундагы № 57 (3506) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |