Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-июну № 297
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү ишти өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жободо:
- 1-пункт "курулмалар," деген сөздөн кийин "модернизациялануучу объекттер," деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункттун экинчи абзацы "долбоорлоо жумуштарын," деген сөздөрдөн кийин "чет өлкөлүк ченемдерди жана стандарттарды колдонуу," деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу - он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- эксперименттик, анын ичинде модернизациялануучу объекттерди долбоорлоодо жана курууда чет өлкөлүк курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарын төмөнкү чөйрөдө колдонууга:
өрт, технологиялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
имараттарды жана курулмаларды инженердик жана технологиялык камсыздоо системаларын колдонуу.";
- 12-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Долбоорлоо алдындагы, долбоордук документтерди иштеп чыгууда жана тариздөөдө, экспертизаларды жана корутундуларды алууда, ошондой эле эксперименттик, анын ичинде модернизациялануучу объекттерди курууда жана пайдаланууга берүүдө чет өлкөлүк курулуш ченемдери жана эрежелери, стандарттары колдонулган учурда корутундуларды, экспертизаларды, макулдашууларды берүү жана объектти пайдаланууга берүү долбоорлоодо жана курууда колдонулган чет өлкөлүк ченемдерге жана эрежелерге, стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда эксперименттик объекттерди долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди берүү процесси жана аларды пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
- 23-пункттун биринчи абзацы "Эксперименттик" деген сөздөн кийин ", анын ичинде чет өлкөлүк курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарын колдонуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |