Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 418
Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Айыл чарба кооперативдик системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча иштиктүү чараларды көрсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
Биринчи этап - уюштуруучу | ||||||
1 | Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди | 2023-жыл | Айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча кооперативдерди уюштуруу үчүн шарттарды түзүү | АЧМ | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
2 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөн жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" жана 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо" токтомдоруна ылайык, айыл чарбасынын артыкчылыктуу субъекттери катары айыл чарба кооперативдерине тике берүү жолу менен айыл чарба кооперативдерине ижарага берүү | Ижарага берилүүчү сугат айдоо жерлерин натыйжалуу пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди | 2023-2024-жылдар | Айыл чарба кооперативдери өндүргөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
3 | Айыл чарба кооперативдерине жайыт жерлердин жана асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өзгөчө баалуу жерлерге трансформациялоонун эсебинен өздөштүрүү үчүн жерлерди бөлүп берүү | Жерлерди натыйжалуу пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди | 2023-2024-жылдар | Айыл чарба кооперативдери өндүргөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү | ЖМА, ЖӨБО, АЧМ, АЧМге караштуу ЖРК | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
4 | Айыл чарба кооперативдеринин айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн тышкы рынокторду изилдөө | Сатуу үчүн жаңы рыноктор жана потенциалдуу керектөөчүлөр аныкталды | 2024-жылдын ноябры | Сатуунун жаңы рынокторуна, потенциалдуу сатып алуучуларга продукцияны илгерилетүү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
5 | Айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүү жаатында саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү максатында айыл чарба кооперативдери жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсепке алуу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу | Айыл чарба кооперативдери жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсепке алуу системасы иштелип чыкты | 2024-жылдын ноябры | Эсепке алуу системасын жакшыртуу. Айыл чарба кооперативдеринин ишин талдоо үчүн статистикалык маалыматтар базасын түзүү | Улуттук статком (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ЫУӨ, АЧМ | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
Экинчи этап - эксплуатациялык жана инфраструктуралык | ||||||
6 | Каржылоону жыл сайын көбөйтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу: - узак мөөнөттүү ижаранын (лизингдин) негизинде айыл чарба кооперативдери тарабынан айыл чарба техникасын, өндүрүштүн механикалаштырылган каражаттарын жана асыл тукум малды сатып алуу үчүн; - айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жабдууларды сатып алуу үчүн (лизингге) | Айыл чарба кооперативдерине айыл чарба техникаларын, жабдууларды берүү жөнгө салынды жана айыл чарба техникалык паркы жаңыланды | 2023-2027-жылдар | Айыл чарба кооперативдерине жеңилдетилген кредит берүүнү өз убагында каржылоо, айыл чарба техникасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана асыл тукум чарбасын өнүктүрүү | АЧМ, ЭКМ, ФМ, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | АӨКК долбоорунун алкагында |
7 | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү үчүн эл аралык донор уюмдардын инвестицияларын жана каражаттарын тартуу | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлдү | Дайыма | Өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЭУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
8 | Айылдык товар өндүрүүчүлөргө зооветеринардык, агротехникалык кызматтарды көрсөтүү боюнча айылдык тейлөөчү кооперативдерди түзүү | Айыл жерлеринде товардык-сервистик кооперативдердин кызмат көрсөтүү боюнча ишин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү | 2025-жыл | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган өндүрүштүк кызмат көрсөтүүлөрдү жогорулатуу жана камсыздоо | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЭУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
9 | Айыл чарба кооперативдеринин ишинин абалы, жетишкен ийгиликтери, тажрыйба алмашуу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу | Айыл чарба кооперативдеринин ишинин ийгиликтери жөнүндө маалыматты жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди | Жыл сайын, декабрь айында | Кооперативдик кыймылды өнүктүрүү жана илгерилетүү, жаңы жана алдыңкы технологияларды киргизүү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЭУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
10 | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча жыл сайын көргөзмө-жарманкелерди, фестивалдарды, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча көргөзмөлөр, семинарлар жана тренингдер өткөрүлдү | Жыл сайын, октябрь айында | Айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыз кылуу | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
11 | Жогорку жана атайын окуу жайлардын базасында айыл чарба кооперативдеринин лидерлерин жана мүчөлөрүн даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштуруу | Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн билим алуусуна жана квалификациясын, ишкердик көндүмдөрүн жана башкаруучулук жөндөмдөрүн жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү | 2023-2027-жылдар | Айыл чарбасында кесипкөй кадрлардын деңгээлин жогорулатуу | АЧМ, БИМ, ЭСКММ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
12 | Айыл чарба кооперативдерине "АӨКК" багыты боюнча жыл сайын берилүүчү жеңилдетилген кредиттөөнүн 30%дан кем эмесин бөлүп берүү | Айыл чарба техникасын натыйжалуу пайдалануу жана асыл тукум чарбасын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди | Жыл сайын | Айыл чарба кооперативдери тарабынан өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүн көбөйтүү | ЭКМ, АЧМ, "Айыл Банк" ААК, "РСК" ААК (макулдашуу боюнча) | АӨКК долбоорунун алкагында |
13 | Республиканын ар бир облусунда кластердик ыкма боюнча пилоттук айыл чарба кооперативдерин түзүү | Кластердик ыкма менен пилоттук айыл чарба кооперативдерин түзүү жана айыл чарба продукциясын мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү | 2024-2027-жылдар | "Талаадан - сатып алуучуга" принциби боюнча продукция өндүрүү чынжырчасын камсыз кылуу | АЧМ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ККС (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт, ФАО долбоорунун алкагында |
14 | Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрү боюнча мамлекеттик тапшырыкты жайгаштыруу менен кооперативдерди өнүктүрүү | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлдү | 2024-2027-жылдар | Өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүн көбөйтүү | ФМ, АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | Бекитилген бюджеттин алкагында, АЧМ, облустардагы ЫУӨ |
15 | Кооперативдик жана кластердик өнүктүрүү саясатынын уюштуруу түзүмүн даярдоо | Кластердик бирикмелердин катышуучуларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу жакшыртылды | 2023-2027-жылдар | Кластердик бирикмелердин катышуучуларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну жөнгө салуу | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, агроөнөр жай кластерлеринин жетекчилери | Бекитилген бюджеттин алкагында, АЧМ, облустардагы ЫУӨ |
16 | Керектөө кооперациясынын системасын жана айыл чарба субъекттери (дыйкан, фермердик чарбалар, айыл чарба кооперативдери) менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу | Керектөө кооперациясынын системасы жана керектөө кооперациясы менен айыл чарба субъекттеринин өз ара ишмердүүлүгү аныкталды | 2026-жылдын ноябры | Айыл чарба продукцияларын сатуу жана маркетинг маселелерин чечүүнү жакшыртуу | АЧМ, ЭКМ, облустардагы КРП ЫУӨ | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ККС | - | Кыргызстан кооперативдер союзу; |
К.И.Скрябин атындагы КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети; |
"Айыл Банк" ААК | - | "Айыл Банк" ачык акционердик коому; |
"РСК Банк" ААК | - | "РСК Банк" ачык акционердик коому; |
ЭУ | - | эл аралык уюмдар; |
ФАО | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму; |
АӨКН | - | агроөнөр жай комплексин кредиттөө; |
КР АЧМ караштуу ЖРК | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы; |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фонду; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу; |
АЖМФ | - | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду. |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор (жылдык) | Соңку индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Биринчи этап - 2023-2024-жылдар мезгилине программаны аралык баалоо | |||||||||
1 | Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча кооперативдерди уюштуруу үчүн шарттарды түзүү | ЧУА | 2023-жыл | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ |
2 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөн жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" жана 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо жөнүндө" токтомдоруна ылайык, айыл чарбасынын артыкчылыктуу субъекттери катары айыл чарба кооперативдерине тике берүү жолу менен айыл чарба кооперативдерине ижарага берүү | Айыл чарба кооперативдери өндүргөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү | Отчет | 2023-2024-жылдар | 2 | 2 | 2 | 6 | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО |
3 | Айыл чарба кооперативдерине жайыт жерлердин жана асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өзгөчө баалуу жерлерге трансформациялоонун эсебинен өздөштүрүү үчүн жерлерди бөлүп берүү | Айыл чарба кооперативдери өндүргөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү | Отчет | 2023-2024-жылдар | 2 | 2 | 2 | 6 | ЖМА, ЖӨБО, АЧМ, АЧМге караштуу ЖРК |
4 | Айыл чарба кооперативдеринин айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн тышкы рынокторду изилдөө | Сатуунун жаңы рынокторуна, потенциалдуу сатып алуучуларга продукцияны илгерилетүү |
| 2024-жылдын ноябры | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ |
5 | Айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүү жаатында саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү максатында айыл чарба кооперативдери жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсепке алуу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу | Эсепке алуу системасын жакшыртуу. Айыл чарба кооперативдеринин ишин талдоо үчүн статистикалык маалыматтар базасын түзүү | Ички документтер | 2024-жылдын ноябры | 2 | 2 | 2 | 6 | Улуттук статком (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ЫУӨ, АЧМ |
Экинчи этап - 2025-2027-жылдар мезгилине Программаны aралык баалоо | |||||||||
6 | Каржылоону жыл сайын көбөйтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу: - узак мөөнөттүү ижаранын (лизингдин) негизинде айыл чарба кооперативдери тарабынан айыл чарба техникасын, өндүрүштүн механикалаштырылган каражаттарын жана асыл тукум малды сатып алуу үчүн; - айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жабдууларды сатып алуу үчүн (лизингге) | Айыл чарба кооперативдерин жеңилдетилген кредит берүүнү өз убагында каржылоо, айыл чарба техникасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана асыл тукум чарбасын өнүктүрүү | ЧУА | Дайыма | 3 | 3 | 3 | 9 | АЧМ, ЭКМ, ФМ, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча) |
7 | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү үчүн эл аралык донор уюмдардын инвестицияларын жана каражаттарын тартуу | Өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү | Ички документтер | Дайыма | 4 | 4 | 4 | 12 | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЭУ (макулдашуу боюнча) |
8 | Айылдык товар өндүрүүчүлөргө зооветеринардык, агротехникалык кызматтарды көрсөтүү боюнча айылдык тейлөөчү кооперативдерди түзүү | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган өндүрүштүк кызмат көрсөтүүлөрдү жогорулатуу жана камсыздоо | Отчет | 2025-жыл | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЭУ (макулдашуу боюнча |
9 | Айыл чарба кооперативдеринин ишинин абалы, жетишкен ийгиликтери, тажрыйба алмашуу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу | Кооперативдик кыймылды өнүктүрүү жана илгерилетүү, жаңы жана алдынкы технологияларды киргизүү |
| Жыл сайын, декабрь айында | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЭУ (макулдашуу боюнча) |
10 | Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча жыл сайын көргөзмө-жарманкелерди, фестивалдарды, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү | Айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыз кылуу | Отчет | Жыл сайын, октябрь айында | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ |
11 | Жогорку жана атайын окуу жайлардын базасында айыл чарба кооперативдеринин лидерлерин жана мүчөлөрүн даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштуруу | Айыл чарбасында кесипкөй кадрлардын деңгээлин жогорулатуу | Отчет | Дайыма | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, БИМ, ЭСКММ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ (макулдашуу боюнча) |
12 | Айыл чарба кооперативдерине "АӨКК" багыты боюнча жыл сайын берилүүчү жеңилдетилген кредиттөөнүн 30%дан кем эмесин бөлүп берүү | Айыл чарба кооперативдер тарабынан өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүн көбөйтүү | ЧУА | Жыл сайын | 2 | 2 | 2 | 6 | ЭКМ, АЧМ, "Айыл Банк" ААК, "РСК" ААК (макулдашуу боюнча) |
13 | Республиканын ар бир облусунда кластердик ыкма боюнча пилоттук айыл чарба кооперативдерин түзүү | "Талаадан - сатып алуучуга" принциби боюнча продукция өндүрүү чынжырчасын камсыз кылуу | Ички документтер | 2024-2027-жылдар | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) |
14 | Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрү боюнча мамлекеттик тапшырыкты жайгаштыруу менен кооперативдерди өнүктүрүү | Өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүн көбөйтүү | ЧУА | 2024-2027-жылдар | 2 | 2 | 2 | 6 | ФМ, АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ |
15 | Кооперативдик жана кластердик өнүктүрүү саясатынын уюштуруу түзүмүн даярдоо | Кластердик бирикмелердин катышуучуларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну жөнгө салуу | Ички документтер | Дайыма | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, агроөнөр жай кластерлеринин жетекчилери |
16 | Керектөө кооперациясынын системасын жана айыл чарба субъекттери (дыйкан, фермердик чарбалар, айыл чарба кооперативдери) менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу | Айыл чарба продукцияларын сатуу жана маркетинг маселелерин чечүүнү жакшыртуу | Ички документтер | 2026-жылдын ноябрь айы | 2 | 2 | 2 | 6 | АЧМ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ |
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
К.И.Скрябин атындагы КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети; |
"Айыл Банк" ААК | - | "Айыл Банк" ачык акционердик коому; |
"РСК Банк" ААК | - | "РСК Банк" ачык акционердик коому; |
ЭУ | - | эл аралык уюмдар; |
АӨКК | - | агроөнөр жай комплексин кредиттөө; |
КР АЧМ караштуу ЖРК | - | КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялары; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ККС | - | Кыргызстан кооперативдер союзу. |