Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-октябры № 543
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Материалдык дем берүү жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, ошондой эле кылмыштарга жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча токтоосуз чара көрүү жана зарыл болгон чараларды көрүү үчүн аларды материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгына материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 456-беренесине ылайык өз компетенциясынын чегинде каралган жана салынган укук бузуулар үчүн өндүрүлүүчү айыптардын суммасынан 25% өлчөмүндө.";
- 9-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Укук бузуулардын бирдиктүү реестриндеги айыптар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өз компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүүгө - 13% өлчөмүндө бөлүштүрүлөт (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын, Кыргыз Республикасынын сотторун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгын кошпогондо);";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу ушул Тартиптин 8, 9-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечимдери менен аныкталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |