Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 424
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2023-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 1-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2023-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 21 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргеликте (макулдашуу боюнча):
1) чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2023-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
2) райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлктөр жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (топтоо) пункттары менен камсыз кылсын;
3) жарандарды кабарлоо жана аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болгон учурда аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) аскер комиссариаттарынын өтүнмөлөрү боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу врач-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
2) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтүүнүн алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы топтоо пункттарын врач-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
3) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
1) аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөөнү, кармоону жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жеткирүүнү жүзөгө ашырсын;
2) райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
3) аскер комиссариаттарында, топтоо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
Тиркеме |
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Каипов Сардарбек Эсенович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Максутов Жаркынбек Бурукулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Исраилов Балкабек Исраилович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөчө кырдаалда жарандык коргоо боюнча башкы адиси; |
Джабаров Нематжан Ганиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү; |
Акылбеков Нурланбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Токушев Сардарбек Акматсултанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Нуров Бекжан Нурович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Урманбетов Уланбек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Алымбаев Мырзабек Муканбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Жандармов Руслан Анатольевич | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Таранчиев Кеңешбек Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек шаардык Республикалык топтоо пунктунун башчысы; |
Жээнбеков Накен Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаардык топтоо пунктунун башчысы; |
Мамадиев Тургунбай Абсаттарович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаардык топтоо пунктунун башчысы; |
Сапаралиев Исирапбил Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаардык топтоо пунктунун башчысы; |
Мамбеталиев Султанбек Акматсадыкович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук врачы (Республикалык топтоо пункту); |
Матазов Бакыт Абдылдаевич | - | Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын хирург врачы (Ош топтоо пункту); |
Алымбаев Арстан Чырмашевич | - | Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары (Жалал-Абад топтоо пункту); |
Саламов Сабыр Саламович | - | Кадамжай районунун жалпы дарыгердик практика борборунун клиникалык-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Кадамжай топтоо пункту); |
Ташмамбетова Гульмира Болотбековна | - | Балыкчы үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти (Балыкчы топтоо пункту); |
Джумабекова Индира Масалбековна | - | Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти (Талас облустук топтоо пункту). |
Резерв: | ||
Дуйшекеев Женишбек Жумашович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү; |
Абдылдаева Гулайым Мырзаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатордук-диагностикалык бөлүмчөсүнүн башчысы (Республикалык топтоо пункту); |
Койтукуров Илинбек Төлөнович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек шаардык Республикалык топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Назаралиев Азамат Автандилович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаардык топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Баатыр уулу Алманбет | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаардык топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Абдылдабеков Тилек Ильясович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаардык топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Ормонов Мыйзам Уруксатбекович | - | Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу (Ош топтоо пункту); |
Гапаров Нургазы Сатарович | - | Кадамжай шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун врач-отоларингологу (Кадамжай топтоо пункту); |
Умаралиев Марат Бочонович | - | Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-хирургу (Талас топтоо пункту). |