Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 624
Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү суу биологиялык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү сактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү жана атмосфералык абаны коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуунун тартибин иштеп чыксын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын ТИЗМЕГИ
№ | Товарлардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | Жиптин диаметри 0,5 мм кем жана торчолордун өлчөмдөрү 100 мм кем (торчонун конструктивдүү кадамынын өлчөмү 50 мм кем) болгон синтетикалык нейлон же башка полиамид моножиптерден машинада же колго жасалган даяр түйүндүү балык уулоочу торлор | 5608 11 800 0 |
2 | Жиптин диаметри 0,5 мм кем жана торчосунун өлчөмдөрү 100 мм кем (торчонун конструктивдүү кадамынын өлчөмү 55 мм кем) башка синтетикалык моножиптерден машина менен же колго жасалган даяр түйүндүү балык уулоочу торлор | 5608 11 800 0 |
3 | Сигналдардын электр генераторлорунан турган, өткөргүчтөр жана аккумулятор (батарея) менен бириктирилген, электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарды олжолоонун (кармоонун) функциясын биргелешип аткарган электр менен кармоочу тутумдар жана түзүлүш | 8543 20 000 0 |
Эскертүү. Бул Тизмекти колдонуу максатында ЕАЭБ ТЭИ ТН коддорун да, товарлардын аталыштарын да жетекчиликке алуу керек.