Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 527
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймагына жана чек ара тилкесине кирүү үчүн уруксаттарды тариздөө процесстерин автоматташтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелеринде:
- мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелери";
- 1-1-пунктта:
экинчи абзац "автоматташтырылган маалыматтык система" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - АМС)" деген сөздөр менен толукталсын:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өтүнүч кат - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан АМС аркылуу түзүлгөн же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу арыз ээси тарабынан жиберилген чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берүү жөнүндө жана чек ара режими белгиленген жеке же юридикалык жактын кайрылуусун камтыган документ;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарактуу документ - инсандыгын, анын ичинде скриншотторсуз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта күбөлөндүргөн, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө туура келген, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан талаптагыдай түрдө таризделген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамга таандык жана жасалма эмес документ.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"каттоо эсеби жөнүндө даректик маалымкат (мындан ары - даректик маалымкат) - Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган жерин ырастоочу документ.";
- 2-пункттун биринчи абзацы "чегинде орнотулат" деген сөздөрдөн кийин ", мында чек арага жакын аймакка кирүү, жашоо, орун которуштуруу, жүрүү жана жумуштарды аткаруу тартиби регламенттелет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чек ара тилкеси түздөн-түз мамлекеттик чек араны бойлото белгиленет, анын чегинде кирүүнүн, жашоонун, орун которуштуруунун, жүрүүнүн жана жумуштарды аткаруунун өзгөчө режими киргизилет.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (мындан ары - жарандар) жана транспорт каражаттарынын кирүүсү (өтүүсү), жарандардын жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюмдардын (мындан ары - уюм) иштерди жана иш-чараларды жүргүзүүсү инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга АМС аркылуу кабарлоо менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык бөлүмүнүн уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.
Уруксат өтүнүч катты кагазга басып чыгаруу жолу менен таризделет, ага АМС аркылуу же электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу атайын окулуучу код коюлат.";
- 5-пунктта:
экинчи, үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чек арага жакын аймактын чегинде туруктуу жашаган жарандар инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер боюнча, ал эми туулгандыгы тууралуу күбөлүк боюнча жашы жете элек (16 жашка чейинки) адамдар чек арага жакын аймактын чегинде туруктуу жашагандыгын ырастаган даректик маалымкатты (анын ичинде скриншотсуз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) көрсөтүү менен;
- окууга кеткенге чейин окуу жайлардын чек арага жакын аймактын чегинде туруктуу жашаган окуучулары жана студенттери инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер боюнча, окуу жайларда окугандыгын ырастоочу документтер боюнча жана окууга кеткенге чейин чек арага жакын аймакта жашагандыгын ырастаган даректик маалымкаттар боюнча (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу скриншотторсуз санариптик форматта);";
төртүнчү абзацта "жана тиешелүү телеграммалар боюнча, ал эми туугандарын көмүүчү жерге бараткан учурда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымкаты" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-16-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылат.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмдөрү өтүнүч катты АМС аркылуу ушул Эрежелердин 2, 21, 22-тиркемелерине ылайык формада өтүнүч кат берген адамдардын категориясына жараша тариздейт.
Өтүнүч кат арыз ээси тарабынан атайын электрондук түзүлүштө, ал эми электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы аркылуу берилген учурда - электрондук санариптик кол тамга аркылуу кол коюлат.
15. Уруксат алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
1) жеке жактар кайрылганда:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү;
- 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап туруу укугу;
- 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
жеке ишкерлер үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап турууга уруксат, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек ишин ырастаган документ;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн:
- ушул Эрежелердин 21-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүүчү адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
2) юридикалык жактар кайрылганда:
- ушул Эрежелердин 22-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна юридикалык жактын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат жана өкүлдүн ким экендигин тастыктаган документ;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- келүү максатын ырастоочу документтер (өтүнүч катта көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүгө укук берген, уюм тарабынан уюмдаштыруу документтен берилген көчүрмө);
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн кагаз түрүндө берилген документтер АМС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.
16. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн (чет мамлекеттердин жарандары үчүн: визанын колдонуу мөөнөтүнө визалык режим белгиленгендер; каттоосунун колдонуу мөөнөтүнө же болбосо каттоодон бошотуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө визасыз режим белгиленген), бирок 1 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет жана узартууга жатпайт.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. 16 жашка толгон адамдар уруксат алуу үчүн өтүнүч кат менен кайрыла алышат.";
- 21-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"21. Жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн уруксат алуу жөнүндө өтүнүч каттар жана аларга тиркелген документтер калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан каралат жана 1 (бир) жумуш күндүн ичинде жооптуу кызматкер тарабынан АМС аркылуу улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө макулдашууга жиберилет.";
- 22-24-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка жарандардын кирүүсүн (өтүүсүн) макулдашуу улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү АМС аркылуу өтүнүч кат жана тиркелген документтер келип түшкөн учурдан тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү өзүнүн жообун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Келип түшкөн өтүнүч катта жана ага тиркелген документтерде кемчиликтер, так эместиктер же оңдоолор табылган учурда, улуттук коопсуздук, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү маселелерди тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү кемчиликтерди жоюу үчүн себептерин көрсөтүү менен документтерди кайтарат.
Өтүнүч кат жана тиркелген документтер кемчиликтер жоюлгандан кийин улуттук коопсуздук, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү маселелерди тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө 2 (эки) жумуш күндүн ичинде жиберилет.
23. Уруксат берүү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан улуттук коопсуздук, Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү тарабынан макулдашылган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде АМС аркылуу жүзөгө ашырылат.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү арыз ээсине чек ара режими орнотулган чек ара аймактарына жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана жүрүү, иштерди жана иш-чараларды жүргүзүү тартибин түшүндүрүү менен баш тартуу же болбосо уруксат берүү жөнүндө маалымдайт жана/же өтүнүч катта көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жана/же байланыш номерине арыз ээсине билдирүү жөнөтөт.
Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү арыз ээсинин талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.
Уруксат берүүдөн баш тартуу арыз ээси тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
24. Уруксат өтүнүч кат берген адамдардын атына анда топтун мүчөлөрүнүн санын көрсөтүү менен, топтун тизмесин жана топтун ар бир мүчөсүнүн паспортунун жана жашап турууга уруксатынын көчүрмөлөрүн тиркөө менен таризделет. Тизменин биринчи барагында уруксаттын номери жана берилген күнү, болууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облус, район, айылдык аймак) көрсөтүлөт.
Тизменин ар бир барагы атайын окулуучу кодду коюу менен номерленет.";
- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- эгерде арыз ээси өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берсе жана кирүү максаты тууралуу жасалма документти берсе же толук маалымат көрсөтпөсө.";
- 26-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат алгандан кийин мобилдик тармактарды жана интернет байланышын камтыбаган зоналары бар чек арага жакын аймакка кирүүнү пландаган жеке жана юридикалык жактар Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же облус боюнча башкармалыкка (чек ара отряды) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат берүүчү документтерди берүүгө милдеттүү.
Келип түшкөн уруксат берүүчү документтер АМС боюнча кызмат адамы тарабынан текшерилет, аларга Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облус боюнча башкармалыктын (чек ара отрядынын) кызмат адамынын колу коюлат жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.";
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Уруксаттын жарактуулугу чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүүдө (өтүүдө), болууда, жашоодо жана орун которууда токтотулушу мүмкүн, бул жөнүндө уруксатта, ошондой эле АМСте тиешелүү жазуу киргизилет. Уруксаттын жарактуулугун токтотууга Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктоочу кызмат адамдары укуктуу.";
- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, жумуштарды жана иш-чараларды жүргүзүү, ал жерде туруктуу жашаган жарандарды кошпогондо, ким экендигин тастыктаган документтер боюнча, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын резолюциясы менен, кол коюу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" штампын коюу менен жүзөгө ашырылат.";
- 36-пунктта "өткөрмөдө" деген сөз "уруксатта" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Чек ара тилкесинин чегинде жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандар - ким экендигин күбөлөндүргөн анык документти, ал эми жашы жете электерди (16 жашка чейинки) -туулгандыгы тууралуу күбөлүктү (же болбосо жалпы жарандык паспортун) алардын ошол калктуу конушта жашагандыгын ырастаган даректик маалымкат менен өзүндө (анын ичинде скриншотторсуз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) алып жүрүүгө милдеттүү.";
- 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, орун которуу, жумуштарды жүргүзүү жана иш-чараларды өткөрүү тартиби";
- 47, 48-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, орун которуу, жумуштарды жүргүзүү жана иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же облус боюнча башкармалыктын (чек ара отрядынын) уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.
48. Уруксат алуу үчүн жеке же юридикалык жактар чек ара тилкесине пландалган кирүү (өтүү) башталганга чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же облус боюнча башкармалыкка (чек ара отрядына) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилген аймакка кирүүгө (өтүүгө), убактылуу болууга, орун которууга, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүүгө уруксатты, ошондой эле жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүүгө укук берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн берет.
Документтерди кошумча изилдөө талап кылынган учурларды, ошондой эле ал жеткис күчтүн учурларын кошпогондо, келип түшкөн уруксат берүү документтери кызмат адамы тарабынан текшерилет, АМС боюнча салыштырылат, андан ары аларга "Чек ара тилкесине киргенге уруксат берилди" деген штамп коюлат, ал кызмат адамынын колу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Текшерүү арыз ээси кайрылган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.";
- 49-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- арыз ээси өзү жөнүндө жалган маалыматтарды билдирсе же (жана) кирүү максаты жөнүндө жасалма документтерди жана толук эмес маалыматты берсе;
- эгерде арыз ээси тарабынан кемчиликтер бул тууралуу арыз ээсине кабарланган учурдан тартып жоюлбаса;
- улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарын жана мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда.";
- 52, 53, 56, 57-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 54-пункттагы "Өткөрмө" деген сөз "Уруксат" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 55-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55. Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берүү документтеринде көрсөтүлгөн, бирок 1 жылдан ашык мөөнөткө эмес уруксат берилет жана узартылбайт.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 2, 21, 22-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Эрежелердин 3, 5-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 82 (3531) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
ӨТҮНҮЧ КАТ (жеке жактар үчүн)
ИЖН: __________________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты ____________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Туулган датасы: _____________________________ Туулган жери: _______________________________
Жарандыгы: ____________________________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: ________________________________________________________________
Иштеген жери, кызмат орду: _______________________________________________________________
Байланыш телефону: _____________________________ mail: __________________________________
Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: _____________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана аны берген органдын аталышы)
Чегинде чек ара режими орнотулган ________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын, чек ара тилкесинин чегинде, калктуу конуш, район, облус)
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык төмөнкүгө шартталган:
________________________________________________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыздоо үчүн төмөнкүдөй мөөнөткө уруксат зарыл ___________________
________________________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Аны менен кошо жашы жете элек балдар бар:
ИЖН: __________________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты: ___________________________________________________________
Туулган датасы, айы жана жылы: __________________________________________________________
Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: _____________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана аны берген органдын аталышы)
Жеке маалыматтарымды иштетүүгө, чогултууга жана сактоого макулдугумду берем.
Датасы: _____________________________ Колу ____________________________
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жана чек ара тилкесинде жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө мөөр менен күбөлөндүрүлгөн уруксаты, анда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы болот. Эгерде уруксатта чек ара тилкесине кирүү жана болуу каралса, анда уруксатка мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы менен "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" деген штамп коюлат. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим белгиленген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, орун которуу, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 4. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт. |
Эскертүү: Чек арага жакын аймакка кирүү муктаждыгы андан ары чек ара тилкесине кирүү үчүн мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат алууну караса, анда өтүнүч катта милдеттүү түрдө калктуу конуш, район, облус жана чек ара тилкесине кирүү максаты көрсөтүлөт.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 21-тиркеме |
Форма
Топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн ӨТҮНҮЧ КАТ
ИЖН: _________________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты ___________________________________________________________
Туулган датасы: _____________________________ Туулган жери: ______________________________
Жарандыгы: ___________________________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: _______________________________________________________________
Иштеген жери, кызмат орду: ______________________________________________________________
Байланыш телефону: ________________________________ mail: ______________________________
Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: ____________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана аны берген органдын аталышы)
Чегинде чек ара режими орнотулган ______________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын чегинде, калктуу конуш, район, облус)
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык төмөнкүлөр менен шартталган:
______________________________________________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй мөөнөткө уруксат зарыл _______________
______________________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Тиркеме: _____________________________________________________________________________
(өтүнүч катка тиркелген документтердин тизмеги)
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жана чек ара тилкесинде жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксаты, анда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн резолюциясы болот. Эгерде уруксатта чек ара тилкесине кирүү жана болуу каралса, анда уруксатка мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы менен "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" деген штамп коюлат. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим белгиленген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, орун которуу, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 4. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт |
Жеке маалыматтарымды иштетүүгө, чогултууга жана сактоого макулдугумду берем.
Датасы: ____________________________ Колу: ______________________________
Жарандардын тизмеси:
№ | ФАА | Туулган күнү, айы жана жылы | Жарандыгы | Паспорттун же жашап туруу укугунун номери, сериясы жана берилген датасы (жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
- жеке өзүнө, башка жаранга же жарандардын тобуна уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат берген жаран чек арага жакын аймактын чегине (чек ара тилкесине) кирүүнү пландап жатса, анын маалыматы тизмеге киргизилет;
- чек арага жакын аймакка кирүү муктаждыгы андан ары чек ара тилкесине кирүү үчүн мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат алууну караса, анда өтүнүч катта милдеттүү түрдө калктуу конуш, район, облус жана чек ара тилкесине кирүү максаты көрсөтүлөт.".
|
| 3-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 22-тиркеме |
Форма
ӨТҮНҮЧ КАТ (юридикалык жактар үчүн)
Уюмдун ИСН: __________________________________________________________________________
Уюмдун толук аталышы: ________________________________________________________________
Юридикалык дареги: ____________________________________________________________________
Байланыш телефону: _____________________________, mail: _________________________________
Каттоочу органдын аталышы, мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимдин датасы жана номери: ________
______________________________________________________________________________________
Уюмдун жетекчисинин ФАА: ______________________________________________________________
Чегинде чек ара режими орнотулган
______________________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын чегиндеги калктуу конуш, район, облус)
______________________________________________________________________________________
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык төмөнкүлөр менен шартталган:
______________________________________________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй мөөнөткө уруксат зарыл
______________________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Тиркеме: _____________________________________________________________________________
(өтүнүч катка тиркелген документтердин тизмеги)
Жеке маалыматтарымды иштетүүгө, чогултууга жана сактоого макулдугумду берем.
Датасы: ________________________________ Колу: ____________________________
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жана чек ара тилкесинде жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксаты, анда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн резолюциясы болот. Эгерде уруксатта чек ара тилкесине кирүү жана болуу каралса, анда уруксатка мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы менен "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" деген штамп коюлат. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим белгиленген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, орун которуу, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 4. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт. |
Жарандардын тизмеси
№ | ФАА | Туулган күнү, айы жана жылы | Жарандыгы | Паспорттун же жашап туруу укугунун номери, сериясы жана берилген датасы (жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
- жеке өзүнө, башка жаранга же жарандардын тобуна уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат берген жаран чек арага жакын аймактын чегине (чек ара тилкесине) кирүүнү пландап жатса, анын маалыматы тизмеге киргизилет;
- жарандардын тизмесинин ар бир барагына кол коюлууга жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- чек арага жакын аймакка кирүү муктаждыгы андан ары чек ара тилкесине кирүү үчүн мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат алууну караса, анда өтүнүч катта милдеттүү түрдө калктуу конуш, район, облус жана чек ара тилкесине кирүү максаты көрсөтүлөт.".