Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-октябры № 573
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксат берүүчү документтерин берүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)
Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтерди өз убагында берүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
- 1-главада:
17-пунктта "Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөр "Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18-пунктта "Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөр "Ички иштер министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-главанын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- атайын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документтерди (лицензия/уруксат/корутунду) берет;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 311 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөр "Ички иштер министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибинде:
- 8-пункттун 8-пунктчасы, 9-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |