Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 605 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби белгиленет, аларга карата бажы декларациясын берүү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актылары менен белгиленген ташылып келүүчү товардын максаттуу багыты жөнүндө максаттуу ырастоону берүү менен коштолот.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр бар:
1) "тарифтик жеңилдик" - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген (ташылуучу) товарларга карата ташып келүү бажы алымын төлөөдөн бошотуу же ташып келүү бажы алымынын ставкасын төмөндөтүү түрүндөгү тарифтик жеңилдиктер колдонулат;
2) "тарифтик квота" - Бирликтин бажы аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн чыгарылган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүнү жөнгө салуу чарасы, анда белгилүү бир мезгилдин ичинде жана мындай сандан ашык белгиленген сандын чегинде (натуралай же нарктык туюнтмада) ташылып келүүчү товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын дифференцияланган ставкаларын колдонуу каралат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү максаттуу ырастоону талап кылган товарларды ташып келүүнүн шарттары
3. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, азык-түлүк продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу айыл чарба саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
4. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, дары каражаттарын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
5. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон даяр дары каражаттарын ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
6. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон коргоо жана коргонуу максаттарында колдонулуучу товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу коргоо саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
7. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон транспорт тармагында колдонулуучу товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу транспорт саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
8. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон жарандык авиацияда колдонулуучу товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу жарандык авиация саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
9. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон жер казынасын пайдалануу саясаты чөйрөсүндөгү товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу жер казынасын пайдалануу саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
10. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон энергетика жана отун чөйрөсүндөгү товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу отун-энергетика саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
11. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон санариптик жана электрондук технологиялар жаатындагы товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу санариптик технологиялар жана электрондук башкаруу саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
12. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
13. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу укук коргоо саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
14. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон жарандык маданият, искусство, кинематография жана спорт чөйрөсүндөгү товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу маданият, искусство, кинематография жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу берилет.
15. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү, максаттуу ырастоону берүү зарыл болгон курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү товарларды ташып келүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай товарлардын номенклатурасы, саны, тарифтик квотасы же тарифтик жеңилдиги, наркы, ошондой эле аталган товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган максаттуу багытын ырастоо тууралуу курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын корутундусу берилет.
3-глава. Ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытына ырастама алуу тартиби
16. Ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан берилген арыздын (мындан ары - арыз) негизинде ушул Жобонун 3-15-пункттарында көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган жана аталган товарларды билдирилген максаттарда гана пайдаланган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан берилет.
17. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) каттоо (чыгыш) номери жана каттоо датасы;
2) арыз ээси жөнүндө маалыматтар, анын ичинде почта жана электрондук дареги, төлөөчүнүн эсептик номери, байланыш телефонунун номери;
3) ташылып келүүчү товардын аталышы, анын Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык коду, товардын саны, өлчөө бирдиги, тышкы соода келишиминде көрсөтүлгөн акча бирдиктериндеги, товарды ташуу жүзөгө ашырылган жалпы наркы, товардын жалпы наркы көрсөтүлгөн акча бирдиктеринин аталышы жөнүндө маалымат;
4) үчүнчү өлкөлөрдөн продукция өндүрүү үчүн товарды ташып келүүнүн зарылдыгынын негиздемеси.
18. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) мамлекеттик сырларды сактоо менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардан башка учурларды кошпогондо, товарларды ташып келүү каралган товарды жеткирүүгө контракттын көчүрмөсү;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ташылып келүүчү товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;
3) ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоочу документтер (техникалык параметрлер, физикалык-химиялык мүнөздөмөлөр, заводдук сыноолордун актылары, уруксат берүүчү документ) жана продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу документтер (шайкештик сертификаттары, шайкештик жөнүндө декларациялар);
4) документтер өкүл аркылуу берилген учурда - ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү.
Арыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдеринде түзүлөт. Арызга арыз ээсинин уюмунун жетекчиси (жетекчисинин орун басары), жеке ишкер кол коёт.
19. Чет тилде түзүлгөн документтер арыз ээсинин уюмунун жетекчиси (жетекчисинин орун басары), жеке ишкер күбөлөндүргөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине котормосу менен берилет.
20. Арыз тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан үч жумуш күндүн ичинде каралат. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча ташылып келүүчү товардын максаттуу багыты жөнүндө мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтар камтылган ырастама-кат же мындай ырастоону берүүдөн аргументтүү баш тартуу берилет.
21. Ташылып келүүчү товардын максаттуу багытын ырастоо бир тышкы соода келишиминин алкагында ташылып келген жана арыз ээсинин өзү гана пайдалануу үчүн арналган товарлардын санына берилет.
Ташылып келүүчү товардын максаттуу багытын ырастоонун бир нускасы арыз ээси тарабынан товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүзөгө ашырган бажы органына берилет, экинчиси - арыз ээсинде калат.
22. Ыйгарым укуктуу органдар, эгерде товардын максаттуу багытын ырастоону берүүдөн баш тартуунун негиздери жана критерийлери болуп төмөнкүлөр саналса, арызды кабыл алуудан баш тартышат жана ташылып келүүчү арыз катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө арыз ээсине кабарлайт:
- ташылып келүүчү товарларды пайдалануунун арызда көрсөтүлгөн максатка ылайык келбөөсү;
- арыз ээси берген документтерде анык эмес маалыматтардын болушу.
23. Максаттуу багытын ырастоону берүү жөнүндө мурда берилген арызды ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайталап кароо баш тартууга алып келген себептер жоюлгандан кийин арыз берилген учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде кайра жаңыланышы мүмкүн.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарым жылда бир жолу ташылып келген товарларды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
25. Мониторинг жүргүзүү үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу жарым жылда бир жолу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ташылып келген товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет берет:
1) өндүрүлгөн продукциянын номенклатуралык-сандык тизмеги;
2) товарлардын калдыктары боюнча ведомость;
3) товарлардын чыгымынын ченемдери.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин натыйжалары боюнча товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө акт тариздейт жана ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоону бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
27. Ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багыты жана пайдаланылышы боюнча берилген маалыматтардын жана отчеттордун аныктыгы үчүн жоопкерчиликти тышкы экономикалык иштин катышуучусу тартат, ал ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоону берүү боюнча ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча товарларды алардын максаттуу багытына так ылайык максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме берет.
4-глава. Корутунду жоболор
28. Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттердин аймагына максаттуу багытына ылайык ташылып келген товарларды алып чыккан учурда арыз ээси жеке жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тиешелүү шарттуу эсептелген бажы төлөмдөрүн, айыптарды жана туумдарды төлөйт.
29. Ушул Жободо белгиленген талаптар сакталбаган учурда товарларды максаттуу багытына ылайык ташып келүүдө бажы алымдары Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифи менен белгиленген ставкалар боюнча алынат.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Каттоо (чыгыш) номери, каттоо датасы _______________________________________________
________________________________________________________________________________
Ташылып келүүчү товардын максаттуу багытын ырастоо жөнүндө АРЫЗ
Арыз ээси _______________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, ишкер болуп саналган жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты)
Почта жана электрондук дареги, байланыш телефону ___________________________________
Бажы органдарына көрсөтүү үчүн ташылып келген товарлардын максаттуу багытын ырастап берүүнү суранабыз.
Ташылып келүүчү товарлар:
Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Саны | Өлчөө бирдиги | Тышкы соода келишиминде көрсөтүлгөн акча бирдиктеринде товардын жалпы наркы | Товардын жалпы наркы көрсөтүлгөн акча бирдиктеринин аталышы | Тышкы соода келишиминин реквизиттери, контрагенттин аталышы, жеке өндүрүшүнүн продукциясынын сертификатынын реквизиттери, товарларды өндүрүүнүн шарттары жөнүндө келишимдин реквизиттери |
|
|
|
|
|
|
|
Ташылып келүүчү товарларды пайдалануунун максаты __________________________________
Аталган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына билдирилген максаттарда пайдалануу үчүн ташылып келүүсүнө кепилдик беребиз.
Ушул арызга төмөнкүлөр тиркелет (тиркелүүчү документтерди санап көрсөтүү керек):
1. ______________________________________________________________________________
2. ______________________________________________________________________________
3. ______________________________________________________________________________
4. ______________________________________________________________________________
Арыз ээсинин уюмунун жетекчиси (жетекчисинин орун басары) же жеке ишкер |
| ________________________________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
1. Жалпы маалымат
Алуучу/импорттоочу _______________________________________________________________ (юридикалык жактын/жеке адамдын толук аталышы)
СИН ____________________________________________________________________________
2. Товар жөнүндө маалымат ________________________________________________________ (товардын аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду)
________________________________________________________________________________ (товардын идентификациялык/сериялык номери)
3. Товарды максаттуу пайдалануу:
Көрсөтүлгөн товарларды максаттуу багытына ылайык так пайдалануу жөнүндө милдеттенме алабыз.
Көрсөтүлгөн товарларды максатсыз пайдаланган учурда Кыргыз Республикасынын бажы жана салык мыйзамдарына ылайык тийиштүү бажы алымдарынын, салыктардын жана туумдардын суммасын төлөөгө милдеттенебиз.
Ташылып келүүчү товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетту берүүгө милдеттенем.
________________________________________________________________________________ Жетекчи (жетекчинин орун басары) (аты-жөнү) же жеке ишкер
(колу)
М.О.
________________________________________________________________________________ (инсандык күбөлүгүнүн номери, берген орган, берилген күнү жана жарактуулук мөөнөтү)
|
| Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
_______________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Ташылып келүүчү товардын максаттуу багытына ЫРАСТАМА
20___-ж. ____ ____________ № ____
1. Ушул ырастама __________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы, жеке ишкер болуп саналган жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), төлөөчүнүн эсепке алуу номери)
_________________________________________________________________________________
________________________________________________________________ тарабынан берилди
жана ушул ырастаманын 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар арыз ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ____________________________________________________ үчүн (ЕАЭБ ТЭ ИТН боюнча позициянын аталышында каралган ташып келүүнүн максаты көрсөтүлөт)
ташылып келгенин ырастайт.
2. Товарлар жөнүндө маалыматтар:
Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Саны | Өлчөө бирдиги | Тышкы соода келишиминде көрсөтүлгөн акча бирдиктеринде товардын жалпы наркы | Товардын жалпы наркы көрсөтүлгөн акча бирдиктеринин аталышы | Тышкы соода келишиминин реквизиттери, контрагенттин аталышы, жеке өндүрүшүнүн продукциясынын сертификатынын реквизиттери, товарларды өндүрүүнүн шарттары жөнүндө келишимдин реквизиттери |
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары) | __________________________________ |
|
| (колу) |
|
| М.О. |
|