Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 571, 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Координациялык кеңештин милдеттери жана функциялары
3. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик сырларды сактоо боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) - республикада мамлекеттик сырларды сактоо боюнча иштерди контролдоону жана уюштурууну ишке ашыруу максатында түзүлгөн коллегиялык орган.
2. Координациялык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жүргүзөт.
2. Координациялык кеңештин милдеттери жана функциялары
4. Координациялык кеңештин милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик сырларды сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо;
- мамлекеттик сырларды сактоо чөйрөсүндөгү республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери тарабынан кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын координациялоо жана контролдоо;
- мамлекеттик сырларды сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана талдоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Координациялык кеңештин функциялары:
- мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын натыйжалуулугун талдайт, Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик органдардын мамлекеттик сырларды сактоо чөйрөсүндөгү ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- мамлекеттик сырларды сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды, ченемдик жана методикалык документтерди иштеп чыгууну уюштуруу жана аткаруу боюнча сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик сырларды сактоо боюнча укуктук, администрациялык, экономикалык, техникалык, программалык жана криптографиялык чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет, Кыргыз Республикасынын аймагында алардын аткарылышын контролдойт;
- мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик сырларды сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген материалдардын негизинде мамлекеттик сырларды сактоо чөйрөсүндөгү тышкы жана ички коркунучтарды баалоодо катышат;
- өз отурумдарында мамлекеттик сырларды сактоону камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын баяндамаларын жана сунуштарын угат;
- мамлекеттик сырларды сактоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин талдайт, бул ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды жалпылайт;
- республикадагы мамлекеттик органдардын мамлекеттик сырларды сактоо боюнча ишин контролдойт жана уюштурат;
- мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан Координациялык кеңештин ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты, документтерди жана материалдарды сурайт жана алат;
- мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын адистерин ишке тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топторун жана эксперттик комиссияларды түзөт жана алардын ишин уюштурат;
- мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик сырларды сактоонун кемчиликтерин четтетүү үчүн милдеттүү болгон чечимдерди өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Координациялык кеңеш өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча башка милдеттерди да аткара алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
7. Координациялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен бекитилет. Координациялык кеңеш өз ишин отурум түрүндө ишке ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Координациялык кеңештин ишинин планы анын отурумунда бекитилет. Күн тартибин Координациялык кеңештин төрагасы Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча аныктайт. Координациялык кеңештин отурумдары зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан жарым жылда бир жолудан кем эмес чакырылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Отурумдарга маселелерди даярдоо, Координациялык кеңештин ишинин учурдагы маселелерин чечүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан ишке ашырылат.
10. Координациялык кеңештин отурумуна материалдар Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө отурумга чейин 10 иш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.
11. Координациялык кеңеш курамынын үчтөн эки бөлүгү бар болгон учурда чечим кабыл алууга укуктуу. Координациялык кеңештин чечимдери Координациялык кеңештин отурумуна катышуучу мүчөлөрүнүн ачык добуш берүү жолу менен жөнөкөй көпчүлүк добуштары аркылуу кабыл алынат. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болгон учурда, отурумга төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү деп эсептелет.
12. Координациялык кеңештин төрагасы:
- Координациялык кеңештин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Координациялык кеңешке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Координациялык кеңештин отурумдарына жетекчилик кылат;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Координациялык кеңештин жумушчу топторунун курамын бекитет;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Координациялык кеңештин отурумунун иштеринин пландарын жана күн тартибин бекитет.
13. Координациялык кеңештин жооптуу катчысы:
- Координациялык кеңештин отурумдарына даярдыкты уюштурат;
- Координациялык кеңештин иш планынын долбоорун, анын отурумдарынын күн тартибинин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат, Координациялык кеңештин отурумдарына материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоону уюштурат;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүн Координациялык кеңештин отурумдарын өткөрүү орду, датасы жана убактысы, Координациялык кеңештин отурумдарынын күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу, Координациялык кеңештин отурумдарын өткөрүү күнүнө чейин 10 жумушчу күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө маалымдоону камсыз кылат;
- компетенциясына күн тартибинин маселелери кирген кызыкдар мамлекеттик органдар тарабынан Координациялык кеңешке берилүүчү, Координациялык кеңештин отурумун өткөргөнгө чейин 5 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө министрликтин же ведомствонун тийиштүү жетекчисинин колу менен жазуу жүзүндө расмий бланкта Координациялык кеңештин отурумдарын даярдоо үчүн керектүү болгон материалдарды алат;
- Координациялык кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча башка милдеттерди аткарат.
14. Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
- Координациялык кеңештин иш планы, Координациялык кеңештин отурумдарынын күн тартиби жана Координациялык кеңештин отурумдарында маселелерди талкуулоо тартиби боюнча Координациялык кеңештин төрагасына сунуш киргизишет;
- Координациялык кеңештин отурумдарына материалдарды, ошондой эле Координациялык кеңештин чечимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат;
- Координациялык кеңештин отурумдарына катышат жана каралып жаткан маселелерди талкуулоого, чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
- Координациялык кеңештин отурумдарына катышуу мүмкүн болбогон учурда бул тууралуу Координациялык кеңештин жооптуу катчысына билдиришет;
- зарыл учурда Координациялык кеңештин жооптуу катчысына Координациялык кеңештин күн тартибинин маселелери боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө жөнөтүшөт.
15. Кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын демилгеси жана Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча Координациялык кеңештин кезексиз отурумдары өткөрүлүшү мүмкүн.
16. Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын милдетин Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Координациялык кеңештин чечими төрага, төраганын орун басары, жооптуу катчы жана отурумга катышкан Координациялык кеңештин бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет.
18. Координациялык кеңештин отурумдарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү (протоколдон алынган жазуулар) он күндүк мөөнөттө Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө, кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын дарегине жиберилет.
19. Координациялык кеңештин курамына кирбеген кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген отурумдарды өткөрүүдө Координациялык кеңешти өткөрүүнүн күнү, орду, убактысы жана Координациялык кеңештин отурумдарынын күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу тийиштүү кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жана уюмдарга Координациялык кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын колу менен жазуу жүзүндө жиберилет.