Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 токтомуна ылайык) |
Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу
продукцияны идентификациялоо жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине (мындан ары - УКТ) киргизилген контролдонуучу продукцияны идентификациялоо тартиби жана шарттары аныкталат.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
заказчылар - тышкы экономикалык операциянын предмети болуп саналган товарга же технологияга карата идентификациялоого кызыкдар болгон тышкы экономикалык иштин (ТЭИ) катышуучулары;
идентификациялоо - заказчынын техникалык тапшырмасына ылайык келишимдик негизде эксперттик уюм тарабынан жүргүзүлүүчү идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүү;
товардын үлгүсү - продукциянын бүтүндөй партиясынын (сериясынын) түзүмү, курамы жана касиеттери боюнча окшош продукциянын бирдиги;
идентификациялык корутунду - объекттин талаптарга шайкештиги (же шайкеш эместиги) жана экспорттук контролдун жол-жоболорун колдонуу (же колдонбоо) зарылдыгы жөнүндө эксперттик уюм тарабынан берилген документ;
эксперттик уюм - экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна белгиленген тартипте уруксат алган уюм.
3. Идентификациялоонун негизги милдети товардын же технологиянын экспорттук контролдонууга тийиш болгон продукцияга таандыктыгын белгилөө болуп саналат.
Ушул максаттарда товарлардын түрүнө жараша төмөнкүлөр аныкталат:
1) товардын же технологиянын жалпы кабыл алынган соодалык (техникалык) аталышы, анын УКТда колдонулуучу терминологияга ылайык товарлардын бир түрдүү тобуна, заттардын, буюмдардын, материалдардын классына таандыктыгын көрсөткөн атайын белгилер жана критерийлер;
2) товарлар же технологиялар колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон илим жана техниканын тармагы, анын ичинде аларды массалык кыйратуучу куралдарды түзүү үчүн колдонуу мүмкүндүгүн, аны жеткирүү каражаттарын, куралдын жана аскер техникасынын башка түрлөрү;
3) товардын же технологиянын берилген мүнөздөмөлөргө жана техникалык сыпаттамасына шайкеш келиши;
4) товардын физикалык жана химиялык курамы же аны даярдоо технологиясы; анда камтылган компоненттердин сандык катышы; маркасы, сорту, тиби, модели;
5) УКС пункттары, ошондой эле товар же технология таасирине дуушар болуучу Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары.
4. Идентификациялоонун жыйынтыктары болуп товарлар жана технологиялар менен тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга лицензия же уруксатты алуу зарылдыгын аныктаган, эксперттик уюм тарабынан берилген корутунду болуп саналат.
5. Эксперттик уюмдун укукка жат аракеттери менен же бул уюмдун өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында заказчыга келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулууга тийиш.
2-глава. Идентификациялоо шарттары
6. Идентификация эксперттик уюм тарабынан алгачкы текшерүүнү, алдын ала тергөөнү же администрациялык укук бузуу жөнүндө материалдарды даярдоону жүргүзүүчү органдын (кызмат адамынын) суроо-талабы боюнча же заказчынын техникалык тапшырмасына ылайык келишимдик негизде жүргүзүлөт.
7. Идентификациялоого техникалык тапшырмада (суроо-талапта) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) заказчы (юридикалык жактын толук аталышы жана дареги);
2) эксперттик уюмдун аталышы;
3) идентификациялоо үчүн негиздер (аны өткөрүү зарылдыгын пайда кылган жагдайлар). Тышкы экономикалык операциянын предмети болуп саналган товарга же технологияга карата тышкы экономикалык иштердин катышуучусу менен келишим боюнча жүргүзүлүүчү экспертиза үчүн дайындоо өлкөсү (өлкөлөрү) жана эгерде белгилүү болсо, чет өлкөлүк алуучулар (акыркы колдонуучулар) көрсөтүлөт;
4) идентификациялоо процессинде уруксатты талап кылган маселелер;
5) идентификациялоо мөөнөттөрү;
6) эксперттик уюмдун карамагына берилүүчү материалдар (анын ичинде зарыл болгон учурда товарлардын сынамдары жана үлгүлөрү, ошондой эле товарга же технологияга тиешеси бар маалыматты камтыган коштоочу документация: техникалык сыпаттама, мамлекеттик жана тармактык стандарттар, техникалык шарттар, конструктордук, технологиялык жана эксплуатациялык документация, сүрөттөр, техникалык паспорттор, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Аккредитациялоо борборунун системасында аккредиттелген сыноо лабораторияларында же уюм-даярдоочунун (иштеп чыгуучунун) тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ ж.б. техникалык кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн шартта кабыл алуучу жана башка сыноолордун жыйынтыктары бар документтер).
8. Кайталап же кошумча идентификациялоо жүргүзүлгөн учурда суроо-талапка же техникалык тапшырмага мурдагы идентификациялоонун корутундусу (же корутунду түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттик уюмдун мурдагы кабарламасы), ошондой эле мурда идентификациялоо үчүн берилбеген товарга же технологияга тиешелүү материалдар тиркелет. Мурдагы идентификациялоонун изилдөө предмети болбогон товарларды жана технологияларды идентификациялоо жалпы эрежелер боюнча жүргүзүлөт жана кошумча да, кайталанма да болуп саналбайт.
9. Эксперттик уюм заказчыдан аларды ар тараптуу жана квалификациялуу баалоо үчүн керектүү товарга же технологияларга тиешелүү кошумча материалдарды суроого укуктуу.
10. Кошумча идентификация эксперттик уюм тарабынан толук эмес же жетишсиз эмес так корутунду түзүлгөн учурда жүргүзүлөт.
Жетиштүү толук эмес деп эксперттик уюмга берилген товарларга жана технологияга толук жүргүзүлбөгөн изилдөөгө негизделген же бардык коюлган суроолорго толук жоопторду камтыбаган корутунду таанылышы мүмкүн. Кошумча идентификациялоону жүргүзүү тигил же бул эксперттик уюмдун заказчысы тарабынан тапшырылышы мүмкүн.
11. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары - заказчылар тарабынан эксперттик уюмдун карамагына берилген документтердин аныктыгы тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
12. Идентификациялоо мөөнөтү эксперттик уюм тарабынан заказчы менен макулдашуу боюнча алдыдагы жумуштардын эмгек сыйымдуулугуна жана изилдөө үчүн берилген материалдардын көлөмүн эске алуу менен белгиленет, бирок кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Эксперттик уюм заказчыга зарыл кошумча материалдарды берүү талабы менен кайрылган учурда идентификациялоону жүргүзүү суралып жаткан материалдарды же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүнү алганга чейин токтотулат.
13. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалымат эксперттик уюмдун кызмат адамдары тарабынан жеке максаттарда ачыкка чыгарылбашы, пайдаланылбашы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо, коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган учурларда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан башка үчүнчү жактарга берилбеши керек.
14. Эксперттик уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын төлөө, ошондой эле идентификациялоо жүргүзүүгө байланыштуу тарткан башка чыгымдардын ордун толтуруу эксперттик уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык заказчынын эсебинен жүргүзүлөт.
15. Эксперттик уюм идентификациялоо жөнүндө түзүлгөн бардык келишимдерди, берилген эксперттик корутундуларды жана корутундуну түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө кабарламаларды каттоого жана эсепке алууга милдеттүү.
16. Эгерде сактоонун кыйла узак мөөнөтү архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, идентификациялоого байланыштуу документтер эксперттик уюм тарабынан беш жыл бою сакталууга тийиш.
Сактоонун беш жылдык мөөнөтү бүткөндө жогоруда аталган документтер архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жок кылынат.
3-глава. Идентификациялоо тартиби
17. Эксперттик уюм идентификациялоого тиешелүү келип түшкөн суроо-талаптарды жана материалдарды каттоону жана аларды эксперттик уюмдун белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген штаттык жана штаттан тышкаркы кызматкерлеринин ичинен дайындалуучу эксперттерге берүүнү камсыз кылат
Квалификациялык талаптарга төмөнкүлөр кирет:
1) төмөнкүлөрдүн болушу:
- идентификациялык иштин профилине (предметтик тармагына) ылайык келүүчү адистик боюнча жогорку кесиптик билиминин;
- идентификациялык иштин профилине (предметтик тармагына) ылайык келүүчү адистик боюнча үч жылдан кем эмес практикалык иш стажынын;
- товарларды идентификациялоо боюнча окутууга катышуу боюнча 3төн кем эмес күбөлүктүн (сертификаттын);
- кызматкердин бир адистешүүсүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү мүнөздөмөлөр;
2) төмөнкүлөрдү билүүсү:
- экспорттук контролдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
- массалык кыйратуучу куралды таратпоо, аны жеткирүү каражаттары жана экспорттук контролдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын аныктаган негизги концептуалдык жана эл аралык-укуктук документтерди, ошондой эле бул тармактагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин;
- массалык кыйратуучу куралды таратпоо, аны жеткирүү каражаттары жаатындагы учурдагы эл аралык жагдайды;
- Кыргыз Республикасында экспорттук контролдоо системасын уюштуруу негиздерин (негизги ведомстволордун максаттарын, милдеттерин, түзүмүн, функцияларын);
- тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу жана аны мамлекеттик жөнгө салуу эрежелерин (тышкы экономикалык бүтүмдөрдү, тышкы соода чөйрөсүндө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, атайын экономикалык чараларды, лицензиялоону);
- бажы мыйзамдарынын негиздерин (Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу кош жана аскердик маанидеги продукцияны алып өтүү эрежелери, Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын);
- кызматтык маалымат, ошондой эле мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар менен иштөө тартибин (уруксаты болгон учурда);
3) төмөнкүдөй көндүмдөргө ээ болуусу:
- УКТ менен иштөө;
- иштиктүү кат (кат алышуу);
- коммерциялык документтер жана илимий-техникалык маалымат менен аналитикалык иштөө, мындай маалыматты өз алдынча издөө, топтоо жана системалаштыруу;
- компьютердик техникада иштей билүү;
4) төмөнкүдөй жөндөмгө ээ болуусу:
- кесиптик пикирди сабаттуу түзө жана негиздей билүү;
- өз компетенциясынын чегинде чечимдерди оперативдүү кабыл ала жана ишке ашыра билүү.
Техникалык татаал товарларды жана технологияларды идентификациялоо үчүн идентификациянын айрым багыттары боюнча эксперттердин топтору түзүлүшү мүмкүн.
18. Эксперттик уюм заказчы менен макулдашуу боюнча идентификациялоого окумуштууларды жана эксперттик уюмдун кызматкерлери болуп саналбаган адистерди тартууга укуктуу. Эксперттик уюмдун штаттан тышкары кызматкерлери өздөрүнүн эксперттик ишин ушул Жобого ылайык жүргүзөт. Заказчы менен макулдашуусуз окумуштуулар жана эксперттик уюмдун кызматкерлери болуп саналбаган адистер консультанттар катары гана идентификациялоо процессинде пайда болгон айрым илимий же техникалык маселелер боюнча ал тарабынан идентификациянын заказчысы жөнүндө, идентификацияланууга тийиш болгон товарлар жана технологиялар предмети болуп саналган тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттары жана катышуучулары жөнүндө маалыматты, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды бербестен (ачып бербестен) тартылышы мүмкүн.
19. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды алып жүрүүчүлөр болуп саналган товарларды жана технологияларды идентификациялоого көрсөтүлгөн маалыматтар менен иштөөгө тийиштүү уруксаты бар эксперттик уюмдун штаттык кызматкерлеринин ичинен эксперттер гана тартылышы керек.
20. Эксперттик уюм экспорттук контролдоо жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын кынтыксыз сактоонун негизинде идентификациялоону жүргүзүүнү камсыз кылат.
Эксперттик уюм:
1) белгиленген чөйрөдөгү идентификациялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык ресурстардын жана маалыматтык базалардын маалыматтардын ички калыптанышын камсыз кылат;
2) идентификациялоо үчүн берилген жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматты коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
3) идентификациянын корутундусун бардык материалдар менен заказчыга жөнөтөт;
4) эксперттерди үзгүлтүксүз негизде окутууну (квалификациясын жогорулатууну) уюштурат.
21. Ушул Жободо белгиленген талаптарды бузуу менен таризделген материалдарды идентификациялоо үчүн берүүдө эксперттик уюм бул жөнүндө мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө заказчыга билдирет.
Эгерде заказчы кемчиликтерди жоюу үчүн зарыл чараларды көрбөсө, эксперттик уюм он календардык күн өткөндөн кийин корутунду түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө кабарламаны тиркөө менен идентификациялоо жүргүзбөстөн материалдарды кайтарып берүүгө укуктуу.
22. Эксперттик уюм төмөнкүлөргө укуктуу:
1) зарыл болгон байкоолорду, өлчөөлөрдү, талдоолорду жана эсептөөлөрдү жүргүзүүгө;
2) эксперттик идентификациялык уюм алган товарга же технологияга тиешелүү бардык материалдар менен таанышууга;
3) заказчыга товарларды жана технологияларды ар тараптуу жана объективдүү баалоо үчүн талап кылынган кошумча материалдарды берүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүгө;
Эксперттик уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) идентификациялоого берилген товарларды, документтерди жана башка материалдарды изилдөөгө жана ар тараптуу жана объективдүү талдоого, эгерде алар кошумча маалыматтарды албастан коюлган маселелердин бир бөлүгүн чечүүгө мүмкүндүк берсе, корутундуда башка маселелерди чечүүгө мүмкүн болбогон себептерди көрсөтүү менен;
2) өз корутундусунун тыянактарынын объективдүүлүгүн жана негиздүүлүгүн камсыздоого;
3) идентификациялоонун белгиленген тартибин жана мөөнөтүн сактоого;
4) заказчы тарабынан берилген материалдардын сакталышын жана жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматты ачыкка чыгарбоону камсыз кылууга;
5) зарыл учурларда өзүнүн корутундусу жана ал аткарган иш-аракеттери боюнча түшүндүрмө берүүгө;
6) идентификациялоону жүргүзүүдө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого;
7) кызматтык милдеттерди ак ниет аткарууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир жеке, мүлктүк (финансылык) жана башка кызыкчылыктардын таасири менен байланышкан иш-аракеттерди жасабоого;
8) тышкы экономикалык иштин катышуучусунун коммерциялык сырын түзгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.
4-глава. Корутунду
23. Идентификациялоо аяктагандан кийин объекттин экспорттук контролдонууга тийиш болгон, УКТга киргизилген товарларга шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө жазуу жүзүндө корутунду түзүлөт.
Эксперттик уюм жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде идентификациялык корутунду берет жана бул корутунду үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
24. Эксперттик корутунду объективдүү жана аргументтелген болушу жана үч бөлүктөн: киришүү, изилдөө (сыпаттама) жана тыянактардын турушу керек.
25. Корутундунун киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- заказчы;
- идентификациянын мүнөздөмөсү (алгачкы же кайталап);
- эксперттик уюмдун аталышы;
- эксперт (эксперттер) жөнүндө маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты, билими, адистиги, илимий даражасы жана илимий наамы, ээлеген кызмат орду;
- материалдар эксперттик уюмга экспертизага келип түшкөн дата жана корутунду түзүлгөн дата;
- идентификациялоо үчүн негиздер;
- идентификацияга түшкөн материалдар жана башка изилдөө объекттери, аларды эксперттик уюмга жеткирүү ыкмасы жана таңгактын түрү, изилдөө объекттеринин таңгагынын сакталышы жана эгерде андайлар болсо, өзгөрүлбөс идентификациялык белгилерин көрсөтүү менен алардын реквизиттери;
- идентификациялоо процессинде чечүүнү талап кылган маселелер;
- кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч кат жана аларды кароонун жыйынтыктары.
Кошумча же кайталап экспертиза жүргүзүүдө киришүү бөлүгүндө алгачкы (мурдагы) идентификациялоо жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
26. Идентификациялык корутундунун изилдөө бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- эксперттик изилдөө объекттеринин абалы;
- жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана колдонулган материалдар, ыкмалар жана методдор;
- жүргүзүлгөн байкоолордун, ченөөлөрдүн, талдоолордун жана эсептөөлөрдүн жыйынтыктары;
- тиркемелерге шилтемелер жана аларга керектүү түшүндүрмөлөр;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эксперттик баалоо.
Атайын терминдер түшүндүрүлүшү керек.
Эгерде коюлган суроолордун айрымдарына квалификациялуу жооп берүү мүмкүн болбосо, изилдөө бөлүгүндө мунун себептери көрсөтүлөт жана башка адистер тарабынан идентификациялоо боюнча тиешелүү сунуштар келтирилет.
Ар кандай адистиктеги эксперттер жүргүзгөн экспертизанын идентификациялык корутундусунун изилдөөчүлүк бөлүгү эксперттердин фамилияларын көрсөтүү менен өзүнчө бөлүм түрүндө баяндалышы мүмкүн.
Жыйынтыктарды жалпылоо жана биргелешип баалоо изилдөө бөлүгүнүн жыйынтык бөлүмүндө чагылдырылат.
27. Эксперттин (эксперттердин) тыянактары суроолорго жооп түрүндө корутундунун киришүү бөлүгүндө баяндалган ырааттуулукта баяндалат.
Тыянактар экспорттук контролдонууга тийиштүү алынуучу продукцияга товардын же технологиянын таандыктыгын (таандык эместигин) же тигил же бул себептер боюнча аларды аныктоо мүмкүн эместигин көрсөтүүнү бир мааниде аныктоого тийиш.
Экспертте (эксперттерде) товардын же технологиянын экспорттук контролдонууга тийиштүү продукцияга таандыктыгын аныктоодо чечилбеген шектенүүлөр пайда болгон учурда, мындай товар же технология эксперттик уюм тарабынан экспорттук контролдонууга тийиштүү деп таанылат.
28. Идентификациялык корутунду ар кандай чечмелөөлөрдү жокко чыгаруучу бир маанилүү жана категориялык формада түзүлөт.
29. Идентификациялоону билимдин ар түрдүү тармактарында адистешкен бир нече эксперттер жүргүзгөндө жалпы тыянактарга изилдөөлөрдүн натыйжаларын биргелешип баалоого катышкан жана бир пикирге келген эксперттер кол коёт. Эгерде эксперттер жалпы бир пикирге келишпесе, анда алар жалпы корутундуда өз алдынча тыянак чыгарышат. Мындай учурда ар бир эксперт башка эксперттердин пикири менен өзүнүн макул эместигинин себептерин негиздөөгө милдеттүү. Өз алдынча тыянактарды чыгарууда эксперттер өз тыянактарынын негиздемесинде муну көрсөтүү менен башка эксперттер алган натыйжаларды эске алууга укуктуу.
30. Эгерде экспертизанын натыйжасында товарлардын жана технологиялардын бир бөлүгү экспорттук контролдонууга тийиштүү, ал эми экинчиси экспорттук контролдонууга тийиштүү эмес деп таанылса, продукциянын көрсөтүлгөн категорияларынын ар бири үчүн өзүнчө корутунду таризделет.
31. Идентификациялык корутундуга эксперттик уюмдун жетекчисинин колу коюлат (бекитилет) жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
32. Корутунду түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү үч бөлүктөн турат: киришүү, жүйөлөштүрүү жана корутунду.
Корутунду түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө эксперттик уюмдун жетекчисинин колу коюлат (бекитилет) жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
33. Корутундунун көчүрмөсү (корутунду түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү) эксперттик уюм тарабынан идентификациялоо, талдоо жүргүзүү жана алардын натыйжаларын жалпылоо үчүн мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберилет. Көрсөтүлгөн талап Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын сотторунун суроо-талаптары боюнча жүргүзүлгөн идентификациялардын корутундуларына жайылтылбайт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эксперттик уюмдан алардын негизинде корутунду (корутунду түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү) берилген кошумча документтерди сурап алууга укуктуу.
5-глава. Жоопкерчилик
34. Идентификациянын жыйынтыгы боюнча эксперттик уюмдардын жана заказчылардын аныкталбаган маалыматтарды берүүсү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык административдик жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет.