Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июлу № 365
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасы".
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 60 (3509) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |