Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 24-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары - ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбордун укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, штампы, бланкы, эмблемасы болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти";
- расмий тилде: "Департамент ветеринарных лекарственных средств при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) Департаменттин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "ВДКД";
расмий тилде: "ДВЛС".
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин юридикалык дареги:
- Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 А.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин ишинин максаты ветеринардык дары-дармек каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоону, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Департаменттин функциялары
9. Тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- Департаменттин компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, регламенттердин, нускамалардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Жөнгө салуу функциялары:
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют кошулмаларын ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашырат;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын өндүрүлүшүнүн (даярдалышынын), сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине карата экспертиза жүргүзөт;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиялоону жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- компетенциясына Ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын көзөмөлдөө кирген мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- рекламацияларды карайт, маалыматтарды чогултат жана ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын колдонуунун натыйжасындагы терс таасирлерге жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзөт жана корутунду берет;
- жаныбарлар үчүн ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүргөн ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзөт;
- тоют кошулмаларынын ветеринардык биологиялык препараттарын, эталондорун, ветеринарияда колдонулуучу микроорганизмдердин штаммдарынын улуттук коллекцияларын сактайт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Кызмат көрсөтүү функциялары:
- жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Колдоо функциялары:
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын сертификациялоо боюнча методдорду өркүндөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Департаменттин укуктары
14. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Департаменттин ишин өркүндөтүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор-өлкөлөрдүн каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- консультация берүү, окутуу, экспертиза жана башка максаттар үчүн окумуштууларды жана адистерди келишимдин негизинде тартууга;
- биринчи кезектеги милдеттерди чечүү үчүн иш чөйрөсүндө кеңештерди, комиссияларды түзүүгө;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана ветеринардык багыттагы каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды, ошондой эле ветеринардык дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө катышуучу ветеринардык адистерди окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзүүгө жана жыйынтыгы боюнча окуудан же квалификациясын жогорулатуудан өткөндүгүн ырастоочу документти берүүгө;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Департаменттин ишин уюштуруу
15. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор жок болгон учурда анын милдеттерин убактылуу аткаруу ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошумчаларын каттоо жана сапатын баалоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Департаменттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана алардын адистеринин ортосундагы функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- Департаменттин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдардын сметасын иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө берет;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын каттоо күбөлүктөрүнө жана сертификаттарына кол коёт;
- Департаменттин кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- оперативдүү башкарууга берилген мүлктүн сакталышы жана арналышына ылайык колдонулушу боюнча чараларды көрөт;
- жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу;
- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Департаменттин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
- Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Департаменттин мүлкү жана каржылоо
18. Департамент өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда берилген мамлекеттик мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик жүргүзөт жана колдонот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
21. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Департаменттин иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)