Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дене тарбия, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт республикалык борборунун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча методикалык борбордун кызматкерлеринин чектүү санын белгилөө жана эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт республикалык борборунун, 19-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча методикалык борбордун, 20-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 19, 20-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
ушул токтомдун 3, 4-тиркемелерине ылайык редакцияда 10-1, 10-2-тиркемелер менен толукталсын.
3. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү ведомстволук мекемелери үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
"Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт республикалык борборунун ТИПТҮҮ ЧЕКТЕЛГЕН ШТАТТАРЫ
№ | Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 1 |
3 | Методист | 2 |
4 | Башкы бухгалтер | 1 |
5 | Бухгалтер | 1 |
6 | Кадрлар боюнча инспектор | 1 |
7 | Врач | 1 |
| Жыйынтыгы: | 8 |
Машыктыруучу-окутуучу курам | ||
1 | Спорт боюнча координатор | 1 |
2 | Спорт боюнча инструктор | 10 |
3 | АЧД боюнча инструктор | 1 |
4 | Машыктыруучу | 13 |
| Жыйынтыгы: | 25 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Катчы-референт | 1 |
2 | Чарба башчысы | 1 |
3 | Электрик, сантехник, жыгач уста | 3 |
4 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 2 |
5 | Аймактарды тазалоочу | 4 |
6 | Күзөтчү | 3 |
7 | Коомдук ажатканаларды тазалоочу | 1 |
| Жыйынтыгы: | 15 |
| Бардыгы: | 48 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча методикалык борбордун ТИПТҮҮ ЧЕКТЕЛГЕН ШТАТТАРЫ
№ | Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 2 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 |
4 | Бухгалтер | 1 |
| Жыйынтыгы: | 5 |
Негизги персонал | ||
1 | Башкы адис | 3 |
2 | Жетектөөчү адис | 3 |
3 | Методист | 4 |
| Жыйынтыгы: | 10 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Катчы-референт | 1 |
2 | Чарба башчысы | 1 |
3 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 1 |
4 | Күзөтчү | 1 |
| Жыйынтыгы: | 4 |
| Бардыгы: | 19 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
"Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт республикалык борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенти |
Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 2,3 |
2 | Директордун орун басары | 2,0 |
3 | Методист | 1,75 |
4 | Башкы бухгалтер | 1,95 |
5 | Бухгалтер | 1,75 |
6 | Кадрлар боюнча инспектор | 1,75 |
7 | Врач | 1,46 |
Машыктыруучу-окутуучу курам | ||
1 | Спорт боюнча координатор | 1,9 |
2 | Спорт боюнча инструктор | 1,9 |
3 | АЧД боюнча инструктор | 1,9 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Катчы-референт | 1,1 |
2 | Чарба башчысы | 1,52 |
3 | Электрик, сантехник, жыгач уста | 1,2 |
4 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 1,0 |
5 | Аймактарды тазалоочу | 1,1 |
6 | Күзөтчү | 1,0 |
7 | Коомдук ажатканаларды тазалоочу | 1,2 |
".
|
| 4-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча методикалык борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенти |
Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 2,3 |
2 | Директордун орун басары | 2,0 |
3 | Башкы бухгалтер | 1,95 |
4 | Бухгалтер | 1,75 |
Негизги персонал | ||
1 | Башкы адис | 2,2 |
2 | Жетектөөчү адис | 2,1 |
3 | Методист | 1,75 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Катчы-референт | 1,1 |
2 | Чарба башчысы | 1,52 |
3 | Коомдук жайларды тазалоочу | 1,0 |
4 | Күзөтчү | 1,0 |