Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 359
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында "Сандалаш" участогунун түндүк-чыгышында жайгашкан жалпы аянты 19396 га жерлерди "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Запастагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жалал-Абад облусунда кен казып алуу тармагына инвестицияларды тартуу жана геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 26-апрелиндеги № 32 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 13 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун кен казып алуу тармагына инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында "Сандалаш" участогунун түндүк-чыгышында жайгашкан жалпы аянты 19396 га (анын ичинде: жайыттар - 4796,3 га, суу алдында - 156,6 га, жолдордун алдында - 21,3 га, башка жерлер - 14421,7 га) жерлер "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Запастагы жерлер" категориясына ушул токтомдун тиркемесине ылайык которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди уюштурууну;
4) археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн адис-археологдорду тартууну;
5) жеке жана юридикалык жактарга укук күбөлөндүрүүчү документтерди бергенге чейин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди белгиленген тартипте берүүдө айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 291"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Бешарал мамлекеттик коругунда "Сандалаш" корук участогун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2, 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-июлундагы № 60 (3509) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Запастагы жерлер" категориясына которулуучу участоктун экспликациясы
Участоктун аталышы | Жалпы аянты, га | анын ичинде, га | |||
жайыттар | суунун алдында | башка жерлер | жолдордун алдында | ||
"Сандалаш" участогу | 19396 га | 4796,3 | 156,6 | 14421,7 | 21,3 |
Бардыгы | 19396 га | 4796,3 | 156,6 | 14421,7 | 21,3 |