Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 418 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Айыл чарба кооперативи айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жумуш менен камсыз болуусуна, айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган кооперативдик системанын негизи болуп саналат, анын негизги милдети болуп майда дыйкан жана фермердик чарбаларды (мындан ары - ДФЧ) айыл чарба кооперативине ирилештирүү жана бириктирүү боюнча чараларды уюштуруу, ошондой эле айыл аймактарда ДФЧ продукциясын кабыл алуу, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү боюнча керектөө кооперациясын, айыл чарба кооперативдерин, жеке ишкерлерди түзүү эсептелет.
Кыргыз Республикасында 2023-жылдан тартып 2027-жылга чейинки мезгилде айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) айыл чарба кооперативдерин андан ары өнүктүрүүнүн жолдорун, Программанын иш-чараларын ишке ашыруу механизмдерин жана алардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктайт.
2-глава. Учурдагы абалды талдоо
Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча кырдаал экономиканы чыңдоодо, атаандашуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө, чарба жүргүзүү шарттарын жакшыртууда жана товардык продукциянын өсүшү жана өлкөнүн айыл калкынын бакубаттуулугу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүдө кооперациянын маанилүү ролуна карабастан баштапкы этапта турат.
Талдоо көрсөткөндөй экономиканын бул секторунда зарыл шарттарды түзүүнү камсыздоого мүмкүн болгон жок, анткени өзгөчө агрардык сектордо кооперативдик кыймылга дем берүү жана артыкчылыктуу колдоо көрсөтүлгөн эмес.
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кооперацияны өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берди, бирок ал бүгүнкү күндө практикада ишке жай ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 4256 ар түрдүү кооператив катталган, алардын ичинен 2023-жылдын башында 32 миңден ашуун адамды бириктирген 478 айыл чарба кооперативи гана иштейт: Чүй облусунда - 78; Ысык- Көлдө - 59; Ошто - 56; Жалал-Абадда - 144; Таласта - 60; Нарында - 39; Баткенде - 42.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын агрардык сектору үчүн көпчүлүк учурда чакан жерге жана начар материалдык-техникалык базага негизделген өндүрүштүн майда товардык түрлөрү мүнөздүү Бул жагдайлар чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кирешелеринин төмөндүгүн аныктап, аларга айыл жериндеги бизнести талаптагыдай деңгээлде өнүктүрүүгө мүмкүндүк бербейт. Жерлерди майда участокторго бөлүү талааларды которуштуруп айдоону натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бербейт, бул сугат сууну, техниканы жана финансы каражаттарын сарамжалсыз пайдаланууга алып келүүдө. Ошондой эле көпчүлүк чакан чарбаларга жеңилдетилген кредит түрүндөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү жеткиликтүү эмес.
Бул көйгөйлөрдүн бардыгы республиканын аймактарында орун алган бир катар факторлордун негизинде жаралууда:
1) экономикалык:
- айыл чарба өндүрүшүнүн майда товардуулугу жана айыл чарба сырьесунун айрым түрлөрүн өндүрүү көлөмдөрүнүн чектелиши;
- кайра иштетүүчү жана соода ишканалары протекционисттик чараларды көрүшкөн жана ири жеткирүүчүлөрдөн гана дүңүнөн бирдиктүү баада сатып алууну артык көргөн өндүрүлгөн продукцияны сатуу рыногунун механизминин жоктугу;
- айыл чарба продукциясына, күйүүчү-майлоочу материалдарга, техникага, үрөнгө жана препараттарга, жер семирткичтерге ж.б. болгон баа диспаритети;
- салык алууда айыл чарба кооперативдери үчүн салыктык жеңилдиктердин жоктугу;
- пайыздык ставкалары төмөн жана кайтаруу мөөнөтү узак кредиттерге жеткиликтүүлүктүн начардыгы лизингдик кредиттерди жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү солгундатууда, ошондон улам жаңы айыл чарба техникасын жасап чыгарууну, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны иштеп чыгууну диверсификациялоо мүмкүн болгон жок. Тамак-аш продукциясын импорттоо, анын экспорттоо көлөмүнөн ашып кетиши, бул жагдайды айгинелеп турат;
- кооперативдерден айыл чарба продукциясын мамлекеттик сатып алууну жөнгө салуу механизминин жоктугу;
- эмгек миграциясына кетип жаткан мамлекетте эмгек акы деңгээлинин жогору болуусу;
- жерди пайдалануу укугунун кепилдигинин жетишсиз деңгээли, анткени айыл чарба кооперативдери тарабынан жерлер өтө тартыш болгон аймактарда жерлерди чакан участокторго бөлүп ижарага алууда аларга артыкчылык берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөн жана асыл-тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо жөнүндө" токтому кабыл алынгандыгына карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБ) жетекчилери жана бай дыйкан жана фермер чарбалары айыл чарба кооперативдери үчүн жерлерди бөлүп берүүгө ар тараптан тоскоолдук кылууда;
- кооперативдер кайра иштетүүчү ишканалар, машина-трактордук станциялар жана соода-логистикалык борборлор менен сатып алууга, кайра иштетүүгө, сактоого жана башка айыл чарба процесстерине алдын ала фьючердик келишим түзбөй турган жобо иштелип чыга элек;
2) социалдык:
- базар инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн экономикалык абалы боюнча айыл тургундарынын, айыл чарба кооперативдеринин, дыйкан жана фермердик чарбалардын ар кандай жашоо деңгээли;
- жергиликтүү деңгээлдерде кооперативдик өнүктүрүүнүн кызыкдар тараптарынын өз ара аракеттенүүсү ишке ашырыла турган жумушчу органдын/платформанын жана квалификациялуу кадрлардын, лидерлердин жоктугу;
- агрардык өндүрүштүн потенциалын өнүктүрүүдө техникалык жардамдын жетишсиздиги (илимий-изилдөө жана окуу уюмдарынын колдоосу, ар бир райондо кооперативдердин ассоциацияларын жана жеке ишкерлердин өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү, маалыматтык-консультациялык кызматтарды уюштуруу);
- жумуш күчүнүн жана квалификациялуу жаштардын кетиши айылдык квалификациялуу адистердин жана эмгекке эң жөндөмдүү жарандардын тартыштыгына, аймактардын экономикалык жактан бирдей эмес өнүгүүсүнө, депопуляцияга жана депрессивдүү аймактардын санынын өсүшүнө алып келген өлкөнүн ички жана тышкы миграциялык процесстеринин өсүшү;
3) психологиялык:
- айыл чарба кооперативинин жетекчилерине жана башка мүчөлөрүнө көрсөткөн ишеним деңгээлинин төмөндүгү, өндүрүштүн негизги каражаты - жерди, салынган каражаттарды жана үлүштөрдү жоготуу коркунучу;
- пессимисттик маанайдан улам калктын кооперацияга болгон кызыгуусунун жоктугу;
- фермерлердин айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугунун жоктугу;
4) коррупциялык:
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (мындан ары - АЖМФ) жерлерин кооперативдерге ижарага берүүдө кландардын, криминалдык элементтердин, жергиликтүү депутаттардын топторунун жана ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин үстөмдүгү жана таасири;
- кооперативдер тарабынан жеңилдетилген банктык кредиттерди жана ссудаларды алууда ачык-айкындыктын жана жеткиликтүүлүктүн жоктугу;
5) геоэкономикалык:
Кыргыз Республикасы - рельефи өзгөчө бөлүнгөн бийик тоолуу өлкө. Республиканын аймагынын аянты 199,9 миң км2 түзөт. Республика Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системаларынын түндүк бөлүгүндө Дүйнөлүк океандан алыс (1700дөн 6530 километрге чейин) аралыкта жайгашкан. Өлкө аймагынын 94%дан ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте, 40,8% - 3000 м бийиктикте жайгашкан. Орточо бийиктиги - 2750 м, эң чоңу - 7439 м, эң кичинеси - 401 м, аймактын 65%га жакынын тоо кыркалары ээлейт. Өлкөнүн айрым аймактарынын обочо жайгашкандыгы, транспорттук оор чыгымдар, энергетикалык аярлуулук, табигый кырсыктарга кабылуу, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши - республиканын айыл чарба аймактары туш болгон көйгөйлөрдүн негизги чөйрөсү.
Бул жагымсыз факторлор өлкөдөгү кооперативдердин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө.
Натыйжада бул эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү, айыл чарба продукциясын сактоонун, ташуунун жана товар жүгүртүүнүн логистикасынын өнүкпөгөн инфраструктурасы, ушундан улам - кайра иштетүүчү ишканалардын толук көлөмдө иштебегендиги, техникалык жабдылышынын төмөндүгү, продукцияны сатуудан түшкөн кирешенин аздыгы жана кошумча чыгымдардын жогору болушу.
Жогоруда аталган жана башка көйгөйлөр чакан товар өндүрүүчүлөрдүн өз күч-аракеттерин бириктирүү жана айыл чарба кооперативдери түрүндө заманбап структураларды түзүү зарылдыгын негиздейт, ал алардын кызыкчылыктарын коргойт, биргелешкен өндүрүштү, продукцияны сатууну, алгачкы кайра иштетүүнү жүзөгө ашырууга, өндүрүш каражаттары (КММ, үрөн, жер семирткич ж.б.) менен камсыз кылууга, айыл чарба техникасын техникалык тейлөөнү, оңдоону ж.б. кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет. Дүйнө жүзүндө бул багыт кеңири өнүккөн Мисалы, Бельгияда сүттүн 50%, Германияда жана Францияда болжол менен 55-60%, Данияда болжол менен 90% кооперативдик ишканалар аркылуу кайра иштетилген түрүндө өндүрүлөт. Европа мамлекеттеринде жашылча-жемиштерди өндүрүүдө кооперациянын үлүшү жогору, 30-50% чегинде. Айрым мамлекеттерде, атап айтканда Данияда, эт өндүрүүдө 60-70%га чейин кооперативдер ээлейт.
Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары маркетинг жана продукцияны сатуу маселелери маанилүү экенин көрсөттү. Айыл чарба кооперативдеринин продукцияларынын маркетингин уюштуруу айыл жеринде керектөө кооперациясынын системасын жандандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү менен ишке ашырылат.
Фермердик жана кооперативдик чарбалардын айыл чарба жерлери жердин күрдүүлүк деңгээлин сактоо жана аны жогорулатуу көз карашынан алганда, натыйжасыз пайдаланылат. Топурактын күрдүүлүгү тынымсыз төмөндөп, шор басып, жер деградацияга учуроодо.
Жалпысынан кооперациялык жана диверсификациялык багыттарга жүргүзүлгөн талдоо экономиканын кооперативдик секторун заманбап өнүктүрүүнүн төмөнкү тенденцияларын белгилөөгө негиз берет:
- кооперацияны өнүктүрүү үчүн ишти диверсификациялоо жана жаңы ыкмаларды өздөштүрүү боюнча иш-аракеттердин дээрлик жоктугу;
- мамлекеттик органдар тарабынан агроөнөр жай комплексинде кооперативдик мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылдыгын агрардык реформалардын маанилүү багыты жана улуттук экономиканын курамдык бөлүгү катары таанылбагандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперациясын колдоо боюнча чаралардын жоктугу.
3-глава. Программанын максаты жана милдеттери
Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативдерин уюштуруу жана өнүктүрүү жолу менен өлкөнүн калкын коопсуз жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, бул тармактын инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу, азык-түлүктүн импортту алмаштыруунун көлөмүн көбөйтүү үчүн кластердик өнүгүүнүн негизинде агроөнөр жай комплексинин (мындан ары - АӨК) субъекттерин интеграциялоо болуп саналат.
Жогоруда аталган максатты ишке ашыруу үчүн Программа төмөнкү милдеттерди чечүүнү карайт:
- кооперативдерди уюштуруу жана кластердик агрегаторлордун айланасын интеграциялоо жолу менен кластерлердин чийки зат базасын өнүктүрүү;
- АЖМФ айыл чарба жерлерин ижарага артыкчылыктуу берүү;
- айыл чарба кооперативдеринин натыйжалуу иши үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү;
- кооперативдин чарбалык формаларын финансылык-кредиттик колдоо механизмин өркүндөтүү, салык преференцияларын жана жеңилдиктерди берүү;
- айылдын инфраструктурасын уюштуруу жана айыл чарбасында корпоративдик башкаруу элементтерин киргизүү;
- айыл чарба кооперативдерин илимий, маалыматтык-консультациялык жана менеджменттик камсыздоо системасын өнүктүрүү;
- айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө координацияланган мамиле кылуу үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсү.
Сунушталган саясатты ишке ашыруунун натыйжасында бул максатка жетүү айыл чарбасындагы кооперативдик башкаруу тармактын структурасын кайра түзүү, кооперативдерди жана ишканаларды техникалык жактан кайра жабдуу, экспорттук потенциалды арттыруу, айыл чарба продукциясына бааларды кармап турууну камсыз кылуу, кооперативдердин жана ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү камсыздоо боюнча учурдагы актуалдуу маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.
4-глава. Айыл чарба кооперативдик кыймылын өнүктүрүүнүн негизги багыттары
Рыноктук мамилелерди өнүктүрүү шартында Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативин өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү, кредит берүү жана алардын экономикалык өсүш үчүн зарыл шарттарды түзүү зарыл.
Программада республикада айыл чарба кооперативдик кыймылын 2 этапта - кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдерде өнүктүрүү каралган:
а) кыска мөөнөттүү мезгилде (2024-2025-жылдар) айыл чарба кооперативин өнүктүрүүгө дем бере турган бир нече маселелерди чечүү керек:
- айыл чарба кооперативинин артыкчылыктары тууралуу калкты кенен тааныштыруу максатында, айыл жергесинде кеңири маалыматтык өнөктүктү уюштуруу жана өткөрүү, айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча сунуштарды жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу;
- "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" (мындан ары - АӨКК) долбоорунун алкагында айыл чарба кооперативдеринин жеңилдетилген кредит алуусу үчүн өзүнчө максаттуу каржылоо;
- айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө жана пилоттук айыл чарба кооперативдерин уюштурууга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын катышуусу жана мамлекеттик сатып алууга жайгаштыруу менен эл аралык донор уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу;
б) орто мөөнөттүү мезгилде (2025-2027-жылдар) айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, тейлөө, кредиттөө, камсыздандыруу, жабдуу жана сатуу чөйрөсүндө туруктуу өнүгүп жаткан айыл чарба кооперативдеринин тармагын түзүү жолу менен агрардык сектордо кооперациянын инфраструктурасын уюштуруу күтүлүүдө.
Экономиканын өндүрүштүк секторунун талаптагыдай иштешин камсыз кылуу үчүн республиканын аймактарында айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө зооветеринардык, агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча тейлөөчү кооперативдерди түзүү жана өнүктүрүү талап кылынат. Айылдык тейлөөчү кооперативдерди уюштуруу негизинен кызмат көрсөтүүчү (агротейлөө, техникалык тейлөө жана зооветтейлөө) айылдык мекемелердин базасында жүргүзүлөт.
Айыл чарба кооперативдерин өндүрүүчүдөн сатуу рыногуна чейинки толук жолду өз ичине камтыган кластердик ыкманы колдонуу менен уюштуруу зарыл. Бул айыл чарба продуктуларын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластердик технологияны колдонуу менен, ар бир облуста бирден пилоттук айыл чарба кооперативин уюштуруу болжолдонууда.
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү үчүн төмөнкү чараларды көрүү каралууда:
- ишканаларды заманбап технологиялар жана жабдуулар менен кайра жабдуу;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн жабдуулардын лизингинин көлөмүн жогорулатуу.
Товардык-тейлөөчү кооперативдер кайра иштетүүчү ишканалардын, соода-логистикалык борборлордун (соода-сатып алуу конторасы), машина-трактордук станциялардын базасында түзүлөт.
Кайра иштетүүчү мекемелер мамлекеттик жеңилдетилген кредитти эсепке алуу менен айыл чарба кооперативинин мүчөлөрүн сапаттуу үрөн, жер семирткичтер менен камсыз кылат, айыл чарба техникаларын сатып алууга көмөктөшөт. Айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү кайра иштетүүчү мекемеге айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө берет. Кайра иштетүүчү ишканага өз продукциясын кайра иштетүү үчүн жеткирүүчү айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү кайра иштетилген продукцияны акыркы сатууда катышууга жана пайдадан өз үлүшүн алууга тийиш. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кайра иштетүүчүлөр менен бириктирүүдө продукциянын кошумча наркынын чынжырча системасы түзүлөт жана ар бир тарап өз үлүшүн алат.
Соода-логистикалык борборлордун жана машина-трактордук станциялардын базасында айыл чарба кооперативдери ушундай эле схема боюнча иштейт.
5-глава. Жер мамилелери жана айыл чарба кооперативдеринин укуктук базасы
Гидрологиялык жана температуралык режимдердин өзгөрүшү (кеч жаздагы жана эрте күздөгү үшүк, жогорку температура ж.б.), айлана-чөйрөнүн булганышы жана бир катар райондордо мелиоративдик абал агротехникалык мөөнөттөрдү жана жер ресурстарын толук пайдаланууну чектейт.
Учурдагы салттуу жер иштетүү методдору кыртыштын деградациясына жана булганышына олуттуу кесепетин тийгизет. Жерге ашыкча күч келүүнүн, которуштуруп айдоонун жана өсүмдүктөрдү кезектештирип себүүнүн туура сакталбагандыгынын жана рекультивациялык иш-чаралардын жетишсиздигинин натыйжасында жердин түшүмдүүлүгү начарлайт.
Жайыттарды жайыт которуштуруунун илимий негизделген системаларын колдонбостон сарамжалсыз пайдалануу жер кыртышынын деградация процессине өзүнүн терс таасирин тийгизет. Ошону менен бирге көп учурда жер иштетүүдө которуштуруп айдоонун жана жайыт которуштуруунун илимий негизделген методдорун колдонуунун мүмкүн эместиги чакан контурлуу жерди пайдалануу жана анын майда товардуулугу менен байланыштуу болот. Ошондой эле айыл чарба субъекттери тарабынан тажрыйбанын жана билимдин жетишсиздиги, жайыттарды башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана туруктуу пайдалануу боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжасыздыгы да орун алган.
6-глава. Айыл чарба кооперативдерин финансы-кредиттик жана инвестициялык колдоо
Айыл чарба кооперативдерин финансы-кредиттик жана инвестициялык камсыздоо системасы айылдыктардын иш менен камсыз болуусуна жана кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзүүчү айыл тургундарынын экономикалык активдүүлүгүн арттырууга дем берүү үчүн мамлекеттик жана башка каржылоо булактарын тартуу жолу менен айыл чарба кооперативдеринин тармагын кеңейтүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылуучу айыл чарба кооперативдерин финансылык жана кредиттик колдоо өзүнө төмөнкүдөй чараларды камтыйт:
- айыл чарба кооперативдерине "АӨКК" долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик линияларды республикалык бюджеттен бөлүнүүчү жалпы сумманын 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө бөлүү;
- республикалык бюджет аркылуу каржылоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча заказдарды жайгаштыруу;
- айыл чарба техникасын жана технологиялык жабдууларын лизингге берүү.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында кооперацияны өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй чаралар каралган:
- мамлекеттик жардам механизмин пайдалануу, анда айыл чарба кооперативинин - жардамды алуучунун ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү менен байланышта болот;
- агрардык секторду мамлекеттик колдоодо айыл чарба кооперативдерине артыкчылык берилет, алар өндүрүштүн деңгээлинин сакталышына, ал эми келечекте - айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө, жумушчу орундардын түзүлүшүнө кепилдик берет. Ошол эле учурда кооперациянын бардык формалары мамлекеттик колдоого артыкчылыктуу укукка ээ болот.
Мамлекеттик жардамдын каражаттары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - АЧМ), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондордун мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жана финансы-кредиттик институттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен региондордо белгиленген бизнес-долбоорлордун негизинде бөлүштүрүлөт.
7-глава. Айыл чарба кооперативдеринин ишин маалыматтык жана консультациялык камсыздоо, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
Кооперативдик кыймылды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча маалыматтык, түшүндүрүү жана консультациялык иштерди жүргүзүү, ДФЧлар арасында пропаганданы жайылтуу, кызматкерлерди окутуу жана алдынкы кадрларды даярдоо болуп саналат.
Айыл чарба кооперативдерин мындан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөрдү жүргүзүү зарыл:
- фермерлер арасында айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык иштерди уюштуруу, атайын пландар, тажрыйба алмашуу боюнча окутуу семинарларын өткөрүү;
- айыл чарба кооперативдеринин адистерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштуруу үчүн окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу.
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, айыл чарба колледждери жана окуу жайлары, окуу-методикалык борборлор айыл чарба кооперациясы системасы үчүн кадрларды даярдоо, айыл чарба кооперативдеринин ишинин актуалдуу маселелери боюнча окутуу семинарларын уюштуруу боюнча милдеттерди чечет.
Программаны ишке ашырууга донордук уюмдар, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн ассоциациялары жана бирликтери ж.б. кошумча тартылат.
Ассоциациялар, айыл чарба кооперативдери жана коммерциялык эмес уюмдар Программаны жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүнүн улуттук долбоорлорун ар кандай баскычтарда, анын ичинде методикалык материалдарды даярдоодо, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо программалары, долбоорлору жана түрлөрү жөнүндө маалымдоодо, айыл чарба кооперативдерин түзүүдө, программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн коомдук контролдоодо реалдуу катыша алат, айыл чарба кооперативдерине бизнес-план түзүүдө, жеңилдетилген кредиттерди алууга документтерди даярдоодо жардам көрсөтөт.
8-глава. Айыл чарба кооперативдеринин өнүгүүсү жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү
Программаны ишке ашыруунун инструменттеринин бири айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө долбоордук ыкманы колдонуу зарыл болот. Кооперацияны өнүктүрүү программасынын негизги катышуучулары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - ЭКМ), АЧМ, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - ФМ), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - СФ), республиканын башка министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары болууга тийиш. Ар бир катышуучу өзүнүн ролун аткарууга тийиш. Жергиликтүү аткаруу органдары райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (мындан ары - РАӨБ) менен биргеликте биринчи кезекте кооперативдердин жер ресурстарына, сатуу рынокторуна жеткиликтүүлүгүн, тармактык региондук кооперацияларды түзүүнү жана бардык багыттар боюнча аларды координациялоо менен ар бир райондордо ассоциацияларды түзүүнү камсыздоого тийиш. "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК жана башка банктар кредиттөө боюнча операторлор болууга жана жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча кооперативдерге алгылыктуу шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги айыл чарба кооперативдерин окутууга активдүү катышууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүргүзүү үчүн көмөк көрсөтөт жана зарыл шарттарды түзөт, өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана ушул Программаны ишке ашыруу, ошондой эле өздөрүнүн региондорунда айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштама, консультациялык жана методикалык колдонмолорду даярдоо боюнча иш-чараларды координациялайт жана иштеп чыгат.
АЧМ кооперацияны өнүктүрүүгө практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт, алардын материалдык-техникалык базасын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүүгө, айыл чарба кооперативдерин бириктирүүгө үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүүгө колдоо көрсөтөт.
РАӨБ төмөнкү маселелерди чечет:
- айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыгы жөнүндө райондук деңгээлде маалыматтык ишти уюштуруу;
- Программаны ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана ишти координациялоо;
- айыл чарба кооперативдеринин иш тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу;
- керектүү материалдарды жана Программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетторду даярдоо.
ЭКМ жана МФ ар бир региондо айыл чарба кооперативдеринде жана кластерлеринде мамлекеттик сатып алуулардын механизмин иштеп чыгууга жана аларды ишке киргизүүгө тийиш.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын атынан райондук деңгээлдеги Программанын координаторун дайындайт, ал Программаны ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат, Программаны ишке ашырууну башкаруунун формаларын жана методдорун аныктайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөрү) калк арасында кооперациянын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүү жана алардын аймагында айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча иш-чараларга түздөн-түз катышуу сунушталат.
9-глава. Программаны ишке ашыруунун социалдык-экономикалык натыйжалары
Айыл чарба кооперативдеринин чарбалык ишинин социалдык-экономикалык натыйжалуулугуна айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын максималдуу ишке ашыруу жолу менен жетишилет.
Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- айыл чарба кооперативдеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоону жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну;
- фермерлердин өз ара, ошондой эле башка АӨЖК товар өндүрүүчүлөрү менен продукцияны өндүрүүдө, кайра иштетүүдө жана сатууда өз ара аракеттенүүсүн;
- республиканын жана айылдын экономикалык потенциалын жогорулатууга, айыл калкынын кирешесин жогорулатууга жана айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин азайтууга, айыл жергесинде эмгек рыногун кеңейтүүгө көмөктөшүүнү.
Программаны ишке ашыруу механизми анын аткаруучуларынын курамын, өз ара аракеттенүү формаларын, коюлган милдеттерди чечүүгө багытталган ченемдик укуктук жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплексин аныктайт.
Программаны ишке ашыруунун финансы-экономикалык механизми колдонуудагы ченемдик укуктук база менен аныкталуучу баа, финансы-кредиттик, салыктык жана бажылык-тарифтик саясатта түзүлөт.
Айыл чарба кооперациясынын баштапкы этабын аяктоо айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги инструменттеринин бири статусунда аны өнүктүрүүнүн сапаттуу жаңы этабына өтүүнү камсыздоого тийиш.
10-глава. Программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдар
Германиянын эл аралык кызматташтык агенттиги (GIZ), Эл аралык кызматташтык боюнча АКШ агенттигинин миссиясы (USAID), Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Швейцария кызматташтык бюросу, Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) (макулдашуу боюнча) сыяктуу эл аралык донордук уюмдар айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн кызыкдар тараптардын макулдашууларынын негизинде төмөнкү бөлүктөрдө ушул Программаны ишке ашырууга катышат:
- окутуу, консультациялык иштер жана тренингдерди өткөрүү;
- айыл чарба кооперативдери үчүн адистерди жана лидерлерди даярдоо;
- кооперативдерди кредиттик каражаттар менен колдоо боюнча пилоттук долбоорлорду жана фонддорду түзүү.
11-глава. Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар
Ушул Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- тышкы факторлор (башка өлкөлөрдөгү экономикалык кризистер, айыл чарба техникаларына жана жабдууларына баанын жогорулашы);
- ички факторлор (кредиттик жана донордук каражаттардын келип түшүүсүнүн азайышы, ченемдик укуктук актылардын өз убагында кабыл алынбагандыгы, импорттук жеткирүүлөрдүн өсүшүнөн улам айыл чарба продуктуларын жана сырьёну ички базарларда сатуу шарттарынын начарлашы). Тобокелдиктердин ичинен эң олуттуусу айыл чарба товарларына, үрөндөргө, ККМге, техникага, машиналарга жана жабдууларга, айыл чарба өндүрүшүнүн башка чыгымдалуучу материалдарына баалардын өсүшү болуп саналат;
- табигый катаклизмдердин, өзгөчө кырдаалдардын (суунун тартыштыгы, кургакчылык, нөшөрлөгөн жаан ж.б.) кесепеттери.
12-глава. Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программанын ишке ашырылышын жалпы координациялоо жана башкаруу ЭКМ жана АЧМ менен биргеликте ведомстволор аралык комиссиянын ишинин негизинде жүргүзүлөт.
Ушул Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясынын негизи мамлекеттик статистиканын, АЧМдин маалыматтарын, чарбалык иштин субъекттеринен түшкөн маалыматтарды пайдалануу болот.
Программанын ишке ашырылышын баалоо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, мамлекеттик статистика органынын, Кыргызстан кооперативдер бирлигинин жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан үч этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап. 2023-2024-жылдар мезгилинде Программаны аралыктык баалоо бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт жана Программаны ишке ашыруунун алгачкы эки жылында жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтарына негизделет, анын базасында аткарылган иш-чараларга жана Программанын инструменттерине талдоо жүргүзүлүп, кийинки эки жылга Программанын иш-чаралар планын ишке ашырууга белгилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштамалар иштелип чыгат.
Экинчи этап. 2025-2026-жылдар мезгилинде Программаны аралыктык баалоо бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт жана Программаны ишке ашыруунун алгачкы эки жылында жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтарына негизделет, анын базасында аткарылган иш-чараларга жана Программанын инструменттерине талдоо жүргүзүлүп, кийинки эки жылга Программанын иш-чаралар планын ишке ашырууга белгилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштамалар иштелип чыгат.
Үчүнчү этап. Программаны ишке ашырууну толук баалоо көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлөт жана Программаны ишке ашыруунун бардык мезгилине жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтарына негизделет, анын базасында иш-чаралардан күтүлүүчү натыйжаларга жана иш жүзүндө алынган натыйжаларга баалоо жүргүзүлөт.
Мониторингдин негизги индикаторлору болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- айыл чарба кооперативдеринин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- айыл чарба кооперативдерин түзүүнүн пландуу максаттуу көрсөткүчтөрү;
- айыл чарба кооперативдери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүн көбөйтүү;
- айыл чарба кооперативдеринин эмгек өндүрүмдүүлүгү;
- инвестициялардын жана айыл чарба кооперативдерине кредиттерди берүүнүн көлөмдөрү;
- айыл жергесинде эмгек рыногун кеңейтүү;
- айыл чарба кооперативдери тарабынан алдынкы технологияларды киргизүү;
- айыл чарба кооперациясын уюштуруу жана өндүрүштүк багыттар боюнча кадрларды даярдоо системасын камсыздоо;
- өткөрүлгөн семинарлардын, тренинг-курстардын жана фермерлерди окутуунун таасири, дыйкан жана фермердик чарбалардын жетекчилеринин арасында кооперативдик системанын артыкчылыктарын пропагандалоо.
Программанын Иш-чаралар планын ишке ашыруу республикада айыл чарба кооперативдерин кеңири өнүктүрүүгө импульс болот жана айылдын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн алардын күч-аракеттерин бириктирүүдө айыл чарба субъекттеринин ортосунда сапаттык жаңы мамилелерди түзүүгө, 2028-жылга чейин республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
13-глава. Ресурстук камсыздоо
Бул Программаны каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- тиешелүү мезгилдерге республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык агроөнөр жай комплексине кредиттерди берүү долбоорун ишке ашырууга каралган каражаттар;
- айыл чарба кооперативдеринин жана финансылык донорлордун каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылуучу мамлекеттик долбоорлор боюнча лизингди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар.