Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 токтомуна ылайык) |
Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна
уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелери
1-глава. Негизги жоболор
1. Бул Эрежелер менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине (мындан ары - УКТ) киргизилген контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алуунун тартибин белгилейт.
2. Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги саналат.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
контролдонуучу продукцияларды идентификациялоо - бул Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген чийки заттардын, материалдардын, жабдуулардын, технологиялардын, маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнүн шайкештигин аныктоо;
уюм - контролдонуучу продукцияны идентификациялоо боюнча ишти жүргүзүү каалоосун билдирген юридикалык жак;
ыйгарым укуктуу орган - экспорттук контролдоо жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензиялоону жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
уруксат - контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугун ырастоочу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү документ.
4. Контролдонуучу продукцияны идентификациялоого каалоосун билдирген юридикалык жактар уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан ушул Эрежелерде белгиленген тартипте уруксат алууга милдеттүү.
2-глава. Арыз берүү, чечим кабыл алуу тартиби жана
уруксат алуу үчүн зарыл болгон документтер
5. Кыргыз Республикасынын жараны катышуучу (уюштуруучу) жана арыз берүүчү уюмдун жетекчиси боло алат.
6. Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алууну каалаган уюм ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:
1) салык төлөөчүнүн толук аталышын, юридикалык дарегин, идентификациялык номерин көрсөтүү менен контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат берүү жөнүндө арыз, ошондой эле белгиленген форма боюнча УКТнын тиешелүү пункттарына (бөлүмдөрүнө) шилтеме жасоо менен экспертиза жүргүзүү пландалып жаткан продукциянын номенклатурасын (1-тиркеме);
2) Кыргыз Республикасынын юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу органында мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документти;
3) уюмдун жетекчиси кол койгон, экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген экспертиза жүргүзүү тартибин жана шарттарын сактоо милдеттенмесин;
4) уюм тарабынан контролдонуучу продукцияны идентификациялоону жөнгө салуучу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
5) төмөнкү маалыматтарды камтыган маалымкатты:
- бул уюм адистешкен илимдин жана техниканын конкреттүү тармактарын жана эгерде бул уюмдун ишине кирсе, ал чыгарган продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги түрлөрүн көрсөтүү менен илимий-өндүрүштүк иштин мүнөзү жөнүндө;
- жетекчилердин жана адистердин квалификациялык курамы жөнүндө;
- контролдонуучу продукцияны идентификациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга уюштуруучулук жана техникалык даярдыгы, анын ичинде экспорттук контролдоо маселелери боюнча даярдыкты кошо алганда (анын ичинде квалификациялык диплому, сертификаты, эмгек китепчесинин көчүрмөсү барлар), лабораториялык-сыноо базасынын болушу, ошондой эле отчеттук маалыматтарды электрондук байланыш каналдары боюнча берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эксперттердин саны жана адистешүүсү, алардын квалификациялык деңгээли жөнүндө.
Эгерде уюм УКТга киргизилген товарлардын бардык түрлөрү боюнча идентификациялоону жүзөгө ашыра турган болсо, анда аккредитацияланган лабораториялар, илимий уюмдар, маалыматтык борборлор, окумуштуулар жана ар түрдүү тармактардагы бир профилдүү адистер менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды берүү зарыл (контролдонуучу продукцияга -жабдууларга, приборлорго, компьютердик түзүлүштөргө, программаларга ж.б. техникалык экспертиза жүргүзүү максатында).
7. Уюм тарабынан берилген маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчиликти ошол уюмдун жооптуу кызматкерлери жана жетекчилери тартат.
8. Мамлекеттик сырга таандык кылынган маалыматтарды камтыган документтерди жана маалыматтарды берүү мамлекеттик сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Эгерде уюм тарабынан берилген маалыматтар жана документтер карама-каршы же толук эмес маалыматтарды камтыса, ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик органдардын ведомстволук уюмдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды жана документтерди кошпогондо, кошумча маалыматты жана документтерди сурайт.
10. Бардык зарыл документтер болгон учурда ыйгарым укуктуу орган документтер алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат берет.
Уруксат корголгон полиграфиялык продукция болуп саналган расмий бланкта ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык 2 жылга белгиленген форма боюнча берилет.
Уруксатты берүүдө, кайра тариздөөдө жана уруксаттын дубликатын берүүдө Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык бир жолку мамлекеттик алым алынат.
11. Ыйгарым укуктуу орган уруксат берүүчү документ берилген күнү уюмга контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
Реестрге киргизилген маалыматтар өзгөргөн учурда уруксат алган уюм он жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга мындай өзгөрүүлөр жөнүндө тиешелүү маалыматты берет.
12. Уюмга идентификациялоо укугуна уруксат берүүдөн баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган беш жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө баш тартууну негиздөө менен уюмга жазуу жүзүндө билдирет.
13. Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо боюнча иш ушул Эрежелерде белгиленген тартипте контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алган юридикалык жак тарабынан гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
14. Уруксатты башка юридикалык же жеке жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Мындай өткөрүп берүү лицензиялык шарттарды бузуу болуп саналат.
3-глава. Уруксат берүүдөн баш тартуу
15. Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюм тарабынан берилген документтерде туура эмес же бурмаланган маалыматтардын болушу;
2) уюмда техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу, анын ичинде эксперттерде билдирилген продукциянын номенклатурасына карата экспертиза жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл квалификациянын жоктугу;
3) уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын же экспорттук контролдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу.
4-глава. Уруксатты токтото туруу, жаңылоо, жокко чыгаруу
жана дубликатын берүү
16. Уруксатты колдонууну токтото туруу үчүн негиздер:
1) уюмда жана анын кардарларында кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда уюм тарабынан өз пайдасына бүтүмдөрдү жасоо;
2) идентификациялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруунун белгиленген эрежелерин бузуу;
3) анык эмес маалыматтарды камтыган иш жөнүндө отчет берилсе, ошондой эле көрсөтүлгөн отчетту берүүдөн баш тартылган учурда;
4) кардардын коммерциялык сырын же купуя маалыматын камтыган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануу менен бүтүмдөрдү жасоо.
17. Уруксатты колдонууну кайра жаңылоо жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат. Аталган чечимди кабыл алуу үчүн зарыл шарт болуп уюмдун ыйгарым укуктуу органга уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайларды четтетүүнү ырастаган документтерди берүүсү эсептелет.
Уруксатты колдонууну кайра жаңылоо жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан ал кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде уюмга билдирилет.
18. Уруксатты жокко чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюмдун тиешелүү арызды берүүсү;
2) уюмду кайра уюштуруу же жоюу;
3) экспорттук контролдоо, лицензиялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Эрежелердин талаптарын бир нече жолу жана/же одоно бузуу;
4) ыйгарым укуктуу орган тарабынан уруксатты колдонууну токтото турган себептер жоюлбаганда;
5) ыйгарым укуктуу органдын арызын кароонун негизинде соттун чечими.
19. Уруксатты колдонууну жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюмга (тиешелүү негиздемеси менен) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жазуу жүзүндө билдирилет.
20. Уруксатты колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан уруксатты колдонууну токтото турууга алып келген жагдайларды уюм четтетүү үчүн отуз календардык күндүн мөөнөтү белгиленет. Эгерде уюм белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн жагдайларды четтетпесе, уруксат жокко чыгарылууга тийиш.
21. Уруксат жоголгондо, бузулганда уюм ыйгарым укуктуу органга жиберилүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Уруксат бузулган учурда арызга бузулган уруксат да тиркелет.
Жоголгон, бузулган уруксаттар уюм арыз берген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
22. Ыйгарым укуктуу орган арыз берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жогорку оң бурчунда "Дубликат" деген жазуусу бар уруксаттын дубликатын берет.
5-глава. Отчеттуулук
23. Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алган уюмдар ыйгарым укуктуу органга төмөнкү маалыматтарды камтыган жылдык отчет берүүгө милдеттүү:
1) отчеттук мезгил ичинде жүргүзүлгөн идентификациялардын жалпы саны, анын ичинде:
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен келишимдер боюнча;
- контролдоочу органдардын суроо-талаптары боюнча;
- бажы органдарынын суроо-талаптары боюнча;
- башка укук коргоочу органдардын суроо-талаптары боюнча;
2) отчет берилген учурга карата жүргүзүлгөн идентификациялоонун жыйынтыгына карата коюлган дооматтар, анын ичинде апелляцияга же соттук териштирүүгө алып келген дооматтар.
Жылдык отчетко уюмдун жетекчиси же аны алмаштыруучу адам кол коёт жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
24. Отчет календардык жыл аяктагандан кийин отуз күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.
| Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелерине 1-тиркеме |
Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо
укугуна уруксат алууга
АРЫЗ
_____________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) _____________________________________________________ (уюмдун аталышы)
________________________________________________________________ контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат берүүңүздү өтүнөм. УКТнын тиешелүү бөлүмдөрүнө шилтеме жасоо менен идентификациялоо пландалган продукциялардын номенклатуралары_____________________________________________________________ Жайгашкан жери ______________________________________________________________ Дареги, телефону _____________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы _____________________________________________________ Юридикалык жактын мамлекеттик каттоо номери ___________________________________ Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери _____________________________________
Арызга тиркелет: _____________________________________________________________
202____-жылдын "____" ________________ ______________________________ | |
М.О. | (Аты-жөнү) |
| Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелерине 2-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА
КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
_______________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) УРУКСАТ № _____________ 202____-жылдын "____" ________________
Уруксаттардын реестри боюнча каттоо номери ____________________________ Берилди ____________________________________________________________ Лицензиаттын дареги _________________________________________________ Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк _____________________________________ ИНН ________________________________________________________________ _______________________________________________________ уруксат берилди Уруксаттын колдонуу мөөнөтү ___________________________________________ Уруксаттын колдонуу аймагы ____________________________________________ Уруксат _________________________________________________ болуп саналат Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги __________________________________________ | |
202____-жылдын "____" ___________ | (аты-жөнү)
М.О. |