Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 365 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасынын уставы
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт, ал мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын (мындан ары - Чек ара кызматы) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - уюштуруучу) саналат.
4. Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча, ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Чек ара кызматы эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координацияны жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргызские военные технологии" при Пограничной службе Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики.
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КАТ" МИ;
- расмий тилде: ГП "КВТ".
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, анын ичинде инвестицияларды тартуу жолу менен чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
8. Ишкананын өзүнүн аталышындагы мамлекеттик жана расмий тилдерде мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачууга укуктуу.
12. Юридикалык дареги: 720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Садыгалиев көчөсү 2.
13. Ишкана аскердик, кош жана атайын багыттагы куралдарды, ок-дарыларды, продукцияларды жана кызматтарды керектөөчүлөр менен иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндөгү иш-чараларды өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) өндүрүлгөн продукцияны сатууну камсыз кылуучу тиешелүү инфраструктураны түзүү, максималдуу пайдага жетишүү;
3) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү;
4) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндөгү субъекттердин ишин тартипке келтирүү;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруучу органынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскердик жана кош багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
6) аскердик жана кош багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашыруу;
7) улуттук коопсуздук менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик заказды аткаруу;
8) курал-жарактарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктү оңдоо боюнча ишти уюштуруу;
9) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана ата мекендик ишканалар менен аскердик-техникалык кызматташуусуна катышуу;
10) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жаатында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
11) аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндөгү субъекттердин ортосунда мамлекеттик ортомчу болуп чыгуу;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган, экономикалык пайда табууга жана Ишкананын ишин өнүктүрүүгө багытталган башка ишти жүзөгө ашыруу;
13) мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан коюлган башка милдеттерди аткаруу.
15. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана ишке ашыруу;
2) белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону жүзөгө ашыруу:
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган милдеттенмелерин ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өзүнчө өтүнмөлөр боюнча чет мамлекеттерге аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү;
- техниканы жана кош багыттагы технологияларды, стратегиялык маанилүү сырьену, атайын техникалык каражаттарды, ошондой эле атайын суюктуктарды, күйүүчү, майлоочу материалдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана аскердик жана кош багыттагы продукциянын материалдарын, анын ичинде өнөр жай багытындагы материалдарды чет мамлекеттерге;
- атайын багыттагы материалдарды жана аларды өндүрүү үчүн атайын жабдууларды;
3) чет өлкөлүк коргонуу жана аскердик-техникалык долбоорлорду ишке ашырууга, аскердик жана атайын багыттагы объекттерди, коргонуу өнөр жай объекттерин, ошондой эле илимий-изилдөө борборлорун курууга (толуктап курууга), өздөштүрүүгө жана пайдаланууну камсыздоого катышуу;
4) аскердик жана кош багыттагы технологияларды түзүү максатында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди уюштурууга катышуу;
5) аскердик жана кош багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата тышкы соода иши чөйрөсүндөгү консультациялык, юридикалык, маалыматтык, агенттик жана башка кызматтарды көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик жана кош багыттагы продукцияларды мамлекеттер аралык жеткирүүлөр жаатында сүйлөшүүлөргө жана эл аралык келишимдерге кол коюуга катышуу;
7) аскердик-техникалык кызматташуу маселелеринде мамлекеттик башкаруучу органдардын, тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин иш-аракеттерин координациялоого катышуу;
8) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында мамлекеттик башкаруучу органга келип түшүүчү курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка аскердик-техникалык мүлктү бажылык тариздөөнү жүзөгө ашыруу;
9) тышкы соода ишин жүргүзүүдө аскердик жана кош багыттагы продукцияларга карата ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу;
10) аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча ишканаларды түзүүдө мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерге техникалык көмөк көрсөтүү;
11) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча чет мамлекеттердин катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
12) аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ойлоп чыгарууга укуктарды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн сатуу (сатып алуу);
13) мамлекеттик башкаруучу органды жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүн аскердик жана аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдыктар менен камсыздоо үчүн мамлекеттик ички жана импорттук сатып алууларды жүзөгө ашыруу;
14) аскердик, кош жана атайын багыттагы ата мекендик продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокко илгерилетүү максатында жарнамалык жана маркетингдик ишти жүзөгө ашыруу;
15) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө аскердик жана кош багыттагы ата мекендик продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмөлөрүн, окууларды, окуу-күжүрмөн атууларды жана сыноолорду уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
16) мамлекеттик башкаруучу органдын жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн курал-жарактарынын, аскердик техникасынын, ок-дарыларынын жана башка аскердик-техникалык мүлкүнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
17) аскердик жана кош багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашырууда, ошондой эле мамлекеттик башкаруучу органды жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүн камсыздоо үчүн аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдыктар жаатында мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик ортомчу болуп чыгуу;
18) аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ушул чөйрөдөгү мыйзамдарына ылайык аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө башка ишти жүзөгө ашыруу.
Иштин түрлөрү боюнча лицензия же тиешелүү уруксат талап кылынса, Ишкана өзүнүн ишин лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензиялардын же уруксаттардын негизинде жүргүзөт.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерде (аскердик жана кош багыттагы продукцияларды өткөрүп берүүгө (экспорттоого) уруксат берилген) заказчыларды издөөгө, чет өлкөлүк заказчылар жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) жарнамалык жана маркетингдик ишти уюштурууга жана өткөрүүгө, көргөзмөлөргө (көрсөтүүлөргө) катышууга, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экспорттоого уруксат берилген курал-жарактардын жана аскердик техниканын үлгүлөрүнүн тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу, ошондой эле аларды түзүү (модернизациялоо) боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин негизги жоболору жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен алдын ала макулдашылган көлөмдө чет өлкөлүк заказчыларга маалымат берүүгө;
3) белгиленген тартипте жана мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө чет өлкөлүк заказчылар менен контракттарды түзүүгө;
4) аскердик-техникалык кызматташуу жана аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырууга;
5) түзүлгөн контракттардын жана келишимдердин негизинде аскердик жана кош багыттагы продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр менен белгиленген тартипте экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашырууга;
6) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин аймагында сервистик борборлорду уюштурууга;
7) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды сапаттуу тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн квалификациялуу адистер жана кадрлар менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөдө адистерди даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзүүгө;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча жарандык мыйзамдарга ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
9) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адистерди окутууну уюштурууга көмөк көрсөтүүгө;
10) аскердик жана кош багыттагы сатылуучу продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө наркты, ошондой эле аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ойлоп чыгарууга болгон укуктарга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө бааны өз алдынча аныктоого;
11) аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, ассортиментти кеңейтүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;
12) Уюштуруучунун макулдугу менен өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
13) аскердик жана кош багыттагы атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларын инвестициялоону жүзөгө ашырууга;
14) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашырууга;
15) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга жана сатып алууга конкурстук тооруктарды (аукциондорду) өз алдынча жарыялоого;
16) аскердик жана кош багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого тиешелүү жеткирүүлөргө тийиштүү бөлүгүндө аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана мамлекеттик башкаруучу органга киргизүүгө;
17) Уюштуруучунун тапшырмасы боюнча аскердик жана кош багыттагы продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр менен экспорттук-импорттук операциялар боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарууга;
18) зарыл учурда Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
19) консультациялык, юридикалык, маалыматтык, агенттик жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
20) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке адамдарды ишке тартууга;
22) зарыл учурда Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышууга жиберүүгө;
23) өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
24) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Уюштуруучу менен макулдашуу боюнча чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
25) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырууга;
26) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыздоо үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17. Ишкана өзүнүн максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өздүк каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткара турган жумуштарды каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана көлөмдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишкананын иши токтотулгандан кийин да кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасир эткен маалыматтарды мамлекеттик сырларды жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
19. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
3) Ишкананы кайра түзүү же жоюу боюнча сунуштарды Уюштуруучуга киргизүү;
4) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) Ишкананын жылдык, бюджетинин долбоорун макулдашуу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашууга андан ары жиберүү үчүн Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
7) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
8) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
9) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен, андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
10) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
20. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага кураторлук кылган иштин чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;
4) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын иши менен байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан жасалган ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
22. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
23. Ишкананын директору улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан сунушталган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
24. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруучу органдын жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
25. Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишин баалоодо канааттандырарлык эмес деген баа алганда жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыктары жөнүндө отчетун кароонун натыйжасы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
26. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана мамлекеттик башкаруучу органдын ведомстволук актыларынын аткарылышын камсыз кылуу;
6) мамлекеттик башкаруучу орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруучулук-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
27. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставга жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ар кандай чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
6) Ишкананын иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
29. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
31. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик башкаруучу органдын макулдугу менен, Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
33. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
34. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын директорунун орун басарына же кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтерин Ишкананын директору кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, директорго түздөн-түз баш иет.
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
6. Ишкананын жетекчилик курамы
38. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) директор, директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
39. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
40. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетекчилик курамына кире алышпайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик ишти жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
7. Эсеп, пландоо жана отчеттуулук
41. Ишкана финансылык-чарбалык ишин өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
42. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарынын түшүндүрмөсүн;
2) тармактын жана рыноктун сыпатталышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктерди талдоону.
43. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
44. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген, келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди чарбалык өз ара мамилелердин каалаган башка шарттарын аныктоодо эркин.
45. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (Ишкананын уюштуруучулук түзүмүндө ички аудит кызматы бар болсо);
2) мамлекеттик башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
47. Ишкананын директору жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
48. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
49. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, маалыматты толук эмес берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
50. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы
51. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу саналат.
52. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлөт.
53. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитип берилген мүлк;
2) ага бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
54. Өздүк финансылык-чарбалык ишинин кирешелеринин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан жаңыдан түзүлгөн, алынган жана сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижаралоо) укуктарын жүзөгө ашырат.
55. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жүнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
56. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризациялоо жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
57. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданы Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашырууга толугу менен жумшайт.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
58. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
59. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
60. Ишкананы жоюуну жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
61. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.