Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 427
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 4-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун экинчи абзацында жана 6, 7-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Премьер-министр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |