Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-ноябры № 580
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 "Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Саламаттык сактоо тармагында адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 "Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ординатура жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Ординатурага тапшырууда төмөнкү документтерди берүү керек:
- арыз;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
- кадрларды каттоо боюнча жеке барагы;
- ординатордун каттоо карточкасы;
- өмүр баяны;
- 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчесин өзү көрсөтөт.
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында ординатурага документтер электрондук түрдө, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен кабыл алынат, кийин ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын:
"11-1. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында ординатурага кирүү сынактарын аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Ординатурада даярдоо мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал шарттарында ординатура бүтүрүүчүлөрүнүн ортодогу жана жыйынтыктоочу аттестацияларын аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э.Новиков |
|