Загрузка документа…
21-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык) |
Килим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлоө жөнүндо жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 14-августундагы № 416, 2024-жылдын 23-январындагы № 17
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептоодо колдонулат.
2. Ушул Жободо көрсотүлгон билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептоөнүн тартиби бардык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына колдонулат.
3. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жыл сайын, 1-сентябрга карата ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча педагогикалык кызматкерлердин тарифтик тизмелерин түзүшөт.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик тизмеде көрсөтүлгөн билими, педагогикалык ишинин стажы, илимий даражасы, ардак наамынын болушу жөнүндо маалыматтардын тууралыгы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
4. Окуу жылынын ичинде билим берүү уюмунун кызматкеринин педагогикалык иш стажы, билими жөнүндө маалыматтар өзгөргөн же аларга окумуштуулук даража ыйгарылган, "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардак наам берилген учурда - аларга тийиштүү кошумча акы белгиленет, ал эми "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмалоочу даража ыйгарылган учурда эмгек акысынын өлчөмү көбөйтүлөт.
Мындай учурларда эмгек акысынын өлчөмү төмөнкүдөй өзгөртүлөт:
1) педагогикалык иш стажы көбөйгөндө - эгерде документтери билим берүү уюмунда болсо, тийиштүү стажга жеткен күндөн тартып же педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акынын өлчөмүн жогорулатууга укук берген стаж жөнүндө документ тапшырылган күндөн тартып;
2) билим алганда же билими жонүндө документтери калыбына келтирилген учурда - тийиштүү документ тапшырылган күндөн тартып;
3) "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардак наам жана "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмапоо даражасы ыйгарылган учурда - ыйгарылган күндон тартып;
4) окумуштуулук даража ыйгарылганда - Улуттук аттестациялык комиссиянын окумуштуулук даража ыйгаруу жөнүндө чечими чыгарылган күндөн тартып.
Кызматкерде ал кезектеги же кошумча оргүүдо жүргон, ошондой эле ал убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилде эмгек акысынын өлчөмүн озгортүү укугу пайда более, өлчомү өзгортүлгон эмгек акысы өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык аяктаган күндон тартып толонот.
2. Билимин жана педагогикалык иш стажын аныктоо тартиби
5. Педагогикалык кызматкерлердин билими окуу жайын бүтүргонү жонүндө документтин (диплом, аттестат) негизинде аныкталат.
Билими жөнүндө документтерин жоготуп алган билим берүү уюмунун кызматкерлери аларды мыйзамда карал ган тартипте калыбына келтиришее болот.
6. Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык иш стажы билим берүү уюмуна ишке кабыл алган күндөн тартып андан бошогон күнго чейин жалпы календарлык күндөр, айлар жана жылдар менен суммасы эсептелет.
Педагогикалык иш стажга кызматкердин мыйзамсыз иштен бошотулушуна жана кийин кызмат ордуна калыбына келтирилишинс байланыштуу аргасыз бош жүргон убактысы кошуп эсептелет.
Кандай себептер боюнча болсо да (мыйзамсыз иштен боиютуу учурунан тышкары) бир иштен бошоп (окуусун аяктап) башка жумушка киргенге чейинки учурдун ортосундагы иштеги үзгүлтүк мезгил иш стажына кошулбайт.
7. Педагогикалык иш стажын аныктоо үчүн негизги документ эмгек китепчеси болот.
Эмгек китепчесиндеги жазуулар менен ырасталбаган адистик боюнча иш стажы Кыргыз Республикасынын Окмотүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтому менен бекитилген Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндо жобого ылайык аныкталат.
8. Билим берүү уюмдарында үсток акыларды төлөө үчүн педагогикалык иш стажы жыл сайын курамына уюмдун жетекчиси, профсоюз уюмунун, кадрлар болүмүпүп жана педагогикалык жамааттып өкүлдорү кирген педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисииин буйругу менен бекитилет.
9. Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны төлөөгө негиз болуп педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссиянын чечиминен алынган көчүрмө эсептелет. Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк акы ошол үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу пайда болгон учурдан тартып төлөнөт.
Үстөк акынын өлчөмүнө таасир тийгизе турган педагогикалык иш стажы календарлык айдын ичинде өзгөргөндө үстөк акынын жаңы өлчөмү андай өзгөрүү болгон учурдан тартып белгиленет.
Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге сакталуучу орточо эмгек акы эсептелген бардык учурларда, анын ичинде өргүүдогү же убактылуу эмгекке жарамсыз учурда да эсепке алынат.
Эгерде кызматкерде педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгортүү укугу ал кезектеги же кошумча оргүүдо жүргөн мезгилде, ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилде пайда болсо, үстөк акыны дайындоо аны дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып жүргүзүлөт.
Эгерде кызматкерде педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу орточо эмгек акы сакталган кызматтык милдеггерди аткаруу мезгилинде пайда болсо, үсток акы андай укук пайда болгон учурдан тартып белгиленет жана орточо эмгек акы тийиштүү түрдо кайра эсептелет.
Кызматкер иштен бошотулганда педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы иштеген мезгилине пропорциялуу эсептелет.
Билим берүү уюмунда педагогикалык ишке тартылган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине (эки ишти айкалыштырган) педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы саат боюнча эмгек акыга карата белгиленген иайыздарда толонот.
Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акынын өлчөмүн өз убагында кайра кароого жоопкерчилик билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
10. Педагогикалык иш стажына төмөнкүлөр кошулат:
1) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык билим берүү уюмдарындагы педагогикалык, жетекчилик жана методикалык иш;
2) педагогикалык кызматкерлердин ишинин төмөнкүдөй учурларында ал учурларды өзүнчө алганда да, чогуу алганда да алардан мурда же кийин да негизги жери боюнча педагогдук иште иштеген болсо:
а) билим берүүнү башкаруу органдарында жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитеттеринде, жогорку мектепте жана илимий мекемелерде; жашы жете электердин иштери боюнча комиссияларда же жашы жете электерди социалдык-укуктук жактан коргоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын - ИИБ) жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында, милициянын балдар бөлмөсүндө жетекчи, боюнча инспектордук, инструктордук кызмат орундарында иштеген убактысы;
б) ИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында (милициянын балдар бөлмөсүндө) иштөө (кызмат өтөө) мезгили, эгерде бул мезгилге чейин педагогикалык окуу жайда окуп, андан кийин түздөн-түз педагогикалык ишти уланткан шартта;
в) өндүрүштөн ажыратуу менен педагогикалык окуу жайда окуган мезгили;
3) билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлеринин айрым категорияларынын иштөө мезгили, анын ичинде:
а) Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик окуу жайларынын окутуучуларына, баштапкы аскердик даярдык мугалимдерине (окутуучуларына) - армияда (анын ичинде ИИМдин аскеринде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскерлери менен органдарында) офицердик, сержанттык, старшиналык курамдын, прапорщиктердин жана мичмандардын кызмат орундарында кызмат өтөө мезгили;
б) дене тарбия мугалимдерине жана окутуучуларына - спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу катары иштеген мезгил;
в) спорттук профилдеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттардын хореография жана ритмика мугалимдерине, искусство мектептеринин, музыкалык жана сүрөт мектептеринин окутуучуларына - балеттин, эстрадалык-спорттук жанрдын же оркестрдин артисти, балетмейстер, хормейстер, концертмейстер, хореограф, режиссер, дирижер, сүрөтчү, маданий-агартуу мекемелеринде хореографиялык, акробаттык, музыкалык, көркөм сүрөт ийриминин жетекчиси катары иштеген мезгил;
г) билим берүү уюмдарынын атайын сабактарынын окутуучуларына, өндүрүштүк окутуу устаттарына жана технология мугалимдерине (кол эмгек, черчение жана дизайн) - ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда окуткан сабактарынын профилине туура келген адистик боюнча иштеген мезгил;
д) ийримдердин, секциялардын жетекчилерине - ишканаларда, мекемелеринде, уюмдарда ийримдин профилине профилине туура келген адистик боюнча иштеген мезгил;
ж) дефектолог-мугалимдерге, логопеддерге, сурдопедагогдорго, тарбиячыларга, мугалимдерге - клиникаларда, бейтапканаларда, ооруканаларда, ошондой эле чоңдор үчүн мекемелердеги балдар бөлүмдөрүндө, палаталарда педагогикалык иште иштеген мезгил;
з) кыргыз, орус тил мугалимдерине - мамлекеттик жана расмий тилдерди окутууда квалификацияны жогорулатуу курстарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген мезгил;
и) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына жана директорлоруна - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын медайымы болуп иштеген мезгил.
Мында педагогикалык стажга педагогикалык иш аткарылган айлар гана кошулат.
Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын билим берүү уюмдарында сабак берген кызматкерлерине педагогикалык стаж, эгерде алардын окутуу ишинин көлөмү жылына кеминде 240 сааттан кем болбосо, кошуп эсептелет.
Мында алардын педагогикалык ишинин стажына алар педагогикалык иш жүргүзгөн айлар кошулат.
Директордун финансы-чарбалык иш боюнча орун басарын (проректорун) кошпогондо директорлорго (ректорлорго) жана директордун орун басарларына (проректорлорго) педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы негизги кызмат орду боюнча төлөнөт.
Маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучуларына билим берүүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен үстөк акы орточо ставка үчүн төлөнөт (эгерде окутуучунун 1-класстан 11-класска чейин окуу жүктөмү болсо, 17 саат үчүн).
Эки ишти айкалыштыруу менен педагогикалык иш жүргүзгөн педагогикалык кызматкерлерге педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы айкалыштырган кызмат орду боюнча да төлөнөт.
Мында педагогикалык жүктөмүнүн стажы үчүн үстөк акы белгилене турган негизги жана айкалыштырган кызмат орду боюнча педагогикалык жүктөмдүн жалпы көлөмү эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Билим беруү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин ставкасына жана тарифтик ставкасына (маянасына) 3 жылдык педагогикалык иш стажы үчүн 10 (он) пайыз, 8 жыл үчүн -20 (жыйырма) пайыз, 13 жана андан ашык жыл үчүн - 30 (отуз) пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
3. Билим берүү уюмдарынын жетекчи кызматкерлеринин кызматтык маяналарын аныктоо тартиби
12. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасынын (маянасынын) өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган окуучулардын (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти эске алынат.
13. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасын (маянасын) аныктоодо окуучулардын (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти жыл сайын төмонкүдой тартипте аныкталат:
а) бардык типтеги жана аталыштагы мектептер, мектеп-интернаттар, баштапкы кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары боюнча - окуу жылынын башталышына карата окуучулардын (тарбиялануучулардын, студенттердин) тизмедеги курамы боюнча.
Жалпы билим берүүчү мектептердин базасында 480 сааттык программа боюнча мектепке даярдоодон откон балдардын саны директордун жана директордун ушул иштерди уюппуруу жүктөлгон окуу, окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын кызматтык маянасын аныктоодо 0,5 коэффициент менен эске алынат.
Жалпы билим берүүчү мектептерде кечки класстардын окуучуларыш.ш контингент директордун жана ал класстарга жетекчилик кылуу жүктөлгөн окуу иши боюнча анын орун басарынын маянасын аныктоодо 0,5 коэффициент менен, ал эми опюл мектеитердеги сырттан окуу бөлүмдорүнүн контингенти 0,4 коэффициент менен директорго гана эске алынат.
Окутуу күндүз жана сырттан же жалац гана сырттан жүргүзүлгон кечки (ноомоттүк) жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин тарифтик ставкасын (маянасын) аныктоодо окуучулардын, анын ичинде сырттан окуган окуучулардын контингенти адамдын саны менен (б.а. коэффициенттерди колдонбостон) эсепке алынат.
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жетекчилеринин тарифтик ставкасын (маянасын) аныктоодо интернаттарда жашаган (анын ичинде башка мектептерде окуган) жана жашабаган тарбиялануучулардын контингенти 1,0 коэффициент менен, ал эми келип-кетүүчү окуучулардын контингенти 0,5 коэффициент менен эсепке алынат;
б) мектепке чейинки билим берүү уюмдары, балдар үйлорү жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары боюнча -тарбиялануучулардын (балдар, окуучулар) 1-япварга карата тизмедеги курамы боюнча.
14. Бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин, мектеп-интернаттардын, баштапкы кесиптик билим берүүчү, орто кесиптик билим бсрүүчү жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин тарифтик ставкасы (маянасы) окуу жылынын ичинде окуучулардын (тарбиялануучулардын, студентгердин) саны озгөргонүно байланыштуу, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналары календарлык жыл ичинде тарбиялануучулардын (балдар, окуучулар) саны озгоргонүнө байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
Кечки (нөөмоттүк) жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин тарифтик ставкасы (маянасы) жылына эки жолу - окуу жылынын биринчи жарымынын башында жана экинчи жарымыныи башында иш жүзүндогү контингентке жараша белгиленет.
15. Директордун окуу иши боюнча орун басарынын бирден ашык кызмат орду белгиленген мектептерде алардын биринин тарифтик ставкасынын (маянасынын) олчөмү мектептеги окуучулардын жалпы санына, ал эми экинчисиники - өзү тейлеген класстардагы окуучулардын санына жараша аныкталат.
16. Балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын тарифтик ставкасы (маянасы) 1-11-класстардын окуучуларынын контингентин эске алуу менен белгиленет.
Бул учурда иштеп жаткан жаштардын класстарынын жана сыргган окуу бөлүмдөрүнүн окуучуларынын контингенттери эсепке алынбайт.
4. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана кошумча төлөө
17. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасы, "Эл" жана "Эмгек сиңирген" ардак наамдары бар педагогикалык кызматкерлерге жана билим берүү уюмдарынын илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасы бар кызматкерлерине үстөк акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2. Педагогикалык жана башка кызматкерлерге ардак наамдары үчүн эки жана андан ашык негиздер боюнча үстөк акы белгилөө жана эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу каралган учурларда кызматкердин каалоосу боюнча алардын бирине үстөк акы төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, пунктунун номерине дал келбейт.
3. Айыл жана шаар жеринде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбогөн жалпы билим берүүчү мектептерде (кесиптик лицейлерде) кыргыз тили жана адабияты мугалиминин (окутуучусунун) жана айыл жеринде окутуу орус тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде (кесиптик лицейлерде) орус тили жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) ставкасына эселоо коэффициенти билим берүүнүн тиешелүү децгээлинде окутуу (окутуучулук) иши үчүн билим берүүчү мектептердин (кесиптик лицейлердин) мугалимдеринин (окутуучуларынын) стакасына белгиленген эселөө коэффициентинен 15 пайызга жогорулатылат.
20. Айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жумалык (жылдык) жүктөмдүн жана ставканын көлөмүнө карабастан 1800 сом өлчөмүндо кошумча акы белгиленет.
21. Бийик тоолуу шартта жана алыскы жерлердеги иш үчүн, ошондой эле эмгек акы төлөөнүн озгөчө шарттары үчүн жана "Улуттук" статусу үчүн кошумча жана үстөк акылар Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге ар айлык үстөк акылар кызматгык маянасына жана ставкасына эсептелет.
22. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасындагы билим берүү кызматкерлерине ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн базалык маянадан же сааттык жүктөмдүн ченеминен 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы толонот.
Үстөк акы окуу өргүүсүндө, амбулаториялык дарылоодо, ооруканада дарыланууда жүргөн кызматкерлерге төлөнбөйт.
23. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар ыйгарылган жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жумалык жүктомдүн көломүно карабастан, айына тиешелүү түрдө 5000, 3000 жана 2000 сом өлчомүндогү кошумча акы белгиленет.
Квалификациялык категория үчүн үстөк акы жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жумалык окуу жүктомү 1—4-класстарда 16 саат, 5-11-класстарда - 18 саат үчүн белгиленет.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине квалификациялык категория үчүн үсток акы төлөө квалификациялык категория ыйгарылган айдан кийинки айдын 1инен тартып жүргүзүлөт.
24. Жеңүүчүнү жана байге ээлерин даярдаган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун мугалимине:
- эл аралык олимпиададан (эл аралык комитет тарабынан уюштурулган) жеңсе, төмөнкүлөр үчүн бир жолку төлөм жүргүзүлөт:
1-орун - 500000 сом;
2-орун - 300000 сом;
3-орун - 200000 сом;
- республикалык олимпиадада төмөнкүлөр үчүн окуу жылынын ичинде ай сайын төлөм жүргүзүлөт:
1-орун - 10000 сом;
2-орун - 7000 сом;
3-орун - 5000 сом.
Үстүдөгү окуу жылында республикалык олимпиаданын жеңүүчүсүн жана байге ээсин даярдаган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын мугалимдерине төлөмдөр кийинки окуу жылында, 1-сентябрдан 29-майга чейин жүргүзүлүүсү зарыл.
Эгерде мугалимде олимпиадалардын жеңүүчүсүн жана байге ээсин даярдоо үчүн эки же андан көп төлөмдөрү болсо, мугалимдин каалоосу боюнча алардын бири үчүн төлөм жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтомунун редакциясына ылайык)
241. Жеңүүчүнү жана байге ээлерин даярдаган маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын окутуучусуна:
- эл аралык олимпиадада (айрым өлкөлөр тарабынан уюштурулган), төмөнкүдөй орундар үчүн тиешелүү жылга бюджеттин чегинде бир жолку төлөм берилет:
1-орунга - 200000 сом;
2-орунга - 150000 сом;
3-орунга - 100000 сом.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысын аныктоонун тартиби
25. Жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин эмгек акысы педагогикалык иш, дептер текшерүү жана класс жетекчи жумушу үчүн төлөнгөн акыдан куралат.
26. Жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин педагогикалык иш үчүн эмгек акысы бир жумалык педагогикалык жүктомдүн көлөмүнө жараша аныкталат.
Жалпы билим берүү мектеби боюнча бир жумалык жүктомдүн көлөмү жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарына ылайык өзүнчө предметтерди окутууда класстарды чакан топторго бөлүүнү эсепке алуу менен жыл сайын бекитилген окуу планынын негизинде аныкталат.
Жаңы окуу жылына окуу жүктөмүн бөлүштүрүү укугу мектептин кесиптик бирлик уюму менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмунун директоруна таандык.
Жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин ставкасы:
- 1 -4-класстарда жумасына 16 саат иштегени үчүн белгиленет;
- 5-11-класстарда жумасына 18 саат иштегени үчүн белгиленет. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалиминин максималдуу
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалиминин максималдуу жүктөмү 1—4-класстарда жумасына 24 сааттан, 5-11-класстарда -27 сааттан ашпоого тийиш.
Реабилитациялык топтору бар башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлорунун, башкы бухгалтерлеринин, директордун социалдык жактан корголбогон контингент менен ишти тескеген орун басарынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти 20 адамга чейин контингенттеги тиешелүү кызматкерлердин тарифтик ставкасына (эмгек акысына) эселөө коэффициентинен 10 пайызга жогору жана контингенти 20 адамдан ашык болгондо 25 пайызга жогору белгиленет.
Жаза аткаруу мекемесиндеги башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик торчосуна (маянасына) жана окутуучулардын ставкасына эселөө коэффициенти башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын кызматкерлеринин жана окутуучулардын тарифтик торчосуна (маяналарына) жана ставкасына эселөө коэффициентинен 25 пайызга жогору белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине (бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардан тышкары) класс жетекчилик үчүн айына 1400 сом өлчөмүндо кошумча акы белгиленет, мында кошумча акыны бир классты жетектөө үчүн гана белгилоого жол берилет.
28. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине дептерлерди текшерүү үчүн 1-4-класстарда 16 сааттык, 5-11-класстарда 18 сааттык педагогикалык иши үчүн айына 2700 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
Мугалимдерге дептер текшерүү үчүн кошумча акы белгиленет: кыргыз тили, кыргыз тили жана окуу, орус тили, орус тили жана окуу, өзбек тили, өзбек тили жана окуу, тажик тили, тажик тили жана окуу, чет тили, математика 1-4-класстарга; кыргыз тили, орус тили, өзбек тили, тажик тили, чет тили жана математика 5-11-класстарга.
Эгерде жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин жумалык жүктөмү 16 (18) сааттан ашык же аз болсо, анда дептерлерди текшерүү үчүн кошумча акы ошого жараша көбөйөт же азаят.
1-мисал.
3-класстын мугалими Г.К.Абдылдаева жумасына 17 саат көлөмүндө тарификацияланган.
Г.К.Абдылдаеванын дептерлерди текшерүү үчүн кошумча акысы:
2700 сом х 17 саат : 16 саат = 2869 сомду түзөт.
2-мисал:
7-9-класстын математика мугалими Э.Г.Орозбаева жумасына 23 саат көлөмүндө тарификацияланган.
