Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-октябры № 557
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөргө прейскурант Кыргыз Республикасында жүргөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт;
- Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде медициналык кызматтарды алат.";
3) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген мамлекеттик дарылоо мекемелеринде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандарга медициналык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылсын.";
4) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Чет өлкөлүк жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдөн алынган каражаттар дарылоо мекемелеринин атайын эсептеринде топтолот жана дарылоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, аларды жабдууга жана бир бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат деп белгиленсин.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 85 (3534) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |