Загрузка документа…
| Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине 6-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 токтомуна ылайык) |
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна баалоо
жүргүзүүгө тийиш болгон салык жеңилдиктеринин
тизмеси
КР Салык кодексинин беренелеринин № | Жеңилдиктердин мазмуну |
1-этап (2023-жыл) | |
1-бөлүгүнүн 10-пункту | Өздүк акциялардын наркынын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган кирешеге пайда салыгы салынбайт |
1-бөлүгүнүн 13-пункту | Пайыздык кирешелер жана сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фонддук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн кирешелерге пайда салыгы салынбайт |
1-бөлүгүнүн 5-пункту | Насыялык бирликтер пайдага салык салуудан бошотулат |
1-бөлүгү | Финансылык кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган берүү болуп саналат |
1-бөлүгүнүн 15-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу банктык жабдуулар (банкоматтар, төлөм терминалдары жана банктык киосктор) - 2024-жылдын 1-январына чейин товарлар КНС төлөөдөн бошотулат. Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүк тутумдары менен жабдылган банк жабдуулары - 2026-жылдын 1-январына чейин |
2-этап (2024-жыл) | |
7-бөлүгүнүн 1-пункту | Салык төлөөчүнүн төмөнкүдөй башка иштерден алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 1) Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттары боюнча пайыздар |
1-бөлүгүнүн 11-пункту | Жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп, уюмдун катышуучулары тарабынан кошумча алынган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же алгачкы акцияларынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен да уюмдун катышуучуларына акцияларды (үлүштөрдү) бөлүштүрүүдө акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырмадан пайда салыгы алынбайт |
1-бөлүгү | Кайрымдуулук уюмдарына, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан маданият жана спорт уюмдарына кайтарымсыз берилген мүлктүн наркы, анын ичинде акча каражаттары бул мүлк аны өткөрүп берген салык төлөөчүнүн пайдасына пайдаланылбаган шартта чыгарып салынууга тийиш |
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсептен чыгарууга байланыштуу төмөнкү чыгымдардын суммасы эсептен чыгарылууга тийиш: 1) эсепке алынууга жатпаган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы; 2) эсепке алынууга жатпаган, акциз салыгынын суммасы; 3) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда берүүчүгө төлөнө турган сатуудан алынуучу салыктын суммасы; 4) КНС боюнча каттоону жокко чыгарууда материалдык эмес активдер менен негизги каражаттардын, товардык-материалдык запастардын калдыктарына эсептелген КНС боюнча салык төлөөчүнүн чыгымдары; 5) мүлк салыгы; 6) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар | |
1-бөлүгүнүн 8-пункту | Жеке менчик формасында түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары пайдага салык салуудан бошотулат |
1-бөлүгүнүн 9-пункту | Машина-трактордук станциясы пайдага салык салуудан бошотулат |
1-бөлүгүнүн 10-пункту | Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объекттерин пайдаланууга киргизген учурдан тартып 5 жыл ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ абалында кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрү пайдага салык салуудан бошотулат |
1-бөлүгүнүн 11-пункту | Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору пайдага салык салуудан бошотулат |
1-бөлүгү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, адистештирилген товарларды, анын ичинде аларды оңдоону кошуп алгандагы берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат |
2-бөлүгү | Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча дары каражаттарын, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналарды жана дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдарды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат |
Тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын берүүлөрү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | |
1-бөлүгүнүн 8-пункту | Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катары Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 13-пункту | Дары каражаттары, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары, медициналык буюмдар, ошондой эле дары-дармек каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу баштапкы материалдар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 23-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу өсүмдүк майларын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүүгө арналган чийки зат 2025-жылдын 1-январына чейин КНС төлөөдөн бошотулат |
Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу айыл чарба асыл тукум малдар жана үрөндүк материалдар, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары Министрлер Кабинети тарабынан ТЭИ ТН ылайык бекитилүүчү тизмекке ылайык КНС төлөөдөн бошотулат | |
1-пункту | Төмөнкүлөр салык салуудан бошотулат, жерлер: а) коруктар, резерваторлор, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктар, ботаникалык жана зоологиялык бактар, коруктар, жаратылыш эстеликтери, тарыхый жана маданий маанидеги объекттер, бөлүнбөй калган запастагы жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой жайгашкан көзөмөл тилкеси ээлеген жерлер; б) коргоочу токой, суу жана токой фонддору ээлеген калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы; в) айыл чарба багытындагы пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, байланыш жолдору, республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун боюндагы тилкелер; г) айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, продукт өткөргүч жана байланыш линияларынын алдындагы; д) айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, суу сактагычтардын жана суу ташкындуу зоналардын, электр энергиясын өндүрүү же берүү үчүн колдонулуучу электр линияларынын алдындагы |
2-бөлүгүнүн 2-пункту | Санитардык-коргоо зоналарына кирген профсоюздук санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын жерлери жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат |
3-этап (2025-жыл) | |
1-бөлүгүнүн 6-пункту | Коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган төмөнкүдөй пайдага салык салынбайт: а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү; б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар, ошондой эле ыктыярдуу жардамдар; в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы; г) көп батирлүү үйлөрдү жана аларды тейлеген имараттарды жана курулмаларды техникалык жактан күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр; д) өз мүчөлөрүнө суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр; е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери |
1-бөлүгүнүн 7-пункту | Ата мекендик уюмдарга жана чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддерге пайдага салык салынбайт |
1-бөлүгүнүн 1-пункту | Кайрымдуулук уюмдары пайдага салыктан бошотулат |
Адистештирилген уюм тарабынан анын менчигинин түрүнө карабастан жаңы курулуш/реконструкциялоо/кайра профилдөө/кайра пландоо объекттерин жана/же курулган объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташтыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат. Ушул беренеде көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет | |
2, 3, 4 жана 5-бөлүктөрү | 2. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган мүлктү, жер участогун кошкондо, банктар тарабынан берүүсү насыя боюнча же исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча карыздын суммасынын чегинде КНС бошотулган болуп саналат. 3. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган, мамлекеттик каттоо органынын документтерине ылайык турак жай фондуна киргизилген турак жай курулуштарын банктар тарабынан берүү КНС бошотулган болуп саналат. 4. Банктар тарабынан алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат. 5. Аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды товардык биржаларда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат |
КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 1) исламдык каржылоого ылайык мурабаха, салам жана истисна/жарыш истисна келишимдери боюнча банк тарабынан товарды берүү; 2) исламдык каржылоого ылайык шарика/кемүүчү мушарака келишими боюнча кардар менен банк ортосунда товарды өткөрүп жана кайтарып берүү | |
КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 1) банк тарабынан товарды берүү; а) исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча финансылык ижара шарттарында негизги каражаттар катары берүү үчүн; б) исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча; 2) берүүчү тарабынан товар берүү, эгерде берүү каржылык ижара келишимине, исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишимине же мурабаха келишимине ылайык төмөнкүлөргө карата жүзөгө ашырылса: а) финансылык ижара шартында негизги каражат катары пайдалануу үчүн арналса; б) эгерде кардар КНС салыгын төлөөчү болуп саналса, исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча | |
Пенсиялык камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, пенсияларды төлөөгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жана пенсиялык фонддордун мүлкүн ишенимдүү башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, мүлктү ижарага берүүнү кошпогондо, КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
1 жана 2-бөлүктөрү | 1. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү транспорт менен ташуу КНС бошотулган берүү болуп саналат. 2. Темир жол транспорту менен жүзөгө ашырылуучу жүргүнчүлөрдү, багаж жана жүктөрдү эл аралык ташуу КНС бошотулган берүү болуп саналат |
Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген жана бажы аймагында бажылык жол-жоболорунда жайгаштырылган иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү жана ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүү боюнча жумуштар КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан ташылып келген негизги каражаттарды кепилденген оңдоо, анын ичинде аларды калыбына келтирүү, курамдык бөлүктөрүн алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | |
Бажы кампасынын аймагында товарларды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Идентификациялоо каражаттарын, ошондой эле товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Кыргыз Республикасынын меценаттык жана кайрымдуулук жөнүндө мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максатында кайрымдуулук уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган берүүлөр КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | |
1 жана 2-бөлүктөрү | 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелери жана ишканалары тарабынан жүзөгө ашырылуучу өздүк өндүрүшүнүн товарларын, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат. 2. Кылмыш-жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемесинин аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу субъекттердин товарларды берүүсү ишке орноштурулуп, жазаларын түзөтүү мекемелеринде өтөп жаткандардын саны ошол ишканаларда иштегендердин жалпы санынын 60 пайызынан кем болбогон шартта КНС бошотулган берүү болуп саналат |
Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берүүчү технологияларды, жабдууларды жана анын комплекттөөчүлөрүн берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик мүлктү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
1. Коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу берүүлөрү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат, эгерде бул берүүлөр: 1) эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, балдар үйлөрүнүн жана карылар үйлөрүнүн дарегине, социалдык жактан камсыз кылуу жана коргоо үчүн болсо; 2) билим берүү, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт чөйрөсү үчүн болсо | |
Maй куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камылга катары реактивдүү отунду берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
1-бөлүгүнүн 12-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жаратылыш газы КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 14-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу айнек кайнатуучу мештерди жана конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 19-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камылга катары импорттолуучу реактивдүү отун КНС төлөөдөн бошотулат |
3-бөлүгү | Иши боюнча салык төлөөчү тарабынан КНС бюджетке төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасы: 1) ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү; 2) ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктарынан жасалган зер буюмдарын өндүрүү - 2027-жылдын 1-январына чейин жана Кыргыз Республикасынын Салык кодекстин 314-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эсептелген КНС суммасы салык төлөөчү өз-өзүнчө эсепти жүргүзгөн шартта 80 пайызга азайтылат |
1-бөлүгүнүн 8-пункту | Диний расымдарды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат |
2-бөлүгү | Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюмдардын товарларды сатуусу, жумуштарды аткаруусу, кызматтарды көрсөтүүсү, төмөнкүлөр үчүн төлөм ушул товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдардан ашпаган шарттарда бошотулат: 1) балдарды же улгайган жаштагы аз камсыз болгон жарандарды социалдык камсыздоо жана коргоо үчүн; 2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө |
3-бөлүгү | Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүлөрдү сатуу бошотулат: 1) турмуш-тиричиликтик максаттар үчүн жеке жакка электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын; 2) банк тарабынан: а) алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды; б) ушул келишимдер боюнча пайыздык кирешени кошпогондо, финансылык ижара келишими жана исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча негизги каражаттарды же товарларды |
2-бөлүгү | Накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 2023-жылдын 1-январына чейин 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленет |
4-этап (2026-жыл) | |
4-бөлүгүнүн 10-пункту | Салык төлөөчүнүн эмгек ишмердигинин алкагында алган төмөнкү кирешелерине киреше салыгы салынбайт: диний уюмдардын кызматчыларына берилүүчү эмгек акы, сыйакы, компенсациялар жана башка компенсациялоо жана дем берүү мүнөзүндөгү төлөмдөр |
4-бөлүгүнүн 12-пункту | Салык төлөөчүнүн эмгек ишмердигинин алкагында алган төмөнкү кирешелерине киреше салыгы салынбайт: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеген, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары болгон мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди акчалай күтүү |
Салык төлөөчү төмөнкүлөрдөн турган стандарттык чыгарып салууларга укуктуу: 1) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндө - жеке чыгарып салуулардан; 2) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн ар бир багуудагы адамына эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө - салык төлөөчүнүн багуусундагы адамына чыгарып салуулардан; 3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык киреше салыгы салынбаган кирешелер боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү чыгарып салуулардан; 4) салык төлөөчүнүн салыктык базасынан 8 пайыздан ашык эмес - мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чыгарып салуулардан | |
1. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган курактагы адамынын билим алуусуна социалдык чыгарып салууну алууга укуктуу. 2. Мектепке чейинки, мектептик, орто кесиптик жана жогорку билим алуу үчүн чыгарып салуулардын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет | |
1. Эгерде, келишимдин предмети турак жай фондуна тиешелүү кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана/же куруу болуп саналса, салык төлөөчү насыялык келишим жана/же банк менен ипотекалык насыя жана/же турак жай ссудасы, исламдык каржылоо келишими, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча пайыздык чыгымдарды жоюуга жумшаган иш жүзүндөгү суммасынын чегинде мүлктүк чыгарып салуу укугуна ээ. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мүлктүк чыгарып салуунун суммасы жылына 2300 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш | |
Төмөндөгүлөрдүн кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 1) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жетекчилеринин, ошондой эле персоналынын, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаса, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары; 2) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаса, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын ушул өкүлчүлүктөрдөгү дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары; 3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган ченемдерге ылайык эл аралык уюмда иштеген Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке жактын | |
1-бөлүгүнүн 1-пункту | Пайдык салым жана/же уставдык капиталга салым, жана/же субъект катышуучусу болуп саналган уюмга субъекттин салымынын башкача түрлөрү катары алынган мүлктүн наркына пайда салыгы салынбайт |
1-бөлүгүнүн 2-пункту | Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен уюмдун өзүнүн өздүк өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча акысыз алынган капиталдык салымдарга негизги каражаттардын жана/же акчалай каражаттардын наркына пайда салыгы салынбайт |
1-бөлүгүнүн 8-пункту | Шериктикке салым катары жөнөкөй шериктик алган мүлктүн наркы, ошондой эле уюм түзбөстөн, исламдык каржылоого ылайык кемүүчү мушарак/шарик келишими боюнча өнөктөштөрдөн алынган мүлктүн наркына пайда салыгы салынбайт |
1-бөлүгүнүн 9-пункту | Ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан кабыл алынган мүлктүн наркына пайда салыгы салынбайт |
1-бөлүгүнүн 2-пункту | Кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюмдар жана жеке ишкерлердин пайдасы салык салуудан бошотулат. Бул коом, уюм жана жеке ишкерлердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат |
1-бөлүгүнүн 7-пункту | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасында түзүлгөн бала бакчалар) пайдасы салык салуудан бошотулат |
1-бөлүгүнүн 8-пункту | Жеке менчик формасында түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын пайдасы салык салуудан бошотулат |
1-пункту | КНС бошотулган берүүлөр болуп мейманкана тибиндеги жайларды, пансионаттарды, эс алуучу жана дарылоочу жайларды ижарага берүүнү кошпогондо, мамлекеттик каттоо органынын документтерине ылайык турак жай фондуна таандык турак жай имараттарын жана жайларын же турак жайларды ижарага берүүлөр саналат |
Жеке жакка тиричилик максаты үчүн канализацияны, лифттерди пайдалануу боюнча, катуу жана суюк калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, ошондой эле ысык жана муздак сууну, жылуулук энергиясын, электр энергиясын жана газды, анын ичинде суюлтулган газ баллондорун берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Камсыздандыруу, кош камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат. Брокердин жана агенттин ушундай кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Мамлекеттик тилде китептерди, хрестоматияларды, илимий, адабий-көркөм китептерди, журналдарды, балдар үчүн басылмаларды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
1-бөлүгү | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат |
2-бөлүгү | Жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган кызмат көрсөтүүлөр болуп саналат |
Чыгарылганына 5 жыл боло элек, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын, ошондой эле аларга комплекттөөчүлөрдү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | |
Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинаждалган металлдарды берүү жана экспорттоо КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу процессинде жеке өнөктөш жана/же долбоордук компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген мезгилдин ичинде КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | |
1-бөлүгү | Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды берүү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат |
1, 2, 3 жана 4-бөлүктөрү | КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 1) уюмдун уставдык капиталына мүлктү өткөрүп берүү, ошондой эле уюм тарабынан катышуучуга мүлк түрүндө салымдын суммасын кайтарып берүү; 2) исламдык каржылоого ылайык шарика келишими боюнча өнөктөш менен уюмдун ортосундагы мүлктү өткөрүп берүү жана кайра кайтаруу; 3) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, аземдерди өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр; 4) ЕАЭБде жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызматтарды көрсөтүү, эгерде аларды берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы болуп саналса |
1-бөлүгүнүн 1-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү инсандыгын ырастоочу күбөлүктөрүнүн бланктары КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 2-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын товарлар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 3-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 4-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ЕАЭБ укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 5-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдуулары КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 6-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу акциздик жыйымдын маркалары, идентификациялоо каражаттары жана нумизматтык максатта пайдалануудан тышкары валюталар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 9-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 295-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык жактан маанилүү объект жөнүндө келишим боюнча товарлар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 10-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелеринин расмий пайдалануулары үчүн жана эл аралык уюмдар, ошондой эле дипломатиялык агенттер, ага кошо үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануулары үчүн товарлар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 11-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу балдардын тамак-ашы КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 16-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу электр энергиясы КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 17-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ЕАЭБдин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ТЭИ ТН) 870240 жана 870380 товардык позицияларында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү, чыгарылганына 5 жыл боло элек транспорт каражаттары, ошондой эле аларга кошумча тетиктер КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 18-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ТЭИ ТН 8504 40 550 0 жана 8504 90 980 0 товардык позицияларында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын электр менен кубаттоо үчүн жабдуулар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 20-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду курууга багытталган адистештирилген товарлар жана жабдуулар КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 21-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн мындай техниканын өндүрүүчүсү тарабынан импорттолуучу айыл чарба техникасын жана транспорт каражаттарын чыгаруу жана чогултуу үчүн багытталган комплекттөөчү бөлүктөр КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 22-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берген жабдуулар жана анын тетиктери КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 24, 24-1, 24-2-пункттары | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ККМ реестрине киргизилген ККМ, жана аларды оңдоо үчүн комплекттөөчүлөр: 24-1) ККМ Реестрине киргизилген, ККМ менен иштөө функциясы бар POS-терминалдар; 24-2) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен тизмеге ылайык программалык ККМ орнотууга багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөр КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 25-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Улуттук банк тарабынан ташып киргизилүүчү аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар - 2024-жылдын 1-январына чейин КНС төлөөдөн бошотулат |
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагына ата мекендик уюмдар тарабынан төмөнкүлөрдү убактылуу ташып кирүүлөр КНС төлөөдөн бошотулат: 1) ЕАЭБ ТЭИ ТН 8802 40 003 5, 8802 40 003 6 жана 8802 40 004 6 коддору менен классификациялануучу, чыгаруу мөөнөтү 15 жылдан ашпаган аба кемелери; 2) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, ушул беренеде каралган аба кемелерине кыймылдаткычтар жана тетиктер | |
КНС төлөөчү же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму режимин пайдалануучу субъект тарабынан наркы 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо импортко КНС төлөөдөн бошотулат, эгерде товар төмөнкүлөр катары ташып кирилсе: 1) түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттар; 2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча сатылып алынган товар | |
Башка мамлекеттин аймагына кайра иштетүү продуктуларын кийин ташып чыгуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштар, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн шарттары жана мөөнөтү сакталганда нөлдүк ставка боюнча КНС салынат | |
Айыл чарба жерлерин сугаруу, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштеген насостук станцияларды электрдик жабдууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөр КНС нөлдүк ставкасы менен берүү болуп саналат | |
1-бөлүгүнүн 3-пункту | Кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюм жана жеке ишкерлер тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат |
1-бөлүгүнүн 4-пункту | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн бала бакчалар) тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 7-пункту | Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер, ошондой эле бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат |
3-бөлүгүнүн 1-пункту | Турмуш-тиричиликтик максаттары үчүн жеке жакка электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын сатууда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 1-пункту | Төмөнкүлөр салык салууга жатпайт: ушул объекттин менчик ээсине таандык болгон турак жай имаратына же жайга, төмөнкүдөй өлчөмдөн ашпаган бир гана мүлк объектинин аянты: калктуу конуштарда калктын санына жараша мүлккө салык салынбоочу турак жай же имарат объектинин аянты, ч.м: 1) турак үй, дача үй, (миң адам - ч.м): 5ке чейин - 360; 5тен 10го чейин - 330; 10дон 20га чейин - 300; 20дан 50гө чейин - 270; 50дөн 100гө чейин - 240; 100дөн 200гө чейин - 210; 200дөн 500гө чейин - 180; 500 жана андан ашык - 150; 2) батир, (миң адам - ч.м): 5ке чейин - 290; 5тен 10го чейин - 260; 10дон 20га чейин - 230; 20дан 50гө чейин - 200; 50дөн 100гө чейин - 170; 100дөн 200гө чейин - 140; 200дөн 500гө чейин - 110; 500 жана андан ашык - 80 |
1-бөлүгүнүн 2-пункту | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн имараттары, жайлары жана транспорт каражаттары салык салууга жатпайт |
1-бөлүгүнүн 3-пункту | Кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коомдорунун, уюмдарынын жана жеке ишкерлердин имараттары салык салууга жатпайт. Аталган уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат |
1-бөлүгүнүн 4-пункту | Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, эмгекке жарамсыз жарандарды, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле кайрымдуулук уюмдарынын имараттары жана жайлары салык салууга жатпайт |
1-бөлүгүнүн 5-пункту | Майыптын менчигинде турган кол менен башкарылуучу мотоколяска жана/же автомобиль салык салууга жатпайт |
2-бөлүгүнүн 1-пункту | Төлөнүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатыры, баатыр эненин, Даңк жана үч даражадагы Эмгек даңкы ордендери менен сыйланган адамдын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана/же майыбынын, Баткен окуяларынын катышуучусунун, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчысынын же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо фронтто болушуна байланышкан оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен майыптын, аскер кызматчыларынын көрсөтүлгөн категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген майыптын, Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын жесиринин же жесилинин, ошондой эле I жана II топтогу майыптын менчигинде турган бир турак жай имараты же бир жайы, бир транспорттук каражаты бошотулат |
2-пункту | Көрүстөндөрдүн жерлери салык төлөөдөн бошотулат |
3-пункту | Мал айдоочу жана мал топтоочу аянтчалар салык төлөөдөн бошотулат |
4-пункту | Жергиликтүү кеңештер белгилеген мөөнөткө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан айыл чарба муктаждыктары үчүн алынган, рекультивациялоону талап кылган, бузулган (деградацияланган, топурак кыртышы жана жердин башка сапаттык көрсөткүчтөрү бузулган) жерлер салык төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 1-пункту | Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар бошотулат |
1-бөлүгүнүн 2-пункту | Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары бошотулат |
1-бөлүгүнүн 3-пункту | Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн жеке жак - пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жараны бошотулат |
1-бөлүгүнүн 4-пункту | Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн эрезеге жете элек 4 жана андан ашык балдары бар жеке адам бошотулат |
2-бөлүгүнүн 1-пункту | Жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюм жана жеке ишкерлер бошотулат. Аталган уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат |
2-бөлүгүнүн 4-пункту | Жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жерлери бошотулат |
2-бөлүгү | ЭЭЗ субъекти болуп эсептелбеген субъект тарабынан өндүрүштө пайдалануу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектине берүүдө КНС нөлдүк ставка боюнча салынат |
5-бөлүгү | Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына берүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгү | Салык кодексинин 432-беренесинин талаптарына жооп берген Жогорку технологиялар паркынын резидентинин иши Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу мөөнөткө төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулат: 1) пайдага салыктан; 2) сатуудан алынуучу салыктан; 3) салык салынуучу берүүлөргө КНС |
5-этап (2027-жыл) | |
3-бөлүгү | Салык төлөөчү төмөнкүлөр түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар; 2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стипендиялар жана пенсиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же соттук чечимдерде каралган зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр; 4) Президенттин резервдик фондунан, Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан, Жогорку Кеңештин депутатынын фондунан жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан төлөмдөр жана алардан төлөнүп кайтарымсыз негизде берилген мүлк; 5) Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү кеңештердин, коммерциялык эмес уюмдардын чечими боюнча жеңилгис күч жагдайлары менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар; 6) бюджеттин эсебинен олимпиада, паралимпиада жана азия оюндарына, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарына катышуунун жыйынтыгы боюнча чемпиондорго жана байге ээлерине, ошондой эле башка орундарды ээлегендерге, алардын машыктыруучуларына жана врачтарына төлөнүүчү стипендиялар жана бир жолку акчалай сыйакылар; 7) гуманитардык жардамдар; 8) наркы 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүп жаткан, жарандардын акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык чектерди талап кылуусуна дем берүү үчүн жүргүзүлүүчү лотереяларга/акцияларга катышуудан алган утуштары; 9) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан алган байгелери; 10) эл аралык уюмдар (фонддор) берген сыйакы; 11) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктары жана төлөп берүүчү суммалар, ошондой эле ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу; 12) кан тапшыруудан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донор болуунун башка түрлөрүнөн алынган сумма; 13) профсоюздук органдардан алынган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына ылайык жалданма жумушчулардын ден соолугун чыңдоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен санатордук-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий-профилакторийлерге, балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорго жолдомолор; 14) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматчылардын өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы өлүмү жана/же денесине залал келтирүүгө байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан төлөнгөн компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары; 15) Кыргыз Республикасынын Салык кодекстин 95-беренесине ылайык сатып алынган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө контролдук-кассалык чектерде көрсөтүлгөн сумманын бөлүгүн кайтарып берүү; 16) анын катышуучулары үчүн кайтарымсыз негизде өткөрүлүүчү семинарды, тренингди, тегерек столду уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде окутуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы, таратып берме материалдардын, тамак-аштын, жашоосунун жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы |
4-бөлүгү, 10 жана 12-пункттарын кошпогондо | Салык төлөөчүнүн эмгек ишинин алкагында алынган төмөнкү кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген иши үчүн белгиленген үстөк акылар жана райондук коэффициенттер; 2) аткаруу органынын кызматкерине, мүчөсүнө, директорлор кеңешинин же байкоочу кеңешинин мүчөсүнө иш сапарына кеткен чыгымдарды, ошондой эле уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгымдарын компенсациялоо суммалары: а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча - берилген документтерге жараша; б) турак жайды ижаралоо боюнча - берилген документтерге жараша; в) суткалык - Министрлер Кабинети бекиткен ченемдердин алкагында. Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгымдары боюнча ордун толтуруунун суммасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде салык салуудан бошотулууга тийиш; 3) кызматкерлерди милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуучу тейлөөнүн наркы, анын ичинде жумуш берүүчү тарабынан кызматкерлер үчүн лабораториялык анализдерге жана пандемиялык мүнөзү Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген оорулар боюнча вакциналарга төлөнүүчү наркы; 4) өзүнүн кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйакылары, ошондой эле ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр; 5) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 220-беренесинде каралган кызматкерлерди окутуу наркы; 6) кызматкердин 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн ар бир балага 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектердин наркы; 7) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин тизмегине ылайык жана ченемдер боюнча сүттүн жана башка дарылоо-алын алуучу тамак-аштын наркы; 8) каза болгон кызматкердин жакын туугандары же жакын тууганы өлгөндүгүнө байланыштуу кызматкердин кайтарымсыз алынган суммалары; 9) иш менен камсыз кылуу органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар; 11) аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин, бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин акчалай үстөк жана азык-түлүк пайкынын ордуна компенсация түрүндөгү кирешелери |
6-бөлүгү | Төмөнкүлөрдү сатуудан алынган кирешеге киреше салыгы салынбайт: 1) сатып алган күндөн тартып бир жылдан ашык жеке менчик укугунда таандык болгон автомототранспорттук каражаттар; 2) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон жана ушул кыймылсыз мүлккө укук катталган датадан тартып кийинки бир жылдан ашык убакыт жеке менчик укугунда салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк; 3) салык төлөөчү тарабынан ага таандык короо-жайынан алынган айыл чарба продукциясы; 4) өз муктаждыктары үчүн алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлк |
7-бөлүгү | Салык төлөөчүнүн төмөнкүдөй башка иштерден алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 2) баалуу кагаздардын ээси тарабынан алынган пайыздык киреше жана киреше алуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фонддук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн кирешелер; 3) исламдык каржылоого ылайык мудараб келишими боюнча киреше; 4) чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан алынган дивиденддерди кошпогондо, резидент-жеке жак алган дивиденддер; 5) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардын кайтаруу суммасы; 6) жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп, уюмдун катышуучулары тарабынан кошумча алынган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же алгачкы акцияларынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен да уюмдун катышуучуларына акцияларды (үлүштөрдү) бөлүштүрүүдө акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма; 7) жеке жак ишкердик ишинен алган жана пайдага салыкты же башка салыктардын ордуна белгиленген, атайын салык режими боюнча төлөнүүчү салыкты төлөгөндөн кийин анын тескөөсүндө калган суммалар; 8) шайлоо комиссияларында талапкердин же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочусунун, ишенимдүү адамынын, өкүлүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырганы, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн, референдум өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан үгүт кызматтарын аткарганы үчүн талапкердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жана шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү мезгилинде референдум тобунун фондунун каражаттарынан жеке жак алган суммалар; 9) мамлекеттик турак жай программасы боюнча ипотекалык кредит берүүдө материалдык пайда формасында алынган киреше; 10) жеке жак-резидент, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан мекеменин өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана анда бул жаран киреше алып, ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тиешелүү салык төлөгөн чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу жок болгондо чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан алынган кирешелер |
1-бөлүгүнүн 12-пункту | Пайда салыгы исламдык каржылоого ылайык шарика келишими боюнча банк тарабынан алынган пайдага салынбайт |
Салык төлөөчүлөрдүн кызмат адамдарынын, анын ичинде башкаруунун аткаруучу органынын кызматкерлеринин, мүчөлөрүнүн жана директорлор кеңешинин же байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кызматтык иш сапарлары менен байланышкан чыгымдары эсептен чыгарып салууга жатат | |
Салык төлөөчүнүн кызматкерлерди окутууга, кадрларды даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган чыгымдары чыгарып салууга жатат | |
1 жана 3-бөлүктөрү | 1. Карыздын суммасы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн колдонулган учурда, төлөнгөн пайыздык чыгымдар ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салынууга тийиш. 3. Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошуп эсептөө методуна ылайык банктар тарабынан чегерилген пайыздык чыгашалар эсептен чыгарылууга тийиш |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 токтомуна ылайык, салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибинин тизмесинде бул сапта расмий тил менен айырмачылыктар бар | |
Салык төлөөчүнүн инновациялык ишке чыгымдары эсептен чыгарып салынууга тийиш. Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет: 1) илимий-изилдөө иштери; 2) тажрыйба-конструктордук иштер; 3) долбоордук-изилдөө иштери; 4) илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер; 5) колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер; 6) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер | |
Кыргыз Республикасынын Салык кодекстин 226-беренесине ылайык аныкталган амортизациялануучу негизги каражаттарга амортизациялык чегерүүлөр чыгарып салынууга тийиш | |
Менчик укуктагы, анын ичинде финансылык ижаранын предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдар чыгарып салууга жатат | |
1-бөлүгүнүн 3-пункту | Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн пайдасы салык салуудан бошотулат |
1-бөлүгүнүн 4-пункту | Айыл чарба кооперативдеринин пайдасы салык салуудан бошотулат |
3-бөлүгү | Салык төлөөчү пайда салыгынын суммасын ККМ же төмөнкү шарттарды сактаган учурда фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү сатып алуудагы чыгымдарынын суммасын ККМ ар бир бирдигине же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнө карата 100 эселенген эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө азайтууга укуктуу: 1) ККМ же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш отчеттук салык мезгилинде сатып алынган; 2) ККМ же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш ККМ же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү каттаган күндөн баштап салык мезгили аяктаганга чейинки мезгил аралыгында салык төлөөчү тарабынан өз ишинде үзгүлтүксүз пайдаланылган; 3) салык төлөөчү ККМ колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбаган |
2-бөлүгү | Виртуалдык активди сатуу КНС салынуучу объект болуп саналбайт |
1-бөлүгү | Айыл чарба өндүрүүчүсүнүн, айыл чарба кооперативинин өздүк өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын, ошондой эле анын кайра иштетилген продуктуларын берүүлөр КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат |
2-бөлүгү | Айыл чарба кооперативи тарабынан ушул кооперативдин мүчөлөрү болгон айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн алынган айыл чарба продукциясынын жана кайра иштетүү продуктуларынын берүүлөрү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат |
Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүсүнө Министрлер Кабинети аныктаган тизмекке ылайык Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | |
1-бөлүгүнүн 1-пункту | Айыл чарбалык өндүрүүчүсү жана/же машина-трактордук станциясы тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 2-пункту | Айыл чарба кооперативи тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат |
1-бөлүгүнүн 6-пункту | Электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү транспорт каражаттарына мүлк салыгы салынбайт |
2-бөлүгүнүн 2-пункту | Төлөнүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн айыл чарба кооперативинин негизги ишинин максатында пайдаланылуучу айыл чарба кооперативинин менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттар, жайлар жана курулмалар бошотулат |
2-бөлүгүнүн 3-пункту | Төлөнүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар, жайлар жана курулмалар бошотулат |
4-бөлүгү | Салык төлөөчү имаратка же жайга салыктын суммасын бул мүлк объекти боюнча эсептелген мүлк салыгынын суммасынын чегинде ушундай имараттын же жайдын астында түздөн-түз жайгашкан жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасына азайтууга укуктуу |
5-бөлүгү | Күрөөгө коюлган, банктын менчигине кабыл алынган мүлк, ушул мүлк банктын менчигине өткөрүлүп берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып мүлк объекти банк тарабынан ишкердик максаттарда пайдалана баштаган же сатылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейинки мезгилге ушул окуялардын кайсынысы эрте болгонуна жараша салык салуудан бошотулат |
| Башка жеңилдиктер |