Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2000-жылдын 15-июну № 346
Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 530, 2005-жылдын 31-январындагы № 44, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 665, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 557 , 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында турган чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөөнү тартипке келтирүү жана сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын аймагында турган чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө Прейскуранты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөргө прейскурант Кыргыз Республикасында жүргөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт;
- Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде медициналык кызматтарды алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-алдын алуу бирикмесине Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана аларга теңдештирилген башка эл аралык уюмдардын кызматкерлерине жана республикада жүргөн башка чет өлкөлүк граждандарга сабаттуу медициналык жардам берүү жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- чет өлкөлүк граждандарга медициналык жардам берүүнүн сапатын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын;
- чет өлкөлүк граждандарга республиканын дарылоо-алдын алуу мекемелери тарабынан медициналык жардам берүү тартибин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген мамлекеттик дарылоо мекемелеринде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандарга медициналык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-алдын алуу бирикмеси чет өлкөлүк граждандарга көрсөтүлгөн медициналык жардам үчүн акынын ушул токтом менен бекитилген Прейскурант боюнча так алынышын камсыз кылсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана аларга теңдештирилген башка эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин тизмелерин өкмөттөр аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык акы төлөтүп жана акысыз медициналык тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-алдын алуу бирикмесине өз убагында берсин;
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана аларга теңдештирилген башка эл аралык уюмдарга медициналык жардам берүү тартиби, медициналык кызматтардын түрлөрү жана акы төлөө тарифтери жөнүндө маалымдасын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк граждандарды аларга медициналык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө өз убагында маалымат менен камсыз кылсын.
8. Медициналык камсыздандырылгандыгын ырастоочу документи жок чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө чыгымдары аларды чакырган тарап тартат.
9. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк граждандардын арасындагы окутуучуларды жана студенттерди медициналык тейлөө жөнүндө жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
10. Чет өлкөлүк жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдөн алынган каражаттар дарылоо мекемелеринин атайын эсептеринде топтолот жана дарылоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, аларды жабдууга жана бир бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 2-мартындагы "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" № 93 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
12. Ушул токтом жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Муралиев |