Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 411
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмегинде:
"Ведомстволук форма кийими" бөлүмүндө:
- жетинчи-онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын кызматкерлерди ведомстволук форма кийими менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине каралган ассигнованиелердин чегинде республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ведомстволук форма кийиминин сүрөттөмөсүн, форма кийиминин айырмалоочу белгилеринин жана фурнитурасынын үлгүлөрүн, ошондой эле аны кийүү эрежелерин бир айлык мөөнөттө бекитсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |