Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 468
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жергиликтүү маанидеги маселелерди оперативдүү чечүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
1-пункт "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына" деген сөздөрдөн кийин ", Бишкек шаарынын мэрине" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
Тиркеме |
Жетекчинин автотранспорттук каражатын кошпогондо,
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө
үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттун санынын ЛИМИТИ
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Нөөмөттүк автотранспорттун саны (бирдик) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош шаарынын мэриясы | 5 |
Бишкек шаарынын мэриясы | 7 |
Райондук мамлекеттик администрациялар | 3 |
Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары | 3 |
Айылдык аймактар | 1 |
Эскертүү: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын транспорттук тейлөө райондук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын эсебинен, нөөмөттүк автотранспорттун бекитилген лимитинин чегинде жүзөгө ашырылат.”.