Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 404
Программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларды жана чараларды баалоону жүргүзүү процессин оптималдаштыруу, ошондой эле бюджеттик ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине жана 129-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибинде:
- 1-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугун баалоо тартибинде:
- 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 501 "2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында бюджеттик ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 163 "2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Бюджеттик чарага мониторинг жүргүзүү жөнүндө ОТЧЕТ
1. Бюджеттик чаранын аталышы жана коду | Программалык бюджеттик классификация боюнча бюджеттик чаранын коду көрсөтүлөт | Бюджеттик чаранын аталышы ал БКБТ программалык бюджетинде берилген ошол эле түрүндө келтирилет | ||||||||||||||||
2. Отчеттук мезгил | Мисалы: 2021-жылдын II жарым жылдыгы | |||||||||||||||||
3. Бюджеттик чаранын кыскача сыпаттамасы: | Бюджеттик чаранын алкагында каралган иш-чаралардын (сатып алуулар, төлөмдөр, курулуш ж.б.) кыскача сыпаттамасы келтирилет. Бюджеттик чаранын коомдук пайдалуулугунун контекстинде бенефициарлар көрсөтүлөт (калктын топтору, экономиканын кичи тармактары ж.б.) (бенефициар катары БКБТ өзү же ага отчет берүүчү бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн эмес) | |||||||||||||||||
4. Отчеттук жарым жылдыктын аягына карата бюджеттик чараны ишке ашыруунун учурдагы абалы | Бюджеттик чараны ишке ашырууда учурдагы кырдаал жөнүндө кыскача (1-2 абзац) маалымат (мисалы, негизги жетишкендиктер, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээли, объекттердин физикалык/техникалык абалы жөнүндө ж.б.). Эгерде мурунку жарым жылдыкка мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча белгиленген бюджеттик чараны ишке ашырууда проблемалар болсо, аларды санап чыгуу зарыл | |||||||||||||||||
5. Финансылык индикаторлор: | ||||||||||||||||||
5.1. Бюджеттик чаранын каражаттарынын өз убагында жана толук өздөштүрүлүшүн талдоо (сом): Төмөнкү таблицада бюджеттик чара боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарды пландык/такталган чыгымдар менен, отчеттук жарым жылдык (Q) боюнча салыштыруу. Ошондой эле өткөн жарым жыл үчүн чыгымдардын иш жүзүндөгү суммасы (Q-1) жана кийинки жарым жылга пландалган сумма (Q+1), ошондой эле чыгымдардын жалпы пландалган/такталган жылдык суммасы көрсөтүлөт | ||||||||||||||||||
Чыгымдардын негизги беренелери | Q-1 (иш жүз.) | Q | 2-жарым жылдыкка план (план./такт.) | Х жыл үчүн жалпы (бул графа жарым жылдык отчетто толтурулат) | ||||||||||||||
план/такт. | иш жүз. | четтөө | % четтөө | |||||||||||||||
Эмгек акы |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
СФга чегерүүлөр |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
Коммуналдык чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
Башка чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
Капиталдык чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
БАРДЫГЫ |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
5.2. Четтөөлөрдү талдоо | Четтөөлөрдүн себеби болгон финансылык проблемалар жана ишке ашырылган тобокелдиктер кыскача саналат. 5%дан ашпаган четтөөлөр үчүн талдоо жүргүзүлбөйт, эгерде мониторинг жүргүзүүнүн аткаруучусу бул үчүн өзгөчө себеп көрбөсө | |||||||||||||||||
6. Натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлору: | ||||||||||||||||||
6.1. Натыйжалуулук индикаторлорунун маанилерине жетүүнү талдоо: Төмөнкү таблицада отчеттук мезгилдин аягына карата бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилерин (Q) бюджеттик программаны ишке ашыруунун логикалык матрицасында келтирилген ошол мезгил үчүн пландык маанилер менен салыштыруу. Ошондой эле өткөн мезгил үчүн индикаторлордун иш жүзүндөгү маанилери да көрсөтүлөт. Жарым жылдык отчетто кийинки жарым жылга пландалган маанилер, ошондой эле ар бир индикатордун жалпы пландык жылдык мааниси (X жылы) көрсөтүлөт. Жылдык отчетто индикатордун пландык жана иш жүзүндөгү жылдык маанилери гана көрсөтүлөт | ||||||||||||||||||
Бюджеттик чаранын натыйжалуулугунун индикаторлору | өлчөө бирдиги | Q-1 (такт.) | Q-1 (иш жүз.) | отчеттук мезгил (Q) | 2-жарым жылдыкка план (план./такт.) | Х жыл үчүн жалпы (бул графа жарым жылдык отчетто толтурулат) | ||||||||||||
план/такт. | иш жүз. | четтөө | % четтөө | |||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
6.2. Четтөөлөрдү талдоо | Терс четтөөлөрдүн себеби болгон уюштуруучулук, финансылык, техникалык жана башка проблемалар жана ишке ашырылган тобокелдиктер кыскача саналат. 5%дан ашпаган четтөөлөр үчүн талдоо жүргүзүлбөйт, эгерде мониторинг жүргүзүүнүн аткаруучусу бул үчүн өзгөчө себеп көрбөсө | |||||||||||||||||
6.3. Жетишкендиктерди талдоо | Бюджеттик программаны ишке ашырууда оң өзгөрүүлөр кыскача саналат | |||||||||||||||||
6.4. Проблемалар жана жетишкендиктер жөнүндө маалыматтын булактары | Натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилеринен четтөөлөрдү пайда кылган проблемалар жана бюджеттик чараны ишке ашырууда жетишкендиктер жөнүндө маалыматтарды чогултуунун методдору жана булактары (интервьюлар, документтерди талдоо, фокус-топтор, тышкы булактар) көрсөтүлөт | |||||||||||||||||
7. Проблемаларды чечүүнүн сунушталган жолдорунун сыпаттамасы | Бюджеттик программанын администратору бюджеттик чараны ишке ашырууну кыйындаткан проблемаларды чечүү үчүн аткарууну сунуш кылган иш-аракеттер саналат | |||||||||||||||||
8. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча БКБТ жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимдер | Мында бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн жетекчилиги тарабынан мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө аныкталган бюджеттик чараны натыйжалуу ишке ашырууга тоскоолдук кылган проблемаларды азайтуу же жоюу үчүн кабыл алынган коллегиялык чечимдер саналат (мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча БКБТ жетекчилиги кабыл алган чечимдер жок болсо, сызыкча коюлат) | |||||||||||||||||
| Аты-жөнү, кызматы | Колу | ||||||||||||||||
Аткаруучу |
|
| ||||||||||||||||
Бекитилген |
|
| ||||||||||||||||
Дата |
|
| ||||||||||||||||
БКБТда байланыш адам |
|
| ||||||||||||||||
Телефон |
|
| ||||||||||||||||
Электрондук почта |
|
| ||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында бюджеттик ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Иш-чара | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-бөлүм. Улуттук деңгээлдеги бюджеттик ачык-айкындуулук жана отчеттуулук | |||||
1 | 1-милдет. Бюджеттик документтердин бюджеттик ачык-айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу | ||||
1.1 | Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катты төмөнкүдөй маалымат менен толуктоо: - бюджеттик жылдын аягына карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү жөнүндө; - бюджеттик жылдын аягына карата мамлекеттик ички карыздын көлөмү жөнүндө; - финансылык шарттар, анын ичинде мамлекеттик тышкы карызды түзүүчү кредиттерди тындыруу мөөнөттөрү, ошондой эле мамлекеттик ички карызды түзүүчү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттары жана түрлөрү боюнча | Карызды төлөө мөөнөттөрү жана түрлөрү жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катта чагылдырылды | 2023-жылдын 1-ноябры | ФМ | Республикалык бюджет |
1.2 | Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү негиздөө бөлүгүндө кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катты мамлекеттик карыз (ички жана тышкы) боюнча пайыздык ставкалар жөнүндө маалымат менен толуктоо | Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негиздемеси кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катта мамлекеттик ички жана тышкы карыз боюнча пайыздык ставкалар жөнүндө маалымат менен толукталды | 2022-жылдын 1-ноябры | ФМ | Республикалык бюджет |
1.3 | Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун бюджеттик жылдан мурунку жыл үчүн чыгашалар жана кирешелер боюнча маалыматтар менен толуктоо | Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбоорунда бюджеттик жылдан мурунку жыл үчүн чыгашалар жана кирешелер боюнча жаңыланган маалыматтар чагылдырылды | 2022-жылдын 1-ноябры | ФМ | Республикалык бюджет |
1.4 | Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлору боюнча, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугу боюнча натыйжалуулуктун максаттуу көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат менен толуктоо | Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбоорунда натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлору боюнча, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугу боюнча натыйжалуулуктун максаттуу көрсөткүчтөрү чагылдырылды | 2022-жылдын 1-ноябры | ФМ | Республикалык бюджет |
1.5 | Бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылгандыгы/аткарылбагандыгы жөнүндө отчетторду жарыялоо | Бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндө жылдык отчеттор жарыяланды | 2023-жылдын 1-июну | ФМ | Республикалык бюджет |
1.6 | Бюджеттик процесстин бардык этаптарында бюджеттик документтердин жарандык версияларын даярдоо жана жарыялоо: - бюджетти түзүү; - бюджетти бекитүү; - бюджетти аткаруу | Бюджеттик процесстин бардык этаптары үчүн бюджеттик документтердин жарандык версиялары жарыяланды | 2022-жылдын 1-ноябры, 2023-жылдын 31-январы, 2023-жылдын 15-майы | ФМ | Республикалык бюджет |
1.7 | Программалардын же иштин натыйжалуулугун көз карандысыз баалоо (анын ичинде максатка ылайыктуулугун, натыйжалуулугун жана майнаптуулугун баалоо) боюнча колдонмону иштеп чыгуу | Программалардын же иштин натыйжалуулугун көз карандысыз системалуу баалоо боюнча колдонмо иштелип чыкты. Программалардын же иштин натыйжалуулугун баалоо боюнча окутуу иш-чаралары өткөрүлдү | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ, ЭП (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тартылган каражаттары |
1.8 | Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарында фискалдык саясаттын бюджеттин киреше бөлүгүнө тийгизген таасири жөнүндө маалыматты кароо | Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарында фискалдык саясаттын бюджеттин киреше бөлүгүнө тийгизген таасири жөнүндө маалымат чагылдырылды | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ, ЭКМ | Республикалык бюджет |
1.9 | Отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жарым жылдык серептерди мамлекеттик программалар боюнча иш жүзүндөгү чыгашалар жөнүндө маалымат менен толуктоо | Отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жарым жылдык серептерде мамлекеттик программалар боюнча иш жүзүндөгү чыгашалар чагылдырылды | 2023-жылдын 31-июлу | ФМ | Республикалык бюджет |
1.10 | Милдеттенмелер жөнүндө маалыматты бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар айлык (квартал боюнча) отчетторго киргизүү механизмин иштеп чыгуу | Ар айлык отчеттор төлөмдөрдү жүргүзүү жана милдеттенмелерди кабыл алуу баскычтарында чыгашалар жөнүндө маалыматты чагылдырат | 2022-жылдын 15-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
1.11 | Отчеттук мезгилдеги республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жарым жылдык серепке этабы менен төмөнкүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо: - жаңыланган чыгашаларды баалоолор жана баштапкы деңгээлдердин ортосундагы айырмачылыктарды түшүндүрүү; - чыгашалардын бардык үч классификациясы боюнча чыгашалар | Отчеттук мезгилдеги республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жарым жылдык серепте төмөнкүлөр камтылат: - жаңыланган чыгашаларды баалоолор жана баштапкы деңгээлдердин ортосундагы айырмачылыктарды түшүндүрүү; - чыгашалардын бардык үч классификациясы боюнча чыгашалар | 2023-жылдын 31-августу | ФМ | Республикалык бюджет |
1.12 | Отчеттук мезгилдеги республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жарым жылдык серепке этабы менен төмөнкүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо: - жаңыланган кирешелерди баалоо жана баштапкы деңгээлдердин ортосундагы айырмачылыкты түшүндүрүү; - кирешелерди категориялар боюнча бөлүү менен баалоо | Отчеттук мезгилдеги республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жарым жылдык серепте төмөнкүлөр камтылат: - жаңыланган кирешелерди баалоо жана баштапкы деңгээлдердин ортосундагы айырмачылыкты түшүндүрүү; - кирешелерди категориялар боюнча бөлүү менен баалоо | 2023-жылдын 31-августу | ФМ | Республикалык бюджет |
1.13 | Отчеттук жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетко этабы менен төмөнкүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо (2024-жылдан тартып жыл сайын): - бардык чыгашаларды эске алуу менен бардык өзүнчө программалар боюнча чыгашалар; - финансылык жыл үчүн бекитилген бюджетте көрсөтүлгөн анын курамын кошо алганда, карыз алуулардын жана карыздын бардык алгачкы баалоолору менен ошол жылдагы иш жүзүндөгү натыйжаларынын ортосундагы айырманы баалоо жана сыпаттоо | Отчеттук жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетто төмөнкүлөр камтылат: - бардык чыгашаларды эске алуу менен бардык өзүнчө программалар боюнча чыгашалар; - финансылык жыл үчүн бекитилген бюджетте көрсөтүлгөн анын курамын кошо алганда, карыз алуулардын жана карыздын бардык алгачкы баалоолору менен ошол жылдагы иш жүзүндөгү натыйжаларынын ортосундагы айырманы баалоо жана сыпаттоо | 2023-жылдын 1-майы | ФМ | Республикалык бюджет |
1.14 | Отчеттук жылда республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетко этап этабы менен төмөнкүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүн кароо (2024-жылдан тартып жыл сайын): - финансылык жыл үчүн бекитилген бюджетте көрсөтүлгөн киргизилген ресурстар жөнүндө финансылык эмес маалыматтарды бардык баштапкы баалоолор менен иш жүзүндөгү натыйжалардын ортосундагы айырмачылыкты баалоо жана сыпаттоо; - өлкөнүн калкынын кыйла жакыр катмарын колдоо үчүн багытталган саясатты каржылоонун бекитилген деңгээли (социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар) менен иш жүзүндөгү натыйжанын ортосундагы айырмачылыктарды баалоо | Отчеттук жылда республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчет төмөнкүлөрдү камтыйт: - финансылык жыл үчүн бекитилген бюджетте көрсөтүлгөн киргизилген ресурстар жөнүндө финансылык эмес маалыматтарды бардык баштапкы баалоолору менен иш жүзүндөгү натыйжалардын ортосундагы айырмачылыкты баалоону жана сыпаттоону; - өлкөнүн калкынын кыйла жакыр катмарын колдоо үчүн багытталган саясатты каржылоонун бекитилген деңгээли (социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар) менен иш жүзүндөгү натыйжанын ортосундагы айырмачылыктарды баалоо | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
1.15 | Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катка мамлекеттик бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүн болжолдоо бөлүгүндө мурдагы жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөрдүн сыпаттамасын киргизүү | Республикалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катка мурдагы жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөрдүн сыпаттамасын камтыйт | 2022-жылдын 1-октябры | ФМ | Республикалык бюджет |
1.16 | Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарына стратегиялык пландарга шайкеш келген келечектеги мамлекеттик инвестициялардын чыгашаларын баалоону киргизүү | Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарында бюджеттин чыгашаларын баалоо стратегиялык пландарга шайкеш келген келечектеги мамлекеттик инвестицияларды камтыйт | 2023-жылдын 1-июлу | ФМ | Республикалык бюджет |
1.17 | Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарына бюджеттик жылга сунушталган менен иш жүзүндөгү суммалардын ортосундагы чыгашалардын өзгөрүүлөрүн түшүндүрүүнү киргизүү | Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарында бюджеттик жылга сунушталган менен иш жүзүндөгү суммалардын ортосундагы чыгашалардын өзгөрүүлөрүн түшүндүрүү чагылдырылды | 2023-жылдын 1-июлу | ФМ | Республикалык бюджет |
2 | 2-милдет. Бюджеттик документтерди берүү мөөнөттөрү | ||||
2.1 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан аларга тиешелүү трансферттердин жылдык чондугу жөнүндө маалыматты берүү мөөнөттөрүн жергиликтүү бюджеттерди даярдоо процессине чейин кеминде 6 жумага кыскартуу мүмкүндүгүн кароо | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан трансферттер жөнүндө маалыматты берүү мөөнөттөрү жергиликтүү бюджеттерди даярдоо башталганга чейин кеминде 6 жумага чейин кыскартылды | 2022-жылдын 1-октябры | ФМ | Республикалык бюджет |
2.2 | Бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар айлык отчетторду даярдоо жана жарыялоо мөөнөттөрүн кийинки айдын 15инен кечиктирбестен бекитүү | Бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар айлык отчетторду даярдоо жана жарыялоо мөөнөттөрү кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен белгиленди | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
3 | 3-милдет. Бюджеттин аткарылышын жакшыртуу | ||||
3.1 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн салыктарды төлөө боюнча негизги милдеттер жана укуктар жөнүндө, анын ичинде жок дегенде даттануу процесси жана аны менен байланышкан жол-жоболор жөнүндө ар тараптуу жана актуалдуу маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу максатында көптөгөн каналдарды пайдалануу | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн салыктарды төлөө боюнча негизги милдеттер жөнүндө жана даттануу процесси жөнүндө ар тараптуу жана актуалдуу маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу үчүн көптөгөн каналдарды пайдаланат | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ, МСК | Республикалык бюджет |
3.2 | Ири жана орто төлөөчүлөргө карата жок дегенде кирешелердин бардык категориялары боюнча мыйзамдарды сактабоо тобокелдиктерин баалоо жана ранжирлөө | Кирешелердин бардык категориялары боюнча мыйзамдарды сактабоо тобокелдиктерине баалоо жүргүзүлдү, ири жана орто төлөөчүлөр ранжирленди | 2022-жылдын 31-декабры | МСК, ФМ | Республикалык бюджет |
3.3 | Мыйзамдарды сактоону жакшыртуу боюнча документтик түрдө таризделген планга ылайык мыйзам бузуу фактыларын текшерүү жана иликтөө жөнүндө маалыматты даярдоо | Таризделген планга ылайык мыйзам бузуу фактыларын текшерүү жана иликтөө жөнүндө маалымат берилди | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ, МСК | Республикалык бюджет |
3.4 | Мониторинг жүргүзүү жана чыгашалар боюнча карыздар тууралуу отчеттуулукту камсыз кылуу | Бюджеттик уюмдардын финансылык отчетторунда чыгашалар боюнча карыздар көрсөтүлөт | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
4 | 4-милдет. Контролдоо жана аудит | ||||
4.1 | Мамлекеттик сектордун финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык бухгалтердик отчеттуулукту түзүү жөнүндө нускаманын долбоорун иштеп чыгуу | Мамлекеттик сектордун финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык бухгалтердик отчеттуулукту түзүү боюнча нускама иштелип чыкты | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
4.2 | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук ишинин жылдык планына аудиттин бардык үч түрүн (финансылык аудит, шайкештик аудити жана натыйжалуулук аудити) киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыялоо | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук ишинин аудиттин бардык үч түрүн караган жылдык планы жарыяланды | 2023-жылдын 31-декабры | ЭП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет |
4.3 | Мамлекеттик инвестицияларды башкаруунун алкагында экономикалык экспертизанын натыйжаларын жана долбоорлорду тандоо критерийлерин жарыялоо | Долбоорлорду тандоо критерийлери жана ири инвестициялык долбоорлордун экономикалык экспертизасынын натыйжалары жарыяланды | 2022-жылдын 31-декабры | ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджет |
4.4 | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиттин натыйжалары боюнча жазма буйруктарын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө отчетту даярдоо жана жарыялоо | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиттин натыйжалары боюнча жазма буйруктарын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө отчет жарыяланды | 2023-жылдын 31-декабры | Министрликтер/ведомстволор | Республикалык бюджет |
5 | 5-милдет. Бюджеттик процесске коомчулуктун катышуу деңгээлин жогорулатуу | ||||
5.1 | Жарандык бюджет жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарынын ар кандай түрлөрү аркылуу, анын ичинде социалдык тармактарды колдонуу менен жайылтуу мүмкүндүгүн кароо | Жарандык бюджет жөнүндө маалыматты жайылтуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар пайдаланылды | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.2 | Жарандар үчүн бюджеттик процесстин төрт этабынын ар бири үчүн бир бюджеттик документти жарыялоо (бюджетти түзүү, аткаруу, кабыл алуу жана аудит) | Жарандар үчүн бюджеттик документтер жарыяланды | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.3 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук модулуна коомдук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук модулуна коомдук жеткиликтүүлүк камсыздалды | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.4 | Мамлекеттик сатып алуулардын веб-сайтына сатып алуулар жана даттануулар жөнүндө келишимдерде камтылган маалыматтарды ачуу боюнча функционалды киргизүү | Төмөнкү кулактандырууларда камтылган маалыматтарды ачуу камсыз кылынды: - конкурс өткөрүү жөнүндө; - келишимдер жөнүндө; - даттануулар жөнүндө | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.5 | Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга келип түшкөн бардык тышкы жардамдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу системасын камсыз кылуу үчүн AMP (The Aid management Platform) платформасынын функционалын кеңейтүү | Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга келип түшкөн бардык тышкы жардамдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу системасын камсыз кылуу үчүн АМР функционалы кеңейтилди | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.6 | Коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууга үзгүлтүксүз сереп жүргүзүү | Жарандардын катышуусу менен улуттук, сектордук деңгээлде жана администрациялык- аймактык түзүлүштөрдүн деңгээлинде мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууга үзгүлтүксүз обзор жүргүзүлүп турат | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.7 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтына тышкы булактардын эсебинен каржылануучу бардык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматты жарыялоо | Тышкы булактардын эсебинен каржылануучу бардык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу, анын ичинде төмөнкүлөр жөнүндө маалымат жарыяланды: - өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жөнүндө; - тышкы жардамды алуучулар - мамлекеттик органдар жана ЖӨБО жөнүндө; - долбоорлор боюнча, региондук таандыктыгы боюнча, жардамдын түрлөрү боюнча, каржылоо булактары боюнча, экономика секторлору боюнча ж.