Э.Г.Орозбаеванын дептерлерди текшерүү үчүн кошумча акысы:
2700 сом х 23 саат : 18 саат = 3450 сомду түзөт.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин бир айлык эмгек акысын аныктоонун мисалдары:
1-мисал.
Балыкчы шаарындагы Л.Толстой атындагы орто мектебинин 5-11-класстарынын математика мугалими А.Т.Нишарапов, жогорку билимдүү, бакалавр квалификациясына ээ, 15 жылдык педагогикалык иш стажы жана жумасына 27 саат көлөмүндөгү жүктөмү бар, класс жетекчиси болуп саналат.
Бул мугалимдин бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Математика мугалими А.Т.Нишараповдун ставкасына эселөө коэффициенти 2,451, тиешелүү түрдө анын ставкасынын өлчөмү (18 саат үчүн):
2,451 * 7040 сом = 17255 сомду түзөт.
(17255 сом * 27саат : 18 саат) + 1400 сом (класс жетекчилиги үчүн кошумча акы) + 2700 сом * 27 саат : 18 саат (дептерлерди текшерүү үчүн кошумча акы) + (17255 сом * 18 саат : 18 саат * 30 % (педстаж үчүн кошумча акы)) = 25883 сом + 1400 сом + 4050 сом + 5177 сом = 36510 сом.
2-мисал:
Лейлек районундагы С.Садыков атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими С.С.Токтоматова, орто кесиптик билимге ээ, 12 жылдык педагогикалык иш стажы жана жумасына 20 саат көлөмүндөгү жүктөмү бар, класс жетекчиси болуп саналат.
Бул мугалимдин бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Башталгыч класстын мугалими С.С.Токтоматованын ставкасына эселөө коэффициенти 2,177, тиешелүү түрдө анын ставкасынын өлчөмү (16 саат үчүн):
2,177 * 7040 сом = 15326 сомду түзөт.
(15326 сом * 20 саат: 16 саат) + 1400 сом (класс жетекчилиги үчүн кошумча акы) + 2700 сом * 20 саат : 16 саат (дептерлерди текшерүү үчүн кошумча акы) + (15326 сом * 16 саат : 16 саат * 20% (педстаж үчүн кошумча акы)) = 19158 сом + 1400 сом + 3375 сом + 3065 сом = 26998 сом.
3-мисал:
Алай районундагы А.Маматов атындагы орто мектебинин 5-11-класстарынын тарых мугалими А.Ш.Исабеков, жогорку билимдүү магистр квалификациясы ыйгарылган, 25 жылдык педагогикалык иш стажы жана жумасына 23 саат көлөмүндөгү жүктөмү бар, класс жетекчиси болуп саналат.
Бул мугалимдин бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Тарых мугалими А.Ш.Исабековдун ставкасына эселөө коэффициенти 2,268, тиешелүү түрдө анын ставкасынын өлчөмү (18 саат үчүн):
2,268 * 7040 сом = 15967 сомду түзөт.
(15967 сом * 23 саат: 18 саат) + 1400 сом (класс жетекчилиги үчүн кошумча акы) + (15967 сом * саат : 18 саат 30% (педстаж үчүн кошумча акы)) = 20402 сом + 1400 сом + 4790 сом = 26592 сом.
4-мисал:
Кочкор районунун И.Арабаев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Т.Т.Суракматов, жогорку билимдүү, адис квалификациясы ыйгарылган, 35 жылдык педагогикалык иш стажы жапа жумасына 16 саат көлөмүндөгү жүктөмү бар, класс жетекчиси болуп саналат, бийик тоолуу жана алыскы шарттардагы иш стажы 31 жыл, райондук коэффициент 1, 2.
Бул мугалимдин бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Информатика мугалими Т.Т.Суракматовдун ставкасына эселөө коэффициенти 2,722, тиешелүү түрдө анын айлыгынын ставкасынын өлчөмү (18 саат үчүн):
2,722 * 7040 сом = 19163 сомду түзөт.
(19163 сом * 16 саат: 18 саат) + 1400 сом (класс жетекчилиги үчүн кошумча акы) + (19163 сом * 16 саат : 18 саат * 30% (педстаж үчүн кошумча акы) + 19163 сом * 16 саат : 18 саат * 30% (бийик тоолуу жана алыскы шарттардагы иши үчүн кошумча акы)) * 1,2 (райондук коэффициент) = (17034 сом + 1400 сом + 5110 сом + 5110 сом) * 1,2 = 28654 сом * 1,2 = 34384 сом.
Гимназиялык класстардагы мугалимдердин, тарбиячылардын, мектеп-гимназиялардын (интернат-гимназиялардын) жетекчилеринин жана мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлердин), кесиптик лицейлердин мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын, жетекчилеринин ставкасына жана тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенттери тиешелүү билим деңгээлине ээ болгон билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуу устаттарынын, жетекчилеринин, мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлердин), кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окутуу устаттарынын, жетекчилеринин ставкасына жана тарифтик ставкасына (маянасына) эсептөө коэффициентинен тиешелүү түрдө 15 жана 20 пайызга жогорулатылат.
Жалпы билим берүү уюмдарындагы ийримдердин жетекчилеринин жана класстан тышкаркы дене тарбия иштери боюнча тарифтик ставкаларынын (маяналарынын) өлчөмдөрү жумасына 20 сааттык иш үчүн белгиленет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Сабактарды алмаштыруу үчүн акы 4 айдан (мугалим кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда 9 ай) ашык төлөнбөйт, көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин алмаштыруу сааттары тарификациялык тизмелерге кайра квалификацияланат. Мугалимдер жок, мугалимдер оорусу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыз болгон, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда мугалимдерге 1-4-класстарда жумасына 16 саат, 5-11-класстарда - жумасына 18 саат алмаштырууга уруксат берилет, мында жалпы билим берүү уюмунун алмаштыруучу мугалиминин сабак берүү жүктөмү алмаштырууну эске алуу менен 1-4-класстарда жумасына 32 сааттан, 5-11-класстарда - жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.
Жалпы билим берүү уюмдарынын педогогикалык кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 126-беренесинин бешинчи бөлүгүнө ылайык ушул уюмда 11 ай үзгүлтүксүз иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин өргүү берүүдө негизги акы төлөнүүчү өргүүнүн узактыгынын бир айлык ченеми 12 айга бөлүнөт.
Мисалы: 2020-жылдын 1-ноябрында жумушка кабыл алынган башталгыч класстын мугалими 2021-жылдын 1-июнунда эмгек өргүүсүнө чыгат, анын негизги акы төлөнүүчү өргүүсүнүн узактыгы 7 ай иштеген мезгили үчүн (2020-жылдын 1-ноябрынан тартып 2021-жылдын 1-июнуна чейин) 33 күндү түзүп төмөндөгүдөй эсептелет:
мугалимдин өргүүсүнүн узактыгы 56 календардык күндү түзгөндүгүнө жараша, ага ар бир ай үчүн 56 күн / 12 ай = 4,67 күн эсептелүүгө тийиш.
4,67 күн х 7 ай = 32,69 күн = 33 күн (тегеректөөнү эсепке алуу менен).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416, 2024-жылдын 23-январындагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын тарбиячыларынын, маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин, мектептен тышкаркы, баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын жана башка кызматкерлеринин эмгек акысын аныктоонун тартиби
(Аталышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Эмгек акынын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн жумасына 36 сааттык иши үчүн;
- бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячылары үчүн жумасына 30 сааттык иши үчүн;
- мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийримдеринин окутуучулары үчүн жумасына 20 сааттык иши үчүн;
- орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучусу үчүн жылына 720 сааттык иши үчүн.
Эгерде педагогикалык кызматкердин жумалык (жылдык) жүктөмү ушул пункттун жогоруда көрсөтүлгөн абзацтарында аныкталгандан көп же аз болсо, анда эмгек акы тиешелүү түрдө көбөйөт же азаят.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын максималдуу жүктөмү жумасына 54 сааттан, балдар үйлөрүнүн жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячылары үчүн - жумасына 45 сааттан, маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучулары үчүн - жумасына 34 сааттан, орто атайын музыкалык мектеп-интернатынын окутуучулары үчүн - жумасына 36 сааттан; мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийримдеринин жетекчилери үчүн - жумасына 30 сааттан, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн - жылына 1080 сааттан ашпоого тийиш.
1-мисал:
Талас районунун "Алтын балалык" мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы М.Т.Сатыбалдиева, жогорку билимдүү, магистр квалификациясы ыйгарылган, жумасына 54 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 18 жылдык педагогикалык иш стажы бар.
Бул тарбиячынын бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Тарбиячы М.Т.Сатыбалдиеванын эселөө коэффициенти 3,437, тиешелүү түрдө анын ставкасы (36 саат үчүн):
3,437 * 7040 сом = 24 196 сомду түзөт.
(24196 сом * 54 саат : 36 саат) + 24 196 сом * 30% (педстаж үчүн кошумча акы) = 36294 сом + 7259 сом = 43553 сом.
2-мисал:
"Балажан" республикалык окуу-методикалык борборундагы ийримдин окутуучусу Д.Асекова, жогорку билимдүү, адис квалификациясы ыйгарылган, жумасына 22 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 7 жылдык педагогикалык иш стажы бар.
Бул окутуучунун бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Окутуучу Д.Асекованын эселөө коэффициенти 2,992, тиешелүү түрдө анын ставкасы (20 саат үчүн):
2,992 * 7040 сом = 21064 сомду түзөт.
(21064 сом * 22 саат : 20 саат) + 21064 сом * 20 саат : 20 саат * 10% (педстаж үчүн кошумча акы) - 23170 сом + 2106 сом = 25276 сом.
3-мисал:
Ош айыл чарба колледжинин окутуучусу А.А.Ташиев, жогорку билимдүү, магистр квалификациясы ыйгарылган, жылына 648 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 22 жылдык педагогикалык иш стажы бар.
Бул окутуучунун бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Окутуучу Л.А.Ташиевдин эселөө коэффициенти 1,995, тиешелүү түрдө анын ставкасы (жылына 720 саат үчүн);
1,995 * 7040 сом = 14045 сомду түзөт.
(14045 сом * 648 саат : 720 саат) + 14045 сом * 648 саат : 720 саат * 30% (педстаж үчүн кошумча акы) = 12641 сом + 3792 сом = 16433 сом.
4-мисал.
Сузак районунун С.К.Абдразаков атындагы мектеп-интернатынын тарбиячысы А.А.Калыкова, жогорку билимдүү, адис квалификациясы ыйгарылган, жумасына 36 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 2 жылдык педагогикалык иш стажы бар.
Бул тарбиячынын бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
А.А.Калыкованын эселөө коэффициенти 2,449, тиешелүү түрдө анын ставкасы (жумасына 30 саат үчүн):
2,449 * 7040 сом = 12241 сомду түзөт.
(12241 сом * 36 саат : 30 саат) = 14689 сом (педстаж үчүн кошумча акы жок).
Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин сааттык эмгек акысынын өлчөмү жумасына 16 сааттык окутуучулук иш үчүн белгиленген ставканы жана тарифтик ставканы (маянасын) 67,2 бөлүү жолу менен аныкталат; жумасына 18 сааттык педагогикалык иш үчүн - 75,6; жумасына 24 сааттык педагогикалык иш үчүн - 100,8; жумасына 30 сааттык педагогикалык жумуш үчүн - 126,0; жумасына 36 сааттык педагогикалык иш үчүн - 151,2.
1-мисал:
Адис квалификациясы менен жогорку билими бар жана мектепте алмаштыруу тартибинде тарых сабагынан берген кызматкердин сааттык эмгек акысынын өлчөмү:
2,268 (эселөө коэффициенти) х 7040 сом (минималдуу базалык ставка): 75,6 = 15967 сом : 75,6 = 211,2 сом = 211 сом (тегеректөөнү эске алуу менен).
2-мисал:
Мектепке чейинки билим берүү уюмунда орто кесиптик билими бар жана тарбиячыны алмаштыруучу кызматкердин сааттык эмгек акысы төмөнкүлөрдү түзөт:
2,896 (эселөө коэффициенти) х 7040 сом (минималдуу базалык ставка): 151,2 = 20388 сом: 151,2 = 134,8 сом = 135 сом (тегеректөөнү эске алуу менен).
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында педагогикалык кызматкерлерге саатына төлөө педагогикалык кызматкердин оорусу же башка себептер боюнча жок болгондорду алмаштыруу тартибинде берилген сааттар үчүн төлөөдө, ошондой эле педагогикалык ишке тартылган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине төлөөдө гана жол берилет.
Каникул убагында жана майрам күндөрү мугалимдин эмгек акысы сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. Тарифтик ставка (маяна) төмөндөгүлөргө белгиленет:
- баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарына - жумасына 40 сааттык иши үчүн;
- жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу жылындагы улук окутуучуларына (окумуштуулук даражасы жок) жана окутуучуларына (ассистенттерине) - 850 сааттык окутуу иши үчүн; улук окутуучуларына (окумуштуулук даражасы бар) жана доценттерге - 800 сааттык окутуу иши үчүн; профессорлоруна -750 сааттык окутуу иши үчүн.
Педагогдордун сабак берүү (окутуучу) жүктомү окуу планына ылайык сааттардын санына, педагогикалык кадрлар менен камсыздалышына жана бул окуу жайындагы башка шарттарга жараша бөлүштүрүлөт.
Билим берүү уюмдарын жана программаларын лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча ишке тартылган эксперттин эмгегине акы төлоөнүн өлчөмү жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын) 5-11-класстарынын математика мугалимдеринин жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын эмгек акысынын децгээлинде белгиленет.
1-мисал.
Москва районунун Беловодск айылыидагы № 28 кесиптик лицейинин ондүрүштүк окутуу устаты А.С. Муратов, жогорку билимдүү, бакалавр квалификациясы ыйгарылган жана 14 жылдык педагогикалык иш стажы жана жумасына 48 саат көлөмүндөгү жүктөмү бар.
Бул өндүруштүк окутуу устатынын бир айлык эмгек акысы төмөнкүдой болот:
А.С. Муратовдун эселоо коэффициенти 2,394, тиешелүү түрдө анын тарифтик ставкасы (маянасы) (жумасына 40 саат үчүн):
2,394 * 7040 сом = 16854 сомду түзөт.
(16854 сом * 48 саат : 40 саат) - 16854 сом * 30 % (педстаж үчүн кошумча акы) = 20225 сом + 5056 сом = 25281 сом. 2-мисал.
Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин профессору Н.Н. Эшматова, философия илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы бар, философия кафедрасынын башчысы, 25 жылдык педагогикалык иш стажы жана бийик тоолуу жана алыскы шарттарда 11 жылдык иш стажы жана жылына 750 саат көломүндөгү жүктөмү бар (1 ставка).
Н.Н. Эшматованын бир айлык эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
Н.Н. Эшматованын эселоо коэффициенти 2,046, тиешелүү түрдө анын тарифтик ставкасы (маянасы) (жылына 750 саат үчүн):
2,046 * 7040 сом = 14404 сомду түзөт.
(14404 сом (кызматгык маяна) + (14404 сом * 30 % (педстаж үчүн кошумча акы) + 14404 сом * 10 % (бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштелгендиги үчүн кошумча акы) + 1800 сом (илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн))* 1,5 (райондук коэффициент) = (14404 сом + 4321 сом + 1440 сом + 1800)*1,5 = 21965 сом *1,5 = 32948 сом.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 416 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик тилдеги тексттеги сөзгө дал келбейт.
| Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө 1-тиркеме |
20_- 20_-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлеринин
тарифтик тизмеси
Жалпы билим берүүчү уюмдун аталышы_______________________________________________________________________
Жайгашкан жери___________________________________________________________________________________________
|
|
|
|
|
|
|
| Жумадагы сааттардын саны | Педагогикалык иш үчүн эмгек акы (сом)) |
| Төмөнкүлөр үчүн кошумча акы (сом) |
|
|
|
| |||||||||||||
к/н | Аты жөнү. | Окутулуучу сабак | Билими | Педогогикалык иш стажы, жыл | Эселөө коэффициенти | Айлык ставка | Жогорулатууну эске алуу менен айлык ставка | 1-4 класстар | 5-9 класстар | 10-11 кластар | Бардыгы | 1 -4 класстар | 5-9 класстар | 10-11 класстар | Бардыгы | Жалпы педагогикалык иш үчүн бир айлык эмгек акы, (сом) | Класс жетекчилик | Дептер текшерүү | Педагогикалык иш стажы | Класстан тышкары дене тарбия иштерине жетекчилик кылуу, ийримге жетекчилик кылуу | Наам, статус | китепкана | Айыл жеринде иштөө |
| Бийик тоолу жана алыскы зоналардагы иш стажы үчүн маянасына жана ставкасына үстөк акы | Бир айдагы бардык эмгек акысы, сом | Райондук коэффициент, % | Бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн кошумча акы коеффициентин эске алуу менен бардык эмгек акысы, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | б | 7 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого 2-тиркеме |
20_- 20_-окуу жылы үчүн билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлеринин
тарифтик тизмеси
Уюмдун аталышы__________________________________________________________________________________________
Жайгашкан жери___________________________________________________________________________________________
Аты-женү | Окутулуучу сабак | Билими | Педагогикалык иш стажы, жыл | Эселеө коэффициента | Ставканын, кызматтык маянанын олчөмү | Жумадагы, окуу жылыпдагы педагогикалык саатгардын саны | Педагогикалык иш үчүн эмгек акы, сом | Айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча акы, сом | Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы иш стажы үчүн үстек акы, сом | Башкалар (наам, статус үчүн), сом | Педагогикалык стаж үчүн кошумча акы, сом | Бардыгы: бир айдагы эмгек акы, сом | Райондук коэффициент, сом | Жыйынтыгы: бир айдагы эмгек акы, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнундө жобого 3-тиркеме |
Иш убактысы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин педагогикалык иш стажына кошула турган билим беруу жана башка уюмдардын, мекемелердин жана кызмат орундардын
ТИЗМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим беруу уюмдары | Кызмат орундар |
Бардык типтеги жана аталыштагы жалпы билим берүүчү мсктсптср жана мектеп-интернапар, мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаттар | Мугалим, педагог, мугалим-дефектолог, мугалим-логопед, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, окуу онөрканаларынын устаты, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу, окуу (окуу-тарбия) бөлумүнүн, практиканын башчысы, улук тарбиячы, сурдопедагог, сурдокотормочу, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, социалдык педагог |
Музыкалык жана көркөм сүрөт мектептери, искусство мектептери жана мектеп-интернаттар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор |
Логопеддик пункттар | Логопеддик пункттун башчысы, мугалим-логопед |
Балдар үйлерү, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрү, тарбиялоо-эмгек колониялары, балдарды кабыл алуу пункттары, жашы жете электер үчүн кабыл алып-бөлүштүргүчтөр, мектеп-колониялар (аталышына карабастан), илимий медициналык-педагогикалык консультациялар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы (атасы, энеси), улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, окуу өнөрканаларынын устаты, режим боюнча улук нөөмөтчү, режим боюнча нөөмөтчү, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбиялоо) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, мугалим-логопед, сурдопедагог, социалдык педагог |
Бардык типтеги жана аталыштагы балдардын билим берүү уюмдары | Директор, тарбиячы, окутуучу, музыкалык жетекчи, музыкалык кызматкер, мугалим-логопед, сурдопедагог, психолог, директор, сурдокотормочу |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | Ийримдин же секциянын жетекчиси, аккомпаниатор, концертмейстер, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), методист, маданий уюштуруучу, бөлүм башчы |
Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары | Окутуучу, педагог, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, методист, өндүрүштүк окутуунун, окуу өнөрканаларьгаын устаты, сурдопедагог, сурдокотормочу, улук устат, баштапкы аскердик даярдык жана дене тарбия боюнча жетекчи, спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык белүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы |
Орто кесиптик билим берүү уюмдары | Окутуучу, тарбиячы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, бөлүм башчы, дене тарбиянын жетекчиси, психолог, методист, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) белүмүнүн, практиканын башчысы, өндүрүштүк окутуу устаты |
Жогорку кесиптик билим берүү уюмдары | Профессордук-окутуучулук курам (ассистент, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор), концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, ректор, проректор (финансы-чарбалык иштер жана маркетинг боюнча проректордон тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн башчысы, практиканын жетекчиси, методист |
Кадрларды өркүндөтүү, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу институттары, Кыргыз билим берүү академиясы, окуу-методикалык кабинеттер | Профессордук-окутуучулук курам, директор (президент) жана анын орун басары (вице-президент) (администрациялык-чарбалык белүк боюнча орун басардан (вице-президенттен) тышкары). Педагогдук иш жүргүзгөн методист, окуу-методикалык кабинетинин башчысы, илимий кызматкер, окуу бөлүмүнүн, кабинеттин, лабораториянын башчысы |
Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мскемелери: балдар үйлөрү, балдар санаторийлери | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, улук тарбиячы, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор |