Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 токтомуна) |
Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги №224, 2026-жылдын 19-майындагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу боюнча жол-жоболорду уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) асимметриялык шифрлөө - электрондук кол тамганын ачык жана жабык ачкычтарын колдонуу менен берүүчүнүн жана консультанттын сунушун шифрлөө методу. Ачык ачкыч маалыматты шифрлоо үчүн колдонулат. Жабык ачкыч ачык ачкыч менен шифрленген маалыматтарды чечмелөө үчүн колдонулат. Асимметриялык шифрлөөнү колдонууда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүмдө кулактандыруу жарыялоодон мурун берүүчүлөрдүн/консультанттардын сунуштарын жабык ачкыч менен чечмелөө үчүн жооптуу кызматкерлерди аныктайт;
2) жеке кабинет - мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун электрондук формада жүзөгө ашыруу үчүн сатып алуучу уюмдун/Агенттин, берүүчүнүн (консультанттын) мамлекеттик сатып алуулар веб-порталындагы жеке иш баракчасы;
3) административдик даттануу - берүүчүнү ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүмдө даттануулар боюнча комиссиянын чечимине же көз карандысыз комиссиянын чечимине көз карандысыз комиссияга берилүүчү даттануу;
4) даттануу - сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануулары боюнча комиссияга мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү процессинде мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган же бузулушу мүмкүн болгон берүүчүнүн/консультанттын арызы;
5) протест - берилген даттанууга, административдик даттанууга же кайрылууга жазуу жүзүндөгү каршы пикир же макул болбоо;
6) кайрылуу - сатып алуучу уюмдун/Агенттин берүүчүнү/консультантты ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүндө арызы;
7) арыз берүүчү - даттанууну, административдик даттанууну же административдик органга кайрылууну берген жак;
8) башка жактар - даттануунун натыйжасында кызыкчылыгы бузулушу мүмкүн болгон бир сатып алууга катышкан берүүчү/консультант;
9) сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими - сатып алуучу уюмдун же Агенттин чечими (мамлекеттик сатып алуу методун тандоо, сатып алуу жөнүндө документтердин шарттары), аракети (аракетсиздиги), сатып алуулар жөнүндө контрактка кол коюу учурунда контракттын шарттарын өзгөртүү.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм/Агент "Сатып алуучу уюмдун", "Агенттин" ролун көрсөтүү менен веб-порталда каттоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
4. Эгерде берүүчү/консультант өз алдынча же жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) курамында бирден ашык сунуш берген болсо, ошол берүүчүнүн/консультанттын катышуусу менен бардык сунуштар четке кагылууга тийиш.
2-глава. Сатып алууларды пландоо. Рынокко мониторинг жүргүзүү. Сатып алуулар жөнүндө комиссия түзүү
5. Сатып алуучу уюм/Агент берилген табыштамалардын негизинде техникалык спецификацияларды иштеп чыгат, учурдагы жылдын 1-ноябрына чейин келерки жылдарга карата сатып алуулар планын бекитет жана веб-порталга жайгаштырат.
6. Сатып алуучу уюм/Агент жалпыга жеткиликтүү булактарды изилдөө же башка сатып алуучу уюмдар/Агенттер тарабынан веб-порталда мурда жүргүзүлгөн сатып алуулардын бааларына талдоо жүргүзүү жолу менен рынокко мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Интернет тармагынын жалпыга жеткиликтүү булактарында бааларды талдоого жана/же берүүчүлөргө коммерциялык сунуштарды киргизүүгө суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.
Рынокто билдирилген сатып алуу предметинин болуусуна жана берүүчүлөрдүн аларды берүү мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле даярдоо мөөнөтү, берүү мөөнөтү, сатып алуу предмети жок болгон учурда запастык бөлүктөрдүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында сервистик борбордун болуусу сыяктуу келечектеги контракттын башка олуттуу шарттарына изилдөө жүргүзүлөт.
7. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу планына бардык бааларды кошуу жана алынган булактардын санына бөлүү жолу менен сатып алуу предметинин орточо баасын киргизет.
Эгерде белгилүү бир товардын же кызмат көрсөтүүнүн баасын табуу мүмкүн болбосо, сатып алуучу уюм/Агент сапаттык мүнөздөмөлөрү окшош бир тектүү же функционалдуулугу боюнча окшош товардын/кызмат көрсөтүүнүн баасын колдонот.
Кыргыз Республикасынын рыногунда товар/кызмат көрсөтүү жок болгон учурда, сатып алуучу уюм/Агент чет өлкөлүк рынокту изилдөөнү камсыз кылууга жана бааларга мониторинг жүргүзүүдө салыктарды, транспорттук чыгымдарды, камсыздандырууга чыгымдарды жана товарга бажы алымдарын төлөө боюнча жол-жоболорду, ошондой эле товардын наркына болжолдуу үстөк бааны эске алууга тийиш.
Бардык көрсөтүлгөн иш-аракеттер аткарылган шартта жана бир гана берүүчү боюнча баалар табылса, мониторинг жүргүзүлдү деп эсептелет.
Рыноктун мониторингин (изилдөө) жүргүзүү учурунда алынган маалымат, сатып алуулар жөнүндө документтерге карата талаптарды даярдоого берүүчүлөрдүн катышуусу болду деп эсептелбейт.
8. Жаңы же капиталдык курулушка жумуштарды сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтердин (ДСД) негизинде курулуш объектисинин аталышын, дарегин көрсөтүү менен жумуштардын сметалык наркын сатып алуу планына киргизет, ДСД архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда экспертизадан өткөн курулуш ченемдерин жана эрежелерин (КЧжЭ) эске алуу менен иштелип чыгууга тийиш, буга Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттерин куруу кирбейт. Сатып алуу планында объектти курууга каралган жалпы сумма көрсөтүлөт.
Курулуштун бюджетин аныктоо үчүн КЧжЭни колдонуу зарыл. Эгерде долбоордук-сметалык документтер мурда иштелип чыккан болсо (эскирүү мөөнөтү бир жылдан ашык), анда ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген коэффициенттердин негизинде объекттин сметалык наркын кайра карап чыгуу зарыл.
Жумуштарды бир булактан сатып алуу методун колдонууда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөргө (экиден кем эмес) жумуштардын көлөмүнүн ведомостун (ДСД) тиркөө менен суроо-талаптарды жөнөтүү аркылуу бааларга мониторинг жүргүзөт. Берүүчүлөрдүн жумуштарынын көлөмүнүн ведомосттору жана сметалык наркы боюнча коммерциялык сунуштары Кыргыз Республикасынын КЧжЭсине жана/же шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык түзүлүүгө тийиш.
Учурдагы оңдоонун сметасын түзүү үчүн сатып алуучу уюм/Агент смета түзүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алат. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси дефект актысын түзүү үчүн комиссияны буйрук менен түзөт, дефект актысынын негизинде смета түзүүчү иштин түрүн жана чыгымдалуучу материалдардын көлөмүн аныктайт, иштин көлөмүнүн ведомостун жана техникалык спецификацияларды көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасын түзөт жана учурдагы оңдоонун жалпы наркын чыгарат. Объекттин сметалык наркын аныктоодо смета түзүүчү учурдагы оңдоону аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды жана салыктарды эске алууга тийиш.
9. Сатып алуучу уюм/Агент кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда техникалык тапшырманы иштеп чыгат жана чыгымдалуучу материалдардын түрлөрүн жана көлөмдөрүн аныктайт. Чыгымдалуучу материалдарга техникалык спецификация иштелип чыгат.
10. Техникалык тапшырманын жана техникалык спецификациянын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн сметасы түзүлөт.
11. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент техникалык тапшырманы иштеп чыгат. Иштелип чыккан техникалык тапшырманын негизинде сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулардын чыгымдарынын сметасын (бюджетин) түзөт.
12. Финансылык жылдын башында сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси категориялар боюнча (башкача айтканда иш чөйрөсү же бөлүмдөр жана башкармалыктар боюнча) өзүнүн кызматкерлеринин, башка органдардын кызматкерлеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн тизмесин алар берген кайрылуулардын жана арыздардын негизинде кийин сатып алуулар боюнча комиссиянын курамына киргизүү үчүн өзүнүн буйругу менен бекитет.
Жетекчи веб-порталга комиссиянын зарыл болгон мүчөлөрүнүн санын киргизет, аларды тандоо веб-портал аркылуу кызматкерлердин арасынан туш келди тандоо жолу менен ишке ашырылат.
Жарандык коомдун өкүлдөрү сатып алуу боюнча комиссиянын курамына алар берген арыздын же расмий каттын негизинде киргизилет. Мындай билдирүү жыл башында берилет.
Башка органдардын кызматкерлери сатып алуу боюнча комиссиянын курамына алар берген арыздын же расмий каттын негизинде киргизилет. Мындай арыз/кат жылдын башында же белгилүү бир сатып алууга сатып алуу планы жарыялангандан кийин, бирок камдай болгон күндө дагы, кулактандыруу жарыяланганга чейин берилиши мүмкүн.
Зарыл болгон учурда сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси зарылдыгын негиздеп, комиссиянын курамына өзгөртүүнү кол менен тандоо жолу менен киргизүүгө укуктуу.
Сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү жүйөлүү себептерсиз жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан баш тарта албайт. Эгерде түзүлгөн комиссиянын мүчөсү жүктөлгөн функцияларды аткара албаса, уюмдун жетекчиси комиссиянын курамына кол менен тандоо жолу менен өзгөртүүлөрдү киргизет. Сатып алуу боюнча документтердин критерийлери бекитилгенден кийин комиссиянын курамы өзгөргөн учурда, мындай өзгөртүү өзгөртүүлөрдүн себеби көрсөтүлгөн жетекчинин буйругу менен таризделүүгө тийиш.
3-глава. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу
1-§. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу методун тандоо
13. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерди түзүүдө сатып алуу методун өз алдынча аныктайт. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн методун тандоодо сатып алуучу уюм/Агент ушул Тартиптин 4-главасын жетекчиликке алат.
14. Борборлоштурулган сатып алуулар ишке ашырылган учурда Агент сатып алуу планында көрсөтүлгөн сатып алуучу уюм тандап алган методго карабастан сатып алуу методун өз алдынча тандап алат.
Чектелбеген метод
15. Чектелбеген методду колдонууда сатып алуулардын жол-жобосу Мыйзамдын 14, 20-беренелеринде жана ушул Тартипте белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте жүргүзүлөт.
Чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасын колдонуунун өзгөчөлүктөрү
16. Эки пакеттүү ыкма берүүчүнүн квалификациялык маалыматтары, сатып алуу предметинин техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү сатып алуучу уюмдун/Агенттин керектөөлөрүн натыйжалуу канааттандыруу жана контрактты аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналган учурларда колдонулат, сунуштарды баалоо сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлөт.
Эки пакеттүү ыкманы колдонууда берүүчүнүн сунуштарын ачуу жол-жобосу Мыйзамга жана ушул Тартипке ылайык эки пакетте жүргүзүлөт.
Эки пакеттүү ыкма менен сатып алууда биринчи этапта берүүчүлөрдүн квалификациялык жана техникалык талаптары бааланат, ал эми экинчи пакетте сатып алуучу уюм/Агент техникалык спецификацияны (сметаны) эске алуу менен финансылык сунушту баалайт.
Сүйлөшүүлөрдө чектелбеген методдун ыкмасын колдонуу өзгөчөлүктөрү
17. Сүйлөшүү жол-жоболору эки этапта жүргүзүлөт:
1) биринчи этапта берүүчүлөр баштапкы сунуштарды баасын көрсөтпөстөн беришет. Сатып алуучу уюм/Агент товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык жана башка мүнөздөмөлөрүнө; аларды берүүнүн контракттык шарттарына, ал эми зарыл учурларда - берүүчүлөрдүн кесиптик жана техникалык компетенциясына, квалификациялык маалыматтарына тиешелүү сунуштарды тартат. Бул этапта сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси сатып алуу жөнүндө Комиссия менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу адамдарды аныктай алат.
Сүйлөшүү жол-жоболору, сунушу четке кагылбаган берүүчүлөр менен жүргүзүлөт. Мында, эгерде сатып алуучу уюм/Агент сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатса, анда сүйлөшүүлөрдүн шарттары бардык берүүчүлөр үчүн бирдей болууга жана басмырланбоого тийиш. Биринчи этапта сунуштун кепилдигин камсыздоо талап кылынбайт.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди иштеп чыгат жана сатып алуу жөнүндө документтерге киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялайт жана биринчи этапка катышкан жана сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө жөнөтөт. Мында сатып алуучу уюм/Агент сатып алынуучу гонарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык же сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн сатып алуу документтеринде баштапкы белгиленген бардык параметрлерин, ошондой эле сунуштарды баалоо, салыштыруу жана жеңип алган сунушту аныктоо үчүн ошол документтерде алгачкы белгиленген критерийлерди алып салышы же өзгөртүшү жана (же) Мыйзамдын жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык келген жаңы мүнөздөмөлөрдү же критерийлерди кошушу мүмкүн.
Берүүчүлөр менен бардык сүйлөшүүлөр биринчи этапта гана, техникалык спецификациялар жана аткаруу ыкмалары боюнча гана жүргүзүлөт;
2) сатып алуу жөнүндө акыркы иштелип чыккан документтердин негизинде берүүчү бир эле учурда өзүнүн техникалык жана финансылык сунуштарын берет. Веб-порталда экинчи этапты ачуу чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасынын жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Котировкаларды суратуу методу
18. Котировкаларды суратуу методу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыкпастан, берүүчү менен электрондук каталог аркылуу контракт түзө алат.
19. Берүүчүлөргө квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгат, анда сатып алууга карата минималдуу квалификациялык талаптарды жана техникалык талаптарды белгилейт.
20. Веб-портал аркылуу котировкаларды суратуу методу менен сатып алууда тандоо критерийлери төмөнкүлөр болуп саналат:
- квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
- техникалык талаптарга ылайык келүү (квалификациялуу кадрларга, жабдууларга талаптар жана материалдарга техникалык спецификация);
- сунушталган эң төмөнкү баа.
21. Электрондук каталогдо сатып алуу предмети жок болгон учурда сатып алуучу уюм/Агент квалификациялык талаптарды белгилөө менен котировкаларды суратуу методу менен сатып алууну жүргүзөт же чектелбеген методду колдонот.
Бир булактан сатып алуу методу
22. Бир булактан сатып алуу методу ушул Тартиптин 24-пунктунун 3-пунктчасында, ошондой эле Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, веб-порталда кулактандырууну жарыялабастан берүүчү менен контракт түзүүнү камтыйт.
Электрондук каталогдо сатып алуучу уюм/Агент үчүн 200000 сомго чейинки суммага керектүү товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жок болгон шартта, сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн (экиден кем эмес) коммерциялык сунуштарын сурап алуу аркылуу сатып алат.
Бир булактан сатып алуу методун колдонууда сатып алуучу уюм/Агент милдеттүү тартипте бааларга мониторинг жүргүзөт, ал рынокту изилдөөгө, өндүрүүчүлөрдөн бааларды иликтөөгө, жарнамалык кулактандырууларга жана прейскуранттарга, ошондой эле мурдагы сатып алуулардын бааларын, сатып алуулардын окшош предметтерине баалар менен салыштырууга негизделүүгө тийиш. Баалардын мониторинги ушул Тартиптин 24-пунктунун 10-12 жана 21-пунктчаларында көрсөтүлгөн сатып алууларга жүргүзүлбөйт.
23. Бир булактан сатып алуу методун колдонуу менен сатып алуулар ушул Тартиптин 24-пунктунун 1, 2-пунктчаларын кошпогондо, сатып алуу планына киргизилүүгө тийиш.
24. Мыйзамга жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда бир булактан сатып алуу методун колдонот:
1) баасын жана техникалык өзгөчө мүнөздөмөлөрүн сактоо менен, учурдагы контрактка кошумча макулдашууга кол коюу аркылуу жүргүзүлгөн сатып алуунун негизинде ошол эле берүүчү менен мурда түзүлгөн контракттын наркынын 10 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууда. Сатып алуучу уюм/Агент, эгерде контрактты аткаруунун жүрүшүндө бул товарларга рыноктогу баа төмөндөсө, берүүчү менен макулдашуу боюнча бааларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү менен кошумча келишим түзүүгө укуктуу;
2) эгерде жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө ведомостто көрсөтүлгөн жумуштардын түрлөрүн көбөйтүү зарылдыгы келип чыкса же жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюм/Агент тарабынан иштин көлөмүнүн ведомостун түзүүдө аныктоого мүмкүн болбогон кошумча жумуштар пайда болсо жана ошол эле берүүчүнү тартуу колдонуудагы сатып алуулар жөнүндө контрактка кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен мурда аткарылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата үнөмдүүлүктү жана натыйжаларды айкалыштырууну камсыз кылса, мурда түзүлгөн контракттын наркынын 10 пайызынан ашпаган кошумча курулуш иштерин же кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда;
3) бекитилген бюджетке же чыгымдар сметасына ылайык чыгымдар беренесине киргизилген суммага карабастан, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук каталогу аркылуу чыгымдардын ар бир беренеси боюнча жыл ичинде 200000 сомго чейин сатып алууда;
4) өзгөчө кырдаалдын алдын алууда жогорку даярдыктагы режимде гана, кечиктирбестен калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук жагдайлардын, авариялардын кесепеттерин жоюу жана локалдаштыруу үчүн өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюуда, ошондой эле эл аралык өзгөчө жардамдын алкагындагы иш-чараларды же чет өлкөлөргө гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда же мобилизациялык даярдык боюнча иштерди аткарууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
5) кечиктирилгис медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда;
6) Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн, Бириккен Улуттар Уюму ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын алкагында иштеген атайын сатып алуу уюмдары (алардын операциялык компоненттерин кошкондо) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет;
7) даярдоочу заводдон, өндүрүүчүдөн же сатып алуу предметине карата интеллектуалдык, автордук же өзгөчө укуктарга ээ берүүчүдөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын ишин, күзөтүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
9) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан чет мамлекеттин аймагында өз ишин камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
10) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган конкреттүү жактан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, ошондой эле тиешелүү ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктарына ылайык же алардын ведомстволук мамлекеттик, муниципалдык мекемелери же ишканалары уставдык капиталындагы үлүшү же акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон юридикалык жактар тарабынан гана аткарылышы же көрсөтүлүшү мүмкүн болгон товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
11) табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген баалар боюнча табигый монополия субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
12) майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар тарабынан түзүлгөн уюмдардан товарларды монополияга каршы орган белгилеген баалар боюнча сатып алууда;
13) Мыйзамдын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими (тапшырмасы) боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган берүүчүдөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууда;
14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режим аныкталганда товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашырууда;
16) эгерде кайталап сатып алууну жүргүзүү ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык контракт түзүүгө алып келбесе;
17) театрдык оюн-зоок уюму, музей, клубдук мекеме, кинематография уюму, маданияттын башка уюму, маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемеси, телерадиоберүү уюму тарабынан конкреттүү жеке жактан же конкреттүү жактардан - сценарийдин авторунан, артист-аткаруучудан, балетмейстерден, теле- же радиопрограмманы алып баруучудан, дизайнерден, дирижердон, драматургдан, машыктыруучудан, композитордон, концертмейстерден, либреттонун авторунан, кино, видео, үн жазуу операторунан, жазуучудан, акындан, режиссердон, репетитордон, скульптордон, хореографтан, хормейстерден, сүрөтчүдөн жана башка чыгармачыл кызматкерден адабияттын же искусствонун чыгармаларын жаратууга же аткарууга болгон кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле конкреттүү жеке жактан же болбосо юридикалык жактан декорацияларды, сахна костюмдарын (анын ичинде баш кийимдерди жана бут кийимдерди) жана декорацияларды жана костюмдарды жасоо үчүн зарыл материалдарды, ошондой эле ушул пунктчада көрсөтүлгөн уюмдар тарабынан чыгармаларды жаратуу жана (же) аткаруу үчүн зарыл болгон театр реквизиттерин, бутафорияларды, гримди, постижёрдук буюмдарды, театрдык куурчактарды даярдоо жана берүү боюнча жумуштарды сатып алууда;
18) майыптар үчүн адистештирилген товарларды жана Брайль шрифти менен терилген окуу куралдарын сатып алууда;
19) спорттук инвентарды жана жабдууларды (шаймандарды), спорттук экипировканы, ошондой эле спорттук улуттук жана курама командалардын катышуусу жана (же) даярдоо үчүн, ошондой эле ушул чөйрөдөгү жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген календардык пландын негизинде спорттук улуттук жана курама командалардын олимпиадалык, паралимпиадалык, дефлимпиадалык жана башка эл аралык спорттук иш-чараларга катышуусу үчүн зарыл болгон допингге каршы чараларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
20) сатып алуулардын жыйынтыктары чыгарылганга жана сатып алуу жөнүндө контракт күчүнө киргенге чейинки мезгилде күндөлүк жана (же) жумалык керектөөдөгү сатып алууларды жүзөгө ашыруу зарыл болгон учурда, эгерде мындай сатып алуу жылдын биринчи айы ичинде жүзөгө ашырылса. Мындай учурда сатып алуунун көлөмү сатып алуунун жол-жоболору жүргүзүлгөн мөөнөт ичинде, бирок 2 айдан ашпаган мезгилде сатып алуучу уюмдун/Агенттин керектөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санынан ашпоого тийиш;
21) мамлекеттик музей, китепкана, архив фонддорун, кино-, фотофондду жана башка ушул сыяктуу фонддорду толуктоо үчүн арналган маданий баалуулуктарды (анын ичинде музей буюмдарын жана музей коллекцияларын, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана баалуу басылмаларды, кол жазмаларды, архивдик документтерди, анын ичинде тарыхый, көркөм же башка маданий мааниси бар көчүрмөлөрдү) берүүдө;
22) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23) жаза аткаруу мекемеси тарабынан соттолгондорду юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке орноштуруу максатында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү үчүн сырьёлорду, материалдарды жана комплекттөөчү буюмдарды сатып алууда, аталган мекеменин мындай сырьёлорду, материалдарды, комплекттөөчү буюмдарды сатып алуусу ушул келишимдерде каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылган шартта;
24) белгилүү мезгилдүү басма сөзгө жана электрондук басылмаларга жазылганда, ошондой эле белгилүү авторлордун басма сөз жана электрондук басылмаларын, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик жана муниципалдык китепканалардын, мамлекеттик илимий уюмдардын ишин камсыз кылуу үчүн электрондук басылмаларга жетүү мүмкүндүгүн берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү мындай басма сөз жана электрондук басылмалардан сатып алууда, эгерде аталган басмаканаларга мындай басылмаларды пайдаланууга өзгөчө укуктар таандык болсо;
25) зоопаркка, театрга, кинотеатрга, концертке, циркке, музейге, көргөзмөгө жана спорттук иш-чараларга барууга заказдарды жайгаштырууда, ошондой эле театрдык оюн-зоок, маданий-агартуу жана оюн-зооктук көңүл ачуу иш-чараларына, экскурсиялык билеттерге жана экскурсиялык жолдомолорго кирүү билеттерин жана абонементтерди сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө сатып алуу жөнүндө контракт түзүлгөн учурда;
26) көргөзмөлөрдүн, семинарлардын, конференциялардын, кеңешмелердин, форумдардын, симпозиумдардын, тренингдердин материалдарын сатып алууда жана көрсөтүлгөн иш-чараларга катышуу үчүн акы төлөөдө, ошондой эле бир нече сатып алуучу уюмдардын муктаждыктары үчүн өткөрүлүүчү иш-чарага катышуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө мындай иш-чараны уюштуруучу болуп эсептелген сатып алуучу уюм тарабынан аныкталган берүүчү менен контракт түзүүдө;
27) жеке жактардан окутуучулук кызматтарды, ошондой эле экскурсовод (гид) кызматтарын сатып алууда;
28) капиталдык курулуш объекттеринин долбоордук документтерин иштеп чыгууга автордук контролдоо, капиталдык курулуш объекттеринин курулушуна, реконструкциясына жана капиталдык ремонтуна тиешелүү авторлор тарабынан автордук көзөмөлдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
29) элдердин маданий мурас объекттерин (тарых жана маданият эстеликтерин) сактоо боюнча иштердин жүргүзүлүшүнө техникалык жана автордук көзөмөл жүргүзүүгө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
30) кызматкерди кызматтык иш сапарга, окуучуларды, студенттерди, аспиранттарды чыгармачылык мелдештерге (конкурстарга, олимпиадаларга, фестивалдарга, оюндарга), көргөзмөлөргө, пленэрлерге, конференцияларга, форумдарга, мастер-класстарга, стажировкаларга катышуу, окуу практикалык тапшырмаларды аткаруу үчүн жиберүү, анын ичинде көрсөтүлгөн иш-чаралар өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү, турак жайды жалдоо, транспорттук тейлөө, тамактануусун камсыз кылуу, ошондой эле өкүлчүлүк чыгымдар менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
31) мамлекеттик жана мобилизациялык материалдык резервдерден сатылуучу материалдык баалуулуктарды сатып алууда;
32) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33) мыйзамдарга ылайык акт менен аныкталган турак эмес багыттагы имаратты, курулушту, курулманы, жайды сатып алуу, ошондой эле турак эмес багыттагы имаратты, курулушту, курулманы, жайды ижаралоо предмети болуп саналган сатып алуу жөнүндө контрактты түзүүдө, ижарага алынган жайды техникалык күтүү, кайтаруу жана тейлөө боюнча кызматтарды сатып алууда, мамлекеттик же муниципалдык уюмга акысыз пайдаланууга берилген бир же бир нече турак эмес жайды техникалык күтүү, кайтаруу жана тейлөө боюнча кызматтарды сатып алууда, эгерде бул кызматтар акысыз пайдаланууга жана (же) оперативдүү башкарууга берилген жайлар жайгашкан имаратта турак эмес жайларды пайдаланган башка адамга же адамдарга көрсөтүлсө;
34) мыйзамдарга ылайык мамлекеттик коргоого алынуучу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн изин суутпай издөө ишин, тергөө аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле зарыл илимий-техникалык же башка атайын билимдерге ээ болгон кызмат адамдарынын жана адистердин кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууда;
35) жаратылышты пайдалануу укугун сатып алууда;
36) чет өлкөдө кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматтарды сатып алууда;
37) рейтинг агенттиктеринин кызмат көрсөтүүлөрүн же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
38) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
39) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизме боюнча эл аралык келишимдерге ылайык, ошондой эле эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
40) эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн делимитациялоону, демаркациялоону жана текшерүүнү геодезиялык, картографиялык, топографиялык жана гидрографиялык камсыз кылууну сатып алуу жөнүндө контракт түзүүдө;
41) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чет мамлекеттер, чет мамлекеттердин өкмөттөрү, эл аралык жана мамлекеттик уюмдар, иши кайрымдуулук жана эл аралык мүнөзгө ээ болгон чет өлкөлүк өкмөттүк эмес коомдук уюмдар жана фонддор тарабынан акысыз негизде берилүүчү гранттардын акча каражаттарын, ошондой эле аларды берүү жөнүндө макулдашууларда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун башка жол-жоболору каралган учурларда бул гранттарды кошо каржылоого бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалануу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
42) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
43) Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды ташуу жапа коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
44) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
45) монетардык ишти, ошондой эле улуттук архив фондун жана пенсиялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
46) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
47) статистикалык байкоолордун маалыматтарын иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
48) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
49) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөөдөн бошотулган адамдарга адвокаттар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды сатып алууда;
50) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурда рынокко жөнгө салуучу таасир көрсөтүү үчүн мамлекеттик материалдык резервге товарларды сатып алууда;
51) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
52) адистештирилген авиациялык оңдоо ишканаларында авиациялык техниканы оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
53) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
54) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
55) Кыргыз Республикасынын Президенттин фондунан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
56) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги N 224 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
57) элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алууда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 224, 2026-жылдын 19-майындагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2§. Техникалык өзгөчөлүк
25. Техникалык өзгөчөлүк - сатып алуу предметинин сапаттык мүнөздөмөлөрүн, функционалын, эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана техникалык параметрлерин сыпаттоо.
Сатып алуучу уюм/Агент максималдуу атаандаштыкты камсыздоо жана ошол эле учурда сатып алынуучу товарлардын шайкештигин камсыздоо үчүн техникалык өзгөчөлүктү түзөт. Иштелип чыккан техникалык өзгөчөлүктөр чектелген мүнөздө болбоого тийиш. Атап айтканда товарларга талаптар берүүчүлөрдүн санын негизсиз чектөөгө алып келсе, мындай талаптар сатып алуу жөнүндө документтерге киргизилбейт (мисалы, бирден бир өндүрүүчү тарабынан чыгарылуучу өлчөмдөргө карата талаптар).
Туруктуу сатып алуу критерийлерин жана продукциянын рынокто болуу убактысын колдонуу талаптары:
- эгерде продукция сатып алуу предметин күтүү бөлүгүндө узак рынокто болуу убактысына ээ болсо (электр энергиясын керектөө, оңдоо, тейлөө ж.б.) жана жаңылоону же модернизациялоону талап кылса, бул продукциянын жашоо циклинин наркын баалоодо эске алынышы мүмкүн;
- товарды утилдештирүү аспекттери анын иштөө мөөнөтү бүткөндө бааланат. Экологиялык жана коопсуз утилдештирүү методдорун эске алуу маанилүү;
- таңгактардын калдыктарын ташып чыгуу келишимин түзүү же жеткирүү контрактына кайтарылуучу тараны колдонуу жөнүндө талапты киргизүү;
- кеңсе кагазын сатып алууда төмөнкүлөрдү колдонуу керек: "эң жок дегенде 80% кайра иштетилген кагазды камтууга жана хлордон толук таза болуу";
- материалдарды колдонуу, бышыктык же энергияны же сууну керектөө сыяктуу экологиялык мүнөздөмөлөрдүн стандарттарын камтуу. Техникалык стандарттарга, анын ичинде экологиялык мүнөздөмөлөргө шилтемелер;
- продукциядагы зыяндуу заттардын камтылышын чектөө боюнча талаптарды белгилөө. Бул талаптарды аныктоодо техникалык регламентти эске алуу керек.
Тамак-аш продукттарын сатып алууда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
- калган жарактуулук мөөнөтүн талап кылууну;
- продукцияны өндүрүү жана иштетүү ыкмасына карата талаптарды;
- продукциянын курамына талаптарды;
- продукцияда механикалык зыяндардын жана зыянкечтердин жоктугун;
- ГМО жоктугун;
- продукцияда консерванттардын жоктугун;
- сезондуулугун;
- сууну алмаштыруучу идиште берүүнү;
- тамак-аш кошулмаларынын колдонулбагандыгын;
- продукциянын курамында уулуу заттардын жоктугун.
Сатып алуучу уюм/Агент заказчыларга продукцияга карата талаптарын, мисалы конкреттүү экологиялык критерийлерди так белгилөөгө мүмкүндүк берген экомаркалоо талаптарын киргизе алат.
Экомаркалоо - бул экологиялык экспертизадан өткөндөн кийин продукцияга коюлуучу атайын белги.
Техникалык өзгөчөлүк эгерде мындай талаптар сатып алуучу уюм/Агент жана берүүчү тарабынан сатып алуу предметин бир мааниде түшүнүү үчүн жетиштүү так болгон шартта, эксплуатациялык же функциялык, анын ичинде экологиялык мүнөздөмөлөрдүн тизмеги формасында болушу мүмкүн. Эгерде, мүнөздөмөлөрдүн толук сыпаттамасын түзүү мүмкүн болбосо, техникалык өзгөчөлүктөр колдонуудагы эл аралык стандарттарда каралган сатып алынуучу товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан стандарттык мүнөздөмөлөргө, техникалык регламенттерге жана шарттарга, талантарга, шарттуу белгилерге жана терминологияга шилтемени камтууга тийиш, ошол эле учурда ар бир шилтемени "же эквиваленти" деген сөз айкашы менен толуктоо зарыл.
Эгерде сатып алуу предметинин техникалык өзгөчөлүгүн сыпаттоо мүмкүн болбосо, анда сатып алуучу уюм/Агент "же эквиваленти" деген сөз айкашын кошуу менен буга чейин белгилүү болгон, башкача айтканда ага теңдеш же ага тете соода маркасына таянат. Бирок бул шарт сатып алуучу уюмду/Агентти эквиваленттүү сунуш шайкеш келүүгө тийиш болгон техникалык мүнөздөмөлөрдү көрсөтүү зарылдыгынан бошотпойт.
Эгерде сатып алуу предмети стандарттык товарлар болсо жана рынокто атаандаштыкты камсыз кыла ала турган жетиштүү сандагы берүүчүлөр болсо, сатып алуучу уюм/Агент "эквивалент" деген сөздү белгилебей соода маркасын колдоно алат.
Сатып алуунун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн жабдууларды жана механизмдерди сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент рынокто болуу убактысына талаптарды белгилейт жана жашоо цикли ичиндеги чыгымдарды, утилдештирүү ыкмасын жана чыгымдарын баалайт. Айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент техникалык регламентте каралган зыяндуу заттардын камтылышынын жол берилген ченемдеринин чегин көрсөтөт (мисалы көмүрдү сатып алууда радиация, уулуу металлдардын чыгышы сыяктуу зыяндуу заттардын жол берилген ченемдери).
Зарыл болгондо товарларды берүүдө зарыл болгон коштоочу кызмат көрсөтүүлөр (монтаждоо, жөндөө, пайдаланууга берүү, кепилдик мөөнөтү, сервистик тейлөө, окутуу, товарларды текшерүү жана сыноо ж.б.) техникалык спецификацияларда көрсөтүлөт.
Сатып алуулардын предметине жараша техникалык спецификацияда төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот:
- жабдуулар менен жүзөгө ашырылуучу функциялар, мисалы бухгалтердик эсепти автоматташтыруу үчүн система же автоматтык долбоорлоо системасы;
- жабдуулардын эксплуатациялык (жумушчу) мүнөздөмөлөрүнө негизделген спецификациялар;
- жабдуунун техникалык жана физикалык мүнөздөмөлөрүн аныктоочу өндүрүштө пайдаланылуучу өлчөмдөр, материалдар, талап кылынуучу параметрлердин так маанилери ж.б.
Спецификацияларда товардын стандартына шилтеме жасоого болот: эл аралык таанылган ченемдер жана стандарттар. Спецификацияларда стандарттарды пайдаланууда башка таанылган ченемдерге жана стандарттарга жооп берген жана/же сапаттын эквиваленттүү же кыйла жогорку деңгээлин камсыз кылган стандарттар да алгылыктуу деп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөр колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары;
- стандартташтыруу жаатындагы эрежелер, ченемдер жана сунуштамалар;
- эл аралык стандарттар;
- башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары;
- уюмдардын стандарттары.
Кыргыз Республикасында эл аралык стандарттар жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары стандартташтыруу боюнча улуттук орган (НИСМ) тарабынан белгиленген методикага ылайык стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары колдонулат. Сатып алуучу уюм/Агент белгиленген талаптарга шайкеш келишин документ менен ырастоону сурайт. Эгерде техникалык регламентте Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү сертификациялоо каралбаса, сатып алуучу уюм/Агент шайкештик сертификаттарын талап кылууга укуксуз.
Техникалык спецификацияларда товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, фирмалык аталыштарды, патенттерди, товар чыгарылган жердин аталышын жана өндүрүүчүнүн аталышын, ошондой эле сатылып алынуучу товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн бир потенциалдуу берүүчүгө таандык экендигин аныктоочу башка мүнөздөмөлөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат.
Колдо болгон жабдууларга чыгымдалуучу материалдарды, запастык бөлүктөрдү сатып алуу, жабдууларды жана уюштуруу техникасын оңдоо ж.б. кошулбайт, мында сатып алуучу уюмда/Агентте колдо болгон товарлардын маркасын, моделин, чыгарылган жылын, жабдууну өндүрүүчү өлкөнү, жабдууну же жабдуунун модели/соода маркасы көрсөтүлгөндө автону техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле лицензияны жаңылоону жана/же узартууну талап кылган программалык камсыздоону көрсөтүү зарыл.
3-§. Сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүү жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо
26. Техникалык спецификацияларды иштеп чыгуу жана берүүчү сунуш кылган сатып алуу предметинин сапаттык мүнөздөмөлөрүнө көз карандысыз баа берүү бөлүгүндө сатып алуу жөнүндө документтерди түзүү үчүн сатып алуучу уюм/Агент эксперттик комиссияны же тиешелүү тармактагы экспертти тарта алат, ал жетекчинин буйругу менен же кулактандыруу жарыяланганга чейин же ачкандан кийин түзүлөт.
27. Сатып алуу жөнүндө документтерди түзүү эки этаптан турат:
1) веб-порталдан сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгуу;
2) сатып алуу боюнча комиссия тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерди бекитүү.
Сунуштун кепилдигин камсыздоо банктык кепилдик түрүндө берилген учурда берүүчү анын түп нускасын сатып алуучу уюмга/Агентке сунуштар ачылгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде берүүнү камсыз кылат.
Сунуштун кепилдигин камсыздоо акча каражаттары түрүндө берилген учурда, берүүчү сунуштар ачылган учурга чейин сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик/алыш-бериш эсебине келип түшүүсүн камсыз кылат.
28. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу предметинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сатып алуу лотторун түзөт, аны айкалыштыруу боюнча топтоштурууну (мисалы, жашылчалар, эт азыктары, консерваланган жана ун азыктары ж.б.) өзүнчө лотко киргизүү зарыл.
Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, сатып алуу бюджетинин негизинде лотту түзүүдө кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы наркы көрсөтүлөт жана кызмат көрсөтүүлөргө техникалык тапшырма жана техникалык спецификацияларды көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасы тиркелет.
29. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу предметине жараша квалификацияга карата төмөнкүдөй талаптарды белгилейт:
- мезгилди көрсөтүү менен лоттун же сатып алуунун суммасына (эгерде сатып алуу бир лот боюнча жүргүзүлсө) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнүн мүнөзү боюнча окшош берүүлөрдүн тажрыйбасынын болушу. Документ менен ырастоо катары көрсөтүлгөн суммага жана мезгилге аткарылган контракттардын же кол коюлган кабыл алуу актыларынын көчүрмөлөрү суралат;
- акыркы жылдардагы зыяндардын жоктугу. Документ менен ырастоо катары акыркы жыл үчүн бардык тиркемелери менен финансылык отчеттуулукту же Бирдиктүү салык декларациясы суралат;
- материалдык-техникалык базанын болушу (мисалы: экскаватор, материалдарды ташуучу машина, кран ж.б.). Документ менен ырастоо катары автомашинага техпаспорт же курулуштун бүткүл мезгилине ижара контрактынын (келишиминин) көчүрмөсү суралат;
- ар бир адистин иш тажрыйбасынын болушуна талаптарды белгилөө менен зарыл адистерди тизмектөө менен квалификациялуу кадрлардын болушу. Документ менен ырастоо катары эмгек китепчелеринин, дипломдордун, сертификаттардын көчүрмөлөрү суралат;
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген колдонуудагы лицензиянын же катталган өлкөнүн лицензиясынын болушу (лицензияланууга тийиш болгон контрактта (келишимде) каралган иштин бардык түрлөрүнө), мында мындай талап жөнөкөй шериктештиктин суб-берүүчүлөрүнө же өнөктөштөрүнө жайылтылат;
- бүткөрүлө элек объекттердин бар экендиги жөнүндө маалыматты аяктоо стадиясын көрсөтүү менен берүү. 70 пайыздан төмөн бүткөрүлбөгөн объекттердин болушу контракттын өз убагында аткарылбай калуу тобокелдиги болуп саналат;
- зарыл болгондо, техникалык спецификациянын талаптарына ылайык берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо этабында шайкештик предметин баалоо үчүн товардын үлгүлөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн (бланктык продукцияны, китептерди, медалдарды, төш белгилерди, сувенирлерди ж.б. даярдоо) берүү.
Жөнөкөй шериктештикке биригүү менен катышкан учурда сатып алуучу уюм/Агент алдынкы өнөктөшкө белгиленген талаптардан 40 пайыздан кем эмес жана жөнөкөй шериктештиктин ар бир мүчөсүнө 10 пайыздан кем эмес окшош тажрыйбасы бар экендигин көрсөтөт.
Баалоонун баллдык системасы менен берүүчүлөрдүн квалификациясын баалоо үчүн гана колдонулат. Сатып алуучу уюм/Агент квалификацияга коюлган ар бир талап боюнча баллдын максималдуу санын жана квалификация үчүн жалпы босого баллды белгилейт. Бул бөлүмдө баалоонун кийинки этабына өтүү үчүн минималдуу босого балл 70 балл болууга тийиш. Баалоонун баллдык системасында баллдын жалпы суммасы 100 баллдан ашпоого тийиш: квалификация үчүн 70-80 баллдан кем эмес, финансылык сунуш үчүн - 30-20 балл.
Мында баалоонун баллдык системасы сатып алууларда пайдаланылат, аларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм/Агент үчүн тандоонун негизги критерийи болуп берүүчүлөрдүн квалификациясы саналат.
Калган учурларда сунуштарды баалоонун стандарттык системасы пайдаланылат.
Квалификацияны баалоо үчүн сунушталган баллдык система:
- берүүчүнүн бул жаатта ырасталган окшош тажрыйбасы - 20дан 40 баллга чейин;
- финансылык каражаттардын болушу жана акыркы финансылык жыл үчүн берүүчүдө зыяндардын жоктугу (эсепте каражаттардын, кредиттик линиялардын жана башка финансылык каражаттардын болушу) - 10дон 20 баллга чейин;
- техникалык мүмкүнчүлүктөр (менчикте же ижарада материалдык-техникалык базанын болушу) - 20дан 40 баллга чейин;
- берүүчүнүн квалификациялуу кадрларынын болушу - 20дан 40 баллга чейин;
- билдирилген жумуштарды аткарууга, товарларды берүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө лицензиянын болушу (эгерде билдирилген иш билдирилген чөйрөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияланууга тийиш болсо) - 10 балл.
30. Квалификациялык талаптарды белгилебестен бир булактан жана котировкаларды суроо методдору менен сатып алууда сатып алуу боюнча комиссия түзүлбөйт (электрондук каталог аркылуу сатып алуу).
Комиссиянын мүчөлөрү документтердин критерийлерин ырастоого же сын пикирлер жана толуктоолор менен жеткире иштеп чыгуу үчүн сатып алуу бөлүмүнө кайтарып берүүгө тийиш. Эгерде 3 жумуш күндүн ичинде комиссиянын мүчөсү сын пикирлерди жана/же толуктоолорду ырастабаса же бербесе, критерийлер ырасталды деп эсептелет.
4-§. Берүүчүлөрдүн сунуштарын берүүнүн акыркы мөөнөтү
31. Сатып алууга катышууга берүүчүнүн сунушу веб-портал аркылуу электрондук формада сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин берилет.
32. Сатып алуучу уюм/Агент техникалык спецификациялар өзгөргөн же негизги талаптар өзгөргөн учурда өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумуш күндөн кем эмес мөөнөттө документтерди өзгөртө алат. Мында сатып алуулар предмети жана методу өзгөрбөйт.
5-§. Келип түшкөн сунуштарды ачуу
33. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу жол-жобосу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дароо веб-портал аркылуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Асимметриялык шифрлөө колдонулган учурда берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу сатып алуучу уюмдун/Агенттин бир же андан ашык кызматкерлери тарабынан электрондук кол тамга аркылуу өз алдынча жүзөгө ашырылат.
6-§. Келип түшкөн сунуштарды баалоо
34. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуу боюнча комиссиясы тарабынан сунуштарды баалоо жана салыштыруу комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан жекече жүргүзүлөт.
35. Эксперттер (эксперттик комиссия) алар тартылган учурда товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр сунуштаган сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына шайкештик предметине техникалык мүнөздөмөлөргө (техникалык спецификация, техникалык тапшырма, жумуштардын сметасы) баалоо жүргүзөт жана эксперттик корутунду берет, мында эксперттер сатып алуу боюнча комиссия тарабынан чечим кабыл алууда добуш берүүгө укугу жок. Эгерде сатып алуу жөнүндө документтерде каралган талаптардын чегинде түзүлгөн учурда эксперттердин (эксперттик комиссиянын) корутундусу комиссия же Агент тарабынан эске алынат.
36. Берүүчүнүн сунушунун маңызын өзгөртүү жана берилбеген документтерди суроо максатында эч кандай суроо-талаптарга, сүйлөшүүлөргө же уруксаттарга жол берилбейт.
37. Берүүчүнүн сунушунда алардын аныктыгына комиссияда/Агентте шек жараткан документтер болгон учурда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушунун курамына кирген документтердин аныктыгын ырастоо үчүн ушул документти берүүчүгө берген үчүнчү тарапка жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтөт (мисалы, даярдоочу заводдун авторизациясынын, лицензиянын, квалификациялык сертификаттардын көчүрмөсү ж.б.).
38. Баалоо учурунда сатып алуу боюнча комиссия/Агент сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптарга олуттуу шайкеш келбегендик үчүн берүүчүнүн сунушун четке кагат. Мындай олуттуу четке кагуулар төмөнкү учурларга кирет:
1) берүүчүнүн сунушунун кол коюлган формасынын, контракттардын жана/же аткарылган жумуштардын актыларынын (эгерде документтер талап кылынса), лицензиялардын (эгер лицензияланса) көчүрмөлөрү жок болгон;
2) маанилүү эксплуатациялык параметрлердин же башка талаптардын эквиваленттүүлүгүн камсыз кылбаган башка конструкция же продукция ордуна сунушталганда, сапатка коюлуучу талаптарга (техникалык спецификация, техникалык тапшырма, жумуштардын көлөмдөрүнүн ведомосту жаан чыгымдалуучу материалдар) шайкеш келбеген;
3) алдын ала төлөө жөнүндө берүүчүнүн талабынын болушу, мында сатып алуу жөнүндө документтерде "контракттын шарттары аткарылгандан кийин" төлөө шарты белгиленген;
4) талап кылынган (акыркы) даталарга же жумуштардын жүрүшүп контролдоочу көрсөткүчтөргө дал келбеген контракт, жеткирүү, монтаждоо же куруу боюнча жумуштардын графигин сунуш кылган;
5) сатып алуу жөнүндө документтердин тиешелүү квалификациялык талаптарына шайкеш келбеген суб-берүүчүлөрдү тарткан;
6) сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн кепилдик мөөнөтүн бербеген;
7) баага таасир тийгизиши мүмкүн болгон транспорттоого чыгымдар жана камсыздандыруу, бажы алымдарын жана салыктарды төлөө жана башка чыгымдар сыяктуу өзү сатып алуучу товарлардын жана жумуштардын наркынан тышкары элементтердин баасына кирбеген;
8) берүүчүнүн сунушунун кепилдигин камсыздоону бербеген же толук бербеген, ошондой эле сунуштардын кепилдигин камсыздоону документтерде талап кылынган форма боюнча бербеген;
9) мындай маалыматты берүү жөнүндө суроо-талап сатып алуу боюнча комиссия же Агент тарабынан мурда жиберилген шартта берүүчү тарабынан товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өз баасынан 20%дан ашык төмөндөтүүнүн негиздүүлүгүнүн далилдерин бербеген;
10) берүүчүнүн сунушунун колдонуу мөөнөтү жана берүүчүнүн сунушунун кепилдигин камсыздоонун колдонуу мөөнөтү сатып алуу жөнүндө документте талап кылынган мөөнөттү жаппаган;
11) техникалык спецификацияда жана веб-порталда көрсөтүлгөн баалардын айырмачылыктары табылган учурда.
39. Жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) сунушу төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) өнөктөштөрдүн бири бардык өнөктөштөрдүн ишеним каты менен ырасталган, бардык өнөктөштөрдүн атынан милдеттенме алууга ыйгарым укуктуу алдынкы өнөктөш болууга тийиш. Контракттын алкагында талаш-тартыш келип чыккан учурда сатып алуучу уюм/Агент жалпысынан консорциумга эмес, алдынкы өнөктөшкө талап коёт;
2) жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнүн ортосундагы макулдашуу контракттын шарттарына ылайык сатып алуу жөнүндө контракттын аткарылышы үчүн бардык өнөктөштөр тилектештик жоопкерчиликти тарта тургандыгын жана алдынкы өнөктөш кайсы болбосун өнөктөштүн жана/же бирге алынган бардык өнөктөштөрдүн атынан жана алардын тапшырмасы боюнча милдеттенмелерди тартууга жана көрсөтмөлөрдү алууга укуктуу экендигин, ошондой эле төлөмдөрдү кошо алганда, сатып алуу жөнүндө контрактты аткаруу боюнча бардык операциялар алдынкы өнөктөш менен гана жүргүзүлөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш;
3) сунуш веб-порталда өнөктөштөрдүн ортосундагы келишимде аныкталган алдынкы өнөктөштүн жеке кабинетинен гана берилет.
Жөнөкөй шериктештиктин сунушу жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген учурда сунуш четке кагылууга тийиш.
40. Берүүчү суб-берүүчү менен биргеликте катышкан учурда башкы берүүчү сатып алуу жөнүндө документтерде каралган (белгиленген) квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. Мында эгерде иш лицензияланса, анда лицензия бардык катышуучуларда болууга тийиш жана бардык мезгилде жарактуу.
41. Чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасын пайдаланууда, эгерде берүүчү биринчи пакет боюнча сунушка өзүнүн финансылык сунушун киргизсе жана сатып алуучу уюм/Агент анын баасына жетүүнү алса, анда берүүчүнүн сунушу четке кагылууга тийиш.
42. Комиссия берилген сунуштагы олутсуз шайкеш келбестиктер, майда каталар же так эместиктер болгон сунуштарды четке какпайт. Баалоого таасир тийгизбеген так эместиктер олуттуу эмес четтөөлөр болушу мүмкүн (мисалы, эгерде документтердин талабы менен 2 жыл окшош тажрыйба белгиленсе жана берилген товарлардын, аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 20 млн. сом, ал эми берүүчү 1 жыл 6 ай же 1 жыл 8 ай тажрыйбаны күбөлөндүргөн документтерди берсе, бирок аткарылган берүүлөрдүн көлөмү белгиленген 20 млн. сомдон ашыкты түзсө).
43. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоону аяктоого жана даттануу мөөнөттөрүн эске алуу менен сунуштардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин контракт түзүүгө тийиш. Мында сатып алуучу уюм/Агент сунуштардын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроо-талапты үчтөн эки колдонуу мөөнөтүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө жөнөтөт жана сунуштардын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Ошону менен бирге баалоонун стандарттык жана баллдык системасы сатып алууларда колдонулат, аларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм/Агент үчүн берүүчүлөрдүн квалификациясы тандоонун негизги критерийи болуп саналат жана сатып алуу жөнүндө документтерде квалификациялык талаптар каралган.
Калган учурларда сунуштарды баалоонун стандарттык системасы пайдаланылат.
Стандарттык система пайдаланылган учурда баалоонун биринчи этабында төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- текшерүү: сунушка кол коюу укугу бар адам - берүүчүнүн уюмунун жетекчиси же ага берилген ишеним каттын негизинде кол коюу укугу бар адам тарабынан кол коюлууга тийиш (бул учурда ишеним кат сунуштун пакетине тиркелет);
- сунуштун толуктугу: берүүчүлөр сунушту толук көлөмдө берүүгө тийиш. Сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоочу документтердин жоктугу берүүчүнүн сунушун четке кагууга алып келет;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, берүүчүнүн сунушунун кепилдигин камсыз кылууну төлөө мамлекеттик сатып алууга катышууга сунушун берген жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) берүүчүсү/алдыңкы өнөктөш тарабынан гана жүргүзүлөт. Берилген сунуштун кепилдигин камсыздоо сатып алуу жөнүндө документтерде каралган өлчөмгө, формага жана колдонуу мөөнөтүнө шайкеш келүүгө тийиш. Эгерде сунуштун кепилдигин камсыздоо банктык кепилдик түрүндө берилсе, банктык кепилдиктин тексти сунуштун кепилдигин камсыздоонун стандарттык формасына шайкеш келүүгө тийиш. Эгерде банктык кепилдикти берген банк банктык кепилдиктин өзүнүн формасына ээ болсо, анда бул учурда банк стандарттык формада каралган милдеттүү талааларды көрсөтүү менен аны өзүнүн бекитилген формасы боюнча берет.
Сунуштун кепилдигин камсыздоо ачылган учурга карата акча каражаттары түрүндө сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик эсебине сатып алуунун номерин көрсөтүү менен келип түшүүгө тийиш.
44. Эгерде берүүчүлөр тарабынан сунуштар ар кандай валютада берилсе, сунуштардын баасын салыштыруу үчүн сунуштар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына (сомго) которулууга тийиш. Веб-портал сунуштар ачылган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген алмашуу курсу боюнча бирдиктүү валютага кайра эсептөөнү жүргүзөт.
45. Баалоонун экинчи этабында баалоонун биринчи этабынан өткөн берүүчүлөрдүн квалификациясынын сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына шайкеш келүүсү изилденет.
46. Сатып алуу боюнча комиссия белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келбеген сунуштарды четке кагууга тийиш. Четке кагуунун себептери:
1) ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында берүүчүнүн болушу;
2) кызыкчылыктардын кагылышынын болушу;
3) окшош берүүлөрдө же жумуштарды аткарууда/кызмат көрсөтүүлөрдө билдирилген берүүлөрдүн, жумуштарды аткаруунун/кызматтарды көрсөтүүлөрдүн документ менен ырасталган тажрыйбасынын жоктугу;
4) акыркы жыл үчүн компаниянын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу жана/же зыяндарынын болушу (башка жылдар үчүн кирешелүүлүгүнө/чыгашалуулугуна карабастан);
5) контрактты аткарууга берүүчүнүн документ менен ырасталган техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн (жабдуунун менчик же ижара укугунда) жоктугу;
6) билдирилген жумуштарды же кызматтарды аткаруу/көрсөтүү үчүн документ менен ырасталган квалификациялуу кызматкерлердин жоктугу;
7) товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга/кызматтарды көрсөтүүгө лицензиянын жоктугу (анын ичинде жумуштарды сатып алууда лицензиянын деңгээлинин шайкеш эместиги) же контрактта каралган ишке кирбеген лицензиянын болушу;
8) берүүчүнүн салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 10 эсептик көрсөткүчкө барабар же андан жогору карызынын болушу.
47. Баалоонун үчүнчү этабында квалификациялык талаптарга шайкештигине баалоодон (баалоонун экинчи этабынан) өткөн бардык сунуштар товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коюлуучу негизги талаптардын (техникалык спецификация, техникалык тапшырма, жумуштардын жана чыгымдалуучу материалдардын көлөмүнүн ведомосту) сатып алуу жөнүндө документтерге шайкеш келүүсү текшерилүүгө тийиш. Сунушту четке кагуу үчүн негиз болуп саналган техникалык спецификацияларга шайкешсиздиги: сатып алуу предметинин сапатына коюлуучу негизги талаптарга шайкешсиздиги (талап кылынгандардын ордуна өндүрүштүк кубаттуулугу талап кылынгандан төмөн жабдуулардын же материалдардын абсолюттук ар кандай түрлөрүн, ал үчүн арналган негизги функцияларды аткарууга жөндөмсүз жабдууну сунуштоо ж.б.). Бул баалоо эки мааниде гана кабыл алынышы мүмкүн болгон баалоо формасында болууга тийиш: "Техникалык спецификацияларга шайкеш келет" же "Техникалык спецификацияларга шайкеш келбейт".
Берүүчүлөрдүн жумуштарынын көлөмдөрүнүн ведомостун кароодо каралбай калган (бааланбай калган) позициялардын фактылары аныкталган учурда, сатып алуу боюнча комиссия веб-портал аркылуу берүүчүгө жумуштардын кайсы түрлөрүнө жумуштардын көлөмдөрүнүн ведомостундагы каралбай калган (бааланбай калган) позициялар киргизилгендигин көрсөтүү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт.
Эгерде берүүчү каралбай калган (бааланбай калган) позицияларга баа берүүнү сунуштаса, сатып алуу боюнча комиссия мындай сунушту четке кагат.
48. Төртүнчү этапта баалоонун үчүнчү этабынан өткөн берүүчүлөрдүн бааны сунуштоолорун сапатка карата талаптарга (техникалык спецификацияларга, техникалык тапшырмага, жумуштардын жана чыгымдалуучу материалдардын көлөмдөрүнүн ведомостторуна) ылайык келишине карата салыштыруу жүргүзүлөт. Сатып алуу боюнча комиссия/Агент сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген баалоо критерийлерин эске алуу менен берүүчүлөрдүн бааны сунуштоолорун карайт.
49. Баалоонун баллдык системасы колдонулган учурда, эгерде берүүчүнүн сунушунда анча эмес четтөөлөр болсо жана берүүчү коюлган талапка ылайык келсе, ага ылайык келүү деңгээлине пропорционалдуу балл ыйгарылат (мисалы, эгерде берүүчү талап кылынган 1 млн. сом берүүлөрдө, ага окшош 800 миң сомго берүүлөрдө тажрыйбасын ырастаса, анда мындай учурда бул критерий үчүн берүүчүгө критерийдин максималдуу баллынын 80%ы (800000/1000000) ыйгарылат).
50. Квалификациялык жана техникалык талаптарга (70 балл) ылайык келишине карата баалоо этабында минималдуу өтүү баллына ээ болгон берүүчүлөрдүн бааны сунуштоолору Мыйзамдын 25-беренесинин талаптарына ылайык веб-портал тарабынан ачылат. Эгерде берүүчүлөрдүн бааны сунуштоолору ар кандай валюталарда берилсе, сунуштарга баа берүү үчүн баалар веб-портал аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бааны сунуштоолор ачылган күнгө карата белгиленген валюта курсун пайдалануу менен улуттук валютага (сомго) конвертацияланат.
51. Кыйла төмөнкү баадагы финансылык сунушка веб-портал 100 балл ыйгарат. Калган берүүчүлөрдүн сунуштарына ыйгарылуучу баллдар веб-портал тарабынан төмөнкүдөй түрдө эсептелет:
Б = 100 х Цmin / Ц,
мында:
Цmin - сунуштардын эң төмөнкү баасы;
Ц - берүүчүнүн сунушунун баасы.
Цmin жана Ц коэффициенттери улуттук валютада көрсөтүлүшү керек.
52. Акыркы баалоо веб-портал аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш, баалоонун экинчи этабы үчүн баллдын суммасы берүүчүлөрдүн финансылык сунуштарын баалоо үчүн баллдын суммасына кошулууга тийиш.
53. Комиссиянын мүчөсүнүн чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечиминен айырмаланган учурда, сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда комиссиянын мүчөсүнүн өзгөчө пикири чагылдырылат.
7-§. Сатып алууну жокко чыгаруу. Сатып алуу болгон жок деп таануу
54. Сатып алууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда сатып алуучу уюм/Агент сатып алууну жокко чыгаруу жөнүндө жетекчинин буйругун жайгаштыруу менен веб-порталда сатып алууну жокко чыгарат. Бул учурда сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу түзүлбөйт жана веб-порталга жайгаштырылбайт.
55. Берүүчүлөрдүн же консультанттардын сунуштары ачылгандан кийин сатып алуу жокко чыгарылган же болгон жок деп таанылган учурда, веб-портал сунуш берген бардык берүүчүлөргө жана консультанттарга тиешелүү кабарлоону жөнөтөт.
Сатып алуучу уюм/Агент баалоо критерийлерин, сатып алуу предметинин пландалган наркын, техникалык спецификацияларын, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана ошол эле метод менен сатып алууну кайра жүргүзүүгө тийиш, эгерде кайра сатып алууну жүргүзүү контракт түзүүгө алып келбесе, анда сатып алуучу уюм/Агент ушул Тартиптин 24-пунктунун 16-пунктчасынын ченемдерин колдонууга укуктуу.
8-§. Контрактты ыйгаруу жөнүндө кабарлоо. Контрактты түзүү
56. Жеңүүчү контрактты ыйгаруу жөнүндө кабарлоо ырасталгандан кийин контрактты аткарууну кепилдеген камсыздоону берүүгө жана контрактка кол коюуга тийиш.
Контракт сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына жана берүүчүнүн сунушунда каралган шарттарга ылайык электрондук жана/же жазуу жүзүндө түзүлөт жана тараптар ага кол койгон күндөн тартын күчүнө кирет. Контрактка кол коюуда квалификациялуу электрондук кол тамга колдонулат.
Сатып алуучу уюм/Агент ушул Тартиптин 24-пунктунун 3-пунктчасында, ошондой эле Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, веб-порталда сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялабастан, рынокко мониторинг жүргүзгөндөн кийин сатып алуунун предметинин сапатына карата талаптарга (техникалык спецификация, техникалык тапшырма, жумуштардын көлөмдөрүнүн жана чыгымдалуучу материалдардын ведомосту) ылайык келген учурда эң төмөнкү бааланган наркты сунуш кылган берүүчү менен контрактка кол коёт. Бир булактан методун колдонууда жетекчи негиздемесин көрсөтүү менен методду колдонуу жөнүндө буйрук чыгарат, сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн рынокто болушуна жана баага мониторинг жүргүзөт. Бир булактан методун колдонуу менен контрактка кол коюуда контракт жазуу жүзүндө түзүлөт жана квалификациялуу электрондук кол тамга колдонулбайт.
9-§. Электрондук каталог аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби
57. Тартиптин ушул параграфы квалификацияларды белгилебестен котировкаларды суроо методун жана бир булактан методун колдонгон учурларда сатып алууларды электрондук каталог аркылуу жөнгө салат.
58. Электрондук каталог аркылуу сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм/Агент Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын арасында сатып алынуучу товардын болушун текшерүүгө тийиш, болгон учурда - бааны ырастоо үчүн суроо-талапты түзөт жана жарыялайт, анда сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана саны, сатып алуулардын методу, сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары, берүү шарттары, контракттын жана төлөөнүн шарттары камтылат, ошондой эле салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын жоктугун текшерүүгө тийиш.
59. Сатып алынуучу товар ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тобунда жок болгон учурда сатып алуучу уюм/Агент Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өндүрүлгөн товарлардын категорияларына суроо-талапка өтөт.
60. Бааны ырастоого суроо-талап тиешелүү товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган электрондук каталогдун бардык берүүчүлөрүнө жөнөтүлөт. Жүргүзүлүүчү сатып алуу жөнүндө кулактандыруу веб-порталдын "Кулактандыруулар" бөлүмүндө автоматтык түрдө жарыяланат.
61. Берүүчү бааларды жана берүү шарттарын ырастайт же түзөтүүлөрдү киргизет жана белгиленген мөөнөттө сатып алуучу уюмга/Агентке сунуш жөнөтөт.
Котировкаларды суроо методун колдонууда берүүчү сунуш кылган баалар жана башка шарттар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин автоматтык түрдө ачылат. Бир булактан методу менен сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент электрондук каталогдо сунуштардын тизмегин түзөт жана продукциялардын тизмеги бекитилгенден кийин электрондук каталог автоматтык түрдө контракттын долбоорун түзүү үчүн ранжирленген баа менен берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт жана электрондук ыкма менен кол коюу үчүн берүүчүлөргө жөнөтөт.
62. Берүүчүлөрдүн сунуштары баанын өсүшү боюнча электрондук каталог тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт. Котировкаларды суроо методу менен сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм/Агент Мыйзамдын 26-беренесине ылайык эң төмөнкү баадагы сунушту берген, ошондой эле сатып алуучу уюм/Агент тарабынан белгиленген техникалык талаптарга жана сатып алуунун башка шарттарына ылайык келген жеңүүчүнү - берүүчүнү аныктайт.
Кыргыз өндүрүшүндөгү товарларга карата жеңилдиктерди берүү Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
63. Котировкаларды суроо методу колдонулган учурда электрондук каталог автоматтык түрдө сатып алуулардын жол-жобосунун протоколун түзөт жана аны веб-порталга жайгаштырат.
64. Контракттын долбоору электрондук каталог тарабынан түзүлөт жана сатып алуучу уюм/Агент жана жеңүүчү деп аныкталган берүүчү тарабынан Мыйзамда жана ушул Тартипте каралган тартипте жана мөөнөттө кол коюлат.
4-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби
1-§. Жалпы жоболор
65. Квалификациясы жана наркы боюнча консультанттарды тандоо консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү аныкталган учурларда жүргүзүлөт (мисалы, техникалык-экономикалык негиздемени түзүү, долбоорлоо, дизайн ж.б.).
2-§. Техникалык тапшырма
66. Сатып алуучу уюм/Агент консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда Мыйзамдын 11-беренесине ылайык консультант үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгат (эгерде Агент сатып алуучу уюм катары чыкса, Агентке карата колдонулат). Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу үчүн сатып алуучу уюм/Агент консультациялык фирмаларды/консультантты жалдоо зарылдыгын негиздөөгө, тапшырманын көлөмүн жана аткаруу мөөнөтүн аныктоого тийиш. Техникалык тапшырмада консультант аткарууга тийиш болгон тапшырма жана сатып алуучу уюм/Агент консультанттан эмнени алууну күтө турганы сыпатталат, максаттары, милдеттери, маалымдама маалымат, анын ичинде тиешелүү изилдөөлөрдүн тизмеги, тапшырманын көлөмү, квалификациянын ар бир критерийи боюнча минималдуу балл ыйгаруу менен консультанттардын квалификациясына карата талаптар, отчетторду берүү мөөнөтү көрсөтүлөт.
67. Эгерде консультациялык фирманы жалдоо болжолдонсо, сатып алуучу уюм/Агент жергиликтүү консультанттардын командасынын курамына зарылдык жөнүндө көрсөтүшү керек.
68. Эгерде сатып алуунун максаты билим берүү же кадрларды даярдоо болсо, анда бул консультанттар кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл болгон көлөмүн баалай алышы үчүн окутуудан өтүүгө тийиш болгон кызматкерлердин саны жөнүндө толук маалымат менен кошо техникалык тапшырмада өзүнчө көрсөтүлүшү керек.
69. Тандоо методуна карабастан консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ар бир сатып алууда техникалык тапшырмага сатып алуучу уюмдун/Агенттин экиден кем эмес кызматкери алардын потенциалын жогорулатуу үчүн окутууга киргизилүүгө тийиш (эгерде Агент сатып алуучу уюм катары чыкса Агентке карата колдонулат). Техникалык тапшырмада аны аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр жана изилдөөлөр, болжолдонгон жыйынтыктоочу документтер көрсөтүлүүгө, ошондой эле сатып алуучу уюмдун/Агенттин жана консультанттардын милдеттери так аныкталууга тийиш. Техникалык тапшырма колдо болгон бюджетке ылайык келүүгө тийиш.
3-§. Чыгымдардын сметасын түзүү
70. Иштелип чыккан техникалык тапшырманын негизинде сатып алуучу уюм/Агент сатып алуунун чыгымдарынын (бюджетинин) сметасын түзөт. Тапшырманы аткаруу мөөнөтүн аныктоодо чет өлкөлүк жана жергиликтүү консультанттардын техникалык тапшырманы аткаруу мөөнөтүн эсептөө зарыл. Тапшырманы аткаруу мөөнөтүнө жараша эмгек акынын наркы (сый акы), орду толтурулуучу чыгымдар (тиешелүүлүгүнө жараша чет өлкөлүк жана жергиликтүү болуп бөлүнөт), уюштуруучулук-техникалык колдоо жана баштапкы материалдык-техникалык ресурстар эсептелет. Чыгымдардын сметасын түзүүдө жеке жергиликтүү консультанттарды тандоо үчүн жергиликтүү консультанттарга эмгек акы төлөөгө чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 371 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун жоболорун эске алуу менен же башка ченемдик укуктук актылар менен түзүлөт. Техникалык тапшырмада баяндалган консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү чыгымдардын сметасына (бюджетке) ылайык келүүгө тийиш.
4-§. Сатып алуу жөнүндө жарыялоо. Кыска тизмени түзүү
71. Сатып алуучу уюм/Агент кызыкчылыгын билдирген консультанттардын маалыматын карайт жана билдирилген тармакта тиешелүү квалификацияга ээ консультанттардын кыска тизмесин түзөт жана аны веб-порталга жайгаштырат. Аталган кыска тизмеге бир консультант кириши мүмкүн болгон квалификация боюнча тандоо методу менен сатып алууларды кошпогондо, экиден кем эмес консультант кирүүгө тийиш.
72. Консультанттардын кыска тизмеси түзүлгөндөн кийин 1 (бир) жумуш күндүн ичинде веб-порталда жарыяланат.
73. Эгерде сатып алууга катышууга 2 (экиден) аз консультант кызыкдар болсо, веб-порталга кайталап кулактандыруу жайгаштырылат.
5-§. Сатып алуу жөнүндө документти түзүү
74. Квалификация боюнча тандоо методунда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерде болжолдуу бюджетти көрсөтпөйт, бирок бул маалымат багыт катары гана келтирилгенин жана консультанттар техникалык сунушта өздөрүнүн эсептөөлөрүн сунуштоого, техникалык сунуштарды гана берүүгө (финансылык сунуштарсыз) жана/же бир эле учурда техникалык жана финансылык сунуштарды берүүгө укуктуу экендигин эскертүү менен негизги персонал үчүн убакыттын эсептик чыгымдарын көрсөтө алышат.
75. Эң төмөнкү баа боюнча тандоо методунда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерде бюджетти жана консультанттардан көрсөтүлгөн бюджеттин чегинде техникалык жана финансылык сунуштарды берүү талабын көрсөтөт.
76. Сатып алуучу уюм/Агент Мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык тандоо методуна жараша сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн белгилейт.
6-§. Сатып алуу жөнүндө документтердин жоболорун түшүндүрүү жөнүндө суроо-талап
77. Консультант веб-портал аркылуу сатып алуу жөнүндө документтердин жоболору боюнча түшүндүрмө сурай алат:
1) квалификация жана наркы боюнча тандоодо - сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен;
2) квалификация боюнча тандоодо - сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен;
3) эң төмөнкү баа боюнча тандоодо - сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен.
78. Сатып алуучу уюм/Агент мындай суроо-талапка 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен жооп берет.
7-§. Сунуштарды берүү
79. Консультанттар веб-портал аркылуу бир эле учурда техникалык жана финансылык сунуштарды сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген мөөнөттө беришет.
80. Квалификация боюнча тандоо методунда сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптарга жараша консультанттар техникалык сунуштарды гана берет (финансылык сунуштарсыз) жана/же бир эле учурда техникалык жана финансылык сунуштарды берет.
8-§. Сунуштарды баалоо
81. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоону эки этапта жүргүзөт.
Биринчи этапта техникалык сунуштар баалоонун баллдык системасы боюнча сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген квалификациялык талаптардын негизинде бааланат. Сатып алуучу уюм/Агент ар бир сунушту техникалык тапшырмага ылайык келүүсүнө карата баалоо жүргүзөт. Техникалык сунушту баалоодо консультанттардын квалификациясынан консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун сапаты көз каранды болгондуктан берилген резюмелердин, квалификациянын документтик далилдеринин негизинде ар бир консультанттын квалификациясын баалоо зарыл. Балл төмөнкүлөр үчүн ыйгарылат: жалпы квалификациясы, тапшырмага ылайык келген кесиптик даярдоо билиминин болушу, иш стажы, иш тажрыйбасы үчүн. Сатып алуучу уюм/Агент техникалык сунушту баалоонун натыйжаларын веб-порталга ар бир консультанттын топтогон баллын көрсөтүү менен жайгаштырат.
82. Квалификация боюнча тандоо методунда сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу техникалык сунуш боюнча эң жогорку балл алган консультанттан финансылык сунушту берүүнү сурайт, эгерде мындай талап сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленсе, веб-портал эң жогорку балл алган консультанттын сунушун ачат.
83. Эң төмөнкү баа боюнча сатып алууда техникалык сунуш боюнча өтүү баллын алган жана финансылык сунушта эң төмөнкү бааны сунуштаган консультант сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырылат.
84. Квалификация жана наркы боюнча тандоо методунда жалпы балл (биргелешкен баалоо) алуу максатында веб-портал техникалык жана финансылык баалоо үчүн консультанттардын алган баллдарын автоматтык түрдө суммалайт. Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде веб-портал сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун автоматтык түрдө түзөт, ал кол коюлгандан кийин 1 (бир) күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жайгаштырылат, бир булактан сатып алуу методун кошпогондо. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу Мыйзамдын 38-беренесинде көрсөтүлгөн төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш.
9-§. Сүйлөшүүлөр жана контрактты түзүү
85. Алмаштыруу үчүн консультанттын квалификациясы тажрыйбага жана квалификацияга карата талаптарга ылайык келбеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент сүйлөшүүлөрдү токтотот жана веб-портал аркылуу рейтинг боюнча экинчи орунду алган консультантты сүйлөшүүгө чакырат. Рейтинг боюнча экинчи консультант контракт түзүүдөн баш тарткан учурда сатып алуучу уюм/Агент консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кайра сатып алууну жүргүзөт.
10-§. Бир булактан сатып алуулар
86. Сатып алуучу уюм/Агент контракт түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөргө квалификация үчүн эң жогорку балл алган консультантты чакырат.
87. Бир булактан сатып алуулар тапшырмасы Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарынын негизинде жалданган консультант тарабынан аткарылган мурунку жумуштун уландысы болуп саналган консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жүзөгө ашырылат.
5-глава. Алкактык макулдашууну түзүүнүн тартиби
1-§. Жалпы жоболор
88. Алкактык макулдашуу төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) эгерде сатып алуулардын предмети аныкталбаган же көп жолку негизде сатып алуу зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн болсо (мисалы, үзгүлтүксүз негизде сатып алынган стандарттуу товарлар же пландалбаган сатып алуулар, же бир нече жолку жана сатып алуулардын көлөмүн аныктоо кыйын болсо, тамак-аш азыктары, КММ, чарбалык товарлар, медикаменттер, кеңсе товарлары ж.б.);
2) эгерде сатып алуулардын предметинин мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу мындай предметке болгон зарылдык шашылыш тартипте келип чыгышы мүмкүн болсо (мисалы, кызматтык автотранспортту жана атайын техниканы оңдоо жана тейлөө, иш-чараларды уюштуруу, картриджди толтуруу, техниканы, кеңсе эмеректерин, медициналык жабдууларды сервистик тейлөө, авиабилеттерди сатып алуу же мындай жумуштарга/товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө керектөө шашылыш тартипте келип чыгышы мүмкүн болсо ж.б.);
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган сатып алуулардын предметтеринин тизмегине ылайык сатып алуучу уюмдардын муктаждыктары үчүн Агент тарабынан борборлоштурулган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө.
Борборлоштурулган сатып алууларда алкактык макулдашууну колдонуу учурунда алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде сатып алуу жөнүндө тиешелүү контракттарды түзүү үчүн айрым товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун негизги шарттарын аныктоо максатында макулдашуу бир же бир нече сатып алуучу уюмдар тарабынан бир же бир нече берүүчү (сатып алуу жол-жобосунун катышуучулары) менен түзүлөт.
89. Сатып алуучу уюм/Агент пландоо этабында алкактык макулдашуунун предметин аныктоого тийиш: үзгүлтүксүз негизде сатып алынуучу автомашинаны оңдоо жана тейлөө, техниканы (кеңсе, медициналык жана башка жабдууларды) сервистик тейлөө, авиабилеттер, стандарттык товарлар сыяктуу сатып алуулар же пландалбаган сатып алуулар, же бир нече жолку жүргүзүлүүчү жана сатып алуулардын көлөмүн аныктоо кыйын болгон жана/же мындай жумуштарга/товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө керектөө шашылыш тартипте келип чыгышы мүмкүн болгон сатып алуулар, ошондой эле алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтү.
2-§. Алкактык макулдашууга кол коюу жол-жобосу. Биринчи этап
90. Берүүчүлөр веб-портал аркылуу алкактык макулдашуунун биринчи этабына сунуштарды сатып алуулар жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин берет.
Биринчи этапта алкактык макулдашуу үчүн сатып алуунун жеңүүчүсүн тандоого бааларды салыштырууга жол берилбейт.
3-§. Алкактык макулдашууну түзүү жапа кол коюу
91. Сатып алуучу уюм/Агент алкактык макулдашууларды даярдайт жана алкактык макулдашуунун ар бир тандалган катышуучусу менен 3 жылдан ашпаган мөөнөткө кол коёт.
92. Сатып алуучу уюм/Агент алкактык макулдашуунун экинчи этабында тактала турган жобону жана шарттарды, макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн алкактык макулдашууда белгилейт.
93. Алкактык макулдашууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) сатып алуу предметинин аталышы;
2) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмеси;
3) сатып алуулардын предметинин сапатына болгон талаптар (техникалык спецификация, техникалык тапшырма, жумуштардын көлөмдөрүнүн жана чыгаша материалдарынын ведомосту);
4) товарлардын болжолдуу саны же кызмат көрсөтүүлөрдүн/жумуштардын саны (көлөмү) жана өлчөө бирдиги;
5) берүү орду (дареги);
6) алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтү;
7) алкактык макулдашуу боюнча сатып алуу жөнүндө контракт түзүүнүн тартиби жана башка шарттары;
8) алкактык макулдашуунун шарттарын өзгөртүүнүн жана колдонулушун токтотуунун тартиби жана негиздери.
Агент тарабынан сатып алуулардын жол-жоболору жүргүзүлгөн учурда ушул пункттун 5, 6-пунктчалары боюнча маалымат ар бир сатып алуучу уюм боюнча өзүнчө көрсөтүлөт.
94. Алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде сатып алуулардын предметин (баяндамалары, тандоо критерийлерине таасирин тийгизген техникалык, сапаттык жана башка мүнөздөмөлөрү) кандайдыр бир өзгөртүүлөргө жол берилбейт. Алкактык макулдашуунун шарттары алкактык макулдашуунун өзүндө белгиленген учурларда гана жана негиздер боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
4-§ Алкактык макулдашууга кол коюу жол-жобосу. Экинчи этап
95. Зарылдыктын келип чыгышына жараша сатып алуучу уюм/Агент алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде алкактык макулдашуунун тараптарынан алкактык макулдашуунун предметине бааларды веб-портал аркылуу сурайт жана сатып алуулардын көлөмүн көрсөтөт.
96. Сатып алуучу уюм/Агент веб-порталга алкактык макулдашуунун экинчи этабы жөнүндө кулактандыруу жарыялайт жана сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн 2 жумуш күндөн кем эмес белгилейт.
97. Экинчи этапта сатып алуу жөнүндө документтерде төмөнкүлөр белгиленет:
- Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздар жөнүндө маалымат берүү талабы. Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн - келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карыз жөнүндө маалымат;
- сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;
- эгерде сатып алуу лотторго бөлүнсө, сатып алуу бюджети - ар бир лоттун бюджети, сатып алуу предметинин саны көрсөтүлөт;
- берүүнүн, же кызмат көрсөтүүлөрдүн/жумуштарды аткаруунун орду;
- берүүнүн, жумуштарды аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн, товарларга жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө кепилдиктердин мөөнөтү;
- контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоону берүүнүн формасы жана өлчөмү жөнүндө талап;
- контракттын долбоору.
98. Берүүчү экинчи этапта баа сунушун берет. Сатып алуучу уюм/Агент биринчи этаптан өткөн алкактык макулдашуунун тараптарына гана бааларды берүү жөнүндө суроо-талап кылат. Алкактык макулдашууга катышуу каалоосун билдирген берүүчүлөр, сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алууларынын кийинки көлөмүнө алкактык макулдашууну түзүү жөнүндө сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечиминен кийин гана өз бааларын берүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Алкактык макулдашууну түзүү үчүн алкактык макулдашуунун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөрдөн сунуштар келип түшкөндүгүнө жараша сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык келүүсүн баалоо 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлүүгө тийиш.
6-глава. Контракттарды тескөө
1-§. Жалпы жоболор
99. Контракттарды тескөөнүн максаттары болуп финансылык жана өндүрүштүк иштин максималдуу ачыктыкты жана сатып алуучу уюм/Агент жана берүүчү, консультант үчүн тобокелдиктерди минималдаштыруу саналат.
100. Контракттарды тескөө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык сатып алуучу уюм/Агент тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-§. Контракт түзүү
101. Сатып алуучу уюм/Агент биринчи орунду ээлеген берүүчүнүн аталышын, ал берген сунуштун баасын көрсөтүү менен жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалыматты даттануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде веб-порталга жайгаштырат жана кол коюу үчүн контракттын долбоору менен контрактты ыйгаруу жөнүндө билдирүүнү берүүчүгө жөнөтөт.
102. Сатып алуучу уюм/Агент типтүү контракттын тиешелүү формасын пайдалануу менен веб-порталда контракттын долбоорун түзөт жана сатып алуу жөнүндө документтердин жана жеңүүчүнүн сунушунун шарттарына так ылайык келтирип контракттын долбоорунун шарттарын аныктайт.
103. Берүүчү/консультант сатып алуучу уюмга/Агентке (эгерде Агент өз алдынча контракт түзсө) контракттын долбоорунун мазмуну сатып алуу жөнүндө документтерде же болбосо жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берүүчүнүн же консультанттын сунушунда белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурда пикир келишпестиктер протоколу менен веб-портал аркылуу билдирүү жөнөтүүгө укуктуу. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү же консультант тарабынан жиберилген пикир келишпестиктердин протоколун, билдирүүнү алган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде карайт. Эгерде берүүчүнүн же консультанттын талаптары негиздүү болсо, сатып алуучу уюм/Агент контракттын долбоорунун мазмунун сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына жана берүүчүнүн/консультанттын сунушуна ылайык келтирүүгө, же болбосо берүучүнүн/консультанттын талаптары негизсиз болгон учурда аларды канааттандыруудан баш тартууга милдеттүү.
104. Контракттын долбооруна берүүчү/консультант - сатып алуулардын жеңүүчүсү контрактты ыйгаруу жөнүндө билдирүү веб-порталга келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн өткөндөн кийин квалификациялуу электрондук кол тамга аркылуу веб-порталда кол коёт жана аны сатып алуучу уюмга/Агентке жөнөтөт. Андан кийин сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн же консультанттан кол коюлган контрактты алган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде контрактка кол коёт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин контракттарын кошпогондо, контракт тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо (КАКК) берилгенден кийин же декларацияга кол коюлгандан кийин контракт түзүлөт.
КАКК консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларда колдонулбайт.
105. Эгерде жеңүүчү деп таанылган берүүчү КАККты бербесе, контрактты ыйгаруу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 3 жумуш күндөн эрте эмес жана 8 жумуш күндөн кеч эмес контрактка кол койбосо, анда мындай берүүчү контракт түзүүдөн качкан деп таанылат жана сатып алуучу уюм/Агент мындай берүүчү менен контракт түзүүнү жокко чыгарат жана берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоону кармап турат жана бул сумманы тиешелүү бюджетке которот, сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген жана баалоо рейтинги боюнча кийинки орунду ээлеген кийинки берүүчүнү жеңүүчү деп аныктайт.
3-§. Контрактты аткаруу
106. Сатып алуучу уюм/Агент түзүлгөн контракттын аткарылышына, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктан алынган маалыматты (эгерде контракт банктык коштоого тийиш болсо) пайдалануу менен контрактта, Мыйзамда жана ушул Тартипте белгиленген тартипке, мезгилдерге жана мөөнөттөргө ылайык үзгүлтүксүз, системалуу мониторинг жүргүзөт.
107. Контрактты аткарууда товарлардын аталышы, саны, сапаты, комплекттүүлүгү, техникалык мүнөздөмөлөрү, наркы, товарларды берүүнүн орду жана мөөнөттөрү (жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү) контракттын мазмунуна ылайык келүүгө тийиш.
108. Көрсөтүлгөн контракт боюнча кабыл алынган милдеттенмелер сатып алуучу уюм/Агент жана берүүчү/консультант тарабынан толук аткарылган шартта контракт аткарылды деп эсептелет.
109. Товарларды берүүдө контрактты аткаруу төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:
- товарларды белгиленген жерге жеткирүү;
- берүүчү тарабынан чыгарууга коштомо кагаздын (товардык-транспорттук коштомо кагаздын) жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын электрондук формасын веб-портал аркылуу тариздөө;
- сатып алуучу уюм/Агент же болбосо анын өкүлү тарабынан кийин квалификациялуу электрондук кол тамга менен коштомо кагазга жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу менен товарды кабыл алуу;
- берүүчү тарабынан электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы аркылуу жазылып берилген электрондук эсеп-фактураны тариздөө;
- берилген товар үчүн акы төлөө.
110. Жумуштарды аткарууда (кызматтарды көрсөтүүдө) контрактты аткаруу төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:
1) аткарылган жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) актысын веб-портал аркылуу тариздөө;
2) аткарылган жумуштарды (көрсөтүлгөн кызматтарды) графикке ылайык өткөрүп берүү жана кабыл алуу;
3) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы аркылуу жазылып берилген электрондук эсеп-фактураны берүүчү тарабынан тариздөө;
4) аткарылган жумуштар (көрсөтүлгөн кызматтар) үчүн акы төлөө.
111. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда контрактты аткаруу төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:
1) финалдык отчетторду берүү;
2) аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн актысын веб-портал аркылуу тариздөө;
3) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы аркылуу жазылып берилген электрондук эсеп-фактураны берүүчү тарабынан тариздөө;
4) сатып алуучу уюм/Агент тарабынан аткарылган консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө.
112. Контрактты аткаруунун жыйынтыктары боюнча берүүчү/консультант контракттын аткарылышы жөнүндө документтерди (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларын жана контрактта каралган контракттын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө башка документтерди) веб-порталда электрондук формада түзөт, ага квалификациялуу электрондук кол тамга менен кол коёт жана зарыл документтер менен бирге аны веб-портал аркылуу сатып алуучу уюмдун/Агенттин жеке кабинетине кароого жиберет.
113. Кабыл алууда сатып алуучу уюм/Агент товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн санынын, комплекттүүлүгүнүн жана көлөмүнүн контрактта белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерет. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, эгерде контрактта каралган болсо, тестирлөө, апробация, сыноо менен коштолушу мүмкүн. Консультациялык кызматтарды көрсөтүүдө сатып алуучу уюм/Агент техникалык тапшырмага ылайык көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын текшерет.
114. Сатып алуучу уюм/Агент контрактты берүүчү аткаргандыгы жөнүндө документти төмөнкүдөй мөөнөттөрдө карайт жана квалификациялык электрондук кол тамга коёт:
- товарды кабыл алуу боюнча документтин долбоорун алган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен;
- жумушту кабыл алуу боюнча документтин долбоорун алган учурдан тартып 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен;
- кызмат көрсөтүүлөрдү/консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча документтин долбоорун алган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен.
115. Берилген товарларды, аткарылган жумуштарды, көрсөтүлгөн кызматтарды изилдөө үчүн кошумча убакыт зарыл болгон учурда сатып алуучу уюм/Агент веб-порталда берүүчүдөн документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу веб-порталда берүүчүгө билдирет. Кабыл алуунун жалпы мөөнөтү 10 (он) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
116. Кабыл алуу бир нече этапта жүргүзүлөт:
- санынын, көлөмүнүн жана комплекттүүлүгүнүн контрактта жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келишин текшерүү;
- кемчиликтерди (заводдогу брак, жашыруун кемчиликтер) табуу максатында товарды же жумуштарды аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) жыйынтыктарын визуалдуу кароо;
- аныкталган (анын ичинде четтетилген) кемчиликтер, алар кабыл алуу актысында белгиленет.
117. Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым этаптарын) кабыл алууну жүзөгө ашыруу максатында, же болбосо эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же контрактта каралган болсо, сатып алуучу уюм/Агент өзүнүн буйругу менен кабыл алуу комиссиясын түзөт, анын курамына ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү (зарыл болгон учурда), сатып алуучу уюмдун/Агенттин тиешелүү тармакта атайын билимге ээ адистери же мындай адистер болуп саналган жана алар менен тиешелүү жарандык укуктук контракт (келишим) түзүлгөн үчүнчү жактар милдеттүү түрдө киргизилет.
118. Эгерде контрактта ушул Тартиптин 116-пунктунда каралган аракеттерди жүзөгө ашыруу каралса, контрактты аткаруунун жыйынтыгы тууралуу документтерге кол коюуга жол берилбейт.
119. Эгерде берилген товар, аткарылган жумуш же көрсөтүлгөн кызмат контракттын талаптарына ылайык келсе жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин контрактты аткаруу боюнча кандайдыр бир дооматы жок болсо, сатып алуучу уюм/Агент ушул Тартиптин 114-пунктунда белгиленген мөөнөттө веб-порталда ушул Тартиптин 112-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кол коюуну камсыз кылат. Бул документтерге сатып алуучу уюмдун/Агенттин ыйгарым укуктуу адамдары жана берүүчү тарабынан квалификациялык электрондук кол тамга коюлат.
120. Эгерде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу процессинде сатып алуучу уюм/Агент берилген товарлардын, аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын ылайык келбешин аныктаса, сатып алуучу уюм/Агент товарларды, жумуштарды кабыл алуудан контрактта белгиленген мөөнөттө жүйөлүү баш тартат жана аны всб-портал аркылуу берүүчүгө жөнөтөт. Сатып алуучу уюм/Агент ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана контракттын шарттарында каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу. Товарды кабыл алуудан баш тартуу ушул Тартиптин 114-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде веб-порталга жайгаштырылат.
121. Контракттын тараптары товарларга, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжаларына карата кепилдик мөөнөтү болгондо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн контракттын шарттарына ылайык иштейт.
122. Сатып алуучу уюм/Агент кепилдик берилген мезгилдин ичинде товарларда, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжаларында кемчиликтер табылган учурда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүгө доомат жиберүүгө тийиш.
123. Сатып алуучу уюм/Агент ушул Тартиптин 122-пунктунда көрсөтүлгөн учурда контрактта жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган экспертиза жүргүзө алат жана/же башка чараларды жүзөгө ашыра алат. Контракт түзүлгөндөн кийин (аванс берилген учурда) жана/же тараптар контрактка документтерге кол койгондон кийин товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн контрактта белгиленген мөөнөттө акы төлөөгө эсептерди, бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу бөлүмгө өткөрүп берет.
4-§. Дооматты даярдоонун, берүүнүн тартиби
124. Контракттарды аткаруу процессинде сатып алуучу уюм/Агент берүүчү тарабынан контракттын шарттарын аткарууга, атап айтканда төмөнкүлөрдүн сакталышына үзгүлтүксүз контролду уюштурууга милдеттүү:
- контракттын шарттарын аткаруу мөөнөттөрүн;
- контракт боюнча берилген товарлардын көлөмү (саны жана комплекттүүлүгү) жана сапаты жөнүндө шарттарын;
- аткарылуучу жумуштардын (көрсөтүлүүчү кызматтардын/консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмү, курамы жана сапаты тууралуу шарттарды.
125. Берүүчүнүн контракттын шарттарын бузуусу сатып алуучу уюмдун/Агенттин дооматын жөнөтүү үчүн негиз болуп эсептелет, анын ичинде:
1) контрактты аткаруу мөөнөттөрүн бузуу;
2) контракт боюнча берилген товарлардын көлөмүн (санын жана комплекттүүлүгүн), сапатын же болбосо контракт боюнча аткарылуучу жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн/консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүн, курамын жана сапатын, ошондой эле жумуштарды аткарууда (кызматтарды көрсөтүүдө) пайдаланылуучу товарлардын, материалдардын, жабдуулардын ж.б. санын жана сапатын бузуу;
3) берилген товардын (аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын/консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжаларын) кемчиликтерин четтетүүнүн сатып алуучу уюм/Агент тарабынан белгиленген мөөнөттөрүн сатып алуучу уюм/Агент тарабынан аныкталган бузуу.
126. Дооматта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- кырдаалдарды көрсөтүү менен так берилген дооматтык талап;
- берүүчү тарабынан мыйзам ченемдеринин жана/же контракттын пункттарынын бузулгандыгын көрсөтүү;
- берүүчү тарабынан дооматтарды кароонун мөөнөтү;
- дооматка тиркелген документтердин, башка далилдердин тизмеси.
127. Дооматка сатып алуучу уюм/Агент тарабынан квалификациялуу электрондук кол тамга коюлат жана берүүчүгө жөнөтүлөт. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүгө дооматты жөнөтүү жөнүндө билдирүү, берүүчүгө доомат жөнөтүлгөн учурдан тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде веб-порталга жайгаштырылат.
128. Сатып алуучу уюм/Агент контрактты бузууга даярдык көрүүдө талаш-тартышты жөнгө салуунун дооматтык тартибин милдеттүү түрдө колдонот.
129. Берүүчү дооматта белгиленген 10 (он) жумуш күндүн ичинде жооп бербесе же ыктыярдуу тартипте дооматты канааттандыруудан баш тартса, сатып алуучу уюм/Агент төмөнкүлөргө укуктуу:
- контрактты аткаруудан бир тараптуу тартипте баш тартууга;
- айыптык санкцияларды жана айыптарды өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо берүүгө.
5-§. Контрактты өзгөртүүнүн, токтотуунун тартиби
130. Контракттын тараптары контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер келип чыкканда башка тарапка веб-портал аркылуу жөнөтөт. Тараптар (Тарап) сунушту Тарап сунуштаган, бирок контрактта көрсөтүлгөндөн көп эмес мөөнөттөрдө карайт.
131. Сатып алуучу уюм/Агент түзүлгөн контрактта мындай укук бар болгон шартта контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим (мындан ары - Чечим) кабыл алууга укуктуу.
132. Сатып алуучу уюм/Агент, эгерде контрактта каралган болсо, милдеттенмелердин айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздер боюнча Чечим кабыл алууга укуктуу.
133. Эгерде берүүчүнүн контрактты аткаруусун кепилдик камсыздоо банктык кепилдик түрүндө берилсе, сатып алуучу уюм/Агент банктык кепилдик берген банкка берүүчү тарабынан жол берилген мыйзам бузууларды көрсөтүү менен акчалай сумманы төлөө жөнүндө талапты, айыптын (айып пулдун, туумдун) суммасын эсептөөнү жана ырастоочу документтерди тиркөө менен жөнөтөт. Мында акча каражаттары сатып алуучу уюм/Агент тарабынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине которулат.
7-глава. Борборлоштурулган сатып алуулар
1-§. Борборлоштурулган сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартиби
134. Борборлоштурулган сатып алуулар эки ыкма менен жүргүзүлөт:
1) Агент аркылуу;
2) сатып алуучу уюмдун ичинде борборлоштуруу. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тизмеде сатып алуу предметтери аныкталса, анда сатып алуучу уюм аларды борборлоштура албайт.
135. Борборлоштурулган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү үчүн Агент веб-порталда "Агенттин" ролун көрсөтүү менен каттоо жол-жобосунан өтүшү керек.
136. Агент финансылык жылдын башында веб-порталда жайгаштырылган бардык сатып алуучу уюмдардын сатып алуулардын пландарынын негизинде борборлоштурулган сатып алуулар жүргүзүлүүчү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын түрлөрүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеси боюнча товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн көлөмүн аныктайт.
137. Агент сатып алуучу уюмдардын веб-порталында жайгаштырылган сатып алуулардын пландарынын негизинде товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, берүүлөрдүн мөөнөттөрүн жана ордун аныктайт. Ошондой эле пландарды, отчеттуулукту, келишимдерди, төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле сатып алуучу уюмдардан мамлекеттик сатып алуулар боюнча бардык башка маалыматтарды кошуп, мамлекеттик сатып алуулар пландарына мониторинг жүргүзүү жана аларды аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды сурайт.
138. Агент сатып алуу пландарында сатып алуучу уюмдар тарабынан веб-порталда жайгаштырылган техникалык спецификациялардын негизинде товардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө техникалык спецификациялардын жыйындысын түзөт, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна жана бааларына мониторинг жүргүзөт.
139. Сатып алуулар планын түзүүдө Агент жалпыга жеткиликтүү булактарды изилдөө жолу менен рынокко мониторинг жүргүзөт же башка сатып алуучу уюмдар тарабынан веб-порталда мурда жүргүзүлгөн сатып алуулардын бааларына талдоо жүргүзөт, ошондой эле маалымат жок болгон шартта берүүчүлөргө коммерциялык сунуштарды берүүгө суроо-талаптарды жөнөтүүгө Интернет тармагынын жалпыга жеткиликтүү булактарында бааларды талдоо жүргүзүүгө укуктуу.
140. Рынокто билдирилген сатып алуу предметинин бар экендиги жана берүүчүлөрдүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле келечектеги контракттын даярдоо мөөнөтү, жеткирүү мөөнөтү, сатып алуу предмети жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында запастык бөлүктөрдүн жана сервистик борбордун болушу сыяктуу башка олуттуу шарттары боюнча изилдөө жүргүзүлөт.
141. Агент сатып алуу планына бардык бааларды кошуу жана алынган булактардын санына бөлүү жолу менен сатып алуунун орточо баасын киргизет.
142. Эгерде белгилүү бир товарга же кызмат көрсөтүүгө баалар табылбаса, Агент окшош сапаттык мүнөздөмөлөрү бар бир тектүү же функционалы боюнча окшош товардын/кызмат көрсөтүүнүн баасын колдонот.
143. Кыргыз Республикасынын рыногунда товар жок болгон учурда Агент чет өлкөлүк рынокту изилдөөнү камсыз кылууга жана бааларга мониторинг жүргүзүүдө салыктарды, транспорттук чыгымдарды, камсыздандырууга чыгымдарды жана товарды бажылык тазалоо боюнча жол-жоболорду, ошондой эле товардын наркына болжолдуу үстөк бааны эске алууга тийиш.
144. Бардык көрсөтүлгөн иш-аракеттер аткарылган шартта жана баалар бир гана берүүчүдөн табылган учурда мониторинг жүргүзүлдү деп эсептелет.
145. Рынокко мониторинг жүргүзүүнүн (изилдөөнүн) жүрүшүндө алынган маалымат сатып алуулар жөнүндө документтерге талаптарды даярдоого берүүчүлөрдүн катышуусу болуп эсептелбейт.
146. Иштерди сатып алууда Агент төмөнкү документтерди изилдейт: капиталдык курулуштун негиздемеси, долбоордук-сметалык документтер, иштин көлөмүнүн ведомосту, чиймелер, жумуш өндүрүшүнүн графиги, учурдагы оңдоого: дефекттик акт, иштин көлөмүнүн ведомосту, чыгымдалуучу материалдардын таблицасы, веб-порталдан сатып алуучу уюмдардын сатып алуу пландарынын негизинде өткөрүү мөөнөтү жана жумуштардын түрлөрүнүн тизмесин аныктайт, борборлоштурулган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү графигин түзөт.
147. Кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө Агент негиздеменин документтерин: сатып алуу планында сатып алуучу уюмдар тарабынан веб-порталда жайгаштырылган техникалык тапшырманы же техникалык-экономикалык негиздемени, сатып алуулардын бюджетин изилдейт.
148. Товарларга техникалык спецификациялар, кызмат көрсөтүүлөргө техникалык спецификациялар, курулуш материалдарына техникалык спецификациялар же башка документтер сапатсыз иштелип чыккан учурда Агент электрондук почта боюнча кат алышуу аркылуу сатып алуучу уюмга жөнөтөт.
149. Агент сатып алуу жөнүндө документтерди түзүүдө жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоодо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартибин жетекчиликке алат.
150. Берүүчүнүн сатып алууга катышуу сунушу сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин берилет.
151. Сатып алуучу уюм/Агент техникалык спецификациялар өзгөргөн же негизги талаптар өзгөргөн учурда өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен документтерге өзгөртүүлөрдү киргизет. Бул учурда предмети жана сатып алуу методу өзгөрбөйт.
152. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу жол-жобосу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дароо жүргүзүлөт. Асимметриялык шифрлөө колдонулган учурда берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу электрондук кол тамга аркылуу Агенттин бир же андан көп кызматкери тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
153. Сатып алуу боюнча комиссия тарабынан Агенттин сунуштарын баалоо жана салыштыруу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине жана Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү тартибине ылайык комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан жекече жүргүзүлөт.
Айрым учурларда Агент сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча борборлоштурулган сатып алуулар боюнча контракт түзүүгө укуктуу.
154. Сатып алууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Агент сатып алууну жокко чыгаруу жөнүндө жетекчинин буйругун жайгаштыруу менен сатып алууну жокко чыгарат. Бул учурда сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу түзүлбөйт жана жайгаштырылбайт.
155. Берүүчүлөрдүн же консультанттардын сунуштары ачылгандан кийин сатып алуу жокко чыгарылган же ишке ашкан жок деп таанылган учурда сунуш берген бардык берүүчүлөргө жана консультанттарга тиешелүү билдирүү жиберилет.
156. Жеңүүчү контракт ыйгаруу жөнүндө билдирүү ырасталгандан кийин келишимдин аткарылышына кепилдик берип, келишимге кол коюшу керек.
157. Контракт электрондук жана/же жазуу жүзүндө сатып алуу документтери жана берүүчүнүн сунушу шарттарында түзүлөт жана тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
158. Агент ушул Тартиптин 24-пунктунун 3-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, веб-порталда сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялабастан, рынокко мониторинг жүргүзгөндөн кийин сатып алуу предметинин сапатына карата талаптарга (техникалык спецификация, техникалык тапшырма, жумуштардын жана чыгымдалуучу материалдардын көлөмүнүн ведомосту) ылайык келген учурда эң аз бааланган наркты сунуш кылган берүүчү менен келишимге кол коёт. Бир булактан алынган методду колдонууда жетекчи негиздемесин көрсөтүү менен методду колдонуу жөнүндө буйрук чыгарат, сатып алуу бөлүмү берүүчүнүн рынокто болушуна жана баалар боюнча мониторинг жүргүзөт.
159. Сатып алуучу уюмдар борборлоштурулган сатып алуунун жеңүүчүсү контрактка кол койбогон күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде Агентке жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контракт түзбөөнүн себептери жөнүндө кабарлайт.
160. Ар бир борборлоштурулган сатып алуу боюнча Агент сатып алуулардын натыйжалары жөнүндө отчет даярдайт жана веб-порталга жайгаштырат.
161. Эгерде борборлоштурулган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө берүүчү (консультант) бирден ашык - же өз алдынча, же жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) курамында сунуш берсе - бул берүүчүнүн (консультанттын) катышуусу менен бардык сунуштар четке кагылууга тийиш.
8-глава. Даттануу тартиби
1-§. Жалпы жоболор
162. Даттанууларды, административдик даттанууларды, кайрылууларды караган органдар болуп сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануулары боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) жана даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссия (мындан ары - көз карандысыз комиссия) эсептелет.
163. Комиссия сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине берүүчүнүн/консультанттын даттануусун карайт.
164. Көз карандысыз комиссия комиссиянын чечимине административдик даттанууну, сатып алуучу уюмдун/Агенттин берүүчүнү/консультантты ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүндө кайрылуусун, ошондой эле көз карандысыз комиссиянын берүүчүнү/консультантты ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүндө чечимине административдик даттанууну карайт.
165. Комиссия жана көз карандысыз комиссия тарабынан даттанууларды жана кайрылууларды кароо мыйзамдуулуктун, объективдүүлүктүн, комиссиянын жана көз карандысыз комиссиянын көз карандысыздыгынын принциптерине негизделиши керек.
Көз карандысыз комиссиянын чечиминин негизинде берүүчүлөр/консультанттар веб-портал тарабынан ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалымат базасынан автоматтык түрдө чыгарылат:
- ушул Тартипке ылайык көз карандысыз комиссиянын чечимдери;
- ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында болуу мөөнөтү бүткөндө;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча.
2-§. Даттанууну, административдик даттанууну жана кайрылууну берүү тартиби
166. Даттануу, административдик даттануу жана кайрылуу жумуш күндөрү электрондук документ түрүндө мамлекеттик же расмий тилдерде веб-порталда тиешелүү форманы толтуруу жолу менен берилет жана арыз ээси тарабынан квалификациялуу санариптик кол тамга коюлат.
Веб-порталдагы техникалык бузулууларды жоюу жана даттануулар/кайрылуулар боюнча тийиштүү функцияналдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү мезгилинде кайрылуулар, административдик даттануулар мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу берилет.
167. Комиссияга даттануу жана көз карандысыз комиссияга административдик даттануу акысыз берилет.
Сунуштарды ачкандан кийин берилген мамлекеттик сатып алуулар методуна жана сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына даттануу каралбайт.
168. Административдик даттануу четке кагылууга тийиш, эгерде:
1) даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
2) сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими комиссияга даттанылбаса;
3) кайрадан берилип жатса жана көз карандысыз комиссиянын ошол эле адамга, ошол эле предметке, ошол эле сатып алууга карата жана ошол эле негиздерде кабыл алынган чечими бар болсо;
4) административдик даттанууда белгиленген маселелер мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынбайт.
169. Даттануулар, административдик даттануулар жана кайрылуулар кайтарылгыс болуп саналат.
170. Кайрылууларды берүүдө сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн конкреттүү аракетин же аракетсиздигин милдеттүү түрдө көрсөтөт.
171. Кайрылуу сатып алуучу уюм/Агент тарабынан көз карандысыз комиссияга Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 40 (кырк) жумуш күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.
172. Көз карандысыз комиссия сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү шарттарды сактаганда кайрылууну кароого кабыл алат:
1) берүүчүгө карата контракттык милдеттенмелерди аткаруу боюнча толук чаралар көрүлсө жана берилген кайрылуунун негиздемесине шилтеме берилген ырастоочу документтердин электрондук көчүрмөлөрү берилсе;
2) сатып алуу жөнүндө контрактты бир тараптуу бузуу жөнүндө (эгерде контрактта каралса), ошондой эле аны ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүүнү демилгелөө ниети жөнүндө берүүчүгө алдын ала кабарлоо жөнөтүлсө.
3-§. Даттануулар боюнча комиссиянын даттанууларды кароо жол-жобосу
173. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине берүүчүнүн даттануулары сатып алуучу уюмдун/Агенттин буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан каралат.
174. Ар бир даттанууну кароо үчүн жетекчиси комиссиянын жалпы курамынан үч мүчөдөн турган өзүнчө топ түзөт жана тандалган топтун төрагасын (мындан ары - Комиссиянын төрагасы) аныктайт, комиссиянын мүчөлөрүнүн бири сатып алуулар боюнча сертификатка ээ болушу керек.
Чечимине даттануу берилген сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуу боюнча комиссиясынын мүчөсү болгон адам комиссиянын мүчөсү боло алат.
175. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү веб-порталда даттануунун негиздүүлүгү/негизсиз экендиги жөнүндө өзүнүн жүйөлүү жеке корутундусун берет. Ошол эле учурда даттануулар комиссиянын толук курамында каралат, комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жүйөлүү себептер менен жок болгон учурда жетекчи түзүлгөн топко өзгөртүүлөрдү киргизет.
176. Чечим Комиссиянын төрагасы тарабынан веб-порталда комиссиянын ар бир мүчөсүнүн жеке корутундуларынын жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен протокол түрүндө чыгарылат. Эгерде комиссиянын мүчөлөрү ар кандай жеке корутундуларды чыгарышса, акыркы чечимди Комиссиянын төрагасы кабыл алат.
177. Эгерде сатып алуучу уюмдун/Агенттин талашылып жаткан чечими укук ченемдүү болсо, комиссия даттанууну негизсиз деп табат.
178. Даттануу негиздүү деп табылган учурда комиссия сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимин жокко чыгарат жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) сатып алуучу уюм/Агент тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сатып алуулар методун тандоону жүргүзүү;
2) сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуулар жөнүндө документтерди мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү;
3) сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунушун кайра баалоону жүргүзүү;
4) сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуу тууралуу контрактты сатып алуу шарттарына ылайык келтирүү.
179. Комиссиянын чечими анын ар бир мүчөсүнүн жеке кабинети аркылуу веб-порталда чыгарылат. Комиссиянын төрагасы жыйынтыктоочу чечимди чыгарылган чечимдерге башка мүчөлөр кол койгондон кийин түзөт. Комиссия чечим чыгаруудан кийин сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси квалификациялуу электрондук кол тамга менен кол коёт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуя маалыматсыз веб-порталга жарыяланат.
4-§. Көз карандысыз комиссиянын укуктары жана милдеттери
180. Көз карандысыз комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Тартиптин белгиленген талаптарына ылайык чечимдерди кабыл алуу үчүн көз карандысыз комиссиянын компетенциясына кирген тиешелүү жол-жоболук аракеттерди жасоого;
- мамлекеттик, кызматтык жана/же мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган маалыматтардан тышкары, веб-портал аркылуу административдик даттанууну же кайрылууну кароого байланыштуу кошумча маалыматтарды суроого;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн сунуштамаларды жана сунуштарды киргизүүгө;
- административдик даттанууну же кайрылууну кароого кабыл алууда конкреттүү сатып алуу жөнүндө белгилүү маалыматты карап чыгуу үчүн веб-порталга кирүүгө.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сый акы алууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 224 токтомунун редакциясына ылайык)
181. Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) келип түшкөн административдик даттануулар жана кайрылуулар боюнча Мыйзамда жана ушул Тартипте белгиленген мөөнөттөрдө объективдүү жана калыс чечим кабыл алууга;
2) Мыйзамдын негизги принциптерин сактабоого алып келген бузуулар табылган учурда административдик даттануу же кайрылуу боюнча тиешелүү чечим чыгарууга жана маалыматты тиешелүү чараларды көрүү үчүн табылган бузууларды көрсөтүү менен кагаз түрүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
3) Көз карандысыз комиссиянын протоколдук чечимдерине административдик доолор боюнча сот инстанцияларына катышууга.
182. Кыргыз Республикасынын сот жана укук коргоо органдарынын расмий суроо-талаптарын кошпогондо, көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнө административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароонун жүрүшүндө аларга белгилүү болгон купуя маалыматты жазуу жүзүндө же оозеки жарыялоого тыюу салынат.
183. Көз карандысыз комиссиянын мүчөсү административдик даттанууну жана кайрылууларды кароонун жүрүшүндө төмөнкүдөй учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш, эгерде:
1) административдик даттануунун же кайрылуунун тараптарына аффилирленген жак болуп саналса;
2) мурунку үч жылдын ичинде сатып алуучу уюмдун/Агенттин кызматкери же берүүчүнүн уюмунун кызматкери болсо, же андан административдик даттануу же кайрылуу келип түшсө;
3) сатып алууну даярдоо процессинде сатып алуучу уюмга/Агентке консультациялык кызмат көрсөтсө же сунушту даярдоодо берүүчүгө көмөк көрсөтсө;
4) бул ишти мурдагы кароодо көз карандысыз комиссиянын мүчөсү катары катышса.
184. Көз карандысыз комиссиянын мүчөсү ушул Тартиптин 183-пунктунда каралган жагдайлар келип чыккан учурда административдик даттанууну же кайрылууну карап баштаганга чейин жазуу жүзүндө арыз берүү (өз алдынча баш тартуу) жолу менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө жана аны кароого катышпоого милдеттүү, ал эми көрсөтүлгөн жагдайларды жашырганда Эксперттик кеңештин чечиминин негизинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсүнүн иши токтотулат жана көз карандысыз комиссиянын мүчөсү анын курамынан чыгарылат.
5-§. Административдик даттанууларды жапа кайрылууларды кароо жол-жобосу
185. Административдик даттануу же кайрылуу келип түшкөн тарап 1 (бир) жумуш күндүн ичинде веб-порталда түшүндүрүүнүн негиздемесине шилтеме берилген документтердин көчүрмөлөрүн берүү менен өзүнүн позициясын түшүндүрүү түрүндө протест бере алат.
Белгиленген мөөнөттүн ичинде протест көрсөтпөө административдик даттанууну же кайрылууну кароо жол-жобосун жүргүзүүгө тоскоол болбойт.
186. Административдик даттануу жана кайрылуу көз карандысыз комиссия тарабынан маңызы боюнча гана жана арызда көрсөтүлгөн фактылардын негизинде каралат.
187. Ар бир административдик даттанууну кароо үчүн веб-портал көз карандысыз комиссиянын жалпы курамынан үч мүчөдөн турган, ар бир адистештирүү тобунан бирден мүчөдөн турган топту түзөт. Веб-портал тандалган топтун төрагасын (мындан ары - Көз карандысыз комиссиянын төрагасы) кокусунан тандалган тартипте аныктайт.
Эгерде административдик даттанууну кароонун жүрүшүндө бир сатып алуу боюнча дагы административдик даттануулар келип түшсө, анда берүүчүнү ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын базасына киргизүү жөнүндө Көз карандысыз комиссиянын чечимине административдик даттанууларды кошпогондо, Комиссиянын бир курамы тарабынан каралат.
188. Веб-портал административдик даттанууларды жана кайрылууларды көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда бирдей жана кокусунан тандалган тартипте бөлүштүрөт жана тандалган бардык мүчөлөргө тиешелүү арыз келип түшкөндүгү жөнүндө кабарлайт.
Административдик даттануу жөнүндө билдирүү сатып алуунун бардык катышуучуларына келип түшөт. Кайрылуу келип түшкөндө веб-портал мындай кайрылуу келип түшкөн берүүчүгө автоматтык түрдө билдирүү жиберет.
189. Зарыл болгон учурда көз карандысыз комиссия башка мамлекеттик органдарга суроо-талап жибере алат, бул суроо-талаптар мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу жиберилет.
190. Административдик даттанууну кароо мезгилинде комиссиянын мурда чыгарылган чечиминин колдонулушу административдик даттануу боюнча көз карандысыз комиссиянын чечими чыкканга чейин токтотулат.
191. Көз карандысыз комиссиянын ар бир мүчөсү административдик даттануунун же кайрылуунун негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө өзүнүн жүйөлүү жекече корутундусун берет, анын негизинде Көз карандысыз комиссиянын төрагасы веб-порталда төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен чечим чыгарат жана түзөт:
1) чечим кабыл алуунун жүйөлөрүн негиздөө;
2) административдик даттануу же кайрылуу канааттандырылган учурда баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чечимдер.
192. Көз карандысыз комиссия административдик даттанууну же кайрылууну көз карандысыз комиссиянын экиден кем эмес мүчөсүнүн катышуусу менен кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
6-§. Көз карандысыз комиссиянын чечими
193. Административдик даттанууну жана кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча көз карандысыз комиссиянын чечими протокол түрүндө чыгарылат.
194. Ишти маңызы боюнча чечүүдө көз карандысыз комиссия административдик даттанууну негиздүү же негизсиз деп таанышы мүмкүн. Административдик даттануу негизсиз деп таанылган учурда комиссиянын жана көз карандысыз комиссиянын чечимдери күчүндө калат.
195. Административдик даттануу негиздүү деп таанылган учурда көз карандысыз комиссия комиссиянын чечимин жокко чыгарат жана төмөнкү чаралардын бирин көрөт:
1) сатып алуучу уюм/Агент мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сатып алуулар методун тандоону жүргүзүү;
2) сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерди мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү;
3) сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн сунуштарын кайра баалоону жүргүзүү (анын ичинде сатып алуу ишке ашкан жок деп таанылган учурда, бардык сунуштар четке кагылганда);
4) сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу контрагын сатып алуу шарттарына ылайык келтирүү;
5) эгерде мурда жокко чыгарылган сатып алуулар боюнча административдик даттануу негиздүү деп таанылса, сатып алуучу уюм/Агент жаңыдан жарыяланган сатып алууну жокко чыгаруу;
6) сатып алуу жол-жобосун токтотуу;
7) сатып алуучу уюмдун/Агенттин мыйзамсыз аракеттерди жасашына тыюу салуу.
196. Кайрылуу негиздүү деп таанылган учурда көз карандысыз комиссия берүүчүнү же консультантты ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына эки жылдык мөөнөткө киргизүү жөнүндө чечим чыгарат.
197. Берүүчүнүн ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында болуу мөөнөтү көз карандысыз комиссиянын чечими чыккан күндөн тартып эсептелет.
198. Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына эки жылдык мөөнөткө киргизилген берүүчүгө чектөөнүн колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик сатып алууларга катышууга жол берилбейт.
199. Көз карандысыз комиссия берүүчүнү ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүндө көз карандысыз комиссиянын чечимине административдик даттанууну карап чыгып, төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) административдик даттанууну негиздүү деп таануу жана кайрылуу боюнча көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгаруу;
2) административдик даттануу негизсиз деп табылсын, ал эми кайрылуу боюнча көз карандысыз комиссиянын чечими күчүндө калтырылсын.
200. Чечим конкреттүү административдик даттануу же кайрылуу үчүн веб-порталда көз карандысыз комиссиянын тобунун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Көз карандысыз комиссиянын тобунун кайсы болбосун мүчөсү көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон учурда чечимге өзгөчө пикирин көрсөтүү менен кол коюуга тийиш, ал чечимде чагылдырылууга тийиш. Көз карандысыз комиссиянын төрагасы топтун башка эки мүчөсү добуш бергенден кийин добуш берет.
201. Көз карандысыз комиссия кабыл алган чечим веб-порталда комиссиянын төрагасы тарабынан түзүлөт жана көз карандысыз комиссиянын тобунун мүчөлөрү тарабынан квалификациялуу электрондук кол тамга коюлат.
202. Көз карандысыз комиссиянын чечими купуялуу маалыматсыз веб-порталда токтоосуз жарыяланат жана жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
203. Көз карандысыз комиссиянын чечими сатып алуучу уюм/Агент тарабынан акыркы жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш, эгерде ал сотко даттанылбаса.
204. Берүүчүнүн сунуштарын кайра баалоо көз карандысыз комиссиянын чечиминде көрсөтүлгөн пункттар боюнча гана жүргүзүлөт, башка пункттар боюнча кайра баалоого жол берилбейт.
205. Көз карандысыз комиссия кабыл алган чечим комиссиянын мурдагы чечимдерин же кайрылуу боюнча кабыл алынган көз карандысыз комиссиянын чечимдерин жокко чыгарат. Жокко чыгарылган чечимдер көз карандысыз комиссия тарабынан жаңы чечим кабыл алынган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ эмес жана аткарылууга же колдонулууга жатпайт.