Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 433
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 13-тиркемеси:
төмөнкүдөй мазмундагы 3-глава менен толукталсын:
"
3. Жол фонду | ||
1 | Директор | 11,37 |
2 | Директордун орун басары | 9,95 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 8,53 |
4 | Эксперт | 7,11 |
5 | Башкы адис | 5,69 |
6 | Жетектөөчү адис | 4,55 |
7 | Адис | 4,27 |
";
- жогоруда аталган тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Жол фондунун кызматкерлери үчүн Жол фондунун жетекчисинин чечими боюнча ишинин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесипкөй демилге көрсөткөндүгү жана нормага салынбаган жумуш күнү үчүн жетектөөчү кызмат орундары үчүн 10%га чейин, ал эми жетектөөчү кызмат орундарын ээлебеген кызматкерлер үчүн 15%га чейин үстөк акы белгилениши мүмкүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 433
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732 токтомуна ылайык күчүн жоготту)