Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 531
Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 571, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104, 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тиркелген Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 токтомуна тиркеме |
Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңештин курамы
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667 токтомуна ылайык күчүн жоготту)