Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого Талаптар (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтомуна)
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтомуна) |
Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого ТАЛАПТАР
1. Ушул Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерге таандык соода рынокторунун аймагында ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө карата колдонулат жана өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык аймакты абаттоо боюнча рыноктун ээлерине талаптарды камтыйт.
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы соода рыногунун ээси салыктык жана/же эсептик каттоосу жок болгон, ишкердик субъекттер учурдагы салыктык мезгил үчүн салыктарды төлөбөгөн учурда, ошондой эле салык кызматынын ыйгарым укуктуу органынын сунушу боюнча ижара келишимин бузууга милдеттүү.
3. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык рыноктун аймагы төмөнкүлөр үчүн тосулууга, ыңгайлаштырылууга жана видеобайкоо системасы менен жабдылууга тийиш:
1) товардын сакталышын камсыз кылуу;
2) анын аймагына ишкердик субъекттин өкүлүн жана жалданма кызматкерди кошпогондо, башка адамдардын кирүүсүн чектөө;
3) ишкердик субъектке жана анын товарларына карата салык контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
4. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймактарын ыңгайлаштырууга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) автотранспорт каражаттары үчүн шлагбауму бар кирүү жана чыгуу жолдорунун болушу;
2) сезондуулукту эске алуу жана видеобайкоо камераларына жана интернетке жетүү менен өзүнүн функциялык милдеттерин аткаруусу үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга (салык органдары жана укук коргоо органдары) арналган кызматтык жайлардын болушу;
3) соода рынокторунун аймагында ишин жүзөгө ашырган ишкердик субъекттердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күзөттүн болушу;
4) персонал жана келүүчүлөр үчүн суу түтүгүнүн жана канализациянын борборлоштурулган тармактарына кошуу менен коомдук пайдаланылуучу жерлерге аныкталган талаптарга ылайык орнотулган жана жабдылган дааратканалар. Суу менен жабдуунун жана канализациянын борборлоштурулган тармактары райондо жок болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча суу менен жабдуунун жана канализациянын жергиликтүү системаларын орнотууга жол берилет;
5) соода объекттеринин, күзөт кызматтарынын, милициянын, рыноктун администрациясынын, өрт өчүрүүчү щиттин (гидранттардын) жапа даараткананын толук жайгашуу схемасы менен маалыматтык такталардын болушу;
6) рыноктор менен өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда мүмкүн болуучу өрттөрдү өчүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн бекитилген планынын, өрт өчүрүүнүн ыкчам планынын болушу;
7) жүк ташуучу жана жеке транспорт үчүн жабдылган унаа токтотуучу жайлар.
5. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык рыноктун аймагы бүткүл периметри боюнча кайтарылууга, белгиленүүгө жана тосулууга, транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн жол төшөлмөсүнө, ошондой эле унаа токтотуучу жайга ээ болууга тийиш.
6. Рыноктордун аймагынын тосмосу темир-бетондон, бетондон, кирпичтен, металл конструкциялардан, темир тордон, тордон же бул материалдардын айкалышынан жасалган үзгүлтүксүз конструкциядан турууга жана рыноктордун тосулган аймагынын ичинде жайгашкан, товарлардын сакталышын камсыз кылган ишкердик субъекттердин жайларын кошпогондо, бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш.
7. Тосмонун фасадында (кире бериш дарбазалардын жанында же контролдук-өткөрүү пункттарында) салык контролу зонасын билдирген, белгиленген формадагы белгилер мамлекеттик жана расмий тилдерде илинүүгө тийиш.
8. Рыноктун субъекттеринин сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлары, рыноктун аймагында же рынок жайгашкан аймакта бул үчүн атайын жабдылган, зарыл болгон учурда муздаткыч жабдуулары бар кампаларда сакталууга тийиш.
9. Рыноктун аймагында Кыргыч Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынуучу башка иштерди жүргүзүүгө жол берилет.
10. Салык контролун жүргүзүү үчүн рыноктордогу шарттардын шайкештиги рыноктордун ушул Талаптын ченемдерине ылайык келиши жөнүндө ыйгарым укуктуу салык кызматынын органынын актысы менен ырасталат.