Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомуна) |
Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) транспорт каражаттарынын конструкцияларынын Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү техникалык регламентте белгиленген талаптарга шайкештигине транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибин белгилейт.
2. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган диагностикалык борборлор (мындан ары - диагностикалык борборлор) тарабынан ISO/IEC 17020 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүчү диагностикалык борборлор төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:
- Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (мындан ары - ББ ТР 018/2011) талаптарына транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон атайын техникалык каражаттар жана жабдуулар, өлчөө каражаттары менен толук көлөмдө;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн фотофиксациясынын атайын техникалык каражаттары менен жабдылган;
- "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы менен интеграцияланган техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына техникалык кароону өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды онлайн режиминде киргизүү үчүн техникалык каражаттар менен.
4. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүчү адистер, ошондой эле аны өткөрүүгө жооптуу адамдар компетенттүү болууга, төмөнкүлөр боюнча тиешелүү квалификацияга, даярдыкка, иш тажрыйбасына жана билимге ээ болууга тийиш:
- аны колдонуу үчүн зарыл болгон ББ ТР 018/2011 талаптары жана стандарттары;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана аларды өндүрүү технологиясы;
- транспорт каражаттарын пайдалануу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай дефекттерди аныктоо жана эмгек келишиминин негизинде бир аккредитацияланган диагностикалык борбордо транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгү.
5. Диагностикалык борборлор жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагында, техникалык кароо пунктунда таанышуу үчүн ыңгайлуу жерде техникалык кароо пунктунун иштөө режими, техникалык кароо өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты, ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жөнүндө маалыматты жайгаштырууну камсыз кылат.
2. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби
6. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн юридикалык жана жеке жактар, транспорт каражаттарынын ээлери (мындан ары - эксплуатант):
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн диагностикалык борборду тандоого укугу бар;
- аккредитациялоо тармагы транспорт каражатынын билдирилген категориясын техникалык кароо боюнча иштерди жүргүзүүнү караган диагностикалык борборго ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык өтүнмө берет (кагаз түрүндө же электрондук санариптик кол коюлган электрондук түрдө);
- транспорт каражатын кароо үчүн берет;
- эксплуатанттын ким экендигин ырастоочу документти, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктү (юридикалык жактар үчүн), транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтөт;
- диагностикалык борбордун бааларынын прейскурантына ылайык транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча иштердин наркын төлөйт.
7. Автомобилдердин шассисинде атайын транспорт каражаттары (автокрандар, гидрокөтөргүчтөр жана механизмдердин башка түрлөрү), ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттары балансында турган эксплуатант техникалык кароону өткөрүүнүн алдында атайын транспорт каражаттарын көтөргүч жана башка түзүлүштөрдүн коопсуздугу жагынан өнөр жай коопсуздугуна мамлекеттик контроль жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдан автомобилдердин шассисинде орнотулган механизмдерди андан ары эксплуатациялоого жарактуулугу жөнүндө маалымкат алуу менен текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.
8. Техникалык кароо жүргүзүүдө диагностикалык борбор төмөнкүлөрдү аткарат:
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө өтүнмөнү кабыл алат, аны каттайт жана эксплуатантка транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө маалымдайт, ага транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча иштерге белгиленген тартипте бекитилген баалардын прейскурантын берет жана транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүү келишимине (макулдашууга) кол коёт;
- шассинин жана кузовдун заводдук номерлеринин шайкештигин, автомобилдин түсүнүн транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүндөгү маалыматтарга дал келишин текшерет. Каттоо маалыматтарында айырмачылыктар, шассинин (раманын) же кузовдун заводдук номерлеринин, транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү жазуулардын жасалмалангандыгы аныкталганда диагностикалык борбор жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт жана техникалык кароодон өткөрүүдөн баш тартат;
- атайын каражаттарда жарык жана үн сигнализациясынын жайгашуусун текшерет;
- транспорт каражатынын тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга шайкештигин текшерет;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жол-жобосунун фотофиксациясын жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө (оң да, терс да) маалыматтарды техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына онлайн режиминде киргизет;
- транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасына киргизүү жолу менен транспорт каражаттарын техникалык кароонун ар бир жол-жобосун документтештирет.
9. Транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- юридикалык жактын аты-жөнүн же аталышын, тибин, моделин, чыгарылган жылын, каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясын жана номерин, транспорт каражатынын кузовунун номерин көрсөтүү менен эксплуатант жөнүндө маалыматтарды;
- транспорт каражатынын иш жүзүндөгү параметрлери менен тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга транспорт каражатынын параметрлеринин шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө маалыматтарды;
- транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө корутундуну;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөргөн эксперттин аты-жөнүн, датасын, колун жана мөөрүн камтыган маалыматтарды.
Диагностикалык карта жазуу жүзүндө эки нускада жана электрондук документ түрүндө таризделет. Жазуу жүзүндө түзүлгөн диагностикалык картанын бир нускасы эксплуатантка берилет, экинчиси диагностикалык борбордо ал берилген учурдан тартып үч жыл сакталат. Электрондук документ түрүндө түзүлгөн диагностикалык карта техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына жиберилет жана диагностикалык борбордо ал берилген учурдан тартып беш жыл сакталат.
10. Чиркегичтердин жана жарым чиркегичтердин техникалык абалы автопоезддин курамында да, ажыратылган абалда да текшерилет (сүйрөөчү-чиркөөчү түзүлүштүн оң экендигин контролдоо үчүн).
11. Бир транспорт каражатын техникалык кароонун узактыгы категориясына жараша он беш мүнөттөн алтымыш мүнөткө чейин болууга тийиш.
12. Диагностикалык картада чагылдырылган транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн оң натыйжалары болгондо, транспорт каражатынын эксплуатантына эксперттин колу жана диагностикалык борбордун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө талон берилет, анын графалары мамлекеттик же расмий тилдерде кол менен же машинкада жазуу ыкмасы менен толтурулат.
Талондордун бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат, жеке катар номерге ээ жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан аккредитацияланган диагностикалык борборлорго берилет. Диагностикалык борборлор квартал сайын аккредитациялоо боюнча улуттук органга берилген жана бузулган талондор жөнүндө отчет берип турушу керек.
13. Талаптардын жок дегенде бирине жооп бербеген транспорт каражаттары техникалык кароодон өткөн эмес деп эсептелет.
Диагностикалык борбор тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга шайкеш келбегендигин көрсөтүү менен транспорт каражатын эксплуатантка кайтарып берет.
14. Техникалык кароодон өткөн күндөн тартып 14 календардык күндөн кечиктирбестен, табылган бузуулар четтетилгенден кийин транспорт каражатынын эксплуатанты аны техникалык кароону кайталап өткөрүү үчүн берет.
15. Транспорт каражатын кайрадан техникалык кароо биринчи техникалык кароо жүргүзүлгөн диагностикалык борбордо жүргүзүлөт.
16. Диагностикалык борбордо транспорт каражатын кайталап техникалык кароо белгиленген талаптарга шайкеш келбеген жана техникалык кароонун диагностикалык картасында көрсөтүлгөн позициялар боюнча гана жүргүзүлөт.
Бул учурда диагностикалык борбор тарабынан кайрадан текшерилген позицияларды текшерүү үчүн акы алынат.
17. Диагностикалык борбор техникалык кароонун натыйжаларын (оң же терс) техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттары жөнүндө төмөнкү маалыматтарды онлайн режиминде киргизет:
- транспорт каражатынын маркасы;
- мамлекеттик номери;
- кузовунун жана шассинин номери;
- чыгарылган жылы;
- техникалык кароодон өткөн датасы;
- эксплуатант жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактын аты-жөнү же аталышы);
- техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун бланкынын типографиялык номери;
- өткөрүлгөн техникалык кароо жөнүндө корутунду (оң же терс).
Техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына техникалык кароодон өтүп жаткан транспорт каражатынын сүрөтү, ошондой эле техникалык кароону өткөргөн эксперттин сүрөтү жүктөлүшү керек (бою толугу менен, камерага бети менен жана сөзсүз түрдө автомобилдин жанында түшкөн). Сүрөттөрдө машинанын маркасы жана мамлекеттик каттоо белгиси, ошондой эле анын түсү жакшы окулуп, анын алдынкы бөлүгү жана капталдарынын бири көрүнүп турушу керек.
Мындан тышкары сүрөттөр диагностикалык борбордун ичинде (жылып жүрүүчү диагностикалык линиядан тышкары), датасы, убактысы менен коштолушу керек жана сүрөттө тормоз системаларын текшерүү үчүн ролик стендинин сүрөтү болушу керек.
Ошондой эле сүрөттөрдө эч кандай фотоэффекттер болбошу керек, ал эми сүрөтү бар файлдар редакцияланбайт.
Фотофиксациянын материалдары катталган күндөн тартып техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтар базасынын серверинде 3 жыл сакталат.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы менен интеграцияланган бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
18. Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө талон жоголгондо транспорт каражатынын эксплуатанты техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна талондун дубликатын берүү жөнүндө арыз менен диагностикалык борборго кайрылат.
Диагностикалык борбор техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча арыз ээсинин транспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгүн ырастагандан кийин эксплуатант арыз берген учурдан тартып 1 күндүн ичинде транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрбөстөн техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө талондун дубликатын берет.
Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө талондун дубликаты техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасында көрсөтүлгөн техникалык кароодон өтүүнүн иш жүзүндөгү датасын көрсөтүү менен берилет.
Эксплуатант техникалык кароонун диагностикалык борборуна техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө талондун дубликатын бергендиги үчүн бланк продукциясынын наркынын өлчөмүндө акы төлөйт.
19. Диагностикалык борбордо даттанууларды жана апелляцияларды кабыл алуу, баалоо жана чечим кабыл алуу боюнча документтештирилген процесс болушу керек.
Транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүүдө диагностикалык борбор менен пикир келишпестиктер пайда болгон учурда эксплуатант диагностикалык борбордун Даттануулар жана апелляциялар боюнча комиссиясына же аны аккредитациялаган аккредитациялоо боюнча органга арыз менен кайрылат.
Даттануулар жана апелляциялар боюнча комиссия диагностикалык борбор тарабынан түзүлөт, анын курамына аккредитациялоо боюнча органдын, ББ ТР 018/2011 талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү, транспорттук уюмдардын ассоциациялары, автоишканалардын компетенттүү адистери кирет.
Даттануулар жана апелляциялар боюнча комиссия эксплуатанттан келип түшкөн арызды беш жумуш күндүн ичинде карайт жана чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө ага билдирет.
Даттануулар жана апелляциялар боюнча комиссия төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
- даттанууну же апелляцияны негизсиз деп таануу жана тиешелүү түрдө аны четке кагуу жөнүндө;
- даттанууну же даттанууну негиздүү деп таануу жөнүндө.
Даттануу же апелляция негиздүү деп таанылган учурда диагностикалык борбор ушул Тартипке ылайык транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүшү керек.
Эксплуатант Даттануулар жана апелляциялар боюнча комиссиянын чечимине же диагностикалык борбордун аракеттерине сот тартибинде даттана алат.
20. Диагностикалык борбор техникалык кароону өткөрүүдө өзүнүн функцияларын талаптагыдай аткарбагандыгы, техникалык регламенттердин талаптарын сактабагандыгы жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 183-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибине 1-тиркеме |
_________________________________________________________________________ диагностикалык борбордун аталышы, дареги Транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүүгө ӨТҮНМӨ 1. ________________________________________________________________________________ ТК эксплуатантынын аталышы, ИСНи же жеке ишкердин __________________________________________________________________________________ документинин каттоо номери, мамлекеттик каттоо жөнүндө __________________________________________________________________________________ күбөлүктүн номери, аты-жөнү юридикалык дареги ________________________________________________________________ телефон _________________________________ e-mail __________________________________ 2. Төмөнкү транспорт каражатын техникалык кароодон (мындан ары - ТК) өткөрүүнү суранам: _________________________________________________________________________ (машинанын аталышы, маркасы) _________________________________________________________________________________ Мамлекеттик каттоо белгиси: коду ____________________ сериясы ____________________ номери _____________________ Чыгарылган жылы _________________________________________________________________ Заводдун номери, идентификациялык номери (VIN же PIN); кыймылдаткычтын номери __________________________________________________________ 3. Менчик укугун тастыктаган документтер _____________________________________________ _________________________________________________________________________________ 4. Машинаны ТКдан өткөрүүгө ишеним берилет (зарыл болсо): ________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, кызматы, инсандыгын ырастоочу документинин _________________________________________________________________________________ аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген)
_________________________________________________________________________________ М.О.
6. Машинаны ТКдан өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр алынды:
Мөөр 20__-ж. "___" ______________ |
| |||||||||||||||||||||||||||||||
|
| Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибине 2-тиркеме |
Транспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө талондун СҮРӨТТӨЛҮШҮ ЖАНА ҮЛГҮСҮ
Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун бланкы (мындан ары - бланк) 73 мм х 105 мм өлчөмдөгү тик бурчтуу формага ээ жана 250 г/м2 тыгыздыктагы, төрт боёктуу мөөр басылган тогнир торчосу түрүндөгү көрүнүктүү коргоо элементи менен боз түстөгү кагаздан жасалат.
Бланктын алдыңкы бетин сүрөттөө.
Бланктын жогорку бөлүгүнө майда шрифт менен мамлекеттик жана расмий тилдерде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жайгаштырылат.
Бул жазуудан ылдый бланктын ортоңку бөлүгүнө диаметри 13 мм болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнө жарыш, оң жак бурчунда бланкка "KGZ" аббревиатурасынын сүрөтү менен үчтөн кем эмес коргоо даражасы бар голографиялык марка чапталат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин жана голографиялык марканын сүрөтүнөн ылдый типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде бланктын аталышы жана жети цифрадан турган анын катар номери жайгаштырылат:
"Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талон /№ 000000/ Талон о прохождении технического осмотра".
Бланктын аталышынан ылдый типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:
"Ээси (аты-жөнү)/Владелец (ФИО)
Маркасы (үлгүсү)/Марка (модель)
Мамлекеттик номери/Государственный номер
Чыккан жылы/Год выпуска
Аккредитация аттестатынын номери/Номер аттестата аккредитации/№".
Бланктын арткы бетин сүрөттөө.
Бланктын жогорку бөлүгүнө майда шрифт менен мамлекеттик жана расмий тилдерде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жайгаштырылат.
Бул жазуудан ылдый типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:
"Шассинин жана кузовдун номерлери/Номера кузова и шасси
Техникалык кароодон өткөн датасы жана колдонуу мөөнөтү/Дата прохождения технического осмотра и срок действия".
Аталган тексттен ылдый төрт мамычадан жана эки саптан турган таблица жайгаштырылат.
Жогорку саптын мамычасында типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылган:
"Айы/жылы/Месяц/год
Колдонуу мөөнөтү/Срок действия
Мөөр/Печать
Кол тамгасы/Подпись".
Бланктын алдыңкы бети (үлгү)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
Ээси (аты-жөнү) ______________________________________________________________ Владелец Маркасы (үлгүсү) _____________________________________________________________ (Марка (модель)) Мамлекеттик номери _________________________________________________________ Государственный номер Чыккан жылы ________________________________________________________________ Год выпуска Аккредитация аттестатынын номери № _________________________________________ Номер аттестата аккредитации |
Бланктын арткы бети (үлгү)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
Шассинин жана кузовдун номерлери _____________________________________________ Номера кузова и шасси Техникалык кароодон өткөн датасы жана колдонуу мөөнөтү Дата прохождения технического осмотра и срок действия
|