б. бөлүнгөн жана пайдаланылган мамлекеттик инвестициялар жөнүндө; - тышкы жардам менен байланышкан башка маалыматтар | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.8 | Тышкы жардам долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтына жарыялоо | Тышкы жардам долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясы бекитилди жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.9 | Жарандык коомду төмөнкүлөрдү караган бюджетти түзүү, аткаруу процесстерине ачык жана кеңири тартуу механизмин иштеп чыгуу: - кызыкдар тараптар менен онлайн консультациялар жана кайтарым байланыш; - калктын аялуу жана сунушталбаган катмарын тартуу | Бюджетти түзүү жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү процесстерине коомчулукту кеңири тартуу жөнүндө нускама иштелип чыкты жана жарыяланды | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.10 | Бюджетти аткаруу боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө төмөнкү негизги темаларды камтуу: 1. Макроэкономикалык жагдайлардын өзгөрүшү. 2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү (киреше бөлүгүндө). 3. Кирешелерди чогултуу. 4. Актуалдуу маселелер боюнча чыгашаларды жүзөгө ашыруу. 5. Бюджеттин тартыштыгынын деңгээлиндеги өзгөрүүлөр. 6. Мамлекеттик карыз боюнча маалымат. 7. Мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмого негизги темаларды камтыган өзгөртүүлөр киргизилди | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.11 | Республикалык бюджет боюнча коомдук угууларды уюштурууда пландалган иш-чаралар жөнүндө толук маалымат берүү: 1. Коомдук угуулардын максаты. 2. Чектөөлөр. 3. Күтүлгөн натыйжалар. 4. Процесс жана мөөнөттөр | Республикалык бюджет боюнча коомдук угууларды уюштурууда төмөнкүлөрдү чагылдыруу менен маалыматтар камтылган: 1. Коомдук угуулардын максаты. 2. Чектөөлөр. 3. Күтүлүүчү натыйжалар. 4. Процесстер жана мөөнөттөр | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.12 | Бардык алынган комментарийлерге жана сунуштарга жоопторду чагылдыруу менен кезектеги жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин коомдук талкуусунун жана коомдук угууларынын натыйжалары боюнча отчетторду жарыялоо | Бардык алынган комментарийлерге жана сунуштарга жоопторду чагылдыруу менен кезектеги жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин коомдук талкуусунун жана коомдук угууларынын натыйжалары боюнча отчеттор жарыяланды | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
5.13 | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүлөрүнө жарандык коомдун катышуусунун механизмин иштеп чыгуу | Коомчулуктун катышуусу менен аудит боюнча колдонмо бекитилди жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыяланган | 2022-жылдын 31-декабры | ЭП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет |
5.14 | Жарандык коомдун төмөнкү маселелер боюнча салымы жөнүндө отчетторду даярдоо жана жарыялоо: - тышкы аудит программасынын маселелери; - бюджеттик ачык-айкындык чөйрөсүндөгү маселелер боюнча; - финансылык сабаттуулукту жогорулатуу маселелери боюнча; - бюджеттик процесстерге катышуу маселелери боюнча | Жарандык коомдун тышкы аудит программасы, бюджеттик ачык-айкындык, финансылык сабаттуулук жана бюджеттик процесстерге катышуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү жана салымы жөнүндө отчеттор жарыяланды | 2023-жылдын 31-декабры | ЭП (макулдашуу боюнча); ФМ | Республикалык бюджет |
2-бөлүм. Субулуттук деңгээлдеги ачык-айкындуулук жана отчеттуулук | |||||
6 | 6-милдет. ЖӨБ деңгээлинде маалыматтардын бюджеттик ачык-айкындуулугунун деңгээлин жогорулатуу | ||||
6.1 | "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасын киргизүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик документтерин жарыялоо үчүн шарттар түзүлдү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасын пайдаланууга окутулду | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
6.2 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча окутууну өткөрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча окутуудан өтүштү | 2022-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тартылган каражаттары |
6.3 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кезектеги бюджеттик жылга программалык бюджеттерин ачык жеткиликтүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында даярдоо жана жарыялоо | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кезектеги бюджеттик жылга программалык бюджеттерин ачык жеткиликтүүлүктө маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонуу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында даярдалды жана жарыяланды | 2023-жылдын 1-ноябры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттер |
6.4 | Кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетторду ачык жеткиликтүүлүктө маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында жарыялоо | Кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө жылдык отчеттор ачык жеткиликтүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында жарыяланды | 2023-жылдын 31-январы | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттер |
6.5 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн майнаптуулугун же натыйжалуулугун баалоо методологиясын иштеп чыгуу жана бекитүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн майнаптуулугун же натыйжалуулугун баалоо методологиясы иштелип чыкты жана бекитилди | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
6.6 | Кезектеги жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин аудити жөнүндө отчетторду ачык жеткиликтүүлүктө маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында жарыялоо | Кезектеги жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин аудити жөнүндө отчеттор ачык жеткиликтүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында жарыяланган | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер |
6.7 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетинен каржылануучу капиталдык салымдар үчүн долбоорлорду тандоо критерийлерин иштеп чыгуу жана бекитүү | ЖӨБдүн бюджетинен каржылануучу капиталдык салымдар үчүн долбоорлорду тандоо критерийлери бекитилди | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
6.8 | Капиталдык салымдардын долбоорлорун тандоо процессине катышкан долбоорлор жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | Капиталдык салымдардын долбоорлорун тандоо процессине катышкан долбоорлор жөнүндө маалымат жарыяланууда | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
6.9 | Капиталдык салымдар жана чыгымдар (план, факт) долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматты жарыялоо | Капиталдык салымдар жана чыгымдар (план, факт) долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө маалымат жарыяланууда | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МКЖӨБМА | Республикалык бюджет |
6.10 | Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестрин киргизүү. Финансылык эмес активдер жөнүндө маалыматты (анын ичинде пайдалануу, эскирүү жана жаш курагы, чыгып кетүү, тендерлер жана сатуу же ижара боюнча аукциондор жөнүндө маалымат) жарыялоо | Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри ишке киргизилди. Реестрди жүргүзүү эрежелери иштелип чыкты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү | 2023-жылдын 31-декабры | МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттер, республикалык бюджет |
6.11 | Жергиликтүү бюджеттин долбооруна активдерди сатып алуу, сатуу, ижарага алуу, киреше жөнүндө кеңири маалыматты киргизүү | Аткаруу жөнүндө отчетко активдерди сатып алуу, сатуу, ижарага алуу, киреше жөнүндө маалымат киргизилди | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ФМ, МКЖӨБМА | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет |
6.12 | Жергиликтүү өз алдынча башкарууну социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө маалыматты (учурдагы жылга салыштырмалуу негизги өзгөрүүлөрдү жана өзгөрүүлөрдүн себептерин көрсөтүү менен) кезектеги жылга жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү | Бюджеттик документтер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалыматты камтыйт | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МКЖӨБМА |
|
6.13 | Ачык жеткиликтүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында төмөнкүлөрдү жарыялоо: - жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкарууну социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген планы; - жергиликтүү кеңеш тарабынан социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу жөнүндө каралган жана бекитилген отчет | Төмөнкүлөр жарыяланды: - жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкарууну социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген планы; - жергиликтүү кеңеш тарабынан социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу жөнүндө каралган жана бекитилген отчет | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ФМ, МКЖӨБМА | Жергиликтүү бюджеттер, республикалык бюджет |
6.14 | Даяр финансылык отчетторду жана муниципалдык ишканалардын аудит жөнүндө отчетторун жарыялоо | Муниципалдык ишканалардын жылдык финансылык отчеттору жарыяланды | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттер |
6.15 | Кезектеги жылга жергиликтүү бюджеттин долбооруна бюджеттик-салыктык саясаттын орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө маалыматты, бюджеттин чыгашалары жана кирешелери жөнүндө толук маалыматтарды киргизүү | Бюджеттик документтер бюджеттик-салыктык саясаттын орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө маалыматты, бюджеттин чыгашалары жана кирешелери жөнүндө толук маалыматтарды камтыйт | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ФМ, МКЖӨБМА | Жергиликтүү бюджеттер, республикалык бюджет |
6.16 | Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен ачык жеткиликтүүлүктө же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында жергиликтүү бюджеттин чыгымдары боюнча карыздын чоңдугу, мөөнөттөрү жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды квартал сайын жарым жылда бир жолу, ар бир квартал аяктагандан кийин төрт жуманын ичинде түзүү жана жарыялоо | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын жергиликтүү бюджеттин чыгымдары боюнча карыздардын өлчөмү, мөөнөттөрү жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды түзүшөт | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ФМ, МКЖӨБМА | Жергиликтүү бюджеттер, республикалык бюджет |
6.17 | Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында ачык жеткиликтүүлүктө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан гранттардын айыл өкмөттөрү жана шаарлар боюнча пайдаланылгандыгы жөнүндө маалыматты ай сайын жарыялоо | Гранттарды пайдалануу боюнча ар айлык отчет берүү боюнча ЖӨБОнун ишинин ачык-айкындуулугу жогорулатылды | 2023-жылдын 15- февралынан тартып (ай сайын) | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МКЖӨБМА, ФМ | Республикалык бюджет |
6.18 | "Жарандык бюджет" маалыматтык системасына кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык бюджеттерин даярдоо жана жарыялоо | "Жарандык бюджет" маалыматтык системасына кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык бюджеттери даярдалды жана жарыяланды | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттер |
7 | 7-милдет. ЖӨБ деңгээлинде бюджеттик процесске коомчулуктун катышуу деңгээлин жогорулатуу | ||||
7.1 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттерди коомдук угууларды өткөрүү эрежелерин иштеп чыгуу жана киргизүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен бекитүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмонун укуктук статусу жогорулатылды | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Республикалык бюджет |
7.2 | Бюджетти түзүү жана аткаруу процесстерине коомчулукту тартуу үчүн кеңири катышуунун ачык механизмдерин төмөнкүлөрдү кароо менен иштеп чыгуу жана киргизүү: - кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүүнүн жана кайтарым байланыштын онлайн-механизмдери; - калктын аялуу жана сунушталбаган катмарын кошуу механизми | Төмөнкүдөй механизмдерди киргизүү менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмо бекитилген: - калктын аялуу жана сунушталбаган катмарын тартуу; - бюджетти түзүү жана аткаруу процесстерине коомчулуктун кеңири ачык (анын ичинде онлайн) катышуусу | 2023-жылдын 31-декабры | ФМ | Жергиликтүү бюджеттер, республикалык бюджет |
7.3 | Жергиликтүү жамааттар арасында жарандык катышуу боюнча коомдук маалыматтык кампанияны өткөрүү | Маалыматтык технологияларды пайдалануу менен маалыматтык кампания өткөрүлдү | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ФМ |
|
7.4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аудитинин жыйынтыгы боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү камсыздоо | ЖӨБО аудитинин жыйынтыгы боюнча коомдук угуулар өткөрүлүүдө | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО | Жергиликтүү бюджеттер |
7.5 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин долбоорлорун коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча отчетторду жана бюджетти түзүүдө жана аткарууда жарандардын сунуштарын/комментарийлерин пайдаланууну сыпаттоо менен алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жарыялоо | Коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча отчет үзгүлтүксүз жарыяланып турат | 2023-жылдын 31-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттер |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ЭП | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик; |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
AMP | - | The Aid management Platform, жардамды башкаруу платформасы (Кыргыз Республикасында өнүктүрүү боюнча тышкы жардамды көзөмөлдөө үчүн веб-платформа).". |