Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 350
Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясын жана Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин 72, 73-пункттарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 58 (3507) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |