Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 469
Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттагы продукциялардын түрлөрүнө жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына карата тышкы экономикалык ишти контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке ашырсын:
- жалпы методикалык жетектөөнү жана лицензиялык талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоону;
- контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алган уюмдардын реестрин жүргүзүүнү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 21-сентябрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |