Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-октябры № 569
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 13-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 24 жана 25-тиркемелерге ылайык;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департамент жөнүндө жободо:
- Жобонун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти жөнүндө жобо";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары - ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти";
- расмий тилде: "Департамент ветеринарных лекарственных средств при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) Департаменттин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "ВДКД";
расмий тилде: "ДВЛС".";
- мамлекеттик тилдеги 7-пунктта, 9-пункттун экинчи абзацында, 11-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтарында, 12-пункттун экинчи абзацында, 13-пунктта, 17-пункттун бешинчи абзацында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "дары-дармектер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "дары-дармек каражаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта:
мамлекеттик тилдеги экинчи абзацта "дары-дармектерди" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоону, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашыруу.";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Жөнгө салуу функциялары:
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют кошулмаларын ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашырат;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын өндүрүлүшүнүн (даярдалышынын), сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине карата экспертиза жүргүзөт;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиялоону жүзөгө ашырат.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана ветеринардык багыттагы каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды, ошондой эле ветеринардык дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө катышуучу ветеринардык адистерди окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзүүгө жана жыйынтыгы боюнча окуудан же квалификациясын жогорулатуудан өткөндүгүн ырастоочу документти берүүгө;";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Директор жок болгон учурда анын милдеттерин убактылуу аткаруу ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошумчаларын каттоо жана сапатын баалоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.";
3) жогоруда аталган токтомдун 25-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