Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 21-январы ПБ № 19
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы № 480 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобонун 30-главасынын 94-пунктунун "б" пунктчасын жана 31-главасынын 99-пунктунун "а", "б", "в" жана "г" пунктчаларын, 31-главасынын 100-пунктун конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 12-беренесинин 2-пунктуна, 3-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек Акундун Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна сунушун кароо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлчүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Конгантиев Молдомуса Ташболотович дайындалсын.
2. М.Т.Конгантиевге ыйгарым укуктарды башка жакка же жактарга берүүдөн тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан "Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бардык процесстик иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлүнүн ишин маалыматтык-талдоо жана башка жактан камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |